№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сыркече

Адамдын жандүйнөсүн аңтаруу, ички дүйнөнүн маегине сүңгүү негедир жагымдуу. Балким, мага эле эмес, жалпы эле адам аттууну толкундатса керек. Дегеле, сырдашуу адамдарды бири-бирине жакындатып эле эмес, ички көрөңгөнү, түшүнүктү, деңгээлди ачып берет эмеспи. Бу сапар сыркеченин айлампасында чырайлуу үч бийкеч болду

Жийде Мурат кызы, ырчы:
"Сезимимди боштуктар ээлеп турат"
- Жийде, "сезим дүйнөсү" деген бар эмеспи. Чыгармачыл адамдар буга жеңил карашаары айтылып келет… Ушул дүйнөгө болгон мамилең, абалың кандай?
- Чындап эле чыгармачыл, бөтөнчө сахна адамдары сезимге келгенде алсыз, туруксуз, жеңил келишет. Менде деле ошондой абал. Бирде туруп бирөөнү аябай катуу сүйгүм келет. Кайра тез эле ал оюмдан кайтам. Кыскасы, азыр менде боштук бар. Толтургум келет. Негедир толтуралбай келем.
- Жандүйнөң ооруган учурлар болобу?
- Көп учурда болот. Бир жакшы тилек, максатты алдыга коюп алып, ошого мына-мына жетем дегенде колуңдан акыйкатсыздык менен жулуп кеткендерге кабылганда, айрым адамдар жакшыңды тепсеп, жаман нерсеңди көбүртүп-жабыртып жайып, таза ой-тилегиңди булгаганда жандүйнө сезими катуу ооруйт экен. Сынат экен.
- Сүйүүнүн бар-жогуна токтолуп өтпөйсүңбү?
- Сүйүү бар. Эгерде сүйүү жок болсо адамдардагы өсүү, төрөлүү болбойт эле да. Биз кайдан жаралат элек? Адам жаралып жаткан соң, сүйүүнүн бардыгына ишенишибиз керек го дейм. Анүстүнө бул ыйык сезимди жокко чыгарып, атына шек келтирүү туура эмес.
- Демек, сүйүүнүн далили "төшөк" дейсиңби?
- Жок, төшөк менен сүйүүнү чектөөгө эч болбойт. Бирок, бир маңызы ошол жерде экени чын. Ошон үчүн балалуу болуудагы кубаныч, сүйүнүч сезимдер бар. Эгер сүйүүсүз, орой айтканда жөн эле "жатып" коюп, кокустан балалуу болуп калышкандар сүйүнүшпөсү анык. Тескерисинче, күйүнүп, андан жаа бою качышат.
- Сүйүүнүн маңызы сүйгөнүңө жетиштеби же жетпей калуудабы?
- Маңызынан да тазалыгына токтолсом. Арзыган адамың кол жеткис бийиктиктей болуп, кыялыңда гана жашап калса чыныгы сүйүүнүн даамы сезилип, таза сакталса керек. Эгер сүйүшкөндөр бири-бирине жетишсе, албетте бул да жакшы. Бирок, бул жерде сүйүүнүн тазалыгы, бийиктиги сакталып калбайт. Сүйүү деген - сезим өзү гана сакталып калышы мүмкүн. Анткени көр турмуштун ары-бери уруп-согуусу сүйүүгө да сөзсүз таасир этет. Сууйт, муздайт. Убакыт өткөн сайын баркы кете баштайт да. Бул кадимки турмуштун эле үлгүсү.
- Сүйүүдөн көз жаш төккөн кездер болду беле?
- Тимеле боздоп, көзүмдүн жашын көлгө айлантып, муңкангандан кудай сактасын. Андай боло элек. Кээде ушундай сезимдерге тушукканда же ачыкка чыгаралгыс сезимдерге чырмалганда бардык эле аялзаты көз-жашы кыла коюп, көңүлдөрүн сооротот да. Мен да аялзаты болгон соң, мындан таптакыр алысмын дебейм. Бирок, али андай кездер кездеше элек.
- Сезимдин курмандыгын башыңдан өткөргөнсүңбү?
- Жо-ок, кокуй. Анүстүнө али акыл-эсти жоготкон сүйүүнү башымдан өткөрө элекмин. Адегенде ошентип сүйүп көрөйүнчү, анан айтып берем.




Гүлназ Бакир кызы, "Миң кыял FМ" радиосунун ди-джейи:
"Жүрөгүмдүн каалгасы али жабык"
- Гүлназ, чөйрө кандай болсо адам да ошого карап калыптанат тура. "Миң кыялда" жүрөсүң, кыялкечсиңби?
- Аябай да. Кыялымда көп жакшы ниеттерди ишке ашыра берем. Бирок, турмушта андай болбойт да. Ошондуктан көбүнесе өзүмдүн ички дүйнөмдүн өсүшү үчүн кыялданып, толукталып турганды жакшы көрөм.
- Ички дүйнө сырткы дүйнөгө карап өзгөрүшү мүмкүнбү?
- Менимче андай эмес го. Сыртынан карасаң чырайын чылап ичип ийгиң келген айрым адамдардын көкүрөгү бош, ички маданияты пастар кездешет. Сырты сулуу болсо эле жан-дүйнөсү таза деп кепилдик берип жибергенге болбойт.
Тескерисинче, сырт келбети анча мааниге ээ эмес жандардын ички деңгээли бийик болоору көп кездешет. Сырткы сулуулук азгырык болуп, көкүрөктү өстүрүүнү экинчи планга буруп койгондугу да бар.
- Өзүңдү ушул карама-каршылыктан алып карап көрбөйсүңбү?
- Мага сырттан караган адамдардын мүнөздөмө бергени туура го дейм. Эгерде мүнөзүмдү а йтсам, үйдө аябай эрке кызмын. Мектепте окуп жүргөндө да мугалимдерге эркелеп жүрүп бүткөм. А тургай үйдө эле эмес, өзүмдү курчаган чөйрөмдө да эркелигим сезилип турат.
- Эрке кыздын жүрөгүнүн каалгасы ачылганбы?
- Азырынча ачкычын эч ким таба электигине байланыштуу каалга жабык бойдон. Убак-сааты келгенде жигиттерге да жетишем деген ишеним менен азырынча иш менен гана алектенүүдөмүн.
- "Ачкычтын ээсин" кандай болсо деп элестетесиң?
- Мени, чыгармачылыгымды түшүнүп, колдогон, сөзүнө туруктуу, аялзатын сыйлай билген, анан менин көзүмө чөп салбаган, кокустук болуп андайга барса мага билдирбеген, баардыгын камсыз кылган адам болсо деп кыял-элес кылам.
- "Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер" деген кеп бар эмеспи. Балким, кимдир-бирөөлөр куда түшүп келип, ата-энең макулдугун берип койсочу?
- Ата-эне деле баласын жамандыкка кыйбайт да. Эгерде алардын көңүлүнө жаккан адам болсо, анан менин көз карашыма төп келсе, каршы деле болмок эмесмин.
- Сыртыңдан багып жүргөн, сен эзели көрбөгөн, тааныбаган жигит ала качып кетсечи?
- Мындай окуя мен 11-классты аяктап жаткан кезде болгон. Ошондон качып келип, Бишкекте окуп калдым. Болбосо Ошто окуйт белем, кудай билет… Корком, корккон үчүн азыр да бардык жерде бекинип жүрөм. Кудай анын бетин ары кылсын.

Нурзат Токтосунова, телеалпаруучу:
"Түрмөктөлгөн толкундар жансырдашым"
- Нурзат, жандүйнө толукталып, көңүлдүн өсүүсүнө мезгил да себепчи экен. Сенин жандүйнөңө жыл мезгилдеринен кайсынысы төп келет?
- Негедир мага жай мезгили жагат. Жүрөгүмө, жандүйнөмө жакын. Балким, туулган күнүм ушул мезгилге туш келгени да себепчидир. Анүстүнө, өзүм көлдүн кызымын. Көлгө, түрмөктөлгөн толкундарга аябай жакынмын. Көлдүн көркү да жайдын толугунда ачылат эмеспи.
- Мүмкүн, Көлдү жактырганың үчүн гана жай мезгилине жакындырсың?
- Андай десем да болот. Аппак карга тазалыкты чайыган, токтоолуктун жүзүн берген кышты, майрамдарга, жаңыланууларга бай жазды, берекелүү күздү деле жактырам. Бирок, жай, көл негедир менин кемчилигимди толуктап, айрым өкүнүч-буктарымды жууп тургансыйт.
- Өкүнүч демекчи, эмнеден бук болуп, өкүткө тушуккан учуруң болот?
- Жеке ички бук болуулар ар адамда күндөлүк мамиледен, аласа-береседен эле чыгат. Мен аялзаты болсом да өкүтүм биздин элдин, мамлекетибиздин жакырчылыгы, мажирөөлүгү. Керемет жерде жашаарыбызды, Көлүбүздү, мөңгүбүздү сөз кылып, курулай төш какканды гана билген, эли, мекени үчүн бир тыйынча пайдасы жок, күйбөгөн жигиттерибиздин саны күн санап өскөнүнө өкүнөм.
- Жигитчиликтеги кайсы сапаттарга көңүл бурасыз?
- Сөзүн орду менен сүйлөп, акыл калчап иш кылган мырзаларды жактырам. Жигитчиликтеги сапаттын башкысы катары токтоолукка көңүл бурам.
- Кимдир бирөөгө ачууң келип, чатакташчу кырдаал түзүлсө андан чыгуу жолун кайдан издейсиң?
- Туура, мындай кырдаал каала-каалаба түзүлүп калган учурлар болот. Көбүнесе мындан чыгуу үчүн алма бакты аралап басып кетем.
- Алма бак жок жерденчи?
- Андай жер жок болсо, музыка угуп өзүмдү алаксытам (күлүп). Анан эч ким менен сүйлөшпөй калмай адатым бар.
- "Суусардын болбойт түнөгү, сулуунун болбойт жүрөгү" дегенге кошуласыңбы?
- Кошулам. Анткени сулууларга көңүл буруулар көп боло берип, көөдөнүн көкөлөтүп салышат эмеспи.
- Сулуулук дүйнөнү сактап тураары чынбы?
- Ошондой десе да болот. Сулуулук десе эле аялзаты экен дебеш керек да. Асмандын, айлананын, жаратылыштын сулуулугу кандай керемет. Албетте, ушул сулуулуктар менен дүйнө бүтүн да. Ошондон улам сулуулук дүйнө сактабаса да сактаганга өбөлгө түзөт болуш керек.

Даярдаган Кубаныч Зайнидинов










??.??