№32, 21.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Артка кылчайып...

Курманбек Бакиевдин үч жылы
(Уландысы.
Башталышы 3-бетте)

К.Бакиев өзүн такай тажрыйбалуу чарбакер, өнүдүрүшчү катары экономиканы, өзгөчө анын реалдуу секторун жакшы билген адам сыпатында көрсөтүп, ал эми экс-президентти бул иштерди түшүнбөгөн, мындан алыс турган академик деп какшыктап жүрбөйбү. Анда сөздү экономикадан баштайлы.
1998-жылдагы финансы кризисинен кийин Кыргызстандын экономикасы бир нукка, бир калыпка келип, 2003-жылдан тартып туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнү, ички дүң продукциянын көлөмү 2003-жылы 7 процентке, ал эми 2004-жылы 7,1 процентке өскөндүгү баарыбызга белгилүү. Ал эми акыркы 3 жылда биз эмнеге ээ болдук? Экономика 2005-жылы 06 процентке кемиди, 2006-жылы 2,6 процентке бир аз өсүш байкалды, 2007-жылы ички дүң продукцияын өсүшү 8 процентти түздү. Көрүнүп тургандай К.Бакиев тарабынан айтылган цифраларга акыркы үч жылдын эч биринде толук жеткен жокпуз. Тескерисинче, экономикалык өнүгүү темпи боюнча А.Акаевдин учурунда да, Бакиевдин учурунда да КМШ өлкөлөрүнүн ичинде акыркы орунда калдык. Товар алмашуу боюнча да ушундай болду, мурдагыдай эле азыр да импорт экспорттон кыйла ашып, өтө чоң тескери сальдо пайда кылууда.
Инфляция өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Эгер ал 2005-жылга чейин жыл сайын 4-5 процентти түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң жакшы көрсөткүч болсо, өткөн жылы 20 процентке көтөрүлдү. Азык-түлүккө баалардын чукул кымбатташы калктын кедей, социалдык жактан мүчүгөн катмарына катуу тийди. Мындай тенденция бүтүндөй дүйнөлүк экономикага мүнөздүү көрүнүш болсо да биздин өлкөнүн аткаруу бийлигинин кетирген каталары оркоюп көрүнүп турат. Айыл чарбасынын өнүгүү темпи, ички дүң продукциянын курамындагы анын өсүшү турдагыдан бир топко төмөндөп кеткен. Кыргызстандын салттуу айыл чарба өсүмдүктөрү-буудайды, кант кызылчасын, пахтаны жана тамекини өндүрүү кыскарып кеткени мунун ачык үлгүсү.
Ошентип, К.Бакиев тарабынан бир эмес, бир нече жолу убада кылынган 2-3 жылдын ичинде экономикадагы кескин өнүгүү, секирик болгон жок. Ошол үчүн А.Акаевдин учурунда башталган калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү, айрыкча кыргыздардын чет өлкөлөргө, баарынан мурда Россия жана Казакстанга миграциясы К.Бакиевдин тушунда андан да күчөп кетти.
Ошол эле учурда акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек: кыргыз экономикасы кыйроо деңгээлине түшкөн жок, бул жөнүндө К.Бакиев менен жоолошуп жүргөндөр, анын ичинде экс-президент А.Акаев ар дайым айтып келишсе да, андай болгон жок. Динамикалуу эмес, көбүнчө инерциялык принцип менен келе жаткан экономиканын азыркы учурдагы абалын эптеп күн көрүп, жан багуу, аз-аздап жанданып, оңолуу жолуна түштү деп мүнөздөсөк туура болот.
Муну мурда токтоп калган айрым ишканаларды жандандыруу, жаңыларын ишке киргизүү, Камбарата ГЭСинин курулушун улантуу боюнча чечимдин кабыл алынышы, турак жай курулушунун жанданышы, стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү, байланыш тармагынын, айрыкча мобилдик жана сандык, тез өсүшү көрсөтүп турат. Жергиликтүү бийлик органдары үчүн автотранспорттун, ошондой эле келип жаткан айыл чарба жана башка техникаларынын саны көбөйгөнү да көңүл бурууга арзыйт.
Үч жылдын ичинде бюджеттин эки эсе өсүшү өзгөчө мааниге ээ. Бул, албетте, фискалдык саясаттагы оң өзгөрүүлөргө, ошондой эле бажы, салык органдарындагы коррупция жана көмүскө экономика менен күрөштүн аркасында болду. Ошентсе да Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштер 2003-жылы А.Акаевдин тушунда башталып, 2005-жылы К.Бакиев кабыл алууга убада берсе да азыркы күнгө чейин бүтө элек.
Бюджеттеги кирешенин көбөйүшүнүн натыйжасында пенсия, жөлөкпулдун өлчөмү, бюджеттегилердин, айрыкча ички иштер органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү.
Социалдык саясаттагы жакшы жылыштардын көрсөткүчү катары билим берүү, маданият жана спорт маселелерине көп көңүл бурулуусу менен бул тармактагы мекемелердин курулуштарынын жана оңдоо иштеринин көлөмү көбөйгөнүн көрсөтсөк болот.
Экономикадагы жана социалдык тармактагы мындай жандануу инвестициянын, анын ичинде чет элдик инвестициянын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. А.Акаев мезгилинен айрымаланып, инвестициялар көбүнчө грант түрүндө келип жатканын колдоо керек, себеби мындай болбогондо ансыз да олчойгон тышкы карызыбыз көбөйөт.
Айтмакчы, тышкы карыздар, бюджет, жалпы эле К.Бакиевдин экономикалык саясаты жана кеңири жар салынган коррупция менен күрөш жөнүндө өзүнчө сөз кылса болот. Менимче, бул маселелер бири бири менен тыгыз байланышып, бир түрмөктү түзүп турат.
Жогоруда белгилегендей, ал маселелерди чечүүдө айрым оңдуу жылыштар бар. Ошону менен бирге бардыгын алыста жүргөн экс-президент А.Акаевге жана анын үй-бүлөсүнө, жакындарына шылтоо, оодара салуу маселени өтө эле бир жактуулукка, жөнөкөйлөтүүгө жатат. Ал эми чет өлкө кредиттерин жеп-ичүүгө, пайдасыз, күмөндүү келишимдерди түзүүгө, мамлекеттик обьектерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө, ансыз да аз бюджеттик каражаттарды уурдоого катышы, тиешеси бар эргулдардын жоон тобунун иши териштирилбей, тергелбей калды, алар жазаланган жок, ал тургай алардын айрымдары азыр да чоң мамлекеттик кызматта отурушат. Кеп мында, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин тышкы карыздар такталып, ага аудитордук иштер жүргүзүлүшү керек эле. Ким канча кредит алган, каякка жумшаган, канчасын кайтарды, алардын тизмеси такталып элге шардана айтылган жок. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча иш да ушундай эле абалда калды: менчиктештирилип кеткен көптөгөн ишканалардын мыйзамдуулугунун, ишинин натыйжалуулугунун аныгына жетпестен, анын дурус, буруш жактарын талдабастан туруп эле алар кайра каралбайт деп жарыя кылып, коррупция жана, олигархтар менен күрөшүүнүн эң жакшы үлгүсүн көрсөткөн В.Путинден айрымаланып К.Бакиев мамлекеттик маанилүү, стратегиялык обьектерди менчиктештирүүнүн жаңы этабын өткөрүүгө болуп көрбөгөндөй өжөрлүк менен киришүүдө.
Өткөн үч жыл бою бюджет жөнүндө мыйзам бузулуп, өлкөнүн бюджети кечигип жылдын биринчи кварталында же апрелинде кабыл алынып жатышы, албетте, акылга сыйбайт. Цивилизациялуу өлкөлөрдө ушул көрүнүш эле канчанын башын жеп, өкмөттөрү отставкага кетет.
Коррупция менен кайпытып, үстүртөн жүргүзүлгөн күрөш боюнча төрт мисалды көрсөтсөк болот. А.Акаев жана анын үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштери жөнүндөгү чуулгандуу өнөктүк унутулду да калды. "Жибек жолу" фирмасы жана Ш.Жайсаңбаев алган кредиттер боюнча чоң кылмыш иштери жабылды. А.Акаевдин расмий кабинетинен табылган 102 кишинин тизмесине укук коргоо органдары кызыгып да койгон жок. Бийик трибунадан коррупцияга катышкан деп күнөө коюлган белгилүү инсандар азыр да жогорку бийликти ээлеп, президенттин жанында беймарал отурушат. Ошол эле учурда президент 2005-жылдын июнь айында өзүнүн Указы менен коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны бекиткен, кийин аны жүзөгө ашыруу максатында атайын агенттик түзгөн. Демек, сөз бар, иш аз, натыйжасыз, майнапсыз.
Саясатка өтсөк, баарыдан мурда ушул үч жыл ичинде Гиннес китебине кире тургандай бурмаланып, тамтыракайы чыккан конституциялык реформа эске келет. Адегенде, президент аны бир жарым жыл бою чоюп, өтө создуктуруп жиберди, анан 2006-жылы ноябрда кайнаган митингдин басымы алдында аргасыздан Жогорку Кеңеш менен ымалага келип ошондогу вариантка кол коюп: "күчтүү президенти, күчтүү Жогорку Кеңеши, күчтүү ?кмөтү ошондой эле жетилген жана жоопкерчиликтүү граждандык коому бар биздин мамлекеттин конституциялык негиздерин өнүктүрүүдөгү жана Кыргыз Республикасында демократияны өстүрүүдөгү жаңы кадам" деп мүнөздөдү. Мындан сырткары демейде катаал, олуттуу болуп көрүнгүсү келген К.Бакиев: "Негизги мыйзамдын-Конституциянын жаңы редакциясы-бул өткөн кылымдардан бери келаткан улуттук менталитетибизде жана ата-бабаларыбыздын салттарында тарыхый сакталган, кыргыз элинин жана Кыргызстандыктардын кеменгерлигинин, акылмандуулугунун натыйжасы экендигин туура түшүнүшүбүз керек" деп эргип, бийик сөздөрдү айтты.
Бирок, аягы андай болгон жок, көз ачып жумгуча ал ишенимден, айткан сөздөрдөн кайтып, 50 күн өткөндөн кийин 2007-жылдын босогосунда Жогорку Кеңешти таратам деген шарт аркылуу Конституциянын башка, накта бакиевдик вариантын кабыл алууга мажбурлады. Президенттин ыйгарым укуктарын андан бетер күчтөндүрүп, өткөн жылдын күзүндө бүткүл элдик референдум жолу менен аны дагы бир ирет бекемдеди. Ошол эле учурда К.Бакиев шайлоо жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын кабыл алдырууга жетишти, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратты, жаңы парламенттик шайлоо жарыялап, күчтүү административдик казыктын жана бурмалоонун аркасы менен депутаттык орундардын абсолюттук көпчүлүгүн шашылыш түзүлгөн "Ак жол" партиясынын мүчөлөрү ээлешти. Бул партиянын фракциясы премьер-министрдин кандидатурасын көрсөтүп, аны Президент ошол замат эле дайындады. Президент жана Премьер-министр экөөсү башкаларды катыштырбай жаңы өкмөттүн курамын түзүштү. Акыркы үч жылдын ичинде бул бешинчи (!) жолу түзүлгөн ?кмөт болуп эсептелет. Көп өтпөй Конституциялык жана Жогорку Соттордун төрагалары алмашты. Ошентип, азыркы учурда Кыргызстанда таптакыр башка укуктук-саясий система жана бийликтин жаңы конфигурациясы түзүлдү. Анын мүнөздүү белгилери кайсылар?
Кайрадан монополия жана пирамидалуулук, анын негизинде жана чокусунда күчтүү, чексиз президенттик бийлик турат. Ал К.Бакиевдин 2005-жылдагы романтикалуу каалоо-тилектерине жана убадаларына каршы келип, ишенимдүү кол тийбестик иммунитети менен корголгон жана президентке эл тарабынан ишеним көрсөтпөөгө түздөн-түз эч кандай механизми жок.
Мындай саясий-укуктук система Казакстанда акырындап, 15 жылдын ичинде, Россияда 8 жылда калыптанса, бизде жоо кууп келаткандай шашылыш түрдө 3 айдын ичинде буйрукчул-административдик жол менен орнотулду. Ошол эле учурда 2005-жылы бийликке келгенден кийин К.Бакиев: "Референдумдарды уюштуруучулардын кызыкчылыгы үчүн элдин пикирин ыктуу пайдаланууга жол бере турган маселелерди коюп бүткүл элдик референдум өткөрүү өнөкөтүн токтотуш керек", 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо "Алга Кыргызстан!" партиясын өткөрүү үчүн "административдик ресурстар ачык колдонулуп, партияга губернаторлор, акимдер, соттор, ар түрдүү бизнесмендер иштеди",- деп айткан сөздөр эстен чыкты да калды.
Жогорку Кеңеш менен Ф.Куловдун өкмөтү 2010-жылгы чейин иштейт, мурдагыдай кадрдык баш аламандыктар болбойт деген сөздөр да ошентип, суу кечпеди: үч жылда ?кмөт эле эмес, мамлекеттик катчы, администрация башчысы, губернаторлор жана акимдер, бардык борбордук бийлик органдарынын (Борбордук шайлоо комиссиясы, Баш прокуратура ж.б.) жетекчилери бир нече жолу алмашты К.Бакиевдин айрым сүймөнчүктөрү атүгүл 5-6 жолудан жаңы кызматтарга, дайындалды.
К.Бакиевдин массалык маалымат каражаттарына тиешелүү Жарлыктары жана эл алдында берген убадалары да азыркы күнгө чейин жүзөгө аша элек. Анын ?кмөттүк гезиттер -"Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу", КТР жөнүндөгү Жарлыктары мунун далили. ЭЛТРди түзүү жөнүндөгү Жарлыгы-жападан жалгыз колдоого алчу нерсе.
Ал эми жаңы муундагы жаш жетекчилерди, саясатчыларды башкаруу ишине тартуу жөнүндөгү К.Бакиевдин убадасы эмгиче жарытылуу аткарыла элек: анын тегерегинде жана кол алдында дале болсо коммунисттик жана акаевдик доордогу өзү сыяктуу партиялык-комсомолдук мектептен өткөн кызматкерлер иштеп келгени, азыр да иштеп жатканы эч кимге жашыруун эмес.
Кыргызстандын экинчи Президентинин ички саясаты негизинен мына ушундай.
(Уландысы кийинки санда)

Абдыганы Эркебаев,
Коомдук парламенттин
төрагасы