№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Маектөр

Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер:
"Азыр "серый кардиналдар" маселе чечип калган"
- Өмүрбек Чиркешович, бүгүн төңкөрүштүн үчүнчү жылы. Ал күнү сиз үчүн кандай окуя болду деп кабыл аласыз?
- 24-март чоң саясый процесстин жыйынтыгы болду. Аны бир эле күндө бир ууч топтор дайындай койгон жок. Акаевдин жүзүн, анын туура эмес саясатын көргөзүү үчүн биз көп жылдар бою күрөшүп келгенбиз. Ошентип 2005-жылы 24-март окуясы жүз берди. Бул мамлекет үчүн тарыхый окуя, андан калса, сабак боло турган күн. Бирок, муну Революция катарында мамлекеттик майрам деп белгилөөгө азыр эртелик кылат. Балким 10 жыл өткөндөн кийин мааниси да, орду да көрүнмөк. Эми мындай окуялардын баарын мамлекеттик майрам дей берсек, анда календарда жумушчу күнү калбай калышы мүмкүн да.

- Өмүрбек мырза, 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кыргыз эли эмне тапты?
- Расмий бийлик мамлекетти урук-туугандардын башкаруусунан четтетүүсү керек болчу. Мурда президенттин аялы, кызы жана баласы мамлекеттик саясатка аралышып кеткен болсо, азыр деле ошол көрүнүш кайталанып жатат. Мындайча айтканда, мамлекетти ашар ыкмасы менен башкаруу саясаты жүрүүдө. Ал гана эмес, небере, жээн, тага-бөлөлөр да аралашып, алардан калса, жоролор башкарган учурлар жок эмес. Ошондуктан экономикалык кандайдыр бир тармакты, тигил же бул министерстводогу кадр саясатын "үй-бүлө" чечип калганы, элдин алдындагы ачык саясат болуп калды. Азыр мамлекеттик кызматты ээлебеген жөнөкөй эле "серый кардиналдар" маселе чечип жатканына баарыбыз эле күбөбүз. Мыйзамдуулукту коргоо, сактоо, калыбына келтирүү, адам укугун урматтоо боюнча бир да убадалар аткарылбастан, тескеринче күчөп баратат.

- Адам укугун тебелөө болуп көрбөгөндөй өстү деп жатышат го. Чынында ошондойбу?
- Анысын билбейт экенбиз, бирок, көчөгө чыгып, өз пикирин айтып койгон 5 же 10 кишини суроо-сопкутсуз камап жатышкандарын кайда катабыз? Мына, Жалалабатты Революциянын борбору деп жүрөбүз. Учурда Жалалабаттын шаардык Кеңеши митинг-пикеттерди шаардын четиндеги ипподромго барып өткөрүүгө чечим чыгарыптыр. Ушундай чечимдер баардык жерде кабыл алынып жатканына силер деле күбөсүңөр. Мындай чечимдер мыйзамсыз, андыктан, бүт дүйнөгө күлкү боло турган абалда турабыз.

- Экономика багытында өзгөрүү болгондур?
- Экономикабыз жыргатаарлык абалда эмес. Акаев убагында энергетика тармагын сатуу жомоктогудай перспективада турса, бүгүн реалдуулукка айланып баратат. Муну Бакиевдин жаңы экономикалык саясаты катары баалап, апрель айында тендерге алып чыгуусун талап кылып, администрация жетекчиси өкмөттү ур-соккуга алууда. Анткени күзгө чейин бул тармактын баарын сатып бүтүш керек. Мынакей, Акаевдин саясатын улап, "уядан эмнени көрсө учканда ошону аласың" дегендей эле кеп болуп калды.

- Өмүрбек Чиркешович, мына саясый чөйрөдө президент Бакиевдин Германияда жүргөндүгүнө байланыштуу уу-дуу кептер айтылып жатат. Оппозиция бул тууралуу кандай ойдо?
- Биринчиден Кудай өмүрүн берсин, эгер ушундай сөздөр болуп жатса, демек, көп жашайт экен. Элибиз ушинтип айтып калат эмеспи. Мен ойлойм, ушул сөздөр жалган эле болсун. Ал эми накта мамлекеттик жагына таяна турган болсок, мамлекеттик жетекчинин эс алуусу же ден соолугуна байланышкан маселелери коомчулукка ачык-айкын болушу шарт. Мисалы, Ельциндин жүрөгү ооруганда, кайсы тамыры ооруйт, канча сантиметрин кесип, кайра тигет дегенине чейин билип турбадыкпы. Ошол өңдүү, эгер президент бир айлап эс алууга кеткен болсо, майда-чүйдөсүнө чейин билингенде, андай ушак айыңдар болмок эмес.

- Күттүргөн жаз да келди. Мындан аркы саясат кандай түс алат?
- Биз, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын программасын илгертен бери ачык айтып келатабыз. Жакында шаардык уюмдун конференциясы болду, анда жергиликтүү шайлоолорго, анын ичинде Бишкек шаардык жана жергиликтүү Кеңештин шайлоолоруна катышуу тууралуу чечим кабыл алдык. Коомдук парламенттин активдүү катышуучуларынанбыз. "Адилеттүүлүк үчүн" коомдук кыймылга, алардын уюштуруу комитетине да катышып, жакында боло турган курултайга даярдык көрүүдөбүз. Ал эми көп адамдар күткөндөй тигиндей болот, мындай болот (?) деген мыйзамсыз чоң акцияларга даярданганыбыз жок. Муну жанагы Бакиев жөнүндө айтылган ушактай деп түшүнсөңөр болот.

- Өлкөнүн абалы негизинен кандай?
- Абал өтө эле катаал. Бул өкмөттүн жасаган иш-аракеттерине көз каранды болуп жатпайбы. Мына, нан кымбаттады, өкмөт ушул кезге чейин азык-түлүк коопсуздугу боюнча өзүнүн концепциясын сунуштап, келечек планын ачык айталбай келет. Энергетика тармагында үлкөн сыноолор күтүп турганын билесиңер. Мамлекеттин 4 таянычы болсо, анын бири калкы, бири тили жана жер өлчөмү менен энергетикалык инфраструктурасы да. Ансыз мамлекеттүүлүк толук кандуу болбой калат. Энергетиканы жеке адамдардын колуна карматып жиберүүнү элге каршы саясат деп түшүнөм. Мына ушул кадамдардын өзү адамдардын кыжырын келтирип, күтүүсүз көзөмөлдөн чыккан саясый процесстерге алып келиши мүмкүн.

- Суу маселеси боюнча Борбордук Азия чоң чатак алдында турат. Бул абалдан Кыргызстан кантип чыгат деп ойлойсуз?
- Убагында ресурстар үчүн Европа да көп чабышкан. Темир рудасы, көмүр кендерин Франция менен Германия талашып, кайсы бир аймагын талашкан учурлары бар. Анан акыры көмүр, болот Союзу деп түзүп, ошонун негизинде Европалык Союз келип чыккан. Кез-кезде Борбор Азияда интеграциялык процесстерди жүргүзүп, 4 мамлекетти бириктирип, күчтүү экономикалык блок түзүү жөнүндө жакшы ойлор айтылып жатат. Мына ошентип өзүбүздүн региондун, анын ичинде элибиздин кызыкчылыгын коргобосок, башка күчтөнгөн өлкөлөрдүн экономикасынын кысымына туруштук бере албайбыз. Мына ошондой жаңы союздун негизи болгон биздеги суу ресурсу менен транспорттук жол каражаттарын коңшулар менен чогуу пайдалануунун эрежелерин иштеп чыгып, ошонун негизинде "союз" түзсөк болот. Ошондой эле коммуникация жана суу энергетика тармагын бир жолго коюп, жалпы келишимге келе алсак, анда бул, союздун негизи болуп эсептелинет. Ал эми суу, табигий байлык катары Кыргызстандын менчиги боюнча калып, суунун пайдалануу графиги түздөн түз мамлекеттин башкаруусунда болуусу зарыл.

- Коомдук парламент оппозициянын баш кошо турган очогу сыяктанат. Ушуга кандай дейсиз?
- Коомдук парламентти мен биринчи кезекте, кызматташуунун жаңы формасы деп ойлойм. Пикир алмашуунун жана элге ар кандай альтернативалык көз караштарды таратуунун булагы катары эсептейм. Кызматташуунун, чечим чыгаруунун формасы жана бирдиктүү аракеттерди координациялай турган институт катары баалайм. Мындайды убакыт талап кылды. Мисалы, Орусияда ушундай уюм пайда болду. Ал ассамблея деп аталат. Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн чечимин чыгарышты. Мындай көрүнүш бизде гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдө деле болуп жатпайбы. Альтернативалуу ой-пикир парламентте же расмий ММКларда айтылбаса, ар кандай ой, идеялар чыгуунун жолдорун издейт. Ошондуктан коомдук парламент дал ушундай муктаждыктардан пайда болгон институт деп эсептейм.

Маектешкен Манас ОСМОН















??.??