№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Ээрдин арткы кашы

Эригип үйдө отурган, "экстерди" ким эстейт?
"Бектер кетет, эл калат" деп коет кыргыз эли. Турмуштун деле нагыз филосо-фиясы ушундай да. Тууласың, чоңоюп, эр жетесиң. Күнүмдүк, пендечилик жолдорго барасың. Өкүнүп, кайгырасың же сүйүнүп кубанасың. Анан бир күн тагдырдын чийген жолу менен кете бересиң. Пендечилик жолдор демекчи, эгер Жараткан буйруса "чоо-ң" киши болуп, эл башкарасың. Анан андан да кетесиң. Ошентип, биздин тил менен айтканда "экс" атыгасың. Бийлик дегениң ушундай экен да, түгөттүкү. Биз да тагдырдын ушул буйругун эске алып, айрым "экстерге" телефон шыңгыраттык.

Туйгуналы Абдраимов, экс-министр:
- Саламатсызбы, абалыңызды сурайын дедим эле?
- Ой, иним. Абалымды сураганың жакшы экен. Өзүң билесиң да, бизнесим бар, ошону жүргүзүп жатам.
- Акүй менен болгон мамилеңизге көлөкө түшелекпи?.
-Баягыда иштен кеткенден кийин эки жумуш сунушташкан, ойлонуштуруп көрүп, "аткез" бергем. Андан кийин (жазбай эле кой деп суранды) бир өлкөгө элчилик кызматты айтышкан эле. Андан бери кабар жок. Кагаз иштери бүтпөй жатса керек.

Сулайман Иманбаев, БШКнын экс-төрагасы:
- Сизди Университеттердин биринде лекция окуп жатат экен деп уктук эле.
- Жоо-к, үйдө эле отурам. Майда чүйдө жумуштар менен алектенип, кол бошобойт. Алыма жараша жашап жүрөм, балам.
- Эми, эмне кылсам дейсиз?
- Эмне кылмак элем, Кудайдын айтканындай болот да. Көрөбүз го.
- Тигил жак менен сүйлөшүүлөр жокпу…
- Кайдан, алар оюмда деле жок.

Мирослав Ниязов, экс-министр:
- Мирослав Ниязович, күндөрүңүз кандай өтүп жатат?
- Азырынча жакшы эле.
- Коомдук парламентке депутат болупсуз.
- Эми, сүйлөй турган бир жер болуш керек да (күлүп).
- Бийлик жактан дале сунуштар жокпу?
- Жок эми, болгон чакта да барбайм го. Өздөрү иштей беришсин.
- Таарындыңызбы?
- Жок, эмнеге таарынмак элем. Дегиңкисин айтам да.

Султан Айжигитов, Баткен облусунун экс-гүбүрнатыры:
- Кызматтан кеткенден бери дайыныңыз чыкпай кетти. Азыр кайдасыз?
- Азыр президенттин кеңешчиси болгом.
- Баткендиктер жаңы гүбүрнатырын кабыл албай жатышты эле.
- Ооба, ошондой болуп, мен да элге түшүндүргөндөн кийин тынчып калышты.
- Кандай эми, Акүйдө отура бересизби же башка жумушка жыласызбы?
- Аны президент билет да
- Бул темада президент менен сүйлөшпөдүңүзбү?
- Жок.

Осмонакун Ибраимов, экс-мамкатчы:
- Осмонакун аке, алоо, Британияга жөнөп жатып калып калдыңыз. Элчилик окуясы ушуну менен бүттүбү?
- Бүткөнү ушул да.
- Эми эмне кылайын дейсиз?
- Мен тигил, Славян жана Алатоо Университеттеринде лекция окуп жүрөм. Москвадагы "Международные отношения" деген басмаканадан көптөгөн тиражда "Вехи политической истории Кыргызстана" деген аталыштагы китебим жарык көрүп жатат. Буйруса, апрель айында бет ачар аземин өткөрөбүз. Андан сырткары "2005-жылдагы Март төңкөрүшү" аттуу чоң макалам 8 млн. нуска менен жарык көргөн гезитте Москвада басылып чыкты. Ушундай иним.




Накен Касиев, экс-гүбүрнатыр:
- Саламатсызбы Накен Касиевич, кандай эс алып жатасыз?
- Ничо, жакшы эле. Славян университетинде сабак берип жатам.
- Эриккен жоксузбу?
- Эмнеге эрикмек элем. Коомдук парламентке барып жатам. Партиянын иштери менен алектенип дегендей. Силерге да айтып коеюн дедим эле: бир беткей болбой, реалдуулукту тутунуп жүргүлөчү. Макулбу.

Болот Жанузаков, коопсуздук кызматынын экс-төрагасы:
- Болот Чыныбаевич, дарегиңиз билинбейт да. Кайда жүрөсүз?
- Ушул эле жердемин. КУТ деген партияны билсең керек. Ошонун иштери менен алектенип жатам.
- Үйдө эригелексизби?
- Жолдош балдарым Кытай маданият борборун ачышкан. Ошол жерге барып турам. Андан сырткары жумуш толтура.

Токон Шайлиева, экс-гүбүрнатыр:
- Алоо, Токон Шайлиевна, "Аалам" гезитинен чалып жаттым эле. Сизге Акүйдөн элчилик кызмат сунушталыптыр го. Ушунун канчалык чындыгы бар?
- Алар сунуштаса деле мен барбайм да. Өзүң айтчы, барып эмне кылам?
- Эмне иш менен алек болуп жатасыз?
- Ой, менин жумушум толтура. Бираз бизнесим бар. Ошону жүргүзүп, партиянын иштерин бүтүрүшүм керек. Анан калса балдарыма кеңеш берүү маселеси бар. Иштегендер иштей беришсин. Мисалы, мага кызыкчылыгы да жок.
- Катуу таарынган окшойсуз?
- Кимге таарынмак элем, ырас, иштейбиз деп келишкенден кийин, иштешсин.

Сураган Манас ОСМОН





а ­е¦Є.НҐй«