№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Аял дүйнө

Күн көрсөтпөгөн күйөө сөрөй
"Үй бүлөдөгү зомбулукка каршы укуктук социалдык чаралар жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынганына беш жыл болду. Демократиялык өзгөрүүнүн олуттуу кадамы саналып, ак жоолукчандардын далайын азаптан арачалоого үмүттөндүргөн, алардын укугун коргоочу милиционерлердин ишин жеңилдетүүгө көмөк болчу мыйзам азыр кандай иштеп жатат?

Өткөн кышты Бишкектин Келечек жаңы конушундагы үтөлөктөй батирде балдары менен эптеп баш калкалап жүргөн Гүлбара менен участкалык милиционер бирдей эле убара менен кыштап чыгышты. Күндүн суугун айт, ушул көчөдөгү күн алыс чыккан ызы-чууну айт. "Өлтүрөм, житирем" деп бети-башы канжалаган аялдын артынан кубалап жүргөн эркекти көргөн коңшулардын үрөйү учуп дароо милицияга кабарлашат. Ал келип, жээликкен немени желкеден алып жетелеп жөнөйт, ашып кетсе он күн, кайра чыгарганга аргасыз, "камактан бошоноору менен "эс алганга " кирген эр сөрөй аракка тойгондон кийин ызырынган бойдон үйгө келет да, баягы ызы-чуу кайрадан башталат. Бечара аялды колуна тийген нерсе менен чаап, өлтүрүп салгандан кайра тартпаган немеге участкалык милиционер дагы жетип келет. "Эй, урсам өзүмдүн катынымды уруп жатам, саа эмне жок, же бул сенин катыныңбы, ушул экөөң соо эмессиң" деп өзүнө асылган мастан тажаган инспектор Гүлбарага "эже, муну менен срочно ажырашпасаңыз болбойт, бул эми же сизди же балдарыңызды мерт кылып коюшу ыктымал" дейт. Айтканындай эле урушкан сайын апасына арачы түшкөн балдарын тээтигинден ары ыргытып, таш менен кубалап, өлөөр-тирилерине карабайт. Аларга арачы түшкөндөр да таяк жеп, эшик-терезеси талкаланат.
-Башым баш эмес эле гөш болуп калды, - дейт кыркка да чыгалек Гүлбара, - башкасы түгүл балдарымдын төрөлгөн жылдарын эстей албай койдум. Минтип отуруп жинди болушума деле аз калды окшойт.
Үч балалуу бул үй бүлө Бишкекке март "революциясынын" капшабы менен Кара суу районунан келген. Келип, эл катары там салып оокат кылабыз деген үмүттөрү таш каап, күйөө сөрөй баш-оту менен аракка кирип, барбаган жерлери, баш калкалабаган жайлары калган жок. Адегенде шаардын чыгыш тарабындагы Көк жар айылына караштуу талаанын четиндеги вагондо туруп, арендага жер алып, кулпунай тигишти. Тез ирденип кетет экен деген кепке азгырылып, тигип алган кулпунайы суу тартыштыгынан жарытылуу түшүм бербей, пайда түгүл аренда акысын төлөй албай, жалаң макарон менен кара нан жеп коробка жагып, ооруп-сыктап кыштан зорго чыгышты.
"Алдамчысыңар, афериссиңер"деп аренда акысын доолаган жердин ээсинен түн жамынып ушул "Келечекке" көчө качышкан. Бул жактагы комоктордун баарына карыз болгон күйөөсү андан бетер элге жаман көрсөтүп бүттү. Колу иш билген бечара аял ар кимдин төшөгүн каптап, жумушун кылып, балдарына нан таап берет. Башынан токмок, кулагынан жаман сөз кетпеген Гүлбара беш жашар баласын жетелеп жүрсө "небереңби?" деп сурашат. Бири он үчтөгү, бири ондогу балдарын тегеректегилердин баары жакшы таанышат. Атасы мас болуп келип тополоң башталганда кызы өң-далаттан кетип телефону бар комокко милицияга чакырганы чуркайт, уулу апасына болушам деп ортого түшөт. Аздан кийин экөө тең таяк жеп, калчылдап, киши көрбөгөн бир бурчта турушат. Балдарын азапка салбайын деген эне бечара далай жолу из жашырып, башка жакка кетип жүрдү, тез эле артынан келип таап алат. "Болду, экинчи антпейм" демиш болот да аз өтпөй баягы жолоюна түшөт. Биротоло кол үзүп кетейин деп милицияга кайрылса "муну кестирип жибергенге мыйзам жол бербейт" деп ашып кетсе он күнчө камап, кайра кое беришет.
Байманасы ташып, экономикасы алдыга озуп кетти деген мамлекеттерден озунуп кабыл алынган "Үй бүлөдөгү зомбулукка каршы укуктук социалдык чаралар жөнүндөгү" мыйзамды башынан эле "ара төрөлгөн" дешкен. Ырасында эле кыргыз менталитетине анчалык коошо бербеген, көбүнчө батыштын жүз жылдап жеткен мыйзамдарынын шапатасынан жаралгансыган, анысы аз келгенсип күчүнө келтирчү механизмдери дээрлик иштелип чыкпаган биздин бечара мыйзам иш жүзүндө же үй бүлөдөн жабыркаган аялдарга, же алардын укугун коргоого милдеттүү милиционерлерге жарытылуу таканчык боло албай жатат. Мына ушундай укуктук келегейликтин айынан аялдарга,балдарга карата жакындары тарабынан жасалып жаткан кылмыштар боюнча сотко чейин жеткен иш (киши өлүп же майып болмоюнча) дээрлик жок. Үйдөгү зомбулукту алдын алууга тийиш деген эскерткич (охранный) ордер мыйзамда каралганы менен азыркы күнгө чейин аны пайдаланып,чоң муштумга бермек түгүл милиционердин өздөрүнүн көрө электери көп. Андай ордерди алган күндө да биздин эгерим кагазга маани берип көрбөгөн тоң кыргыздын сестенип калаарында шегим бар. Ошону түшүнүп турган үчүн милиционерлер да охранный ордер десең мыйыгынан жылмайып жатышпайбы. Аталган мыйзам жарытылуу иштебегени үчүн "жабылуу аяктын "астындагы жараат ырбап, акыры "же сен өлөсүң,же мен өлөм" деген чекке чейин жетип,аялдар күйөөсүн же балдары атасын өлтүрүп тынып жатышат. Буга күн куру эмес басма сөздө жарыяланып жаткан суук кабарлар күбө. Азыркы учурда аялдар абагында жаткандардын жарымынан көбү дал ошондой күйөөлөрүн өлтүргөндөр экени далил.
Мындай абалдан чыгуунун жолун издеп аялдардын укугун коргой турган бейөкмөт уюдары далайдан бери аракет кылып эле келатышат.Тилекке каршы мамлекеттик бийлик тарабынан бул маселеге тереңден маани берилип, мыйзам актыларын турмушка ашыруу жаатындагы аракеттери анчалык байкалбайт. Азырынча бул абал аяк башы жок айлампадай.Запкы көргөн аял милицияга кайрылат, милиция тергеп, тескемиш болот да, беш-он күнчө камап, кайра үй бүлөнүн өзүнө штраф төлөтүп, чыгарып жиберет. Бараар башка жери жок зөөкүр кара үйүнө барат, кайра баягы ыр-чыр. Үйдөгү жаңжалдан жадаган балдар көчөгө качып, кыздар тентип, аялдар ден соолугунан ажырап, эркектер андан бетер күчөнүп ичип, убакыт менен кошо проблема тереңдегенден тереңдеп баратат.
Жогоруда биз сөз кылган Гүлбара азыркы учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Балдарынын улуураактары балдарды коргоочу жайларда, кичүүсү - балдар үйүндө. "Эсиме келип, кичине жакшы болсом азыноолаак акча таап алып, Алайга, төркүнүмө барып, бир туугандарымдын жардамы менен үтөлөктөй там салып алып, балдарым менен тынч жашасам" деп кыялданат. Участкалык милиционер болсо "эже, тез арада ажырашканга аракеттениңиз" дегенден башканы айта албайт.

Сүйүн Курманова




  Сандан санга:

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)
Жайлоонун таза абасында ээн-эркин жүрүп көнүп калган жигит капаска түшкөн бүркүттөй эле боло түштү. "Чын эле ушундай заңгыраган үйдө жалгыз калдымбы? Баса, кароолчусу бар деп айтпады беле, ал каякта болду экен?" Аңгыча телефон шыңгырап калды. Алсамбы, албасамбы деп жакыныраак келип, тигил орунбасардын айткан сөзүн эстеп, кайра артка басып кетти. Бир кезде телефон өзү сүйлөп кирди.
- Дөөлөтбай барсыңбы? Эгер бар болсоң срочно келе калчы мага, сүйлөшө турган сөздөр бар эле!
"Дуут- дуут" деп кайра өчүп калды. Күлүмсүрөй ийнин күйшөп койду, "жапайылыгымды карачы, ушул убакка чейин ушундай телефон бар экенин билбептирмин. Балким, жашыруун аппарат менен мени бир жактан экрандан карап турушкандыр?" Курткасын чечип, ары жакта турган кийим илгичке илип койду да бөлмөлөрдү кыдырып, текшере баштады. Чоң-чоң жети-сегиз бөлмөлүү үй экен. Өйдө көздөй үйдүн чатырчасына чыккан дагы тепкичтерди көрдү. Ошол тепкичтер менен үйдүн үстүнө көтөрүлүп барды. Ал жакта дагы бир канча кичинекей бөлмөлөр бар экен. Уктоочу дивандардын, кроваттардын турганына караганда сыягы, уктоочу бөлмөлөр окшойт. Терезесинин форточкасын ачып, бак-дарактуу дачаларга көз жүгүрттү. Тоо бооруна салынган эки кабаттуу үйлөрдү да көрдү. "Азыр жайлоодогулар эмне кылып атышат болду экен? Туткабай байке менин ордума кимди койчулукка алды болду экен? Ал мага таарынып калды окшойт. Таарынса таарына берсин, акыркы күндөрү тимеле мени малайындай эле жумшап алды го. Чил, улар, кекиликтин этин дейм дегенин кантесиң, мен тимеле милдеттүүдөн бетер…" Ал өзү менен өзү сүйлөшө убакытты кантип өткөрөрүн билбей жатты. Издеп жүрүп ваннасын таап алды да, жылуу суу кое берип ага ырахаттанып бир сааттай түштү. Өмүрү ваннага түшүп көрбөгөндүктөн кадимкидей жыргап, жеңилдей түштү. Ошондон кийин өзүн эркин сезип, муздаткычтан азык-түлүк алып, кечки тамактын камын көрө баштады.

* * *
Эртеси Дөөлөтбайдын келгенин көргөндө эски таанышын көргөндөй кубанды. Ал дагы Абдысалам менен көптөн бери көрүп жүргөн эски таанышындай учурашты.
- Ии, Абдысалам иним, шаарга келишиң менен. Мына, эми мындан ары өзүңдү шаадыкмын деп эсептей бер. Эмми, мындан ары ушул үйдө жашап турасың, калганын дагы көрөбүз.
- Мен эми эмне кылам, мергенчиликтин окуусуна качан тапшырам?
- Уже, өзүңдү тапшырдым деп эсептей бер. Азырынча бул үйдө жашап тура тур. Ала-Арча ушельесине заповедник кылып орноштурабыз. Сага двойной зарпалата төлөттүрүп берем. Аркар, кийик, кулжалар биздин тоолордо деле бар. Өткөн жолу мен айтып жаткан альплагерь ошол Аларча ущельесинде. Ал жакта, лагерде жыгачтан салынган кооз үйлөр көп, каалаганыңды тандап алып жашай берсең болот. Акырындап шаардан да үй сатып алууга мүмкүнчүлүк болот. Эми, мындан ары биз менен гана иштешесиң. Азыр бир аздан кийин менин кишилерим келет. Ошолор менен шашпай таанышасың. Алар бардыгы сени экзаменден өткөрүшөт. Өткөн жолкудай жаңылбай, таамай айтып берсең эле болду, экзаменден өтүп кеттиң дей бер. Мен сени аябай жерге-сууга тийгизбей мактап, атайын алдырып келдим. Мени уят кыла көрбө!
- Эмне кылышым керек?
- Өткөн жолкудай буталарды атып тийгизесиң, болду ошол эле.
- Ошол элеби, башка экзамен алышпайбы?
- Азырынча ошол эле, калганын андан ары сенин жүрүш-турушуңа жараша болот. Менин сага эскертээрим, келечегим жакшы болот десең эч убакта моюн толгобо. Артыкбаш суроо бербе, тигилер тапшырма берсе так аткар. Акчалуу болосуң, бай жашайсың. Өзүңдүн келечек жашооңо жакшы болот. Мергенчиликтен башка да өнөрлөрдү үйрөнөсүң. Ишиң илгерилеп кетсе ушул жактан үйлөнүп-жайланып шаардык болуп кетесиң. Эч ким менен душмандашпа. Ак дилиңден кызмат кыл.
- Аябай эле акыл-насааттарды айтып атасыз, менин ишим эмне ушунчалык эле жооптуубу?
- Аны мезгил, убакыт көрсөтөт.
Көп өтпөй сырт жактан биринин артынан бири ээрчишкен үч-төрт киши кирип келип, Дөөлөтбай менен учурашып калышты. Бирөөсү Абдысалам жакты карап койду.
- Сен айтып жаткан жигит ушулбу?
- Ооба, кечөөгүнү айылдан, то есть жайлоодон атайын алдырып келдим. Мурун сүйлөшүп, макулдашып, убадалашып койгонбуз, - Дөөлөтбай жигит менен тигилерди тааныштырып кирди.
- Аты Абдысалам. Атасы Карагул, чоң атасы Жолой чоң мергенчилерден болуптур өз мезгилинде. Бул жигит деле аталарын тартса керек, оңой мергенчилерден эмес экен. Почти көзгө атаар мергенчи десек да болот.
- Да?! - бери жактагы улуту уйгурбу, өзбекпи же түркпү, айтор коюу кара каштуу, тармал чачтуу башка улуттагы толмочунан келген киши Абдысаламга ишеңкиребей карап койду, - мунун кыйын аткандыгын көрөбүз го эртең, жерге-сууга тийгизбей эле мактап жатасың. Канчадасың?
- Жыйырма беште.
- Үй-бүлөң барбы?
- Жок, үйлөнө элекмин.
- Сүйлөшкөн кызыңчы?
- Сүйлөшкөн кызым да жок.
- Ушунча жашка келгени кыз менен жүрүп же сүйлөшүп көрдүң беле?
Анын суроосуна Абдысалам оңтойсуздана түштү.
- Болуптур, эртең менен эрте келебиз, даяр болуп тур. Сени сыноодон өткөрөбүз, өтсөң өттүң, өтпөсөң анда бошсуң. Кете берсең болот кайра айылыңа.
Бардыгы топурашып кайра эшикке чыгып кетишти. Алардын артынан Дөөлөтбай да кошо чыкты. Алиги толмочунан келген киши Дөөлөтбайга кайрылды.
- Бул жигиттин эне-атасы жок, жетим өскөн дейсиңби?
- Ооба, мындайраак эле таякелеринин колунда чоңоюптур.
- Бир туугандары жок бекенби?
- Эч кимиси жок, атасы тоодо мергенчиликте жүрүп чагылган тийип каза болгон. Энеси болсо муну төрөп таштап, башка күйөөгө тийип кетип калган.
- Энесин билет бекенби?
- Жок, жаңы төрөлгөндө эле таштап кетсе кайдан билсин.
- Эң жакшы, эми буга аяр мамиле жасап, акырын ары-бери ийлеп, бир калыпка салалы. Өзү жапайыраак неме экен, үркүтүп албайлы.
- Эч нерсе эмес, колго бат эле үйрөтүп алабыз.

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу





а ­е¦Є.НҐй«