№32, 21.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кайдасыңар азаматтар, мырзалар…

Эң коркунучтуу, мамлекетти талкалап алчу чекке жетип калдык
Кыргызстанда 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашкандан берки үч жыл ары татаал, ары маанилүү окуяларга бай болду. Ал окуялардын өлкөнүн жана коомубуздун өнүгүшүндө өзгөчө таасир эткенин танууга акыбыз жок.

Анда 2005-жылдагы окуяларга эмне себеп болгонун эстеп көрөлү. Бир катар жылдар бою чечүүнү талап кылган проблемалардын өтө көп жыйындысы топтолгон, бирок андагы бийлик аларды кандай чечүүнүн жолдорун түшүнгөн эмес жана аракет да кылбаган. Менин жеке пикиримде, 2005-жылдын 24-марты бийликтин жана атка минерлер аппаратынын ошол учурда тездик менен өзгөрө баштаган коомдук мамилелерге адекваттуу жооп кыла албагандыгынын негизинде келип чыккан. Чечим кабыл алуунун демократиялык системасын түзүү, бизнести жана менчиктин түрлөрүн коргоо, калктын калың катмарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу сыяктуу маанилүү маселелер менен алектенүүнүн ордуна, андагы бийлик мамлекеттин эсебинен өз чөнтөгүн толтуруунун камын көрүп калган. Мамлекет жетекчилигинин демократиялык, либералдык маанайдагы кооз сөздөрү өлкөдөгү абал, турмуш чындыгы менен дал келген эмес. Ошентип, граждандардын кескин жакырланышы, ыймандык-моралдык түшүнүктөрдүн деградацияланышы элдин толкундоосун жаратып, жыйынтыгында мурдагы президент Акаевди үй-бүлөсү менен качып кетүүгө аргасыз кылды. Анын негизинде бийликке саясатчылардын жаңы толкуну келип, аларга Эл: акыйкат жана эффективдүү башкаруу системасын жаратата алат деп чоң үмүт артты. Тилекке каршы, убадалар аткарылбай азыркыга чейин убада берүүлөр уланууда. Эстеп көрөлүчү, азыркы бийлик кыска убакытта коррупцияны жоюу, конституциялык реформаларды жүргүзүү, үй-бүлөсүн башкарууга аралаштырбоо боюнча Эл алдында аз эле жерден ант берип ийе жаздагандгы. Алгач атуулдарыбызда келечекке болгон үмүт чоң болучу, өзгөчө жөнөкөй адамдар, интеллигенция, бир катар чиновниктер терең ишенип, буга өз салымдарын кошууга аракет кылган кыймыл башталган. Бирок башкаруусунун алгачкы этаптарында эле жаңы бийлик өздөрү берген убадалардын кээсин аткарууга көңүлү жоктугу байкалып калган. Бул эң биринчиден конституциялык реформаларды жүргүзүүгө байланыштуу болду. Бирок, башмыйзамды өзгөртүүнү коомдо каалоо күчтүү экенин баамдаган бийлик ал жолго түшүмүш болуп, кайра эле мыйзамсыз жолдор менен булганыч технология ишке киришип, Конституциялык реформаларды жокко чыгарууга жетишти.
Дал ошол Конституцияга өзгөртүүлөрдү кийирүүгө бийликте каалоонун жоктугу өткөн жылдары миңдеген адамдар катышкан митингдердин уюштурулушуна түрткү болгон. Ал эми андан кийинки референдум жана Жогорку Кеңеште мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоо баарыбыздын эсибизде. Өзгөчө референдум жана Жогорку Кеңешке шайлоолордун бурмаланышы Коом үчүн жан кейитээр жагдай болду. Албетте манипуляциялоо, мыйзамды бузуу баардык убактарда болуп келген бирок масштабы боюнча мынчалык деңгээлдеги ыпластык болгон эмес. Баарынан күйгүзгөнү аталган шайлоолор өтөөрү менен эле бийлик: "Буга чейин мындай ачык жана таза шайлоо өткөн эмес" деп жарыялады. Бул не деген аңкоолук? Акыркы фальсификацияланган референдум, шайлоолордун негизинде бийлик кыялдангандай система түзүлдү.
Президенттин толук көзөмөлүндөгү чөнтөк парламент компотентсиз, профессионалдык деңгээли төмөн өкмөткө, баарынан күчтүү бирок эч кимге жоопкерчиликсиз президентибиз бүгүн ушундай саясий системага ээ болду.

(Уландысы 4-бетте)




  Артка кылчайып...

Курманбек Бакиевдин үч жылы
К.Бакиев бийликке келгенде кандай билдирүү жасап, кандай убадаларды берди? Анын биринчи жолу айткан сөздөрү баарыбыздын эсибизде: "Ушинтип бийликке келгенден кудай сактасын, эми ушундай болуп калгандан кийин бардык саясий жоопкерчиликти моюнга алып, жеке керт башты эмес, өлкө жөнүндө ойлонуу керек" деп билдирген.
Өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө сүйлөгөн бир катар сөздөрүндө К.Бакиев өзүнүн аттанып чыккан ой-максатын, позициясын төмөндөгүдөй таризде тастыктаган:
турмуштун жакшырганын биздин жарандар 10 жылдан кийин эмес, 1-2 же ашып кетсе 2-3 жылдан кийин өз көздөрү менен көрүшөт, ал үчүн ички дүң продукциянын өсүшүн жыл сайын 8-9, ал тургай 10-12 пайызга чейин көтөрүү;
салык саясатын түп тамырынан жакшыртуу жана Салык Кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу;
экономиканын реалдуу секторун жандандыруу, импорттук товарларды алмаштыра турган, экспортко кете турган продукцияларды чыгарууну көбөйтүү;
өлкөнүн экспорттук потенциалын, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган натыйжалуу айыл чарба өндүрүшүн түзүү;
чет өлкө инвестицияларын көбөйтүү;
токтоосуз конституциялык реформа жүргүзүү жана анын негизги пункттары катары демократияны андан нары өнүктүрүү үчүн парламенттин, өкмөттүн жана сот бийлигинин статусун көтөрүү, көз карандысыздыгын камсыз кылуу, бул максатта бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүү, Конституциядан президенттин жана депутаттардын кол тийбестик укуктарын алып таштоо, элдин депутаттарды кайра чакырып алуусу жана президентке ишеним көрсөтпөө механизмдерин киргизүү;
мурдагы бийликтин кадрларды тез-тез алмаштырган башаламан саясатынын ордуна, стабилдүүлүктү камсыз кылыш үчүн ал өзүнүн конституциялык мөөнөтү (5 жыл) бүткөнгө чейин жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жана Ф.Куловдун өкмөтү менен кызматташтыкты сактайт;
бардык басылмалар эркин, көз карандысыз болот, а өкмөт өзүнүн чечимдерин токтомдорун, указдарын, түшүндүрмөлөрүн жарыялап туруш үчүн, бир гана басылма жетет, ал эми мамлекеттик телекөрсөтүүнү бир киши башкарбастан, иши коомдук мүнөзгө өтөт;
үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик иштерге кийлигиштирбестен, коомду тазалыкка, ыйманга кайтарышыбыз керек.
Ошондо К.Бакиевдин жыйынтык сөзү орундуу да, адилет да угулган: "Өлкөнүн биринчи президентинин тагдыры бизге, баарыбызга сабак болсун. Бул жалгыз эле анын эмес, биздин да проблемалар, ал бизге сабак". Ошол үчүн ал 2005-жылдын 14-августунда президенттин кызматка киришип жатып: "?зүмө эмес, элге кам көрүү-башкаруунун кеменгерлиги мына ушунда турат. Тазалык, адилеттүүлүк-Кыргызстандыктар бийликтен мына ушуну күтөт. Менин ыйык милдетим-элимдин үмүтүн актоо" деп салтанаттуу түрдө ант берген.
Натыйжалар кандай болду?

(Уландысы 6-бетте)




  Даш на дашпы?

Конушуңуз жайлуу болсун!
БШКнын төрайымы Бишкектин чок ортосунан 200 миң долларлык батирге ээ болуптур деп уктук. Балким бул, өзүңүздүн ак эмгегиңиз менен тапкан табылгаңыз чыгаар. Бирок эл оозунда элек жок демекчи, шайлоонун жыйынтыгын бийликтин пайдасына оодарганга сиңирген эмгеги үчүн алды го деген күдүк сөздөр Ала-Тоону айланып жүрбөйбү, түгөттүкү…, не болсо да конушуңуз жайлуу болсун!

"Аалам пресс"




  КРИМ-СТОП

< font size=3 color=287A8F>Бишкектин "смотрящийи" кармалды
Аз күн мурда Ысыккөл облусуна караштуу Балыкчы шаарынын 26 жаштагы тургуну Рустам Касеинов "ГУБОПко" арыз менен кайрылган.
Көрсө, Рустамга орус улутундагы мурдагы кесиптеши Геннадий телефон чалып, Бишкектеги кирпич заводу жайгашкан райондо жолугушуу керектигин айтат. Эч нерседен кабары жок барган Касеиновдун алдына Геннадий үч жигит менен чыгат. Алардын лидери өзүн Бишкектин "смотрящийимин" деп тааныштырып, коркутуп-үркүтүү менен Рустамдын "Ниссан" үлгүсүндөгү машинесин тартып алышат. "ГУБОПтун" тыңчыкма оперлери 19-март күнү кечинде Бишкектин 11-микрорайонунан 3 машине менен жүрүшкөн "вор в законе" Камчы Көлбаевдин тобундагы "Алтуха" деген кличка менен таанымал Бишкектин "смотрящийи", 1979-жылы туулган Байтиктик Алтынбек Ибраимов, Балыкчы шаарынын мурдагы "смотрящийи" 1980-жылы туулган Мирлан Баяманов жана башкаларын кылтакка илишкен.

Тамчы Таштешеров




  Неге?

ИИМ Ысыккөлгө
"спецназдарын" таштады
Ички иштер министрлиги Ысыккөл облусуна куралданган "спецназдарды" таштаганы дайын болду.
Айрым саясатчылардын сөзүнө кулак салсак, көл жээгиндеги 4 пансионаттын казактарга берилет дегенин уккан жергиликтүү тургундар өздөрүнүн нааразычылыгын билдирген. "Кокус алар ар кандай саясый акцияларды баштап жиберсе, "спецназдар" ошолорду чачыратуу үчүн тартылат" - дейт атын атагысы келбеген адам.

Улан Мамбетов