№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шорпо-шоу

Жаныбек Алыкулов, куудул
"Куудулдардан КТР коркот"
Кадимки "Шорпо" Жаныбек Алыкулов 1-апрель күлкү күнүнө карата Цирк имаратында салтка айланган "Куудул отурушун" өткөргөнү турат. Башкасын айтпаганда да баш айланткан майрамдарыбыз толуп турганда 1-апрелди майрам катары белгилөөнүн кажети барбы деген суроо туулат экен. Эмне себептен ырчыларга караганда куудулдарды теледен аз көрсөтөт? Дегеле кыргыз маданиятында куудулдук өнөргө көңүл бөлүү болуп жатабы? Ушул өңдүү соболдорду артынып, Шорпонун өзүнө бардык.

- Жаныбек байке, куудул деген ким өзү?
- Ошону билбейсиңби? (тамашалап) Куудул деген капилеттен сөз тапкан, чечен, ошону менен бирге каймана какшыкты калпып айтып, сүйлөгөн сөзүндө күлкү болуп, чарчап турганыңда көңүл көтөргөн адамды куудул деп билсек болот.
- Телеге чыгуу жаатында куудулдар негедир ырчылардан кыйла артта экени эмнеден?
- Көп чыкса деле болот, бирок бир топ себеби бар… Биринчиден куудулдар көбүнчө сатираны саясаттан алышат. Тамаша-чынды аралаштырып, саясаттагы болуп жаткан көрүнүштү сатиранын калыбына салып элге жеткирет. Анан кандай сөз чыгып кетет деп жетекчилер сөзсүз коркот. Экинчиден куудулдар ырчыларга салыштырмалуу аз. Анан дагы кемчилигибиз жаңы-жаңы сатираны издегенге мойнубуз жар бербейт. Эл арасында сатира жазган адамдарыбыз көп, бирок бизге жетпей келет. Мыкты сатириктер менен бирге иш алып барсак, сахнага ар бир чыкканыбызда жаңы интермедия менен чыгууга мүмкүнчүлүк болот эле.
- Күлкү күнүнө карата майрамдык кече өткөрүп жатыпсыз?
- Эми бул деле "жетим өз киндигин өзү кесет"- дегендей өз арабабызды өзүбүз тартып келе жаткандагы айлабыз. Сатирик, куудул досум Рахман Разыков 5 жылдан бери айымдардын майрамына карата "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар менен аялы", "Бири куудул бири ырчы, эл тараза эл сынчы" деген аталыштагы күлкү фестивалдарын өткөрүп келет, бу дагы күлкү багытындагы жакшы жөрөлгө десек болот. Мен да жөн жатпай, куудулдук өнөрдү аркалаган адам болгондон кийин аз да болсо салымымды кошоюн деген максатта "Куудул отуруш" деген аталышта, куудулдардын башын бириктирип кечелерди өткөрүп жүрөм. Ушул сыяктуу сынак, фестивалдардын көп өткөрүп турсак куудулдук өнөрдүн келечеги кең болоорунан күмөн жок. Ал эми маданият министрлиги тууралуу айта турган болсок, "эч кандай иш-чара өткөргөн жок" деп деле таарынбайбыз, алардын эми да болсо бизге көңүл бөлөөрүнө ишенем.
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз эле. Күлкү күнүнө күч топтогон турбайсызбы?
- Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деп коет эмеспи. Ойлогон ойлор көп, ага жараша турмуш кысымы да күч. Карап көрсөң баардык эле кызматкерлердин кесиптик майрамы бар экен, жада калса ырчылардын продюсерлери да "продюсерлердин күнү" деп кайсы бир күндү белгилеп алышыптыр. Биз дагы 1-апрель күлкү күнүн куудулдардын майрамы катары кабылдап, майрамдык кече өткөрүп келебиз. Быйыл дагы күлкү күнүн көмүскө калтырбайлы дедик. Адаттагыдай бул отурушта дагы көрүүчүлөргө анекдот жазуу боюнча сынак жарыяланып, мыктылары элге окулуп, элдин колдоосуна ээ болгон анекдоттордун ээсине телевизор баш болгон байгелер тапшырылат.

Маектешкен Амантур Мусагул уулу




 "Ааламдын" архивинен

Он жетинчи жаз
"Аалам" гезити 3-апрелде17 жашка толот. Мына ушул датага карата гезиттин редакциясы окурмандар менен бирге мурдагы жылдардагы сандарга жарыяланган материалдарга экскурс жасоону туура тапты.

Сынакта жеңип чыккандар
"Аалам" гезити бул сүрөткө төрт сап тамаша ыр жазгандарга 500 сом сыйлык койгон. Келген тамаша ыр саптарынан иргеп алгандарыбыз ушулар болду:

Сүрөттөгү Чекмурат,
Боди-билдинг деп турат.
Жанындагы селкилер
Жандай чалып кеп кылат.
Белек Бектурсунов
*
Эки сулуу азезилдей арбашып,
Болушпайт го жасалма эмчек кармашып.
Башчыбыздай эки улуттан тандатсын,
Бийкечтерден калбай такыр жармашсын.
Жумабек Калыгулов
*
Бир жүрөктү эки айым талашып,
Ыкка келип тең бөлүшүп алабы?
Бири- биринен кызганышып а балким?
Алданышып орто жолдо калабы?
Кадыракун Мамбеталиев
*
Шумдугуң кургур, шумдугуң,
Эмчектен алдың кургурум.
Жарылып кетсе сары шар
Шамалын ылдай бургунуң.
Чынар Унурова
*
Буга дейре эркектер,
Көп аял алып келишти.
Эми күйөө тандоо кезегин,
Айымдарга беришти.
Б. Асаналиев

Редакциядан: 500 сомдук бир байгени ала турган азилди таба албагандыктан, тандалып чыккан ушул беш автордун ар бирине 100 сомдон бөлүп берүүнү туура деп таптык. Байгеңиздерди алып кетсеңиздер болот.
Байланыш телефону: 59-17-38




 "Байкеңердин жүрөгү бирөө эле"

( Майрам Акаева менен маектен)
- Жан дүйнөңүздүн жабыркаган учурлары болобу?
- Жалаң эле илим-билим деп жүрүп, адамдардын кандай экенин байкабаптырмын. Президенттин жубайы экен деген күндөн баштап, акты-караны, жаманды-жакшыны, адамды-айбанды көрүп, не бир "легенда", "жомокторду" уга баштадым. Дегеле эч нерсеге таң калчу эмес элем, таң калдым. Тобоо деп жакамды карманган учурлар көп болот. Акаев аялынын сөзүнөн чыкпайт экен, тегерегине жалаң кайын-журтун чогултуп алды деп далайга дуулдап жүрүшпөдүбү. Кызык ай, арадай ишти чарадай кылганга кыйынбыз, ээ...
- ...Чын эле кокустан ажобуздун экинчи сүйүүсү ойгонуп, үстүңүзгө экинчи аял алам деп чамынып- чаң салса эмне кылат элеңиз?
- Ха-ха-ха. Мунуң шумдук суроо экен. Ай, чын эле ай! Сен айткандай, турмуштан баарын күтсө болот ээ? Тагдыр деген кызык да, кааласаң-каалабасаң баш ийдирип коет. Бирок андай болушун каалабас элем. Он однолюб. Байкеңердин жүрөгү бирөө эле...

Маектешкен Элмира Тезекбаева
"Аалам", 1993- ж., үчтүн айы (январь) №2




"Чал- кемпир болуп алдык"
(Борборубуздагы фольклордук театр тобунун актеру, музыка тобунун гитаристи Даниел Токтобаев менен маектен)
...- Колуктуң барбы?
- Бар.
- Аты?
- Гүлнур Сатылганова.
- Ой, Гүлнур сенин колуктуңбу?
- Таң калбай деле койсоң болот.
-Үйлөнгөнүңөргө канча болду?
- Эки жыл.
- Ортоңордо наристе барбы?
- Азырынча жок. Көп акчалуу болсок, анан бөбөктүү болгубуз келет.
- Демек, экөөңөр тең искусство адамы болгонуңар жакшы болгон экен да... Же ошондо деле ортодо кагылышуулар болуп кетеби?
- Кантип болбойт?! Түтүн булаган үйдө чыр болбосо эмне маселе чечилсин. Идиш-аяк кагышат. Бирок биздин кагылышуулар кантип чыгат? Китептин мукабасын ал айтат "Мына мындай чыгарса болмок" деп, мен айтам "мына, мындай болсо сапаттуу эле" деп. Же болбосо мен чыгарган обондорду ырдабайм деп баштайт. Чыгармачыл талашуулар дайыма таарыныштырып, кайра табыштырып турат. Бирок экөөбүзгө ошол таттуу.
- Гүлнур кайсы ырларыңды ырдап жүрөт?
- "Жаштык ыры- 92" де "Күтүү" деген ырымды аткарып, "музыкальный центр" утуп алды. "Азия даусында" да "Ямаха" түстүү телевизорун жеңип алды. Айтор, экөөбүзгө көп киреше чыгармачыл жол менен келди. Спонсорлорубуз квартира сатып беришти.
- Ошол адамдардын аттарын атап деле койсоң?
- "Алина" фирмасынын Мадияров Токтосун, "Дыйкан ордодон" Аскар Базаркулов жана Базараалы байкелер. Мына, элге кереги тийген байлар. Ушул кишилерден үлгү алышсын.
- Гүлнур экөөңөр кантип таанышып жүрөсүңөр?
- Ошону да билбейм. Кыздар-балдар дайыма репетициядан кийин азыраак ичишип же чегишип калып, чыгармачылык менен кызыл чеке болгончо талашып жүрүп эле биз алардан өзүнчө бөлүнө баштадык да чал-кемпир болуп алдык. Азыр деле ошондогубуздай иштеп, чогуу жүрүп да, үйдөн да талашып-тартышып, чыгармачылыктын, турмуштун деңизинде чогуу калкып келатабыз...
Олжобай Шакир
"Аалам" 1994, жетинин айы, №31
Архивди аралаган Айгүл Бакеева




Академиялык эмес академия
... Европалык бир илимпоз бир млн кишиден бир улуу окумуштуу чыгат деген теорияны аныктап жана далилдеген экен. Азыр бу теория менен өнүккөн өлкөлөрдүн Илимдер академиялары эсептешишет. Демек 50 млн эл жашоочу мамлекетте 50 эле академик бар.
Ал эми 4.5 млн калкы бар Кыргызстандачы? 1990-жылы чыккан "Академическая наука Кыргызстана" китебиндеги маалымат боюнча 56 академик жана 64 мүчө-корреспондент бар (каза болуп калгандары да бар). 1млн.го бир окумуштуу формуласына салсаңыз, 1 млн. калкка 25 окумуштуу, академиктер менен мүчө- корреспонденттерди кошкондо 120 киши. Бул эмне деген көрсөткүч? Илим- билим дүркүрөп өсүп кеткениби? Илимдер академиясынын деңгээли жогорубу? Андай эмес...

Орозалы Карасартов
"Аалам", 1994-ж., бугу айы ( май)










??.??