№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Эрендерде эмне кеп?

Элмурза Сатыбалдиев, КР Башпрокурору:
"Аксы окуясын саясый куралга айлантып алышты"
Бу жолку маектешим КР Башпрокурору Элмурза Сатыбалдиев. Биз негизинен Аксы коогалаңы, президенттин дарыланып атканы, Коомдук парламент, кыргыз жеринин таланышы, ошондой эле 24-март окуясынын айланасында маектештик.

- Элмурза Ракиевич, жакында эле Аксыда элдик сот каргашалуу күндүн айыптууларын атады. Сиз башпрокурор катары буга кандай баа бересиз?
- Бул кезектеги саясый күчтөрдүн шоусу. Аксы окуясын алты жылдан бери саясый аренага айлантышып, кандайдыр упай топтоо аракеттери көрүлүп келет. Эми башпрокурор катары айтсам, элдик соттун иш-аракетинин мааниси жок. Ал юридикалык мүнөзгө ээ эмес.
- Биз мурда маектешкенибизде Аксы окуясынын 18-марттагы кылмыш иши боюнча сөз болду эле. Ошол күндөгү баланын өлүмүнө себепкерлерди тергеп атасыздарбы?
- Ушул кызматка дайындалганымда Аксы окуясына чекит коюуну президент талап эткен. 2005-жылга чейин Аксы окуясына күнөөлүү делген мурдагы бийлик органдарынын өкүлдөрү айыпталбай келсе, биз ал адамдарды жоопко тарттык. Бир гана Аманбек Карыпкулов сотто каралбай калды. Бирок анын кылмыш иши соттун өндүрүшүндө. Азырынча оорусуна байланыштуу токтотулуп турат. Өзүң билгендей, 18-марттагы кылмыш иши бар эле. Маркум Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө байланыштуу. Ошол 18-мартта тополоңду калыбына келтирүү штабы түзүлгөн. Бул штабдын жетекчилигине агездеги Ички иштер министринин орунбасары Калмурат Садиев дайындалган. Бул боюнча кылмыш иши бар. Садиев менен кошо бир топ адамдардын кылмыш жоопкерчилигин карайбыз. Ишти жандандырганыбызга 10 күндөн ашып калды. Эми өзүңөр көрүп атасыңар, Аксы окуясы боюнча биз кайдыгер болгон жокпуз. Этап-этабы менен бүтүп келатат. Кызыгы, мындай аракеттерибиз кимдир-бирөөлөргө жакпай аткандай сезилет. Себеби, айрым саясатчылар Аксы окуясын улам козгоп, мындайча айтканда саясый аренанын бүтпөгөн темасына айлантып алышкан. Курал катары пайдаланышып…
- Каалаган убакта эрмектешип дейсизби…
- Ооба. Бирок, биз мурда жоопко тартылбагандарды кыя кетирген жокпуз. Анан эми мурдагы президент жөнүндө дооматтар айтыла калып жүрөт. Башта да айттым эле, туңгуч президент колтийбестик укукка ээ экенин. Анүстүнө ал биякта эмес. Эсиңде болсо, мен Жогорку Кеңештен Акаевдин моралдык күнөөсүн баса белгилегем. Ал эми кылмыш жоопкерчилигин далилдеш үчүн сурак кылып, тергөө амалдарын жүргүзүү керек. Кыскасы, биз 17-марттагы окуяны өзүнчө карап, андан кийин 18-марттагы кылмыш ишине токтолобуз дегем. Кудай буюрса, азыр ошол экинчи этаптын иши жандандырылды.
- Башпрокуратура тергеген адамдардын айрымдары соттон акталып кетти. Мисалы, Дубанаев. Мындай жыйынтык сиздерге болгон ишенбөөчүлүкпү, же башка себептери барбы?
- Ишенбөөчүлүк эмес. Прокуратура системасы топтолгон материалдарга карап, айыптоо ишин жүргүзөт. Мисалы, Дубанаевдин күнөөсү далилденгенин таап, сотко жөнөткөнбүз. А сот актап салган. Эми акыркы чекитти сот органы коет эмеспи. Мен ага комментарий бералбайм. Тилекке каршы, биздин аракетибиз менен күнөөлүү деп табылган бир гана Дубанаев акталып кетти. Калгандары болсо жазасын албадыбы…
- Айтмакчы, президенттин Германияда дарыланып атканы жөнүндө түрдүү ушактар каңгып жүрөт. Сиз не дейсиз?
- Жаман ушактардын тараганы мен үчүн аянычтуу… Президенттин эс алууга акысы жокпу? "Кетип атканда унчукпай кетти" деп да чыгышты. Мындай эмес. Бийлик органдарын чогултуп, жыйын өткөзгөн. Менимче, үч жылдан бери жарытылуу эсалбаптыр. Баягы бир жети күнгө көлгө эсалууга барып, анысы да ишке аралашып Кочкорду, Жетиөгүздү кыдырган. Эми кээ бир саясатчыларга "ооруп атат" деген ушактарды таратуу керек экен. Мен айтып коеюн, ооруган жок. Биз менен телефон аркылуу байланышып, тапшырмаларды берүүдө. Мына мен өткөн жумада сүйлөштүм. Президенттин көзөмөлүндө турган кылмыш иштери боюнча отчет бердим. Мисалы, Панфилов районундагы мектеп окуучусунун өлтүрүлгөнү, Түштүктөгү СПИД оорусунун жугузуу көйгөйү, о.э. Майлысуу шаарындагы тамактан ууланган балдардын ишин сотко өткөзгөнүбүздү маалымдадым. Шашпай турушса көрүшөт го, эки-үч күндө президент келет. Ойлосоң Аслан, баарыбыз тең адамбыз да. Мен бу кишинин кол астында иштеп калгандан кийин адамдык табиятын жакшы билем. Ишке катуу берилүү менен эсалууну мындай калтырып койгонун байкадым…
- Коомдук парламентке Башпрокуратурадан реакция жасалып, эскертүү келди деп чыгышты. Муну кандайча түшүнсө болот?
- Ошол реакцияны туура эмес айтып чыгышты. Орунбасарым болгону кат жөнөткөн. "Урматтуу Коомдук парламенттин мүчөлөрү, сиздер күч алуу иретинде чоң саясый маселелерге кирип кетип атасыздар. Сиздер бардык иш-аракетти мыйзам жолунда кылсаңыздар" деген гана маанидеги түшүндүрмө кат болчу. Мындай кадамды алар "Башпрокуратурадан эскертүү келди" деп айтып чыгышты. Бул болгону түшүндүрмө гана кат да.
- Коомдук парламентти мыйзамсыз деп чыгышпадыбы. А Конституцияда болсо андай эмес да.
- Мыйзамсыз деп айталбайм. Туура, биздин Конституцияда уруксат берет. Жеке көзкарашымды айтсам, Коомдук парламент Өкмөттө, Жогорку Кеңеште карала турган иштерге ашкере кийлигишип ийгендерине бир чети таңгаласың. Мына ушунун негизинде гана мыйзамга чакыруу таризинде түшүндүрмө кат жөнөтүлгөн. Оппозициянын Коомдук парламент түзгөнүнө каршы эмесмин. Бирок, мыйзамдын чегинен чыкпасак деген гана коңгуроону каккым келет…
- Учурда талуу маселе катары Каркыра жайлоосунун 620 гектары, Таластагы 129 гектар карьер казактарга өтүп атканы боюнча талаш-тартыш жүрүүдө. Бул келишим экс-президент Акаевдин колу менен жасалганы айтылууда. Сиз кандай дейсиз, улуттук сезимиңиз ойгонгон жокпу? Ичиңиз ачышып… Баа бере аласызбы?
- Кечирип кой, мен бул маселеге азырынча баа бералбайм. Маселе каралып бүтсүн, анан ошондо баамды берем. Бирок, мен толук ишенем, азыркы бийлик турганда мыйзамсыз жер берүү болбойт. Ошол эле Каркырадагы, Таластагы карьер болобу, мындай жерлерди беребиз деген түшүнүк болбосун. Курманбек Салиевичтин өз эл-жерине патриот экенин жакшы билем. Президент мындай жер берүү кадамдарына барбасына толук ишенемин. Өзүң айтып атасың го, мурдагы бийликтин учурунда кол коюлуп калды деп. Азыр болсо биз мыйзамсыз аракеттерге жол бербейбиз. Бу жагынан бекем ишенимдемин.
- Ошол эле казактарга пансионаттарды берүү жагы талаш-тартыш болуп атканын билсеңиз керек. Мындай шартта өзбектер "бизге да бергиле" деп үн кошууда. Кыргызды ушинтип эле корсунта беришеби?
- Дагы бир жолу эскертип коеюн, бу бийлик турганда бир да пансионат мыйзамсыз негизде берилбейт. Бөркүбүздөй көрөлү.
- 24-мартты майрам катары кабылдабадыкпы. Ушул күндү жоготуу катары да карашып, дагы бир топ себептерин айтышууда. Майрамга туура келбегенин баса белгилешип…
- 24-мартты майрам, Элдик революция күнү дегенге толук кошулам. Эми коомчулукта сен айткандай эки жактуу пикир айтылууда. Өзгөчө Бишкекте талап-тоноочулук болгонун билебиз. Ага жүрөгүбүз ооруйт. Буга эски бийлик күнөөлүү. Эмнеге качып кетет? Азыр андай башаламандык болбосуна кепилдик бере алам. Биз элдин бейпилдигин, укугун, коопсуздугун сакташыбыз зарыл.
- Төңкөрүш дебейсизби…
- Төңкөрүш дегендей бийликти жулуп алган жок да. Өздөрү качып кетишти. Ошондо качпай туруп, элдин астына чыгышканда, балким башкача болмок. Бир эсе революция бир күндө боло калды десек жаңылышабыз. Эл бир канча жылдан бери күрөшүп, аягы элдин жеңиши болду. Натыйжада, Элдик революция күндү майрам дегенибиз туура.
- Менин маектешүүмдүн негизи Аксы окуясы боюнча козголбодубу. Улам эле ушул маселени көтөрүп келатабыз. Бүткөн күнү болобу?
- Шейит кеткен алты баланын саясый куралга айланышын каалабайм. Ата-энелерин да тааныйм, алар да каалабайт. Тынч жаткан балдарды утур эле козгой бергенибиз Кудайга да жакпайт. Мен да ушул ишти бүтүрөйүн деп катуу аракет кылып атам. Буюрса жакында жыйынтыктайбыз.
- Соңку суроом: кызматтан түшкөн күнүңүздү кандай элестетесиз?
- Бул кызматтан эртеби-кечпи кетем. Кыргызда "бектер кетет - эл калат, бетеге кетет - бел калат" деген кеп бар. Анынсыңарындай кызматка эч ким түркүк болбойт. Башпрокурордун 7 жылдык мөөнөтү белгиленген. Эгерде Башпрокуратурага коюлган талаптарды же мыйзамдуулукту татыктуу аткаралбасам, мен анда жигитче эле баса берем. Качан кызматтан алат деп күтпөйм. А балким ишим оң эле болуп, башка бир кызматка барууга туура келип калышы мүмкүн. Эми турмуш көрсөтөт. Адамдын пешенесине жазгандан качып кутулбайт окшойбуз. Мына сен деле "Агымдан" "Аалам" гезитине башредактор болуп кеттиң. Ишиңе ийгилик каалайм. Кудай буюрса, жазгандарыңды окуп турабыз…

Маектешкен
Асланбек Сартбаев





а ­е¦Є.НҐй«