№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

 "Агымдан" "Ааламга"

К ө ч...
Көп өлүп...аз жыл жашадым,
көзүмдү жумсам-басат кум,
көзүмдү ачсам-азап-муң.
(Шайлообек Дөйшеев)
Акын Шаке өткөн чагына кылчайып, ушул саптарды таштаптыр. Сыңарындай, ар кыргыздын тагдыры деле көп өлүп аткандай, кум басып жаткандай туюлат ов... Сөз баккан жанга сөөмөй менен көзгө сайгандай кеп.
"Алакушту атынан ата" демекчи, айтылуу "Агым" коомдук-саясый гезитинин бакандай төрт азаматы: Асланбек Сартбаев, Кубаныч Зайнидинов, Манас Осмон, Азамат Кыязов аттуу белгилүү журналистерине "Аалам" гезитинен төр берилди. Себеби жөнөкөй эле. Журналист талант-жөндөмүн эркиндикте бапестеп, чыгармачылыгын гүлдөткүсү келет. Кезегинде Мелис Эшимкановдун "мектебинен" өтүп, оппозициянын очогунда кайнап, чындык үчүн кылычтай шилтенип көнгөн кыраандар: "Кыргыз басма маалымат булактарында кан алмашып турганы эп, быкшыган саясатка, кокосун коррупцияга жулдурган коомго "Ааламдын" көзү менен би-ир карап көрөлү, "Агымыбыз" акжолтой болду, агарып көгөрдүк, жытыбыз сиңишип, сүймөнчүк жамаатыбыз го, ийгилик тилейбиз, бизди туура түшүнүшөт" дешет. Ушунакай. Кадырман окурман, мындан ары "Ааламдын" жаңы табылгаларына абай салып, карым катнашта болуңуз.




Аквариум "чабактарына…"
"Ак жол" фракциясынын жетекчиси Элмира Ибраимовага!
Элмира Султановна, Жогорку Кеңеште "Ак Жол" партиясынын депутаттары тарабынан трибунада айрым патриоттук сөздөр сүйлөнүп, бийликтин кайсы бир деңгээлдеги шилтөөсү аркылуу жерлердин, стратегиялык объектилердин жеке колго, чет элге өтүшүнө каршы чыккандарын кабинетиңизге чакырып "тартип, эскертүү сабагын" өтөт экенсиз. Аныңызга айрымдар каршы чыгып, керек болсо мандатты да таштоо маселелер көтөрүлүптүр. Бийликке суу жугузбаганыңызды, депутаттардын оозун тыйганыңызды эмне деп түшүнүүгө болот? Сизге чындык, акыйкат, намыс өңдүүлөрдөн мандат жогорубу?

"Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Булекбаевге!
Эркин мырза, сиз Казакстанга барып, казак президентинен "эки элдин достугун арттыргандыгыңыз үчүн" деген ардак диплом алып кайттыңыз эле… Бул жакта болсо сиз эл башы болгон бийликке каршы туруп, оппозициянын алдыңкы сабында жүрөсүз. Өз мамлекетиңиздин ички ынтымагына көпүрө салалбай жатып, коңшу, өзгө өлкөнүн эли менен өз элиңиздин достугун кайдан, кантип арттырып жүрөсүз?

Соцфонд төрагасы Марат Султановго!
Марат Абдразакович, сизди өлкөнүн эң үлкөн бай адамы деп келишет. Сиз болсо байлыгыңызды иниңиз Омор Султановдуку өңдүү пикир тараткансыз. Бирок, сиз бир кездери Улуттук банк төрагасы болуп турганда чо-оң акчага аралашып, булганганыңыз туурасында каңшаар-имиштер бар. Балким, бул күмөндөрдү жокко чыгаргыңыз келсе байлыгыңызды кантип топтогонуңузду ачык айтаарсыз. Анүстүнө түштүк эли сизди лидер тутуп, келечек өлкө башчылыгына үмүт кылышканы анык. А сиз ал ишенимди тыйынча көрбөй, майда маселелерге аралашканыңыз, акыры барып бийликке кол бала болсо, соцфондду кучактап жыгылганыңыз лидерлигиңиздин беделине доо кетирбедиби?

ЖК депутаты Аскар Салымбековго!
Аскар Мааткабылович, Жогорку Кеңеште Көлдөгү төрт пансионаты казактарга берүү маселеси көтөрүлгөндө, элден өзгөчөлөнө казактарга жан тартып, катуу жандалбастадыңыз. Керемет көлүбүздүн жээгин кескилеп, казактарга берүүгө болгон аракетиңиздин артында эмне кызыкчылыктарыңыз бар? Же ашыкча айкөлдүк менен курулай меймандостук деп түшүнөлүбү?

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору Керим Тураповго
Керим мырза, сиз өткөндө Кыргыз эл артисти Саламат Садыковага карата каршылык көргөздүңүз. Сиздин сөзүңүздө "Кыргыз Эл артисттигин" алган адам бийликке каршы ооз ачпаш керек экен. Эмне, азыркы күндө элдик наам-атак да соодага түшүп, ооз-басырык үчүн берилип калганбы? Намыс үчүн жан берген улуу кыргыз урпактары бүгүн ак сөздөн, абийирден, чындыктан да наамды жогору койгон деңгээлде майдаланып кеткенби? Же чындык жалаң эл назарына илинбеген, атак-наамы жокторго гана керек дейсизби?

Нурлан Жукеев




  Ыр насаат

Калыгул
Жакшы чыккан азамат
Элин билээр.
Элин билген ал адам
Билим билээр.
Эчен түрлүү адамдын
Тилин билээр.
Чыгып турган ал адам
Түбү жоон тамырлуу
Көлөкөсү көп жанга
Керек болоор.
Ошол чыкса дүйнөгө
Пайда болоор.
Ошол адам ойлосоң,
Кимден чыгаар,
Ушул турган калайык
Элден чыгаар.

Аскар-аскар, Аскар тоо,
Аягы барып чап болот,
Атадан алтоо туулса да,
Сыйлашпаса жат болот.
Дөөлөттүү адам ток болот,
Жашында жигит шок болот,
Колдо дөөлөт жок болсо,
Жабыгып жүрүп жок болот,
Айыбы чыккан жигиттер
Жакынына кас болот.
Жарды болоор жигиттер
Дөөлөтүнө мас болот.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман киши кырт болот.

Кайгысыз киши карыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт.
Беш тогол өтпөй жаз болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.
Базары жакын байыбайт,
Калп айткан адам жарыбайт,
Уй териси тон болбойт,
Урушчаак киши чоң болбойт.

Аңдышкан айыл конбойт,
Эсептешкен дос болбойт,
Эт жебеген куш болбойт,
Эки жакшы туш болбойт,
Эки жакшы туш болсо,
Жаман кара иш болбойт.
Жапаң-жупаң кар жааса,
Жаш куурай башын көтөрбөйт,
Жаман эрден мал тайса,
Жаздыктан башын көтөрбөйт.

Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Арбын болот акылың,
Окусаң өнөр кат жакшы.

Медери жок туугандан
Бек кармашкан жат жакшы.
Кеби жаман катындан
Келте ооруган дарт жакшы.
Ак чаңгыл тоонун этегин
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт.
Күндө чобур мингендин
Согончогу шор болор,
Жаман болсо алганың,
Асыл жаның кор болор.
Жакшы болсо катының,
Табыла берет акылың,
Куусаң да кетпейт жакының.
Жаман болсо катының,
Кете берет акылың,
Чакырсаң келбейт жакының.





а ­е¦Є.НҐй«