№34, 28.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Намыс "наскиде"

Көлдү коргоочу жигиттер өлгөнбү?..
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы деген энциклопедияда (Фрунзе, 1983) Кыргыз ССРи - 198,5 миң квардат километр (31-бет), бийик тоолуу өрөөндөр саналып, Үзөңгүкууш - 2600-3800 метр бийиктикте (42-б.) деп жазылган.

А бүгүн жерибиз 198,5 миң квадрат километр эмес, андан кем, Үзөңгүкууш да биздики эмес. Мамлекет башындагы айбандар ушинтип оңдоо киргизип коюшкан.
Жер менен спекуляция жасоо, бөлөк өлкөлөрдөн коркуп ылжыроо ушу күндө уланып турат. Мамлекеттин, элдин жалпы жерин соодалоого бийликтегилерге эч ким укук берген эмес. Эмне үчүн мынча өз билгенин кылып көбүшөт? Эмне үчүн мынчалык айбандыкка барып атат? Буга акдил адамдар жооп табалбай, жүрөгү сыздайт. Аз күн мурун радиодо дебат болуп, Койсарыдагы Россияга берчү жер жөнүндө Коргоо министри И.Исаковдон сураса: "Бериш керек, жакшы мамилени бузган болбойт" дейт. Э, наалатыныкы, ушу Коргоо министринин айтчу сөзүбү?! Атасынан калган огород, там-ташы болсо бере берсин, а бирок элдин жерин берсин дегенге кенедей да акысы жок. Мына ушундайлар мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келчү иштерге каршы туруп, патриот болалбай атпайбы. Койсарынын жаратылышы не(?), сонун курорт эле, орусуң ойронун чыгара баштады. Эми ал жерде торпедо сынайт. Кыргыз аттууну замбирек атым жолотпойт. Торпедо сыноосу Көл экологиясына канчалык зыян апкелерин эчким билбейт.
Тарыхчылардын, археологдордун изилдөөсүндө Койсары Ысыккөл өрөөнүндөгү VI-XV кылымдарда чоң шаарлардын бири болгон экен. Археологиялык казуулардын натыйжасында ал жерден бышкан кирпичтен курулган имараттар, суу өткөрүүчү чопо түтүктөр, карапа идиштер, металлдан, таштан, айнектен жасалган түрдүү буюм-тайымдар табылган. Демек, Койсары жөн жер эмес экен, тарыхый мааниси бар, керек болсо ата-бабалардын сөөктөрү жаткан да жер. Орустун кыйындыгын, көпкөндүгүн карачы - торпедо сыноочу полигонду бардык жагынан төп келген керемет жерге жайгаштырып. А эмне үчүн өздөрүнүн Байкалына же Ладогасына жайгаштырбайт? Сөзсүз эле кыргыз жерине десе тээтиги Чатыркөлгө жайгаштырбайбы. Бөтөн көздөн далдоо да болмок. Сөзсүз түрдө өлкөбүздүн бирден-бир, эң негизги курорттук зонасына полигон уюштуруш - карандай зордук.
Туризмди өнүктүрөм деп капкайдагы Санта-Клаусту апкелген Т.Мамашев: "Ой, бу аймак курорттук зона, согуштук курал сынаган полигонду жайгаштырууга болбойт" - деп улуттук сезими козголбоду. Ал креслосунан коркот. Бир байкуш.
Бийликтегилер элинин, жеринин келечек тагдырын ойлосо кошумча жер берип, көшөкөрлөнгөндүн ордуна полигонду биротоло жабууну көздөш керек эле. Бу маселени чеччү жетекчилер "кой, кокуй, килейген Россиянын ачуусуна тийбейли" деп калтырап турушпайбы. Килейген өлкөлөрдөн коркпой эле теңата болуп, биздин "согончоктон" келген Израил, Бельгия, Люксембург, Голландия, Швейцария сыяктуу ондогон лилипут өлкөлөр тарсылдап эле жашап жатышпайбы. Бу жерде маселе өлкөнүн чоң-кичинесинде эмес, өлкөдөгүлөрдүн намысынын бар-жогунда, патриоттуулугунун калп-чынында болуп турат. Ошентип, Койсарыдагы 800 гектардай жер орус полигонуна кошумчаланганы турат.
Бу Кыргыз мамлекетинин алсыздыгы. Ооба, орустар менен алака түзүп, ынтымакта жашоо - бизге чоң пайда, бирок ал үчүн жерди бергендикти аша чабуу деп түшүнөм. Кенедей да жер берилбесин!
Биздин өлкөдө өтчү Эларалык, же жеке мамлекет ичиндеги түрдүү конференциялар, симпозиумдар жана башка ишчаралардын дээрлик көбү Ысыккөлдө өтөт. Итибай-чотубайлардын бардыгы Көлгө келип, ичип-чычып, шапшынып сийип кетет. А эмне үчүн ошондой ишчаралардын кай бири, маселен, Токмокто өтпөйт, Кантта, Нарында, Карабалтада, Ошто, Каракөлдө, Таласта, Жалалабадда өтсө жарашпайбы же тузу кемийби?.. Эми Мадумаров деген чыкты "ШОСтун парламенттик ассамблеясын түзөм" деп (Европарламенттей кылам дегени го). Ага жетиш үчүн Мадумаровго эки өмүр сүрүш керек, анын штаб-квартирасын Көлгө ачууну кыялданат. А эмне үчүн Көлгө ачыш керек? Албетте, көпкөн немелер Көлгө келип, көңүл ачып, чардап турушу үчүн. Жолдошева деген айым чыкты: "Көлгө Курманжан-датканын комплексин курат элем" деп. А эмне үчүн Алайга курбайт? Же Сарычелектин жээгине курбайт?
Минтип, Көлдүн тамтыгын чыгарчулар толтура. Тирүүлөй күйгүзөт. Өткөндө Көлдө жер берүүгө каршы чуу чыгат экен, аны басууга спецназ келиптир деген имиш тараган. Спецназ келген-келбегенин айта албайм, бирок жерди сатууга каршы эл көтөрүлөт деген карандай калп. Мени көлдүгүм кечирип койсун, Көлүн коргоп алчу жигиттер өлгөн, калганы суусун сатып, соода кылып жүрөт. Дагы калганы катынын этегинин ичинде…

Баратбай Аракеев




  Курсак көйгөйү

Азык-түлүк коопсуздугуна саресеп
"Нан кризисинин" экинчи толкуну башталат экен деген сөз чыккандан бери азык-түлүк коопсуздугу ар кайсы жерде өткөрүлгөн талкуулардын, гезит беттериндеги макалалардын, радио жана телеберүүлөрдүн популярдуу темасына айланды. Бул өзү эми мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Кыргызстан өзү жакыр өлкө болсо, анысы аз келгенсип нан жетпей, кымбаттап жатса, эл тынчызданбай коймок беле. Азык-түлүк коопсуздугу бизге окшогон жакыр өлкөлөрдө курч турат окшобойбу. Жакында саясый партиялар парламентинин биринчи отуруму болуп, анда да ушу маселе каралды. Мени ага эксперт катары чакырышкан экен, ал үчүн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, парламенттин жетекчиси Роза Акназаровага терең ыраазычылык билдирип кетем.
Парламентке даярданып жатып, мен ал жерде ар кандай ойлор айтылып, талаш-тартыш болот го деп ойлогом. Кантсе да парламентте ар кандай багыттагы идеяны туткан саясый партиялар бар эмеспи. Талкуу мен күткөндөй эле кызуу болду. Бирок ал партиялардын ортосунда эмес, мени менен партиялардын ортосунда жүрдү. Менин таң калганым демократтарыңдын да, коммунисттериңдин да, Акүйдөгүлөрдүн да (президенттик администрация өкүлдөрүнүн) да, көк үйдөгүлөрдүн (депутаттардын) бул маселе боюнча позициясы бир чыкканы болду. Баары эле бюджеттен акча бөлө коюп, айыл чарбасына бере салалы дегенден башка эч нерсе айтышпайт. Мен ага анчалык деле каршы эмесмин. Бирок андан бир нерсе чыгарына мен ишенбейм.
Мен жыйында азык-түлүк коопсуздугун чечүүнүн башка стратегиясын сунуш кылдым. Сөздүн чынын айтуу керек, бир гана "Таза коом" партиясынын лидери мени жактап, өз коллегаларынын мурдагы советтик идеологиянын туткунунан чыга албай жатканын айтып кейигени болбосо, менин айткандарымды аудитория негизинен туура кабыл алган жок. Убактынын тардыгынан мен өз оюмду жеткиликтүү түшүндүрүп бере албасам керек деп калдым. Бир сөз менен айтканда арабызда бири-бирибизди түшүнбөөчүлүк кала берди. Ошол себептен мен бул макаланы кандайдыр бир деңгээлде оппоненттериме жооп катары жазууга мажбур болуп отурам.

Кыргызстанга канча дан керек?
Жеке өзүмдүн сөзүмдө Кыргызстанга бир жылда 1 млн. тонна эгин зарыл экенин айткам. Талкууга катышып отургандардын айрымдары менин келтирген цифрамдан күмөн санашып, 1 млн. 200 миң тоннаны айтышты. Бул цифраны мурда да кулагым чала калып жүргөн. Бирок анын кандайча эсептелип чыкканын, чыным айтсам, так билбейт экем. Мындай сан тээ Советтер союзу учурунда эле айтылып жүргөнүн эске алып, физиологиялык нормалардын негизинде жүргүзүлгөн эсеп болсо керек деп боолголойм. Бирок принцибинде ал туура эмес деп эсептейм. Эмне дегенде физиологиялык норма - ушундай болсо жакшы болот эле деген жөн эле тилек. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, адамдар тамак-ашты нормага карап эмес, чөнтөгүнө карап сатып алат. Норма боюнча бир адам жылына унга айландырганда 135 кг нан жеш керек болсо, иш жүзүндө Кыргызстан калкы орто эсеп менен 129 кг эле жейт.
Нан тамак-аштын эң арзаны болуп, эт, сүт жана башкасын сатып ала албагандар анын ордун нан менен толтургандыктан, нан боюнча норма менен акчага негизделген суроо-талаптын айырмасы анча билинбей калат экен. Ал эми эт, сүткө, жемиш, жашылчага келгенде, ал даана көрүнөт. Норма боюнча бир адам 78 кг эт жеш керек. Кыргызстандын эли болсо 17 кг эле жейт. Норма боюнча ар бир адам жылына 405 кг сүт ичиш керек болсо, биздин эл 2006-жылы орто эсеп менен 88 кг эле сүт ичкен. Калгандары деле ошондой. Жакшы деген Советтер союзунун учурунда деле нандан башкасы нормага жеткен эмес. Ошондуктан физиологиялык норма боюнча бир адам 129 кг нан жеш керек экен деп, эсепти норма менен жүргүзүүнү мен туура көрбөйм. Эл сатып албаган данды камдап алып эмне кылабыз? 1 млн. тонна эгин жөндөп камдай албай жатып, асмандын башын сүйлөй бериштин кандай кажети бар?
129 килограммга нан эле эмес, макарон, печенье жана башка составында ун бар продуктылардын баары кирет. Ага буудай эле эмес, дан аттуунун баарысы - күрүчү да, гречихасы да, сулуусу да кошуп эсептелген. Эгерде жалаң буудайды ала турган болсок, 129 да аз эле керек болот. 1 млн. тонна эгин керек деп, мен дагы үстүн алып айтып жатканым. Болбосо, иш жүзүндө андан дагы аз эле эгин керек болот.
Калганы жөнөкөй эле арифметика. Аны кичинекей бала деле эсептеп чыгат. 1 кг дандан 70% ун чыгарын эске алып, 129 кг унду данга айландырабыз. 184 кг болот. Аны элдин санына көбөйтөбүз. 2007-жылы Кыргызстандын калкынын саны орточо эсеп менен 5,2 млн. киши болгон. Көбөйтсөк, 950 миң тонна чыгат. Эмне үчүн 1 млн? Айрым продуктылар элдин керектөөсүнөн тышкары өндүрүшкө пайдалынылат. Буудай өндүрүү үчүн үрөн керек. Картошка да ошондой. Cүттүн бир бөлүгү музоону эмизгенге кетет. Жумуртка да балапан чыгарганга сарпталат. Булар илимий тилде өндүрүштүк керектөө деп аталып, жалпы керектөөнү аныктаганда кошуп эсептелет. Бир гектар жерге 200-250 кг үрөн себилерин эске алсак, 50 миң тонна үрөн керек болот экен. Ошону кошкондо 1 млн. тонна чыкты.
Чындыгында бул да көп. Эмне дегенде, 500 миң адам чет өлкөлөрдө жүрөт деген сөз айтылып жүрөт. Алар Кыргызстандан нан сатып алышпайт да, жүргөн өлкөлөрүндө сатып жешет. Бул калктын 10% түзөт. Ошондуктан 1 млн. тонна эгинди коркпой эле 10% азайтып койсо болор эле. Бирок мен ага деле көз жумдум. Анткени мен анчалык так эсептегидей айыл чарба министри эмесмин да. Мага болжол эсеп жетиштүү болчу. Ошондуктан жакшы билбей эле айтып жатасың деген айыпты мен мойнума албайм. Ырас, оппоненттерим 1 млн. 200 миң тоннаны бир жерден окуп алып же угуп алып айтып жатышы мүмкүн. Бирок мен гезитке же китепке жазылып калса эле, туура болот деп ойлобойм. Өз тажрыйбамда андай туура эмес эсептерди көп кездештиргем. Ошондон кийин аларга ишенбей да калгам. Оппоненттериме да колуна калем алып, өздөрү да бир сыйра текшерип көрүп, туура болсо, анан гана айтып жүргүлө деп кеңеш берет элем.
(Уландысы эмки санда)

Сапар Орозбаков