№33, 25.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Түстүү революция" сандарда

Бийлик алмашкандан бери экономика күркүрөп өсүп атканын мактанып айтышууда. Баары салыштырганда билинет эмеспи, биз төмөндө "түстүү революция" атка конгон өлкөлөрдүн статистикалык маалыматтарын жарыялап жатабыз. Зарыл болгон учурда гана бир аз түшүндүрмө бергенибиз эле болбосо, эч кандай жыйынтык чыгарбайлы деп чечтик. Аны окурмандар өздөрү чыгарышсын.

Ички дүң продуктунун өсүш темпи боюнча Кыргызстан "түстүү революция" өлкөлөрүнөн гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн баарынан артта.
Өткөн жылы гана көзгө көрүнөрлүк өсүш болду. Бирок адистердин айтымында, ал ГЭСтерди жайында да, кышында да болгон кубаттуулугу менен иштеткенден жана Казакстандын экономикасынын өнүгүүсү жакшы таасир бергенден келип чыккан. Быйыл бул эки фактор тең ички дүң продуктунун өсүш темпине каршы иштейт. Адистер Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли азайып, ГЭСтер былтыркыдай продукция бербесин айтышат. Казакстанда да кыйынчылык болуп, экономиканын өнүгүүсү басаңдайт дешет. Үмүт жалаң гана алтында. Алтын казуу көбөйсө быйыл өсүш болот, көбөйбөсө кайра артка кетишибиз мүмкүн.
Бийликтегилер бюджет 2 эсе өскөндүгүн айтышат. Бул чындыкка жакын. Бирок "түстүү революциянын" башка өлкөлөрүндө ал андан да көп өстү.
Былтыр инфляция 20% түздү. Анын алдыңкы жылдары да ал 5% болчу. Аны эске алганда бюджеттин реалдуу өсүшү 49% гана түзгөн.
Жаңы бийликке ишеним болсо, инвестиция кескин көбөйөрү дүйнөлүк практикада байкалган. Кыргызстанда да акыркы 3 жылдын ичинде инвестиция 84,8% өстү.
Бирок Украинада жана Грузияда 3 эседен көп өстү. Кыргызстанда болсо, келген инвестициянын басымдуу көпчүлүгү Казакстандан. Казакстанда быйыл кыйынчылык болсо, ички дүң продукт сыяктуу ал да азаят.
Даярдаган
Сапар Орозбаков,
Бишкек экономикалык борборунун директору




  Талкуу

Энергосекторду менчиктештирүү зарылбы?
Биздеги кыйынчылыктардын баары менчиктештирүүдөн эмес, аны туура эмес жүргүзгөндөн келип чыгып жатат. Анын айынан өлкөнү болуп көрбөгөндөй кризис каптады. Рынок шартында мамлекет өзү жалгыз бүткүл экономиканын натыйжалуулугун камсыздай албасы, анын ичинде социалдык проблемаларды чечүүгө каражат таба албасы баарына эле белгилүү болчу.

Ошондуктан приватташтыруу менчик ээлеринин бакыбат жашоосу үчүн эмес, андан мамлекет каражат табышы үчүн жүргүзүлүшү керек эле. Менчиктештирилген ишканалар иштеп кетип, өндүрүш натыйжалуу өнүксө, мамлекеттин казынасына стабилдүү салык түшүп турмак. Казына толбогонунан Советтер союзу кулагандан кийин токтоп калган Камбарата ГЭСтерин бүтүрө албай келдик. Азыр кандай гана мамлекеттик маселе болбосун - ал ири экономикалык долбоорлор болобу же социалдык көйгөйлөр жана армияны күтүү маселеси болобу - баары мамлекеттик каражаттын тартыштыгына барып такалат.
Президент өзүнүн Жогорку Кеңешке жасаган кайрылуусунда мамлекеттик менчикте калган объектилерди приватташтыруу процессин тездетүү жөнүндө айтты. Айрым депутаттар буга каршы чыгып жатышат. Алар энергетика секторун мамлекеттик менчик бойдон сактап калуу максатка ылайык деп билдирип жатышат. Менин оюмча, бул тууралуу саясатчылар эмес, тажрыйбалуу практиктер, рынок экономикасын билген экономисттер айтса жакшы болоор эле. Энергетиктердин өздөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өз ойлору менен бөлүшсө болмок. Тилекке каршы, алар унчукпай жатышат.
Бул маселеде менин пикирим мындай. Биз бөлүштүрүү компанияларын мамлекеттен ажыратып, жеке менчикке бербесек болбойт. Эмне себептен биз мындай кадамга барышыбыз керек? Биринчиден, бөлүштүрүү тармагын толук реконструкция кылуу зарыл. Өз мезгилинде алар элди жарык менен камсыз кылуу үчүн гана курулган. Азыркы учурда электр энергиясын өнөр жай өндүрүшү да пайдаланат. Бир дагы подстанция андай жүктү көтөрө албайт. Кыскасын айтканда, бизге 10 жана 0,4 киловольт чыңалуудагы 40 миң км бөлүштүрүү линиясын, 160тан 1000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы 20 миң комплект трансформатор подстанцияларын куруу зарыл болуп турат. Мамлекет бул маселени чече албайт. Демек, бул иште мамлекетке өнөктөш боло турган, ал ишти алып кете ала турган кудуреттүү компания керек. Бир км линия же 250 кВт болгон орточо подстанция канча турарын энергетиктер айтышсын.
Айтмакчы, бизде ушундай подстанция чыгарган "Ореми" заводу бар. Ал мурда Ислам банкынан 8 млн. доллар кредит алып, подстанция жасап чыгарууну өздөштүргөн. Бирок анын продукциясы өтпөй турат. Кошуна өлкөлөр биздин подстанцияларды жакын жолотпой жатышат. Эгерде биз бөлүштүрүү компанияларын жеке менчикке бере турган болсок, анда сөзсүз шарт коюшубуз керек. Анын негизгиси - мен айтып жаткан реконструкция маселеси. Өкмөт компаниянын өнөктөшү болгондон кийин ал Дүйнөлүк банктан, Азия өнүгүү банкынан, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынан төмөнкү ставка менен кредит алууга гарант болуп бериши зарыл. Эл аралык финансы институттары да биздин кайрылуубузду күтүп зарыгып турушкан мезгили. Алар бул долбоорго бир нече миллион доллар бериши мүмкүн. Ошондо "Ореми" эле эмес, "Кыргызкабель" заводу да иштейт эле. Ал подстанциялар үчүн зым жана кабель чыгармак. Андан тышкары электр линияларын тартуу үчүн канчалаган темир-бетон таянычтары керек! Бир сөз менен айтканда токтоп турган ондогон заводдор ишке киришмек.
Электр энергиясын бөлүштүрүү тармагындагы топтолгон проблемаларды айта берсе сөз түгөнбөйт. Алар өлкөнүн жалпы экономикалык абалына да терс таасир тийгизип жатат. Ошондуктан бул маселе мамлекеттик саясаттын борборунда болушу керек.
Экинчиден, электр энергиясынын тарифи төмөн - 1 киловатт-сааты 63 тыйын болгонуна карабай, эл, ишканалар жана уюмдар электр энергиясынын акысын өз убагында төлөшпөйт. Бөлүштүрүү компанияларынын жетекчилери коммерциялык жана техникалык жоготууларды өздөрү каалагандай көрсөтүшүп, карыздарды эч себепсиз жоюп жиберишип, энергетика системасын коллапска - кыйроого түртүшүүдө. Мамлекет 16 жылдан бери электр энергиясынын акысын төлөбөгөндөргө, аны уурдагандарга каршы эч кандай чара көрө албагандыгын моюнга алуу керек. Эгерде бөлүштүрүү компаниялары жеке менчикке берилсе, жаңы кожоюн 5-6 айдын ичинде эле бул маселени чечип коет.
Энергетика кыйрап баратат деп мамлекеттик жөнгө салуу органдары электр энергиясынын тарифин дагы көтөргүлөрү келип жатышат. Биз өз акылыбыз менен жашай албаганыбызды көрүп Эл аралык финансы уюмдары өздөрүнүн шарттарын таңуулап келишет. Чет өлкөлүк кеңешчилердин 16 жыл бою берген рекомендациялары эмнеге алып келгендигин көрдүк го.
Менин баамымда, биз 3-4 жыл калк үчүн тарифти көтөрбөй турушубуз керек. Көңүл ачуучу жайлар, ресторан, соода комплекстери жана башка өндүрүштүк максаттарга пайдалангандар үчүн аны бир аз жогорулатса болот. Инвесторго мына ушундай шарттарды коюп, бөлүштүрүү компанияларды менчиктештирүүгө барыш керек. Биз мурда приватташтыруу үчүн эле приватташтырып келсек, эми конкретүү шарттарды коюп, сунуштарыбызды көрсөтүп приватташтырабыз.
Биз ансыз деле Акаевдин реформасынан качан жакшылык болот деп күтө берип, убакытты уттуруп жибердик. Акаевдин адамдары 300 завод-фабриканы сатып, бирок алар иштебей турушат. Мына ошол себептен 1 млн. кыргыз сыртта жүрөт. Тарыхтын бул кара тагы эч качан унутулбайт. Азыр биз өткөндөн сабак алып, мурда жиберилген каталарга жол бербей, бөлүштүрүү компанияларын приватташтырышыбыз зарыл. Ошондо гана өлкөнүн өнүгүүсүнө жол ачылыт.

Базарбай Мамбетов,
Мунай продукцияларын сатуучулар ассоциациясынын президенти










??.??