№32, 21.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Издер өчөт, издер жаңырат

ЫСЫК-КӨЛГӨ ЫЙЫК АРЗУУМ
Ысык-Көл - ыйык арзуум, чүрөгүмсүң,
Кыргызды өлбөс кылаар мүрөгүмсүң.
Асманда жымыңдашат сансыз жылдыз,
Жердеги жалгыз жылдыз бир өзүңсүң.

Эркелеп, уктап жаткан перидейсиң,
Энедей бала эмизген мемирейсиң.
Аккуулар кучагыңда калкылдаса,
Жарашат сага гана дегидейсиң.

Өзүңдөн көгөргөн көк, агарган Ай,
Тоолор да толкунуңдан таралгандай.
Биз келсек бу дүйнөгө күн көргөнү,
Күн өзү сени көксөп жаралгандай.

Сен барда жанга даба жакшылык бар,
Өзүңө бир өмүрүм аздык кылаар.
Айланып, Ысык-Көлгө бир жетсе дейм,
Сүйүүгө жетпей калган бактысыздар.

Ооматың, оокатың да келээр-кетээр,
Бир күнү жаштык өтөөр, жалын өчөөр.
Түбөлүк элим калсын, көлүм калсын,
Калганы утурумдук жыргал бекер.

Каныбек Иманалиев




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
Быйыл жыйырма бешке келгени менен аны үйлөнтүү жөнүндө эч кимдин оюна да келген жок.
"Кызык, азыр шаарга кимдин үйүнө баратам. Министрдин үйүндө жашаймбы же…?" - Абдысалам жолдо машинеде кетип баратканда өзү менен өзү сүйлөшө ойлонуп кетип баратты. "Балким, тоого алып бараар? Тоо жакта да үйүм бар деп атпады беле. Эмне эле, альплагерь деп атты беле, балким ошондо жашаармын. Анда мага жакшы болмок, калаа ичинде кысылбай, эркинирээк дем алып". Бирок Абдысалам ойлогондой болгон жок, машине калаа ичиндеги бийик дарбазалуу, короолуу үйгө киргенде үч кабаттуу укмуштай салынган кооз үйдү көрдү. Мындай үйлөрдү чет мамлекеттин, байлардын үйүн көрчү телевизордон.
Короодо жүргөн секелек кыз бети туурулган, күнгө күйүп капкара болгон, эки жагын чоочуңкурай карап турган жигитти таңгала карап койду.
- Коркпо иним, бул жакка кир, - анын артынан келе жаткан Жекшен чоң үйдүн эшигине өзү жол баштап кирди. Босогону аттаган Абдысалам андан ары кадам таштай албай апкаарып туруп калды. Үй ичи да укмуштай салыныптыр. Мындай үйдү өңүндө тургай, түшүндө да көргөн эмес.
Кире бериш бөлмөсү эле залдан чоң экен. Сол тарабында экинчи кабатка көтөрүлүп кетчү тепкичтери, бөлмөнүн ичинде болсо беш-алтыдай ар бөлмөнүн эшиктери турат. Үй кожоюну жогору жактагы диванды көрсөттү.
- Тигил диванга көчүк бас, чочуркаба. Эч нерсе эмес бат эле көнүп кетесиң бул жакка, тирикарак жигит экенсиң, - деп аркы бөлмөгө кирип кетти да, бир аздан кийин кайра чыкты.
- Курсагың ачкандыр, бир аз шам-шум этип алалы, анан…, - ал өзү ары жактагы чоң муздаткычтан суусундук, кымыз, казы-карта, чучук, нан алып келип стол үстүнө койду, - ичкиликке кандайсың?
- Ичпейм, дегеле оозго алып көргөн жан эмесмин.
- Мунуң эң жакшы, бул өзүңдүн келечегиң үчүн да жакшы, - өзү муздаткычтан оозу бузулган коньяктан куюп, басып алды. Бул үйдө короодо жүргөн тестиер кыздан башка эч ким көрүнбөйт.
Экөө столдогу тамактан шам-шум этишкен соң, үй ээси кимдир бирөөлөргө телефон чалды.
- Биз келдик, алып келдим аны. Азыр эле бара берелиби? Анда жөнөдүк.
Алар алиги өздөрү келишкен машинеге отурушуп, кайдадыр жөнөп кетишти. Абдысалам каякка, кимге баратканын түшүнгөн да жок. Тек гана тигинин "жүрү, кеттик" деген жагына моюн сунуп, артынан ээрчип жүрдү.
Машине калаадан чыгып, кандайдыр бир айылдарды аралап жүрүп отуруп, тоо түбүндөгү айылга же калаага окшобогон чоң дарбазалуу үйдүн жанына келип токтошту.
- Бул жер өкмөт үйүндөгүлөрүнүн дачасы. Азырынча сен ушул жакта жашап турасың. Эч чочулаба да, эч коркпо, өз үйүңдөй көр. Бул жактан эч ким сага тийишпейт, кодулабайт. Тигил муздаткычта продуктылар толтура. Өзүңө-өзүң кожоюн болуп, тамакты да өзүң жасап ичесиң. Бул үйдө үйдүн кароолчусунан башка эч ким жок. Телефон чалса көтөрбө. Кароолчуга да өзүң жөнүндө эч сөз айтпа. Шеф эртең түштөн кийин келип сени менен шашпай сүйлөшөт. Алдагы кийимдериңди чечип, ваннага түшүп сергип ал да, телевизор көрүп, эс алып жата бер. Мына, бүгүндөн баштап шаардын жашоосуна көнө баштайсың. Ушундан ары балким шаардык болуп кетесиң. Шаардын жашоосунун даамын татып көнүп калгандар кайра айылга баргысы келбей калат. Мен кеттим анда, өз оокатыңды кыла бер, - министрдин орунбасары акырын сыртка чыгып кетти…




  Акыл-ойдун сандыгынан

Эл. Акын. Хан
Эл акындардын акылын угушу керек. Анткени, Кудай аларга алдын-ала сезүү, көрө билүү касиетин берген. Тарыхта идеал коомду түзгөн арийлер жөн жеринен акындарды коомдун эң жогорку кастасы катары караган жок! Арийлердин заманында ХАН, АКЫЛМАН, АКЫНдан акыл сурап мамлекетти башкарган. Ошол үчүн жок болуп кеткенине миңдеген жылдар өткөнүнө карабай, алар түзгөн коом адамзат үчүн али күнгө чейин жетпей келаткан үлгү бойдон калууда…

Байас Турал




  Чылымдай түтөп…

Байдылда тирүү болгондо


Ата Мекен жүрөктө
Тартылып калды сүрөткө
Терменин башы шайлоодон
Жазылбайт эле түз өтсө

Мен болдум эми Апенди
Шайлагам "Ата Мекенди"
Депутатым жок калдым
Эшегим менен чечемби.

Жазамын эми чындыкты,
Биз эмне күнөө кылдыкпы.
Добушум кетип "Ак жолго"
Кор кылдыңар кыргызды.

Кызганыч жок "Ак жолго"
Жүргүлө да так жолдо
Элүү пайыз жетмек да
Кудайдан деле корккондо.

Ушулбу үлгү жаштарга
Урпактар турат аркаңда.
Ууручу бийлик дешеби
Тарыхты алар ачканда.

Ант бердиңер уялбай,
Көрүп турат кудай бар.
Депутаттык мандаты
Жасагандай куурайдан.

ХИПКти болсо кетирдик,
Элди кылып кепилдик.
Ичинен сыздайт кыргыздар
Эсиңе кел, эй бийлик.

Чынгызды кыргыз көтөргөн,
Кыргызды Чыңгыз көтөргөн.
Кыйналып турат Ата Журт
Сөз чыкпайт неге көсөмдөн.

Митинг көп Бишкек борбордо,
Сөзү өтпөй элдин чоңдорго.
Сиз болсо дале жүрөсүз
Маевка, Париж, Лондондо.

Байдылда тирүү болгондо
Сөзү өтөт беле чоңдорго.
Шайламак "Ата Мекенди"
Туз берип биздей койлорго.


Койчо да көрбөй калдыңар,
Пайгамбар болуп алдыңар.
Жакшылык эле болсунчу
Ачылаар бир күн айбыңар.

Жамалбек Келдибеков