№32, 21.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Боло берет турмушта,
Особенно кыргызда…

Мародерлор майрамдаган күн эле
(Уландысы. Башталышы 2-бетте)
Бийлик толугу менен М.Акаеванын колуна өткөндө бүгүнкү күндө койкое басып жүргөн жигиттер К.Бакиев, М.Садыркулов, Н.Касиев, Ч.Баекова, А.Карыпкулов, А.Муралиев, К.Жумалиев, Б.Жанузаков, Айдаралиев, И.Болжурова, О.Ибраимов ж.б. президентке караганда Майрамына жакыныраак болуп, бар маселени "Сиз гана туура чечесиз" деп, анын алдында бөйпөктөп турушчу.
Президенттин кызы Бермет менен уулу Айдар да оголе кыйын чыкты. Уулу дүйнө качырса, кызы энесинчилеп бийлик мыкчымак болуп кылгылыкты кылып турду…
Эми Акаевдер жөнүндө айтчу сөз арбын, кезегинде болсун…
Баекованын "берилгендиги" менен Акаев үчүнчү мөөнөткө барып, аз жерден түбөлүк президент боло жаздаганда элдин чыдамы бүтүп, козголо баштады.
Эч кандай программасы жок, стратегияны кой, күнүмдүк планы жок, "Акаев бийликтен кетсин!", "Үйбүлөлүк башкаруу токтотулсун!" сыяктуу ураандар менен чыккан Эл толкуну Акаевдин бийлигин оңой эле аңтарып түштү. Буга бир-эки эле нерсе себеп болду: биринчиден, Акаев бийлигин анын тегерегиндегилерден башканын баары жек көрүп калган (Муну М.Акаеванын "зор эмгеги" деп билели), экинчиден, Акаевге жанын беребиз деп жүргөндөр кемедеги "крысалардан" артык эмес экен, үчүнчүдөн, Аскар Акаевдин түпкү мүнөзү - жумшактыгы кайра жанданып, "элдин каны төгүлгөнчө, бийликти бергеним артык" деди окшоду.
Акаев төңкөрүлгөн күнү бир топтору "революциянын жеңишин" жакшы жешти - морадерлук кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй болду. Байлардыкы менен кошо эптеп оокат өткөргөндөрдүн дүнүйөсү кошо таланып кетти.
Бир суткага жакын бүтүндөй мамлекет башкаруусуз калды. Мамлекетти ким башкарат деген суроо, толкундоолор тушунда да, Акаев кулаары менен да коюлуп, акыр-аягы Курманбек Бакиев башкармай болду. Ал процесстин акы-чүкүсү өзүнчө жомок, азил-чыны аралаш…
Бакиев тезарада ойкалчап, момундай жакшылыктарды жасамай болду: эң биринчи иретте конституциялык реформа жүргүзүлөт. Анын натыйжасында президенттин ашкере бийлигинен өкмөткө жана парламентке өтөт, коррупция деген түп-тамырынан кыркылат, үй-бүлөлүк башкаруу экинчи кайталанбайт, элдин, жердин бүтүндүгү сакталат, трайбализмге жол берилбейт, Акаевдер законсуз алган байлык элге кайтарылат. Ушундай керемет иштерди жасамай болду баатыр Бакиев.
Элге дал ушундай президент керек эле!
Бакиев төңкөрүш ишке ашпай калса алибим болсун деп манту жеп кеткени Куловду "тандем" кылып тамтыгын чыгарганын, төңкөрүштөгү соратниктерин "кидайт" эткени, аппозиция ана башчыларынын бир катарын сатып алышы ж.б. узун сабак кылып айтпайлы, мамлекет башына келгенден кийин өзүнүн орчун убадаларын аткардыбы, маселе ошондо болсун.
Ооба, конституциялык "реформа" жасады, анын жеке конституциясы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктары Акаевдикинен алда канча ашып түштү. Өкмөттү да, Парламентти да "колбала" кылып Тынды, үйбүлөлүк башкаруу баралында, жерибиз четинен кемип барат, элибиздин түндүк-түштүк ажырымы күчөп барат, трайбализм даңгыр жол менен уруп барат… Акаевдердин элден тартып алган байлыгынын дайыны жок. Айтор, президент бир дагы убадасын аткарбады. Иниси Жаныш менен уулу Максимдин "окуялары" да чээнден чыкты. Муну Эшимканов жакшы айтчу эле, эми ал да айтпачу жакта. Буюрса, кайра келсе сонун кылып айтып берет. "Экономикабыз өнүгүп жатат" дегенди президент кийинки күндөрү оголе көп айтчу болду, кебетеси, "Кумтөрдөн" Канадага өтүп жаткан эбегейсиз байлыгын айтып жатат окшоду. Баса, аз күн мурун алтындын бир унциясы 850 доллар эле, азыр 1000 доллардан ашып түштү. Айыл чарбасы да алдыга жүткүнүп калды дейт. Кытайдын трактири менен айыл чарбасын өнүктүрүү болбойт экенин ошол трактирге айласыз күнү түшкөндөр айтыбатышат… Ички жана тышкы эммиграцияны кошкондо кыргыздын жарымынан көбү бирөөнүн босогосун сагаалап жүрөт.
Бир чиновник айтат: "Эл жакшы жашай баштады, көчөлөрдө машина батпайт" деп мурдунун учунан алысты көрө албаган неме кыргыздын көчөлөрүнүн баары немис менен япондордун чириген машиналарына толгонун, анын натыйжасында миллиондогон сомдор жаңы тетиктерге, оңдотууга кетип жатканы оюна да келбейт. Биздин өлкө элдин "канын" Соргон СТОлордун өлкөсү болуп калды. Чирик машиналардын пайдасы, маселен, өлкөнүн коопсуздугу үчүн деп сексенден өткөн чалдарды ОМОН менен СОБРга же башка спецназдарга алгандай кеп да…
Ушул тапта асманга чыга адыраңдасак да улуттун, кыргыз улутунун, анын мамлекеттүүлүгүнүн келечеги бүдөмүк болуп турат, Гамлеттикиндей суроо түшүнгөндөрдүн көкүрөгүн өйүп турган кези.
2005-жылы 24-мартта "революция" болдубу же "көңтөрүшпү" деп мээсин өзүнчө же катыны менен кошо чириткендер, болбосо кызыл чеке талашкандар көп. Кандай болгон күндө да ал күн бир гана нерсени апкелиптир - Акаевдердин ордуна Бакиевдерди. Акаев калыптандырган система калыбында.
Бөкөнбай Боркеев досум айтты эле: "Бир белгилүү обончу аялын чанып башка бир аялга кетет. Арадан жума өтпөй баягы обончу мурунку аялына келет. - Эй, эмне келдиң темселеп, аял алып кетпедиң беле? - десе, - Энесинурайын, аның сенден өткөн суболуч экен! - дептир обончу.
Майрамыңар кут болсун, "революционерлер"! Ар ким өзүнө жараша майрамдайт…
"Пир во время чумы" дейт го орус тилдүүлөр…

Баратбай Аракеев




  Кайдасыңар азаматтар, мырзалар…

Эң коркунучтуу, мамлекетти талкалап алчу чекке жетип калдык
(Уландысы. Башы 3-бетте)
Тилекке каршы бүгүнкү күндө башка өлкөлөр менен байланыш жаатында да орой катачылыктар кетирилүүдө.
Сөзүм кургак болбосун бир нече мисалдарды келтире кетейин:
1. АКШ боюнча - өлкөнүн аймагынан америкалык авиабазаны чыгаруу жөнүндөгү орой билдирүүлөрү. Бул алардан көбүрөөк акча өндүрүүнүн, же түндүктөгү кошунабызга жагынуунун же болбосо америкалыктар бизге адам укугун кайра эстетип туруудан кайтсын деген амал гана болушу мүмкүн.
2. Россия боюнча - Березовский Кыргызстанга келиши жөнүндөгү окуя. Мында айрым топтордун бизнес кызыкчылыктары жалпы улуттук кызыкчылыктан жогору туруп калганы жашыруун эмес.
3. Кытай боюнча - шпиондук жөнүндөгү биздин атайын кызматтардын чуулгандуу фантазиясы жана алардын сотто өз көрсөтмөлөрүн далилдей албай калышы.
Мен өз сөзүмдө азыркы бийликти сындоо менен гана чектелүүнү туура көрбөйм. Сындоо үчүн гана сын айтуу менин натурам эмес. Мен жөн гана өлкөнүн алдында турган талылуу маселелерди белгилеп өткүм келди.
Проблемаларды белгилөө менен эле чектелбей, алардын себептерин да белгилей кетүү маанилүү. Мен жогоруда белгилеп кеткендей, биздеги проблемалардын негизги себеби нефть, газ сыяктуу жаратылыш ресурстарынын трансконтиненттик темир жолдордун кен талаалардын жоктугунда эмес. Эмне үчүн биз алдыга жыла албай жатабыз? Эң башкы себеп - биз коррупцияга белчебизден өйдө батып, эң коркунучтуу мамлекетти талкалап алчу чекке жетип калдык, алардын башкы себеби: мамлекетти башкаруунун жана уюштуруунун эффективсиздиги.
Төмөндөгү факторлордо болгон шартта гана коомдо социалдык, экономикалык ийгилик жараларын дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулардын изилдөөлөрү, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы айгинелейт.

Ал факторлор:
1) Адилеттүү, түшүнүктүү жана узак мөөнөттөгү мыйзамдар.
2) Мыйзамдарга чиновниктер баш болуп бардыгы баш ийиш керек.
3) Адам укугу жеке менчикке, тынч жыйналыштарга болгон эркиндик, сөз эркиндиги жана адамдын ар намысы мыйзам, сот тарабынан корголуусу.
4) Чиновниктердин билими жана даярдыгы жогорку деңгээлде болсо.
Ошондо гана мамлекеттик бийлик коомчулуктун колдоосуна ээ боло алмак.
Бардык бийлик бир адамдын колуна топтолуп калганы, анын көзүн карап иш кылган азыркыдай шартта мамлекеттик бийликтин эффективсиз болгону болгон. Бүгүнкүдөй президенттин колунда мамлекеттик орган катары чексиз ыйгарым-укуктар турганда азыркы да, кийин да келген бийлик да өлкөдөгү абалды оң жагына өзгөртө албайт. Жогорку деңгээлдеги чиновниктер уурдаганын, ылдыйкылары ага кошомат кылганын койбойт.
Мен жеке пикиримде, Кыргызстан үчүн эң оптималдуу вариант - парламенттик Республика болсо деп эсептээр элем. Анткени парламенттик Республикада баарын башкарган президент болбойт. Парламенттик Республикада көп полномочияга ээ коллегиялуу орган болуп парламент саналат жана анда бийликтин бир адам тарабынан узурпацияланышына жол берилбейт.
Эгер биз парламенттик респбликада болобузбу деген суроонун үстүндө бир пикирге келип алсак, оппозициялык күчтөрдүн консолидацияланышына тоскоол болгон көп проблемаларды чечип алган болот экен. Мындай кадам президенттик креслону көздөөчүлөрдүн эле тилегин таш каптырбастан, мамлекеттик ресурстарды чеги жок колдонууну жокко чыгармак.
Дүйнөнү көрүп пайгамбар жолдон тайыптыр дегендей адамдын жаратылышы ушундай экен, мамлекеттин байлыгын колдонуудан баш тартууга ким президент болбосун эрки жетпей калат окшобойбу.

Аликбек Жекшенкулов "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору