Артка кылчаюу...

Курманбек Бакиевдин үч жылы
К.Бакиевдин бийликке келүүсүнүн үч жылдыгы жакындаган сайын адаттагыдай эле имиш-имиш сөздөр, ой жоруулар, талдоолор, анын ишмердигине түрдүүчө баа бергендер да көбөйүүдө.

Ушундан улам, президенттик кызмат сыяктуу ашкере ардактуу жана ошону менен катар өтө жооптуу постто турган адамдын ишмердигине баа берүүдөгү убакыттын маанисине байланышкан эки нерсе эсиме түшүп жатат. Алардын биринчиси - АКШнын кырк экинчи президенти Б.Клинтондун "Менин өмүрүм" аттуу эскерүү китеби. Анда автор каршылаштары жана душмандары жок дегенде президенттик кызматка келген алгачкы жүз күндө да тынч иштөөгө мүмкүндүк беришпегенин, ал турмак энеси дүйнөдөн кайткан күнү да ага оор сокку берип турушканы тууралуу өтө кейип сөз кылат. Экинчиси-орус элинин "убаданы үч жыл күтөт" деген кеңири белгилүү учкул сөзү.
Демек, эң кыска мөөнөт деп алгачкы жүз күндү, эң кечи деп үч жылды эсептегенде да Кыргызстандын экинчи президенти К.Бакиев берген убадаларын аткарылышы тууралуу сөз кылар убакыт келип жетти. Ушундай жүйөлөрдү эске алып, мен быйылкы жылга чейин, балким артыкбаш сабырдуулук кылып К.Бакиевге бир да жолу олуттуу сын пикир айтпай келдим, айрым ММКлар жазгандай, андан кызмат да сураган жокмун. Тескерисинче, өлкөбүздө ынтымак жана саясий туруктуулук болушун каалап, президенттик шайлоо маалында жана соңку жылдардагы саясий тирешүүлөр учурунда өзүмдүн К.Бакиев менен болгон жеке маектеримде, маалымат каражаттарында, эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүмдө аны негизинен колдоп келдим. Эми кай жагынан алганда да, Кыргызстандагы бийлик алмашуунун жагдайлары, К.Бакиевдин ишмердигинин жыйынтыктары жана жакынкы келечеги тууралуу ачык айкын ой бөлүшүүгө убакыт жетти деп эсептейм.
Адегенде А.Акаевдин мезгили жөнүндө эки ооз сөз. Мен март окуясынын алгачкы күнүнөн тартып бул мезгилди бир жактуу баалоого болбой турганын, А.Акаев бийликтен кеткенден кийинки сөздөрүндө жана маектеринде айтып жүргөндөй, аны жалаң күлгүн түстө көрсөтүү жарабастыгын, ошону менен бирге К.Бакиев жана аны жактоочулар сыяктуу жалаң кара боек менен боеп салуу адилеттикке жатпастыгын талыкпай айтып да, жазып да келатам. Ошол эле К.Бакиев-райондук акимден тартып республиканын өкмөт башчысынын кызматына чейин А.Акаев өзү көтөргөн адам андан бир аз мурда эле, 2003-жылы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты кезинде (мен ал учурда Жыйындын Төрагасы элем) "Жолду жүргөн арбытат" аттуу чакан китебинде мындай деп жазганы эле: "Окуяларга жана аларга катышкан адамдарга ар башкача кароого болот. Бирок 1991-жыл кыргыздардын тарыхынан түбөлүк орун алат. 1991-жылдын 31-августунан жаңы доор-көз карандысыз Кыргызстандын доору башталат. Бул эбегейсиз маанилүү окуя Аскар Акаевдин-эгемендүү Кыргызстандын биринчи Президентинин ысмы менен түбөлүк байланыштуу. Өзүнүн шериктери жана пикирдештери менен бирдикте ал 1990-жылы демократиялык коомго, базар экономикасына, дүйнөлүк коомго кошулууга карата новатордук бурулуш баштады Дегеле ар кандай өлкө башчысы кабыл алуучу чечимдердин ичинде тарыхый мааниси зор чечимди-кыргыз элинин көз карандысыздыгы, эркиндиги жөнүндөгү чечимди кабыл алуу тагдыры А.Акаевге туура келди. Ага удаа- мааниси жагынан андан кем эмес-улуттук валюта, жерге жеке менчик киргизүү ж.б. чечимдер болду". Бир аз көтөрө чалып айтылганы болбосо бул сөздөрдө түпкүлүгүндө калет жок. Ошону менен катар А.Акаевдин ишмердигинде ар кандай мүнөздөгү кемчиликтер жана каталыктар да болгон, акыры келип ал жаңылыштыктар анын саясий бийликтен кулап, өлкөдөн качуусуна алып келди. Натыйжада К.Бакиев жаңы мамлекет башчысы болуп калды.
Мындай окуяларды болтурбай коюуга мүмкүн беле? Албетте, мүмкүн болучу. Ал мезгилде реалдуу эки мүмкүнчүлүк бар эле: саясий жол-оппозиция менен тил табышуу жана күч колдонуу жолу-Коопсуздук Кеңешинде кырдаалды талкуулап, өзгөчө абал режимин киргизүү. Бул тууралуу мен эки жолу-4 жана 21-мартта, Нооруз күнүндө А.Акаевдин кабинетинде жолукканыбызда анын өзүнө, ошондой эле кызы Б.Акаевага ал 2005-жылкы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алгачкы отурумун даярдоо боюнча уюштуруу комитетине кирген учурда бир нече ирет айткамын. Өкүнүчтүү жери, атасы да, кызы да ал учурдагы кырдаалды жайында деп эсептеп, менин сөзүмө кулак салышкан жок. Абал ашкере опурталдуу экенин мен ошол эле 21-март күнү кечинде Осмонакун Ибраимов КТРде уюштуруп, түз эфирде көрсөтүлгөн жолугушууда да айтып, бийлик эч чара көрбөй жатышын "паралич" деп атаган элем.
Ошентип, 2005-жылдын март айындагы окуялар үчүн биринчи кезекте А.Акаев өзү жооптуу жана күнөөлүү, себеби чечкинсиз мүнөзү жана үй-бүлөсүнүн өзүмбилемдик кесепетинен ошол кырдаалга жараша алдын ала озунуп зарыл чараларды көргөн жок. Ошону менен катар А.Акаев бийлик жүргүзгөн узак жылдар ичинде өлкө ушундай оор абалга жетишине эч убакта А.Акаевге ачык каршы чыгып сүйлөбөгөн республиканын мурдагы жетекчилери да моралдык-саясий жактан жооптуу. Алардын катарына мен М.Шеримкуловду, Ф.Куловду, А.Жумагуловду, А.Матубраимовду, К.Жумалиевди, А.Муралиевди, К.Бакиевди, Ч.Баекованы, А.Бөрүбаевди жана өзүмдү кошом. Ооба, өзүмдү да, анткени ошол убакта бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын эки жолу жетектеп турдум. Бирок жогоруда ысмы аталган ишмерлерден айырмаланып, мен айрым учурларда тигил же бул маселелер боюнча өз пикиримди кескин билдирип, мурдагы президеттин үй-бүлөсүнүн бизнестин, саясаттын жана жалпы эле мамлекеттин ишине кийлигишкенин жактырбаганым үчүн алар менен кыйла эле начар мамиледе болгонум кыргызстандыктар үчүн жашыруун эмес.
Ал эми март окуяларынын өзүнө келе турган болсок, аны тарыхый реалдуулук катары кабыл алып, андагы эки жагдайды бөлүп көрсөтүшүбүз керек. Биринчиден, бул окуялар А.Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна элдин нааразычылыгынын табигый жана мыйзамченемдүү натыйжасы болуу менен бунт, көтөрүлүш жана моюн сунбоо сыпатында жүрдү жана А.Акаевдин элдешкис каршылаштары тарабынан саясий максатка билгичтик менен багытталды жана пайдаланылды. Экинчиден, маңызы жана багыты боюнча оң мааниге ээ эл кыймылы көп учурларда стратегиялык кан жолдорду бөгөө, администрациялык жана өкмөттүк имараттарды басып алуу, жергиликтүү администрациялардын жана күч структураларынын жетекчилерин өзүм билемдикке салып дайындоо, банктарды, дүкөндөрдү талап алуу, карактоо сыяктуу укукка төп келбеген аракеттер менен коштолду. Жалпысынан, менин оюмча, 2005-жылдагы март окуяларын К.Бакиев жана анын жактоочулары айтып жаткандай революция деп да же Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, азыр Кыргызстандын Ирандагы элчиси М.Шеримкулов, А.Акаев өзү жана белгилүү саясат таануучу А.Князев мүнөздөгөндөй, мамлекеттик төңкөрүш деп да атоого болбойт. Анткени революция мамлекеттик түзүлүштү бүт бойдон, түп тамырынан кайра жаңылоону билдирет, ал эми мамлекеттик төңкөрүш адатта бир ууч адамдар же аскер кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, эреже катарында күч колдонуу менен коштолот.
Биздин жаңы тарыхтын таң калчу жагдайы ушунда болду-А.Акаев 1990-жылы 27-октябрда Москвадан учуп келип президент болсо, 2005-жылы 24-мартта элдин каарынан коркуп үй-бүлөсү менен Москвага да, ошонун өзүндөй эле учуп кетти. Конституция боюнча анын ордун ээлеп калууга милдеттүү болгон премьер-министр Н.Танаев да анын жолуна түшүп, кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып жоголду. Ал эми бардык чатактын башы болгон жаңы парламентте Төрага шайлана элек болучу. Конституциялык соттун төрайымы Ч.Баекова гана өз ордунда эле. Ошентип, күтүүсүз жагдай-бийликтин вакууму ал күнү К.Бакиевге оппозициянын лидери катары өлкө башчысынын бош калган ордун ээлөөгө жол ачты.
(Уландысы кийинки санда)

Абдыганы Эркебаев,
Коомдук парламенттин төрагасы




  Тапалак

А менен Б жана кийинкилер
Тапан жаштардын коомдук-саясий форумунда кичинекей балдардын ичинде популярдуу табышмагы пайда болду: "А и Б сидели на трубе., А сбежала, Б пропала, кто остался на трубе?"

Балдар трубада И калды дешип табышмактын жандырмагын бурчамга келтирбей эле таап кетишет. Баары туура. Мында эч талаш жок. Арийне, ошо И ден кийин деле башы ачылбаган дагы көптөгөн кычыктуу маселелер жатканын моюнга алышыбыз керек. И деген байламта кыргызча "жана", "менен" деген туюнтмаларга туура келерин эске алсак, алардын далдасында көптөгөн чаташ, сырдуу иштер жатканы түшүнүктүү болор.
Баамыбызда табышмактын жандырмагында И ден кийинки дагы беш версиясы бар - С,Ж,М жана Э.
Жөлөмө (подсказка): С-Садыркулов Медет, президенттин администрациясынын башчысы.
Ж - Жаныш Бакиев,президенттин үкасы.
М - Максим Бакиев,президенттин уулу.
Э-эч ким жок, эч кимге ыраа көрүлбөгөн, "труба" ээн турат.
Такалып калгандар үчүн кошумча жөлөмө: А - Акаев-үч жыл илгери качып кетип ("сбежал") азыр дайыны жок, Б - Бакиев - кыска мөөнөткө отпуске алып, ден соолугун чыңдап жүргөн имиш. "Пропал".
Балким,башка варианттар да бардыр? Сунуштарыңыздарды күтөбүз.

Үсөн Касыбеков