№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 " А а л а м " А а л а м д а

Нью-Йорк штатында жаңы губернатор
Кээде АКШдагы Нью-Йорк штатын Нью-Йорк шаары менен чаташтыра беришет.
Чындыгында бул экөө эки башка федералдык аймак. Бул айтканыбыздын себеби - штат менен шаарды (федералдык бирдик укугундагы) алмаштырып алышат. Нью-Йорк шаарынын губернатору болуп мурдагы эле Майкл Блумберг иштеп жатат. Ал Нью-Йорк штатынын жаңы губернатору Дэвид Пэтерсондун кызматка киришүү аземине да катышты. Ал эми Нью-Йорк штатынын губернаторлугуна буга чейин вице-губернатор болуп иштеп келген, өңү кара, көзү азиз, 53 жаштагы Д.Пэтерсон келген. Анын бул мартабалуу кызмат ордуна келиши айтылуу "америкалык эңсөө-тилектин" жүзөгө ашуусунун айкын көрүнүштөрүнүн бири катары бааланууда. Анткени, Д.Пэтерсон АКШнын тарыхындагы алгачкы өңү кара губернатор болуп олтурат. Ошол эле мезгилде анын төрөлгөндөн эле көзү көрбөй тургандыгын да эске алуу кажет.
Айтылганга кошумча иретинде белгилей кете турган нерсе, бул штаттын мурдагы губернатору Элиот Спитцер сойку аялдардын кызматынан мыйзамды бузуу менен пайдаланып жүргөндүгү билинип калгандан кийин кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Жылдын мыкты автомобилин тандоо
"Жылдын мыкты автомобили - 2008" деген бүткүлдүйнөлүк конкурстун алкагында анын марасына келүүчү үч автомобилди тандоо жүргүзүлдү.
Дүйнөнүн 24 өлкөсүнүн өкүлдөрү болгон журналисттерден жана атайын эксперттерден түзүлүп, 47 адамдан турган калыстар тобу (жюри) "Ford Mondeo", "Mazda Demio", "Mersedes-Benz C-Class" аттуу автомобилдерди тандап алышты. Алардын кайсынысы жеңип чыгат - бул суроого жооп бир айдан кийин белгилүү болот.

Ж.Сорос доллар кулайт деп жатат
Швейцариянын Давос шаарында жыл сайын болуп туруучу салттуу экономикалык дүйнөлүк форум аяктады. Андагы негизги окуялардын бири - белгилүү жана өтө бай финансист Жорж Соростун билдирүүсү болуп калды. Ал өзүнүн массалык маалымат каражаттарындагы жана финансы дүйнөсүндөгү таасирин пайдалануу менен дүйнөлүк финансы рыногунда ар кандай оюндарды уюштуруп келгендиги менен да атакка ээ болгон инсан эмеспи.
Өз билдирүүсүндө Ж.Сорос доллардын учурдагы төмөндөөсү кокустук эмес деп далилдөөгө аракет кылды. Анын пикиринде өнүккөн мамлекеттердин борбордук банктары кырдаалды көзөмөлдөй албай калышты. Азыркы доллар кризиси АКшнын 60 жылдык экономикалык үстөмдүгүнүн урай баштагандыгын билдирген ишенимдүү белги болуп саналат. Америка доллары бүткүл дүйнөлүк резервдик валюта катары өз ролун жогото баштады. Мунун себеби - экономикалык турмуштун борбору Кытай тарапка оой баштаганында болуп олтурат. Бирок бул агым АКШнын экономикасына сөссүз терс таасирин тийгизе тургандыгын тастыктоо менен бир катарда бүткүл дүйнөлүк экономикага карата алганда мындай терс таасир анчалык деле сезилерлик болбойт экен.

Грузияда парламенттик шайлоо белгиленди
Президент Михаил Саакашвили өз жарлыгы менен 21-майга мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүнү белгиледи.
Айта кете турган нерсе, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү ушул жылдын 4-январында болгон кезексиз президенттик шайлоо менен бир учурда өткөрүлгөн бүткүл элдик референдумдун жыйынтыгына жараша жүргүзүлүп жатат. Ал боюнча добуш берген жарандардын басымдуу көпчүлүгү парламентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарыл деп тастыкташкан.

Түрмөдө насыя 25 жыл олтуруп чыкты
Жалган айып менен түрмөдө 25 жыл эмес бир жыл олтуруунун өзү канчалык оор жана кейиштүү экендиги айтпаса да түшүнүктүү го.
Америкалык Вилли Грин 25 жыл түрмөдө олтургандан кийин 56 жашында жакында таптакыр акталып эркиндикке чыкты. Көрсө аны жаңылыштык менен соттоп жиберишиптир. Ал 1983-жылы киши өлтүрдү деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Тергөө учурунда да, сот жараянында да Вилли Грин өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып жан далбастаган. Бирок 25 жаштагы аялзатын өлтүргөн эки кишинин бирин тааныдым деген башкы күбөнүн көрсөтүүсүнө ишенип, сот аны кесип жиберген. Эми 25 жылдан кийин ал башкы күбө өзүнүн жаңылганын мойнуна алып, Вилли Грин акталып олтурат.

Россия ислам дүйнөсү менен тил табышууда
Жакында ислам конференция уюмуна катышкан мамлекеттердин жыйыны болуп өттү.
Африкадагы Сенегал мамлекетинин борбору Дакар шаарында өткөн бул жыйында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров анын өлкөсү мусулман дүйнөсүнүн тарапкери, бирликтеши эле болбостон, ушул дүйнөнүн бир бөлүгү болуп саналат деп жарыя кылды. Дал ощондуктан Россияны ислам өлкөлөрү менен чырдаштырууга, чатакташтырууга болгон аракеттер майнапсыз аяктап жатат. Чындыгында эле Россиянын калкынын кыйла эле орчундуу бөлүгү ислам динин тутунат, мусулман салт-санаасын карманат. Демек, Россияны мусулман дүйнөсүнүн бир бөлүгү деп атоого толук негиз бар десек болот.

Абхазия менен Түштүк Осетия ким?
Грузиянын курамында деп эсептелген бул республикаларда өз алдынчалыкка жетишүүгө карата аракеттер күч алууда.
Россиянын Мамлекеттик Думасы бул маселени карап, алардын суверендүүлүгүн таануу багытында Россия тарабынан иштиктүү кадам жасоонун максатка ылайыктуулугун белгиледи. Акыйкатта бул эки аймак бир нече жылдан бери иш жүзүндө Грузияга же башка мамлекетке баш ийбей эле өз оокатын өзү өткөрүп келе жатат. Аларда өткөрүлгөн референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүүлөрдө) калктын басымдуу көпчүлүгү көзкарандысыздык үчүн добуш беришкен. Демек, эларалык укук нормалары боюнча алганда да алардын мамлекеттик көз карандысыздыгы таанылууга жатыш керек эле. Бирок, Грузиянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу таламы менен алардын бул талабы орундалбай келет. Ошентсе да жакында Сербиянын катуу каршы болуусуна карабастан, анын курамындагы Косово автономиясынын өз алдынча мамлекеттүүлүгүн таануу жараянын АКШ баштап бергендиги белгилүү. Ушунун өзү дүйнөдө улуттук мамлекеттүүлүккө жетишүү боюнча жаңы процесстерге жем таштагандыгын көрчүлөр көрүп, билчүлөр билип олтурушпайбы.

БУУнун баш катчысы исламдан чочулабайт
Пан Ги Мун мырза исламофобиядан, башкача айтканда бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө ишенбөөчүлүк жана душмандык мамиле жасоо өнөкөтүнөн кутулууга чакырды.
Баш катчы бул көрүнүштүн айрыкча Батышта кеңири таркалып жаткандыгын белгиледи. БУУнун баш катчысы Ислам конференциясы эларалык уюмунун Сенегалда болуп өткөн саммитине катышып келгенден кийин өз кеңсесинде журналисттерге мына ушундай пикирин билдирди. Баш катчынын айтымында мындай абал жакшылыкка жышаан боло албайт жана муну диалог жана кызматташтык аркылуу улам жумшартып жүрүп олтуруу зарыл. Мусулман дүйнөсү терроризмди таратып жаткан жок, тескерисинче ал өзү терроризмден жабыр тартып жатат.

Адистер муздуктардын эрип жатышына кабатыр
Кийинки жылдарда тоолордогу жана, эң башкысы, жер шарынын уюлдарындагы мөңгүлөр менен муздуктардын (ледники) эрий башташы улам даана байкалып жатат. Маселен, Норвегиядагы уюл муздуктары 2006-жылы баш-аягы 3 метрге жукарыптыр. Жалпысынан алганда планетадагы муздуктардын эрүү темпи азыр жылына 1,5 метрге чамалап барды. Муздуктардын эриши климаттын өзгөрүшүнө алып келип, экосистемаларды бузат деп кооптонуп жатышат адистер. Эгерде муздуктардын эриши ушул багытта улана берсе океан-деңиздердин деңгээли жогоруласа, тоолордогу дарыялар тескерисинче тайыздап, кургакчылык коркунучу күчөйт экен. Ал эми муздуктар менен мөңгүлөрдүн эрүүсү жер шарындагы климаттын жалпысынан жылуу болуп баратышынан деп түшүндүрүшүүдө.

Бетти даярдаган Койчуке КАНАЕВ










??.??