presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жети кулпу менен бекитилген чындык

Аксы окуясы:
Кылым процессиби?
Аксы окуясынын алты жылдыгына карата 17-март күнү Жалалабат облусунун Каражыгач айылында Элдик сот болуп, ага 7 дубандан, Ысыккөл, Нарын, Талас, Жалалабат, Ош, Баткен, Чүйдөн өкүлдөр келип катышып, курч мүнөздө өттү. Сот башталаарда 2002-жылы 17-мартта бийлик куралынан каза болгон атуулдарга куран түшүрүлдү. Бийлик өкүлдөрүнөн эч ким басып барган жок.

Элдик соттун курамы
17 кишиден түзүлдү. Алар: Керимкулов- төрага, Эмил Каптагаев, Дырылдаев, Чолпонбаев, Мадатбеков, Мониев, Воровина, Мамбеталиева, Калматов, Алымкулов, Мырзакматов, Мадумаров, Орозбаков, Кулиев, Шамыралиев, Эралиев жана Жакшыбек Асан эл тарабынан шайланды.
2002-жылы 17-18-марттында Жалалабат облусунун Аксы районунда бийлик огунан каза болгондордун, жараат алгандардын ишин Элдик сот карап чыгып, айыптоочулардын, жактоочулардын, айыпталуучунун, күбөлөрдүн сөзүн угуп, кыргыз элинин ата-бабаларынан калган элдик каада-салтын эске алып, Элдик сот өз пикирин билдирди.

Элдик соттон эмнени күтүп жатасыз?
Үркүнбаева Нуржайна, 2002-жылы Бозпиекте каза болгон Үркүнбаев Сатынбайдын бир тууган карындашы:
- Биз жабырлануучулардын талаптары А. Акаевдин бийлиги учурунда да аткарылбай келген. Бакиевдин бийлигине дагы биздин ишеничибиз өчүп барат. Себеби, үч жылдан бери бул окуяга күнөөлүүлөрдү жазага тарта алган жок. Былтыркы жылы ушул жерге келип, үч айдан кийин аягына чыгат, деп Курманбек Бакиев убада берип кеткен. Азыркыга чейин акыйкат сот болгон жок. Анан кантип ишенебиз. Эми элдин берген баасынан, эл берген жазадан артык эч нерсе жоктур. Тилекке каршы элдик соттун юридикалык күчү жок, ошол жагы бизди өкүндүрөт..

Укук коргоочуларды угуп көрдүм
Төлөйкан Исмаилова, "Жарандар коррупцияга каршы" коомдук уюмдун жетекчиси:
- Карапайым элге эркин, көз карандысыз сот суудай керек болуп турган учурда, кыргыздардын каада-салтында болуп келген элдик, акыйкат, калыс соттун болгонун маанилүү деп эсептейм. Бизде мамлекеттик соттордун эркин, акыйкатсыз экендигинен Аксы трагедиясына чекит коюлбай келди. Бул өткөрүлгөн элдик сотту, саясат деп түшүнбөшүбүз керек. Бул саясат эмес, саясаттан да маанилүү нерсе. Азыркы бийлик, мырза Бакиев ошону туура түшүнсө, мурунку системанын оорусундай кабыл албаса, элге да мамлекетке да жакшы болмок.

Бул окуя боюнча Элдик сот мындай деп тапты:
1. Мурунку мамлекет башчысы Аскар Акаев, Конститиуциянын 42-статьясына ылайык, мамлекеттик башчысы, эң жогорку кызмат адамы, Башмыйзамдын гаранты болуп туруп, мыйзамды одоно бузгандыгы, өз элин атууга жол бергендиги үчүн;
2. Курманбек Бакиев, Башмыйзамдын 71-статьясына ылайык, өкмөттүн жетекчиси, ишин уюштурууга, иш жүргүзүүсүнө жеке жоопкер болуп туруп, мыйзамды одоно бузуу менен А. Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен келаткан элди атууга жол бергендиги үчүн; 2002-жылы 17-марттагы Өкмөттүн №31-32 токтомунда көрсөтүлгөн буйругу менен "буран" жана "тайфун" пландарын ишке киргизилгенден кийин дагы эки киши укук коргоо органдары тарабынан атып өлтүрүлгөндүгү, өз кызматынан кыянатчылык менен пайдалангандыгы, өз элин атууга жол бергендиги үчүн;
3. Президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкулов;
4. Башкы прокурору Чубак Абышкаев, орун басары Абдиев;
5. Ички иштер министри Темирбек Акматалиев, орун басары Дубанаев;
6. Башкы Прокурордун орун басары Абдиев;
7. Коопсуздук кызматынын башчысы Иманкулов;
8. Жалалабат облусунун ички иштер башкармасынын начальниги Токобаев;
9. Жалалабат облусунун прокурору Зоотбек Кудайбергенов;
10. Аксы районунун акими Осмонов;
11. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кулиев;
Өз кызматтарын кыянаттык менен пайдаланып жана элге эмес бийликке кызмат кылуу максатында, жана дагы Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин тергөөдө, соттук кароодо бурмалаган конкреттүү кызмат адамдары Абдылдаев, Конгантиев, Момунов, Усукеев, Жунусов, Төрөкулов, Сатаров, Осмонов, Досматов ошондой эле судьялар, Арабаев, Батырбаев, Мамытов, Нурматовдор жоопко тартылышы керек.
Элдик сотко жалгыз келип катышкандыгы, көрсөтмө бергендиги, кечирим сурагандыгы үчүн, Аксы окуясындагы башаламандыктан, элди коопсуздугун коргоодон себепсиз четтетилгендиги эске алынып, Жалалабат облусунун ошол кездеги губернатору Султан Урманаевдин айыбы кечирилет.

Бийлик өкүлү не дейт?
Орозалы Карасартов, Жалалабат облустук администрациясынын пресс-кызматынын жетекчиси:
- Мен булардын кылганын чайкоочулук саясаты деп эле эсептеймин. Мамлекет жашап, мамлекеттин мыйзамдары иштеп тургандан кийин, ошол жол менен гана Аксы окуясына чекит коюлат. Эгер мамлекеттик бийликти, мамлекеттик мыйзамды тоготпой, сыйлабай, өз алдыларынча элдик сот өткөрүп жатканына мен түшүнбөйм.
Гүлбарчын Якубова, Бишкек-Аксы-Бишкек

Элдик сот өкүм кылат:
1. 2002-жылдын 17-мартында элге ок аткан, 18-мартта мыйзамсыз коменданттык режим киргизилип, элди атууга курал колдонулгандыгы, бийлик тарабынан элге карата жасаган оор кылмышы экени таанылсын;
2. Президент Аскар Акаев, премьер-министр Курманбек Бакиев, элди атууга жол бергендиги үчүн түздөн-түз күнөлүү деп табылсын;
3. Карыпкулов, Абышкаев, Акматалиев, Абдиев, Садиев, Иманкулов, Дубанаев, Токобаев, Кудайбергенов, Осмонов, Кулиев, Калбаев күнөөлүү деп табылсын;
4. Элдин ырыскысын кескен авторитардык бийликти бекемдөөдө, идеологиялык негиз түзүп берген ошол кездеги мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, ММК өкүлдөрү Б. Мамбетакунов, Э. Калдаров, А. Матисаков, Н. Кочкоров Аксыдагы кан төгүүгө себепкер, шыкаачы-күнөөлүү деп табылсын.
5. Укук коргоо органдары мыйзамсыз курал колдонгондугу, Сот органдары бул ишти бурмалагандыгы атайын тергөө өткөндөн кийин аныкталсын;
6. Жогорудагы аты аталган күнөөлүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылышын, өлкөдө адилет, акыйкат, калыс бийлик орногон мезгилде мамлекеттен талап кылуу укугу жалпы коомчулукка таандык экени таанылсын;
Абийир сотунда акталып…

Султан Урманаев:
"Бийликтин туткасы эл"
- Кыргызстандын атуулу катары, Аксыга дайым келип 2002-жылдагы кандуу окуядан курман болгондордун үйбүлөсүнө кезигип, куран окуп чыгам. Бул жерден эч кандай саясатты көргөн жокмун. Элдик сот тууралуу азырынча эч нерсе деп айта албайм. Калыгулдун сөзү бар эмеспи, "Эл менен сен адамсың, элден чыксаң жамансын" деген. Элдик сот деген элдик сот. Мамлекеттин өзүнүн да соту бар, мени жоопко тартып жатат, кандай болоорун алдыдагы мезгил көрсөтөт. Азыркы юридикалык күчү бар соттордун кандай экени көпчүлүккө белгилүү, акыйкатсыз экени көрүнүп эле турат. Ар бир нерсенин негизи болушу керек. Эгерде мен чын эле Аксы окуясында күнөөлүү болсом, өзүм эле ачык айтып, кол көтөрүп берет элем.
Элдин пикири деген оңой эмес. "Бийликтин туткасы эл" деп Конституцияда жазылып турат. Мамлекеттик бир сотко караганда ушунча элдин, элдик сотту жогору болсо керек.










??.??