№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Полит-элита

А.Жекшенкулов оппозициянын интеллектуалдык деңгээлин көтөрөбү?
Барган сайын А.Жекшенкуловдун оппозициядагы саясый салмагы оорлогону, бийликке катуу сын айтканы, коррупция маселесин көтөргөнү, бийлик системасына ичи чыкпаганы, о.э. оппозициянын да интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүнү жашырбай айтып жүрү. Дегеле саясый элитанын жаңычылдыгына ой жоруганы талаага кетпесе керек…

"Ата Мекендин" мантысы
"Ата Мекен" партиясынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев бийликтин расмий атаган элдик революция күнүнө каршы "реакция" жасап, манты таратканга үлгүрдү. Манты жегендер 24-мартта бийликке келгенин эскертүү икаясы сымал болду. Мындай кадамы үчүн Жоомарт мырза укук коргоо органдарына
сурак берүүдө.

Оппозициянын кер-мурунан
Оппозиция жээги деле иттартыш. Өткөндө кадимки Б.Ааматов менен А.Бекназаров экөө чарпыша кетип, Бегиш аке: "Сен оппозицияны төрт жолу саткансың, ревкомду түзсөң бийликке таарынбай түз…" маанисинде катуу тийип алыптыр. Азикең да оңой жоо беле, жообун катыра берип, мушташа кете жаздашыптыр. Мындай кер-мурлар эми боло берет тура.


Президенттикке аты аталгандар
Акыркы күндөрү президенттикке ою барлар бирдемени сезгендей кылтыя баштады. Түштүктөн: А.Мадумаров, Ө.Текебаев, Б.Бешимов, Ж.Бакиев, А.Эркебаев, М.Султанов, К.Жумалиев болсо, Түндүктөн: А.Атамбаев, А.Жекшенкулов, Т.Сариев, Ф.Кулов, М.Абдылдаев сыяктуу саясатчылардын аттары аталууда. Али президенттик шайлоонун кабары угула элек. Бирок саясый элита дүргүй баштаптыр…

Кубат акенин мурду эмнени сезди?...
Өткөн жумада "Чыңгыз хан" кафесине Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Жекшенкулов сыяктуу оппозиция лидерлери чогулуп, чайлашып отурушту. Эң кызыгы, "саясаттан кеттим" деген К.Байболовдун пайда болгону, саясаттан активдүү кеп урганы таңгалдырды. Кубат акенин мурду жытчыл эле, би-ирдемени сезип аткан жокпу? О.э. УТРК деректири М.Эшимканов да эски достору менен "чымчышып" бир сааттай отуруп кетти.

Рысбек Акматбаев келдиби?
Кадимки Рысбек Акматбаевди Ысыккөлгө келди деген каңшаар тарады. Тар чөйрөдө. Эл оозунда анын өлүмү сырдуу сакталып, ишенбеген адамдар арбын эле. Эгер келгени чын болсо, кандай кырдаал түзүлөөр экен?

Ажонун абалын сураган жалгыз аткаминер
Соңку учурда Германияда дарыланып аткан К.Бакиевге тирукмуш ушактар жабыша баштады. Эми кулак эле элейет, тил тизеге түшүп… Аткаминерлерден Бажы комитетинин деректири Н.Акматов ажого жолугуп келгени боюнча айтылууда. А башпрокурор Э.Сатыбалдиев президент К.Бакиевдин денсоолугу жакшы экенин, Германияда эсалып атканын жашырбады (5-беттен окуңуздар).

К.Сыйданов СССРдин "Волгасын" байгеге сайганда…
Нооруз майрамына карата Чүй губернатору К.Сыйданов көкбөрү тарттырып, байгесине СССР маркасындагы "Волга" менен "Жигули" сайган. Улакчылардын уткан тобу айдап кетели дешсе, "Волга" кашайып жүрбөй, аяба-ай азапка салды. Жүрбөгөн машинени улакчылар итеришип, акыры оталдырып кетишиптир. Жоктон көрө жогору да…

А.Мадумаровдун текеберинен
Спикер А.Мадумаровдун "Агымдагы" маегинин бир урунттуу жеринде кыргыздарды кемсинткен, корсунткан маанайда сүйлөптүр. Албетте, намыстанып айткандай кеп деңизчи. Бирок, кыргыз элине мындай текебер мамиле жасаганына түшүнбөдүк. Эл эмне жамандык кылыптыр?

Бири көгөрсө, бири көшөрүп…
Экс-депутат, эл артисти Д.Садырбаев бир канча күндөн бери Соцфонд төрагасы М.Султановдун кабылдамасына кире албай жүргөнүн айтышууда. Докебиз көгөрүп болбойт, тиги көшөрүп кабылдабайт. Аяш атасын мынчалык саргарткан Марат мырзанын билгени бар го…

"Аалам - пресс"