№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шаркыраба, Шардара

Суу чыры Орто Азияны коркутууда
Экс-депутат Өмүрбек Текебаев Орто Азиядагы суу чатагына байланышкан маселени, эл башы болгуча суу башы болууну канкакшап келет.

Чынында ошол. Жаздын келиши менен Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы мамилелер тоңо түшкөнсүйт. Ушундай муздак мамилелерге суу себеп болуп, мунун кесепетинен тууган элдердин бир-бирине болгон каттоосу көлөкөдө калып баратат. Ошондуктан, коңшу өлкөлөрдүн суу чатагы жакынкы элүү жыл аралыгында жаңы бийиктиктерге чыгат өңдөнүүдө. Мисалы, өткөн айдын ортосунда расмий Астана, Казакстандагы Шардара суу сактагычындагы топтолгон суу өз көлөмүнөн ашып кетсе, өлкөнүн түштүк аймагын түгөл каптап, натыйжасы, 400 миңден ашуун адам жашаган 71 айыл суу алдында калат деп билдирүү жасады. Эгер суу тосмону жарып, долуланам десе, түптүз Сырдарыяга кошулуп, эки өлкөнү эбегейсиз чыгымга учуратмак болуп туру. Анткени, Шардара суу сактагычы Өзбекстанга жакын жайгашыптыр. Андыктан, Казак бийлиги суунун ашыкчасын Өзбекстандагы Арпасай куймасына буруу керек десе, Өзбек тарап буга макул эместигин айтып, ансыз да Арпасайда суу жетиштүү деп көшөрүп келет.
Натыйжада, мындай коркунучтуу абалдын түзүлүшүнө эки өлкө тең Кыргызстанды күнөөлөп, коңшулардын чырын баштоочу өлкө катары шектенишүүдө. Бирок, расмий Бишкектин жообу даяр: "Кыш мезгилинде Токтогул ГЭСи Кыргызстанга кошумча энергия иштеп берүүсү зарыл. Ошондуктан, Токтогул суу сактагычындагы сууну кыш мезгилинде секундасына 6000 куб.м. ашырбай кое албайт".
Ошентип, үч өлкөнүн ынтымагы Шардара, Арпасай жана Токтогул суу сактагычтарына келип такалууда. Ал эми алардын жеке кызыкчылыктары ынтымак менен биримдиктен да жогору сыяктанат…

М. Орозбай уулу




  КурумУшу

"Куйругу жок, жалы жок кулан байкуш кантмекчи"…
ООНдун эксперттеринин айтымында дүйнөдө негизги азык-түлүк продуктуларына карата баанын өсүшү 2010-жылга дейре созулат. Бул жөнүндө ООНдун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси Жозет Ширан Европарламенттин жыйынында чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи деп билдирет ИТАР-ТАСС. Ошону менен кошо Ж.Ширан дүйнөлүк азык-түлүк резерви акыркы 30 жылдын ичиндеги эң төмөнкү деңгээлге чейин түшкөнүн, кээ бир өлкөлөрдүн кампаларында 53 күнгө гана жете тургандай запас калганын белгиледи. Суук кабар.

Өткөн жуманын аягында парламентте өкмөттүк саат өткөрүлүп, нанга болгон баа көкөлөп баратат, ким буга жооп берет, кампада буудай менен ундун запасы жетиштүү деп какшап келаттыңар эле, 7-8 сом турган нандын баасы 15 сомго чыкты, нан менен унга баа дагы көтөрүлөбү деген суроого биринчи вице-премьер И.Айдаралиев мындайча жооп узатты: "Биз эле эмес, чет өлкөлөрдө да нанга болгон баа көтөрүлүп жатат. Бул деген рынок, баа рынокко көз каранды, ошондуктан алдын ала тиги же бу деп айтуу кыйын". И.Айдаралиев ошону менен катар: "Мамлекеттик резервде дан запасы 67 миң тоннаны түзөт, өкмөт нандын баасын бир калыпта кармап турууга ылаажысы жок" деди. Кубанта турган кабар эмес. Тагыраак айтканда рынокту бетке кармап шылтоого шынаа издеп кайсалактаган, ошондуктан коомчулукту тумтак ынандырып жибере албаган кабар. И.Айдаралиевдин жообун деле суук кабардын катарына кошсо болот.
Талаш жок, азык-түлүккө болгон бааны өкмөт теске салып бир калыпта кармап турушу кыйын. Ырас, ал күчкө салып "тоңдуруп" б.а. баага мароторий киргизип бир деңгээлде сактап турууга, негизги азык-түлүк продуктуларына болгон наценканы башка товарларга оодарып бааны теске салууга же тегирменчилер, набайканаларга буйрук берипби, келишим түзүппү, белгилүү мезгилге чейин бааны ооздуктап коюуга болот дечи. Арийне, бул чаралар рыноктук жол менен бааны ыраатка келтирүүнүн ыкмаларына жатпайт. Буйрук берип күчкө салганда тамак-аштын тартыштыгы өсүшү мүмкүн. Атайлап бааны токтотуу нан жасап саткан ишканалардын стангациясына алып келери белгилүү. Ошондуктан, чындап эле, И.Айдаралиев айткандай бааны рыноктун өзү аныктаганы изги.
Бааны ыраатка келтирип туруу үчүн мамлекеттик резерв фондусунун эсебинен дан менен унду рынокко интервенция жасоо жолу бар экени баарыга белгилүү. Бул жол баанын өсүшүнүн күүсүн кагып токтотуп туруунун рыноктук ылаажысы деп эсептелет. Башка рыноктук ыкма чындыгында эле жок. Асыресе, И.Айдаралиев айткан 67 миң тонна дан резерви эмне үчүн нанга баа эки эсеге - депутаттар айткандай 6-7 сомдон 15 сомго жеткенге чейин рынокко чыгарылып интервенцияланган жок, бир орунда козголбой жатат деген суроо туулат. Ал эмне кол тийбес запасбы? Мамлекеттик резерв баа мына ушундай баш бербей оюн салып кеткенде ооздуктап туруу үчүн кереги тиет деп сакталат эмеспи.
Кеп башкада. Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик сатып алуу жана матрезервдер агентствосунун директору Пайзуллабек Рахманов: "Азыркы тапта 90 күнгө жете турган ундун запасы бар, дагы 30 миң тонна буудай сатып алынат" деп бирди айтса, И.Айдаралиев 67 миң тонна деп экини, премьер министр И.Чудиновдун 50 миң тонна кампага салынсын деген буйругу башканы айтып жатканына караганда так цифраны эч ким билбейт же болбосо чиновниктер элдин башын чаргытып тил эмгизип жатат деген ой пайда болот. Андыктан чиновниктердин кыйынчылыктан оңой эле чыгып кетебиз дегендери чоң ынаным жарата да албайт.
Дүйнөдөгү тамак-ашка, өзгөчө социалдык мааниси чоң товар болгон нанга баанын баш бербей өсүп баратышы бизге окшогон экономикалык өз алдынчалыгы жок бечел өлкөлөр үчүн төө көтөрө алгыс чоң сыноо. Кандай болгон күндө да дүйнөлүк рыноктун четте кала албайбыз. Тескерисинче, ага толук көз карандыбыз. Муну Кыргызстандын импорту-$2 миллиард 793 миллионду, ал эми экспорту - $1 миллиард 135 миллионду түзүп турганы, ошентип тескери сальдо $1 миллиард 258 миллионго туура келери айгине ырастай алат.
Кыргызстандагы керектөө корзинасынын үчтөн эки бөлүгүнө чейинкисин-70%тин тамак аш түзөт. Ал эми өнүккөн батыш өлкөлөрдө, атап айтсак Германияда тамак-ашка кеткен чыгым бар болгону 10% . Демек, батыш дүйнөлүк тамак-аш кризисинин оорчулугун салыштырмалуу жеңил көтөрөт,чымын чаккандай да көрүп койбойт десе да болот. Айрым бир адат кылып алган "роскошторунан" (сөөлөттөрүнөн) баш тартышып, ага корогон чыгымдарын тамак-ашка которушса болду, кыйынчылыктан жеңил чыгып кете алышат. Оорчулук бизге окшогон жакыр өлкөлөргө түшөөрү талашсыз-асманга чыгып бараткан кымбатчылыктын салмагын көтөрүм болгон жону жука биздин эл майышпай жеңил көтөрүп кетиши кыйын.
Экинчиден, Кыргызстандагы орточо айлык бар болгону 3345 сомду түзөт. Башкача айтканда 100 долларга туура келет. Батышты айтпай ак коелу, коңшу Россия менен Казакстандын жашоо деңгээлине кайрылып көрсөк, 2007-жылдын башындагы эсеп боюнча Россияда орточо айлык акы 385 долларга, Казакстанда болсо 312 долларга туура келген. Орточо пенсия 99 долларды түзгөн. Ошентип бизге караганда Россия менен Казакстанда айлык акы менен пенсия 3-4 эсеге жогору. Натыйжада кыргызтандыктар дүйнөлүк кризис калабасына ылайык нан жана башка азык-түлүктөргө баанын өсүшүнө тигилерге караганда майышпай чыдап көтөрүп кетиши кыйын.
Экинчи бир жагдай. Бизди жогорку сапаттагы "катуу" сорттогу буудай менен камсыз кылып турган Казакстандан дандын импорттук баасы азыр эки эсеге көтөрүлдү. Эгер, өткөн жылы август айында буудайдын тоннасы 240 доллар болсо, азыр ал 450 долларга чейин чаап чыгып кетти. Бул болсо нанга баа эки эсеге көтөрүлөт дегенге жатат. Мындай кыйын-кычыктуу учурда азык-түлүк коопсуздугун коргоп калуу үчүн өкмөт эки эселенген күч менен аракет жасаш керек эле. Тилекке каршы, андай реалдуу иштер өкмөттө байкалбайт. Эмдигиге чейин натыйжалуу антикризистик программа, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун стратегиясы иштелип чыга электиги көп көйгөйдөн кабар бере алар. Ала жазда эле убада кылынган мамлекеттик резервдин кампаларына Казакстандан алып келип салабыз деген 50 миң тонна дан эгининин дайны жок. Кайда экени белгисиз. Куру сөз боюнча эле калууда. Баа көтөрүлөөр менен айлык акы менен пенсия жогорулашы кажет эле. Бул жагында деле эч бир кыймыл байкалбайт. Элдин жармач катармаларына арзан продуктулардан турган социалдык жардам көргөзүү пакети иштелип чыкты демиш этишет. Анысы кадимки эле элди ачарчылык баскандагы азык-түлүк карточкасын киргизүү чарасына окшошуп кетет. Реалдуу иштин ордуна экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпи Кытайга теңелди, акыркы үч жылда ВВПнын көлөмү бир жарым эсеге, салыктан түшкөн каражаттар эки эсеге, капиталдык салым үч эсеге өстү, тыштан келген финансылык иньекциядан баш тартууга кез келди деп реалдуу жагдайды-итке минип калган элдин жакыр абалын, кризистен чыгуунун жолун айтпай ай-асманды кеп кылган билдирүүлөр менен алек. Өкмөттүн жапаровчул казенный оптимизми менен И.Айдаралиев, П. Рахманов, А.Ногоевдин популисттик убадалары, министрлердин компетентсиздиктери акыры алып барып ачкачылыктын аңына аңтарып тына турган көздөнүп калды. Ачарчылык баштала турган симптомдор ачык боло баштаганы талаш туудурбас.

Үсөн Касыбеков










??.??