№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Залкарлар

Даркүл Күйүкова
Замандаштары Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Сайра Кийизбаева жана Даркүл Күйүкованы - Төкөлдөштүн төрт кызы деп коюшат.

Саманчынын жолу
Илгерки Төкөлдөштөн кыргыздын таланттуу кыздары чыккан экен. Булардын эң ортончусу, бирок таланты жагынан ортончу болбогон Даркүл Күйүкованын кайсы гана драмалык ролдорун албайлы, көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн чыкпагандыгы белгилүү. Даркүл эжебиздин аткаруусундагы Жаңыл Мырза алтымыш беш жыл илгери ойнолсо дагы күнү бүгүнкүдөй кыргыздын улуттук театрынын тарыхында көөнөрбөй сакталып келатат. Жаңыл мырза Улуу Ата Мекендик согуш учурунда сахнага чыккан. Жаңыл мырзаны сахнага алып чыкканда элдин патриоттук сезими ого бетер жалындап турган. Дарамети күчтүү Даркүл мына ушундай патриоттук сезимди ойготкон образдар менен катар эле терс каармандарды да кадимкидей жарата алган. Анысынан дагы кыркка чыгып- чыкпай жатып картаң кемпирдин ролун жараткан. Орустун улуу драматургу А. Н. Островскийдин "Добул" драмасында каардуу кемпир Кабаниханын ролун ойногон кезде Даркүл эже жаштыгы жалындаган, жүзүнөн али чырайы кете элек кези болчу. Бирок жаштыгына карабастан көрүүчүлөрдүн жек көрүү сезимин ойготуп, ийине жеткире аткарган. Баарынан да алтымышынчы жылдардын башында кыргыздын айтылуу драматургу Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдырында" жүзүнөн заар чычыраган, колунан жарты чакмак кант чыкпаган зыкым кемпирдин ролун ачып берген. Ошондон кийин эл арасында "Оңолканга окшоп" деген ылакап тараган. Бул роль Даркүл эженин гана жетишкендиги эмес, бүтүндөй кыргыз театрынын чоң жетишкендиктеринин бири болучу.
Бирок Күйүкова жалаң эле драмалык кудурети менен көрүүчүлөрдү таң калтырып-тамшандырбастан, комедия жанрындагы табияты менен да таң калтыра алган. Алтымышынчы жылдардын башында Мар Байжиевдин "Балдар бойго жеткенде" деген чыгармасы сахнага чыккан. Ошондо Зукеш аттуу обу жок аялдын комедиялуу образын жаратып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири - Даркүлдүн чыгармачылыгындагы, ошондой эле жалпы кыргыз театрынын өнүгүүсүндөгү чоң жетишкендиктердин бири- Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлган, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасы болгон. Анда Даркүл эже Толгонайдын патетикалык образын жараткан. 1966- жылы Москванын Кремль театрынын сахнасында ойноп, андагы көрүүчүлөрдү өзүнүн чеберчилиги менен таң калтырган. Согуштан жабыр тарткан, бирок ошол эле учурда эрки, мизи майтарылбаган, жашоого болгон үмүтү үзүлбөгөн эненин образы борбордук театр сынчыларынын жогору баасына татыган.
Кийин 70- жылдардын башынан тартып Даркүл эженин чыгармачылыгында дагы кыйла өсүш болгон экен. Кыркка жашы чыкпай жатып карыган кемпирдин ролун ойносо, баралына келгенде энелик мээриминин тереңдиги, аялзатына таандык кеменгерлиги менен айырмаланган образдарды жараткан. Ошонун айкын мисалы катары Шатман Садыбакасовдун "Ак боз ат" драмасындагы алтын таяк Зулайканын образын айтышат. Бул образ жалпысынан алганда бир гана Шырдакбек хандын энеси эмес, жалпы кыргыз элинин энеси катары мүнөздөлүп, айрыкча акылмандыгы менен айырмаланып турган. Ушундай эле маанайда Даркүл эже кыргыздын сыймыгы болгон "Манас" эпосунун негизинде жазылган Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасында Чыйырдынын образын жаратты.
Дегинкисин, Даркүл Күйүкова кайталангыс драмалык таланты бар, трагедияны да, драманы да, комедияны да катыра ойногон ар тараптуу талант болучу. Кыргыз театрынын даңкын чыгаргандардын ичинде анын ээлеген орду өзгөчө зор. 1996- жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театры драматург Ж. Кулмамбетовдун "Кагылайын, Манасым" драмасы менен түрк театрларынын Уфа шаарында өткөн эл аралык "Туганлык" фестивалына катышкан. Ошондо москвалык сынчылар кыргыз театрынын артисттерине баа берип жатышып, биринчи кезекте улуттук сахна өнөрүбүздүн улуу таланттары Бакен Кыдыкеева менен Даркүл Күйүкованы үлгү катары тамшануу менен айтышкан.
Даркүл эжени жакшы билгендер ал ичинде карасы жок, бала кыял, ак көңүл апенди чалыш киши эле дешет. Эмне ойлосо ошону тартынбай айткан, ошол эле учурда бирөөнүн көңүлүн калтыргысы келчү эмес экен. Айрыкча кесиптештерине кам көрүү жагынан ага эч ким жетчү эмес эле дешет.

Даркүл эжени юбилейде унутуп калышып…
Сахнада эстен кетпей турган жаркын образдарды жараткан улуу талантты өкмөт менен мамлекет башчылары унутуп калган мезгилдер да болгон . Ошондой бир учурду замандаштары кейиштүү эскеришет. Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетимиш жылдыгын белгилеп жаткан учурда Даркүл эже ооруп жүргөн мезгили экен. Ошондон улам ал сахнага чыгып, эл алдында турган эмес. Бирок көрүүчүлөр залынын биринчи катарына келип, эч кимге байкалбай олтуруп алыптыр. А сахнада болсо театрдын артисттери, президент Аскар Акаев, министр Чолпонбек Базарбаев, өкмөт мүчөлөрү бар эле дешет. А. Акаев кыргыз театрынын басып өткөн жолун, таланттуу артисттеринин ысымын атап келип, Даркүл Күйүкова жөнүндө эч нерсе айтпаптыр. Сыягы президентке доклад даярдагандар Күйүкованын ким экенин билбеген, чала сабат кишилер болсо керек. Ошондо эже же ордунан туруп кете албай, эмне кылаарын билбей калса керек. Залда олтурган маданият тармагынын өкүлдөрү уялгандарынын жети өмүрү жерге кирип кете жаздаптыр. Анан оңойбу, "Баарын коюп Манасты айт" дегендей, улуу актриса көзүнүн тирүүсүндө тигинтип унутулуп калып атса. Ошондо Даркүл эжени залдан байкай койгон Чолпонбек Базарбаев дароо Аскар Акаевдин кулагына шыбырай салат. Президент уялып кетип, ошол жерден туруп эле Даркүл эженин атын атап, сахнага чакырат да, ийилип колун сунуп саламдашат. Көрүүчүлөр залы кол чабуудан жарылып кете жаздады дешет. Эже сахнага чыккандан кийин да көрүүчүлөр көпкө чейин кол чаап туруп алышыптыр.
Даркүл эженин кызы Райма менен сүйлөшүп калсак, ал буларды кошумчалады:
- Менин апам турмушта сахнада өзү ойногон мамаша Кроштун эле өзү болучу. Ошондой өжөр жагын эскерип калабыз. Биз үйдө атам, чоң энем, таежем болуп алтообуз жашачубуз. Апам эшикте эркек, үйдө аял эле. Кампанияда шайыр, шатыра- шатман, кеченин көркү эле.
Сахнада кайталангыс таланты менен Кыргыз театрынын даңкын алыска чыгарган улуу артистка көркөм дүйнөгө көөнөрбөй турган мурас калтырып кеткенин кантип айтпай кое алабыз.

Шааркүл Медетбекова




  Киноман

"Free Masters"
кино тартабы?
Кыргыз маданиятынын жүзү болгон кино тармагынын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган жаштардын, алардын аз да болсо маданиятка салым кошсок деген максаттуу аракеттери бар экенине ынанбай кое албайсың. Бир жагы алардын аракеттерин колдогуң келет. Кино тармагына салым кошууну каалаган жаш киночуларды кепке тарткан элек.

- Айтыңызчы Чынгыз (Абубакиров), силердин топ тууралуу жана эмне үчүн кино тартууну көздөп калдыңыздар?
- Биз 2000-жылы "Free Masters" рэп-группа болуп түзүлүп, эркин топ катары 2004-жылы биздин топ бир кыйла популярдуулукка жетишкен эле. Азыр деле ырдап жүрөбүз. Азыр болсо кино тартуунун үстүндө иштөөдөбүз. 2008-жылы "Эне сүйүүсү" аттуу кыска метраждуу фильм тарттык. Бул фильмде биз улууларды урматтоо жок болуп баратканын, эненин жүрөгүндөгү сүйүү аркылуу көрсөтүп бергибиз келген. Дагы бир "Толеранттуу" аттуу кино тартуунун алдында турабыз.
Абай Усеналиев; - Биз эмне үчүн кино тартууга кызыгабыз? Анткени, азыр кыргыз кинолорунун сапаты да, орду да салмактуу эмес. Алга жылуу үчүн жаңы кадамдары жокко эсе. Биздин максат сапаттуу кино тартуу менен кыргыз маданиятына аз да болсо салым кошуу.
Чынгыз Абубакиров; - Биз атайын ушул чыгармачылык жолду тандап алдык. Мунсуз биз жашообузду элестете албайбыз. Абай айткандай, Кыргызстандын маданиятын көтөрүүгө салым кошуу менен башка мамлекеттердин маданиятына теңдөө, Кыргызстанды таанытуу дагы биздин милдеттерден деп эсептейбиз.
- Кино тартууга көп каражат, адистик деңгээл, актердук чеберчилик дегендер керектелет го… ?
Чынгыз Абубакиров; - Албетте, каражатсыз кино тарта албайсың. Бул үчүн демөөрчүлөр болуусу зарыл. Ал эми адистик деңгээл да орчундуу маселе. Мен өзүм "Кыргызфильм" кино студиясында оператор болуп эмгектенем. Тартылчу кинолордун сценарийин жазып, Абай менен кеңешип, андан кийин гана тартууга өтөбүз. Актерлорго кастинг жарыялап, анан тандап алабыз. Азыр тартылчу киного Сейтек Оморовду башкы ролго тандап алдык. Биздин биринчи "Эне сүйүүсү" аттуу кыска метраждуу кинобузга, "Эхо Манаса" телевидениеси көмөк көрсөткөн.
- Жаңы тартылчу кинонун аталышы эмне үчүн "Толеранттуулук"?
Чынгыз Абубакиров; - Бул кинону азырынча ушундай атап турабыз. Тартылып бүткөндөн кийин дагы мүмкүн атын өзгөртөбүз.
- Кино тартуу менен жаштардын кандайдыр бир изденүүлөрүн канааттандыра аласыздарбы?
Чынгыз Абубакиров; - Биздин деле максат ушул. Жаштардын табитине, дегеле бардык муундардын табитине ылайык, тарбиялык мааниси бар, сапаттуу кино тартып, турмуштун чыныгы көрүнүштөрү аркылуу көрсөтүп бергибиз келет. Бирок, "эл сынчы" дешет го, биздин максаттардын канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашарына эл күбө болуп, эл таразалайт.

Кепке тарткан Гүлбарчын Якубова