№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Спорт

Руслан - Азия чемпиону
Түштүк Кореяда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул чемпионаттын өзгөчөлүгү, жеңүүчүлөргө Бээжин олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды.
Кыргызстандык балбан кыз, Азия чемпионатынын күмүш коло байгелерин бир нече жолу жеңген Яна Панова бул ирет да үчүнчү орунду ээлеп коло медаль тагынганы менен Бээжинге жолдомо алалбай калды.
Түштүк Кореядагы Азия чемпионатынан Кыргыз журтчулугун кубандырганы Руслан Түмөнбаев болду. Ал мурдагы жылы Дохада өткөн 15 - Азия оюндарында калыстардын айынан чемпион болбой, коло медалга гана татыктуу болгон.
Түштүк Кореядагы Азия чемпионатында Руслан баардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болду. Бээжин олимпиадасына жолдомо алып, жалпы кыргыз журтун сүйүнүчкө бөлөдү. Азаматсың, Руслан! Ошентип, Бээжинге Кыргыз жигиттери азырынча 2 жолдомо жеңип, үмүт жандырып олтурат. Жалпы жолунан биздин спортчулар 11 жолдомо алышты.

Мелдеш. мара. мөрөй
Кичифутбол - чоң байге
Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин Кичи футбол боюнча эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Биринчи орунду 25 упай топтоо менен "Лотос" командасы жеңип алды. Экинчи орун "Данко" командасына ыйгарылды. "Алатоо" командасы коло байгенин ээси болду.
"Ак жол", "Налоговик", "СССР", "Арпа", "Байсал", "Достор" (Казакстан), "Шоро" командалары байгеге илинбей арманда калышты.
Калыстыгы, чеберчилиги менен айырмаланган "СССР" командасынын оюнчусу Аркадий Чешевге атайын сыйлык тапшырылды. Мелдештин мыкты оюнчусу сыйлыгы Олег Гевленкого ыйгарылды.

Асылбек Бээжинге жолдомо утту
Астанада бокс боюнча Казакстандын Президентинин кубогуна арналган мелдештен кулак сүйүнткөн кубанычтуу кабар келди. 60 кг. салмакта өлкө намысын коргогон эл аралык спорт чебери Асылбек Таласбаев финалга чейин жетип, Бээжин Олимпиадасына жолдомо алды. Бул жигит абдан жолдуу, себеби Афина олимпиадасына да ушундай Гран-при мелдешинде жолдомо алып, олимпиадалык оюндарга 2004-жылы катышкан. Анда тажрыйбасыздык кылып, биринчи беттешүүдөн эле оюндан чыгып калган. Эми андан бери чеберчилиги артып, тажрыйба топтоду. Албетте Бээжинде бокстан байгелүү орунга жетүү кыйын. Ошентсе да Асылбекте үмүт чоң.

"Дордой" кайрадан чемпион
Көкбөрү "Нооруз" эл аралык көкбөрү мелдешине катышуудан баш тартып, Казакстандын 4 командасы таарынып кетишсе дагы бүгүн "Аккула" ат майданында Кыргызстандын тандалган 4 командасынын ортосунда мелдеш өткөрүлдү.
Биринчилик үчүн Кыргызстандын экс-чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Нарындын "Дордой " командасы Таластын "Ойкайың" командасы менен таймашып, мында "дордойчулар" чеберчилиги менен айырмаланып, 5:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Өлкө чемпиону Бишкектин "Бөрүлүү" командасы Таластын "Ынтымак" командасы менен беттешип, натыйжада "Бөрүлүүнүн" жигиттери 5:2 эсебинде утту. Аларга Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери деген ардак наам, баалуу сыйлыктар тапшырылды.

  Дүйнөлүк спорт

Чемпиондун акыркы оюну
Москванын "Спартагынын", Италиянын "Ромы", Португалиянын "Порту" футбол клубдарынын жарым коргоочусу, Орусиянын футбол жылдыздарынын бири, 2003-жылкы УЕФА Кубогунун жеңүүчүсү, 2004-жылы Чемпиондор лигасынын мөрөй ээси Дмитрий Аленичев 4-майда чоң футбол менен кош айтышканы калды. Бул күнү ал акыркы оюнун өткөрөт. Ал Орусия менен Португалиянын көп жолку чемпиону катары футбол күйөрмандарына таанымал. Быйыл 36 жашка толгон Дмитрий эми тажрыйбасын жаштарга бөлүшүүгө камылга көрмөкчү.

Карамзин кайрадан рингде
Орусиялык белгилүү мушкер Роман Карамзин кайрадан профбокска келээрин билдирди. Спортто, өзгөчө бокста жеңиш да, жеңилүү да күтүлбөгөн жерден болуп кетет. Бир мезгилде африкалык Алекс Бунемге жеңилген Романдын ындыны өчүп, күйөрмандардын шаабайы сууган. "- Эми Алекс менен кайрадан беттешүүгө чыгып, айласын кетирем, өткөндө формада эмес элем. Алекске алдырган намысымды кайра коргоп, өчүмдү алам" - дейт Роман Карамзин ишенимдүү сүйлөп. Эми анын дымагынын кандай экенин кийинки мелдеш аныктайт.

Испанкалардын ийгилиги
Голландиянын Эйндховене шаарында синхрондуу сууда сүзүп бийлөөдө Европа чемпиону наамына испаниялык эки кыз Андреа Уэнтес менен Жема Менгуаль ээ болушту. Экинчи орун италиялык Беатрис Аделлинини менен Жулия Лапи, үчүнчү орун украиналык Дарья Юшко менен Ксения Сидоренко аттуу кыз-келиндерге ыйгарылды.

К. Макешов, спорт баяндамачы




а ­е¦Є.НҐй«