№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Өткөндү эскерип…

Дүрбөлөңдүү түндүн дүң-дүңү
(24-апрель 2005-жыл)
Ошол түнү таң атканча дуулдаган эл укташкан жок. Дүкөндөрдү, соода түйүндөрүн, базарларды бүлдүрүп, талкалап, андагы буюмдарды кумурскадай туш-туш жакка ташып жатышты. Кыскасы, ошол түнү кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты болду.

"Мадинадан" белек
Жигит сүйгөн кызына эң кымбат баалуу кийимди белек кылып берип жатты. Буга жетине албаган кыз андан сурай кетти.
- Ой-ий ай, өзүң иштебесең, анан мынча кымбат белекти албай деле койсоң болмок.
- Атайын сен үчүн мындан да кымбатын алайын дедим эле, ага үлгүрө албай калбадымбы…
- Кандайча?
- Түндө "Мадинадан" шилтеп чыккам.

Айлык керекпи же байлык керекпи, ия?!
Түндөсү күзөткө туруп келген күйөөсүн аялы беттен алды.
- Миң сомдук кароолчулуктун балакетин аласыңбы, төмөнкү дүкөндөн кошунаң Сатарбек жүз миң сомдук буюмдарды алып келиптир, сенин ошондон эмнең кем ыя?

Түгөйү жок батинкелер
- Сен даана апендисиң го, дос. "Дордой Плаза" соода борборунан уурдап кеткен бир мүшөк батиңкелерди эмнеге өз эркиң менен кайра өткөрүп салдың?
- Ээ, дос, багы жокко, дагы жок дегендей үйгө кубанып көтөрүп барган батиңкенин баары оң жак түгөйү болуп чыкпадыбы. Аларды эмне башыма урмак белем.

Жөө күлүктөр
"Дордой Плазадан" диванды эптеп сүйрөп көтөрүп чыгышкан эки жигит таксини токтотот.
- Үч аялдамага диван менен канча аласың?
- Диваның үчүн миң сом.
- Өзүбүзгөчү?
- Төлөнбөйт.
- Анда диванды эле алып барып бер, биз артыңдан жөө эле барабыз.

"Ах, кара көзүм кашайды!"
Троллейбуста кетип бараткан жигит көчөдө талкаланып жаткан дүкөндөрдү көрүп, өзүн башка муштагылап жатты.
- Кап айя, карачы демейде телевизор көрөм таң атканча, түндө уктап калганымды карабайсыңбы?
- Эмне болду анчалык?
- Кайненеме мурдатан эле обещать этип алалбай жүрөм. Кара көзүм кашайып, уктап калбаганда кайненемди ыраазы кылбайт белем.

Бекер кызмат
"Гоиндин" бир бөлүмүн машине жалдап келип, бүт көчүрүп кеткен киши айдоочуга ыраазычылыгын билдирип жатты.
- Рахмат, жеткирип койгонуңа, кызматың үчүн канча төлөйм?
- Тескерисинче, сага мен рахматымды айтышым керек, бул бөлүмдөгү бүт менин буюмдарым болчу, сага мен төлөшүм керек.

Жылаңач баатыр
- Сен түндө такси жалдап келип, "Бета Сторестеги" эң баалуу буюмдардын бардыгын кубанып жүктөп аттың эле. Үйүңө эч нерсе алып келбептирсиң го?
- Ээ, дос, атайын машине жалдап келип, ага толтура жүктөп, айдоочусун "күтүп тур, дагы алып келе коеюн" деп чуркап кетип, кайра чыксам жок. Тигил машинесин толтургандан кийин "зыйт" коюп кетиптир.

Тежик аял
"Мадинадан" көп эле кийимдерди бөктөрүп, элден мурун көздөн кайым болбодуң беле, анан кандайча милицияга кармалып калдың?
- Алып барган көйнөктөрдүн баары аялыма чак келбей, кайра-кайра эле тияк жакка кирип атып, милициялардын колуна өзүм түшүп калбадымбы…




а ­е¦Є.НҐй«