№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Артка кылчайып…

Курманбек Бакиевдин үч жылы
(Башы өткөн сандарда)
Эгер К.Бакиевдин президенттигинин үч жылдыгынын жыйынтыгын чыгара турган болсок, ал негизинен эки мерчемден турат: алгачкы эки жыл жана акыркы жыл. Апыртпай сөздүн туурасын айтканда, алгачкы мерчем К.Бакиев үчүн да, бүт өлкө үчүн да өзгөчө оор, коогалаңдуу болду. Пикеттер, митингдер, демонстрациялар, имараттарды, жерлерди, башка бирөөнүн менчигин басып алуулар (Кара суу, Каракече, Жалал-Абадда, Бишкекте ж.б. жерлерде) парламенттин 4 депутатынын жана башка белгилүү инсандардын өлүмү, түрмөдөгү көтөрүлүштөр, башкалаадагы массалык саясый тирешүүлөр, кадрлардын тез алмашуусу, жогорку бийликтин өзүндө ынтымактын, ич ара келишимдин жоктугу - бул мезгилдин өзгөчөлүгү ушунда турат. Эмне үчүн мындай болду?
Биринчиден, 2005-жылдын март окуялары үлгү болуп калды. Жанакындай иштерге көтөрүлгөндөр жаңы бийликтегилерге айтып жатпадыбы: силерге мүмкүн, бизге болбойбу? Кыскасы, жин-шайтан бөтөлкөдөн чыкты.
Экинчиден, эң башкысы - алгачкы эки жылда К.Бакиевдин саясый дагы, экономикалык дагы стратегиясы болгон жок. Анан калса, бир жакадан баш чыгарган биримдиктүү кырдаалды кылдат байкап, ага туура баа берген, окуяларды көрө билип, алдын-ала, тез, жигердүү аракет кылганга жөндөмдүү командасы да жок экен. К.Бакиев жана анын жакын санаалаштары көп учурда өздөрүн жоготуп, кашаңдыкты, чечкинсиздикти көрсөтүп, окуялардан кеч калып, негизинен өрттү өчүрүү менен алек болушту. Ал тургай бийлик өзүнө өзү проблема жаратып, анан аны чечүү менен алек болгон учурлар да болду. Мисалы, К.Бакиев 2005-жылы элдин жана Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болуп турса да, Өкмөттүн туруктуу курамын бекитүүнү жарым жылга кечиктирген жана Конституциялык реформа боюнча демилгени өзү баштап, колго албаганы, бул ишти бир жарым жылга созгону, акыры азыркы абалга жеткиргени кечиримсиз. Ал жадагалса өзүнүн инаугурациясын бир айдан кийин өткөргөнү, Өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча сунушту Жогорку Кеңешке ошондон бир ай кеч бергени таң калтырган. Болбосо ошол кездеги кырдаалдын өзү ылдам, чечкиндүү аракеттерди талап кылган эле да.
Үчүнчүдөн, өлкөдөгү саясый кармаштарды эки жыл бою баарынан мурда К.Бакиевдин жакын санаалаштары, кечээки революционерлер уюштуруп келгенин ошону менен "революция өз балдарын өзү жутат" деген белгилүү мыйзамды тастыкташканын айткым келет.
2007-жылдын 19-апрели К.Бакиев үчүн айтылуу Рубикон сыңары кылчактабай чечим кабыл алып, чечкиндүү кадам жасаган күн болду окшойт, ошондо ал тандем боюнча кечээки жакын санаалашы Ф.Кулов тарабынан башкалаада уюштурулган мөөнөтсүз митингди күч колдонуп таратты. Ошол күндөн тартып, демократиялык кооз сөздөр менен биротоло коштошуп, башка стратегияга, КМШ өлкөлөрүндө жана бизде мурдагы президент тарабынан сыноодон өткөн башкаруу жолуна түштү. Сөздүн кыскасы, бардыгы айланып келип өз ордуна келди, революциянын артынан анын экинчи этабы-тартипти жана туруктуулукту камсыз кыла турган контрреволюция болду. "Биз токтобогон революциялардын жана саясый толкундоолордун өлкөсү болбошубуз керек" деп айтуу менен К.Бакиев 2007-жылдын 19-сентябрындагы элге экинчи кайрылуусунда бул туурасында ачык билдирди.
Мындан нары кандай болот? Башка жолдор бар беле, азыр барбы? Сөзсүз. 2005-жылы дагы эки мүмкүнчүлүк бар эле: А.Бекназаров жана башкалар жактаган накта революциячыл, радикалдык жол жана мен 2005-жылдын 24-29-марттарында КТРде чыгып сүйлөгөн сөздөрүмдө чакырган тынчтык, саясый-укуктук жол. Революциячыл вариант боюнча Конституциянын иштешин, бийликтин мыйзамдуу органдарынын ишмердүүлүгүн токтотуу, алардын ишин убактылуу өткөөл мезгилде революциялык комитет жана анын жергиликтүү структуралары менен алмаштырып, мамлекеттик аппаратты тазалоо, коррупционерлерди жазалоо жана алардын байлыгын, мал-мүлкүн күч менен мамлекетке тартып алуу зарыл болчу.
Ал эми менин сунушум төмөндөгү пункттардан турган:
- бийликти конституциялык, тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү камсыз кылуу максатында А.Акаевди табуу, расмий отставка туурасында арызын жаздырып алуу, К.Бакиевди президенттин милдетин аткаруучу кылып убактылуу шайлоо;
- тез арада жаңы өкмөттүн курамын түзүү жана аны мыйзамдаштыруу;
- Президенттин милдетин аткаруучунун, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана Конституциялык соттун макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу;
- расмий ММКга болгон мамлекеттин монополиясын жоюу;
- бийликке жана мамлекеттик кызматка туугандарын же кланындагы адамдарын жана жердештерин эмес, ак кызмат кыла турган таза, жогорку кесиптик даярдыгы бар адамдарды тартуу;
- Конституциялык кеңешти чакыруу жолу менен жаңы кырдаалга жооп бере турган Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун 3-6 айдын ичинде иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- ушунун негизинде 2005-жылы жаңы парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүп, бардыгын кайра башынан, жаңы барактан баштоо.
Тилекке каршы, К.Бакиев башка жолду, айткан сөздөрүн, берген убадаларын, кабыл алган чечимдерин өтөөсүнө толук чыгарбаган карама-каршылыктуу ыраатсыз жолду тандады. Ошол үчүн үч жыл өтсө да анын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы эл ишенбей үзүрлүү, барандуу болгон жок.
Азыр алдыда боло турган кезексиз президенттик шайлоо жана жаңы революция жөнүндө сөздөр жүрүп, көбөйүп баратат. Мен буга караманча каршымын, анткени биз мунун кандай экенин бир эмес, бир нече жолу көрдүк.
Ошол үчүн президентти шайлоо Конституцияга ылайык 2010-жылы өткөрүлүшү керек. Бардык талаштар жана альтернативалар ошондо шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечилет. Ага чейин президент жана анын командасы берген убадаларын жана алган милдеттенмелерин толук аткарып, аягына чыгышы зарыл. Оппозиция болсо мыйзамга баш ийүү менен сабырдуулук көрсөтүп, укуктук талаада гана аракет кылышы кажет. Анан калса, бардыгыбызды дүйнөлүк экономикадагы кризистин уланышы, тереңделиши менен шартталган жаңы кыйынчылыктар жана сыноолор күтүүдө. Жакынкы эле окуялар көрсөткөндөй, мындай кризистер ириде бизге окшогон жону жука өлкөлөрдү каптаары бышык.
К.Бакиев бийликке келгенден кийин айткан дагы бир абдан жүйөлүү сунушу бар: авторитаризмге жол бербөө максатында, балким президенттик мөөнөттү бир беш жылдык менен чектөө зарыл. Төңкөрүш, диктатура режимдеринен тажап бүткөн бир катар Латын Америка өлкөлөрүндө ырасында эле ушундай тажрыйба бар. К.Бакиев жок дегенде өзүнүн ушул сөзүн ишке ашыра алабы? Мынакей, көбүнчө укук эмес, ыйман менен тыгыз байланышкан дагы бир кызык жол - альтернатива. Аман турсак аны да көрө жатарбыз.

Абдыганы Эркебаев




  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри М.Т.КОНГАНТИЕВге

МИЛИЙСА БИЗДИ КОРГОЙТ, А МИЛИЙСАНЫЧЫ?
Жакында мага Аксуу райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорт столунун ага инспектору, майор Асанов Теңизбай келиптир. Жанына баткан окуяны айтты, аны кагазга түшүрүп алыптыр, бир көчүрмөсүн берди. "Мени коргойт деп ишенген бир гана кишим калды. Ал - министрибиз Молдомуса Конгантиев, бирок мени ага жеткиришпейт. Ошондуктан сиздерге кайрылып жатам, прокуратурага да арыз бердим" дейт.

Эмесе, майор Асановдун министрине - генерал-майор М.Конгантиевге багыштаган арыз-арманы төмөндө өз сөзү менен берилди: "Жолдош генерал-майор, менин Сизге кайрылууга батынганым, Сизге өтө ишенгенден келип чыкты. Сизди туура жыйынтык чыгарат деп көптөн-көп үмүттөнөм.
Мен 1986-жылдан баштап 13 жыл бою тергөө кызматында эмгектендим. Ошол жылдары бир дагы адам үстүмөн арызданган жок жана тергөө боюнча "доследование" алган жокмун.
2005-жылы май айында денсоолугума байланыштуу (көз оору, давление) башка ишке которуп коюңуз деп Ысыккөл УВДсынын начальниги Б.Алымбековго кайрылсам, ал киши мени туура түшүнүп, Түп райондук паспорт стол начальнигинин ордун сунуш кылды. Мен ал иште бир жылдай иштегенче, бөлүмдүн начальниги болуп Ж.Сырдыбаев келип эле мени жектей баштады. Анан Макарова деген аялга арыз жаздырып, анын натыйжасында текшерип келген комиссия эч кандай закон бузууларды таппай, иш жабылган. Мен ошондо келген комиссияга айткам: "Сырдыбаев жана анын орун басарлары кызмат учурунда мас болуп, мушташып жүрүшөт, чара колдонуңуздар" деп. Ошондон үч ай өтпөй, үч замы тең мас болуп мушташышып, жумуштарынан алынган. Андан жыл айланбай, Сырдыбаев да жумуштан айдалды.
Мени Аксуу РИИБинин паспорт столуна которушту. Ал иште иштей баштагандан эле бөлүмдүн начальниги Т.А.Азизов "сен кубаланып келгенсиң, менин макулдугумсуз келгенсиң" деп жектей баштады. Кийин бөлүмүбүзгө кадрлар боюнча орунбасар болуп келген А.Узакбаева деген аялды тукуруп, жыйынтыгында ал аял менен менин ортомдо чыр чыкты. Бу аял УВДда секретарь болуп иштеп жүргөндө жаш-кары дебей кармашып, жумушунан кубаланган. Анан кайдан жүрүп Аксуу РИИБине келип калганы да түшүнүксүз.
Начальник Төрөбек Азизов өмүр бою начальник болуп иштеп, көөп жүргөн адам. Бул жерге начальник болгону эч уялбастан эле бизнеске терең кирип, жер семирткич саттырып, бооланган чөп саттырып, элге шылдың болуп келди. Анысы аз келгенсип, карагай уурдадыңар деп эки-үч адамды кармап, автомат менен атып коркутуп, сабап, ГАИ кызматкерлерин законсуз каматып. Ушул сыяктуу орунсуз иштерди жасап келген. Бу жөнүндө областтын "ТВ-Время" гезитине кенен-кесир жазылган эле. Ишин прокуратура карап жатат деди эле ошол бойдон ың-жыңсыз. ОблУВДнын паспорт столунун начальниги Ж.Сартова да мени кызматтан кетирүүнүн аракетинде. Анткени ал областтагы ар бир паспорт столдорунан 35 миңден акча чогултуп, Арапаевге топоз союп барам деп аны жаманатты кылганын ачык айткам.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев: "Коррупция менен күрөшүүдө биз силердин жардамыңар менен коррупцияны жое алабыз" деп бизге - милиция кызматкерлерине кайрылган эле. А биздин кызматкерлер өздөрү коррупционерлер болуп жатышат.
Урматтуу генерал-майор, эгер мен Сиз менен бет маңдай кезигишсем, мен учкай айткан фактыларды кенен-кесири айтып берет элем.
Терс ишке барып жаткан милийса жетекчилерин оң жолго салат го деп Сизге аябай ишенем".
Т.Асановдун көлөмдүү арызын биз ушинтип, кыскартып бердик. Асановдой эле биз дагы урматтуу министрден бул иштен тыянак чыгараарын күтөбүз.

Баратбай АРАКЕЕВ









??.??