№30, 14.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ийне да эмес, темене да жоголуп…

Донорлор берген 3,5 миллиард доллар кайда кетти?
(Уландысы. Башы газетанын өткөн сандарында)
Гуманитардык жардам
1998-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин реорганизациялоо учурунда гуманитардык жардам боюнча топтолгон маалымат базасы жоголуп кеткен. Ошондуктан Кыргызстан канча гуманитардык жардам алганын азыр эч ким так айтып бере албайт. Ошондой болсо да акыркы 5 жылдын ичинде чет өлкөдөн жылына орто эсеп менен 2 млрд. сом (40 млн. доллар) гуманитардык жардам келип турганын эске алып, 15 жыл ичинде 700 млн. долларга жакын гумантирадык жардам түштү деп болжолдосо болот. Бирок бул сумма бир аз көбөйтүлүп кеткен болуп чыгышы да мүмкүн. Эмне дегенде, донорлор өздөрү алып келген жардамынын наркын койгондо, алар аны адатта бир топ көтөрүп жазышарын айтышат.
Биздин өлкөгө келип түшкөн гуманитардык жардамдын 60% дары-дармектер жана медициналык жабдыктар түзөт. Андан кийинки орунду көлөмү боюнча кийим-кече ээлейт. Тамак-аш продуктылары болсо 2% гана тегерегинде. Биздин өлкөгө гуманитардык жардамды негизинен АКШнын, Германиянын, Франциянын жана башка батыш өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддору жана диний уюмдары жөнөтүп турушат. "Каунтерпарт интернешнл", "АДРА", "Сострадание", "Луч-Надежда", "Сити хоуп интернешнл" өндүү кайрымдуулук фонддор эски кийимдерди, медикаменттерди жана медициналык жабдыктарды алып келишет. Азык-түлүк алып келүү жаатында жалгыз гана "Мерсико интернешнл" уюму иш жүргүзөт.
Гуманитардык жардамды кимге беришти аны жөнөткөн уюмдар өздөрү билишет. Мыйзам боюнча, алар бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин маалымдап коюуга гана милдеттүү. Жардамдын азыраак бөлүгү түздөн-түз Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелерине, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу кары-картаңдар жана жетим балдар үйлөрүнө, социалдык жардам көрсөтүү уюмдарына жана Өзгөчө кырдаал жана экология министрлигине келип түшөт. Көпчүлүгү адегенде Кыргызстанда ачылган кайрымдуулук фондоруна келип түшүп, алар аркылуу кийин керектөөчүлөргө, анын ичинде жогоруда айтылган мекемелерге жана уюмдарга таратылат.
Коомчулукта гуманитардык жардамдар ага муктаж болгондорго жетпей эле, орто жолдон кайрымдуулук уюмдарында иштеген адамдар тарабынан бөлүнүп алары тууралуу көп айтылат. Чет өлкөдөн гуманитардык жардам алып келип, аны сатып пайда көргөн адамдардын тобу бар экени жөнүндө да имиш кептер чыга калып жүрөт. Мен чет өлкөлүк жардамды изилдөө боюнча түзүлгөн комиссияда так ушул гуманитардык жана техникалык жардамдарды текшерген топту жетектедим. Андай фактылар бул маселелер боюнча иш алып барган Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде таптакыр жок болуп чыкты. Мен ар кайсы министрликтерден адам алып атайын топ түзүп, кайрымдуулук фонддордун айрымдарын текшертип да көрдүм. Андай фактылар чыны менен эле кээ бир фонддордо кездеше калып жатты. Бирок айтылып жүргөнгө тете анчалык көп болгон жок. Ошондой болсо да бул сөздөр калп деп айта албайм. Анткени биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болуп, ойдогудай текшерүү жүргүзө алган жокпуз.

Кыргызстандын тышкы карызы канча?
Болжол менен алынган акчалардын 2,5 млрд. доллары кредит болгонун макаланын башында айттык. Бул - донорлорго кайра кайтарылып бериле турган акчалар. Кыргызстан анын айрымдарын кайтарып берип да койду. Ошондуктан өлкөнүн тышкы карызы андан бир кыйла азыраак. 2007-жылдын 1 октябрына карата чыгарылган эсеп боюнча ал 2 млрд. 46 млн. сомду түзөт. Мен муну ар кандай цифра айтыла берилип, тышкы карыз канча экенин билбей, баш айлангандар үчүн айтып жатам. Чаташуу мамлекеттик тышкы карыз менен катар жалпы тышкы карыздын айтылышынан да келип чыгышы мүмкүн. Ал - бүгүнкү күнү 2 млрд. 285 млн. доллар. Ага мамлекеттик тышкы карыздан тышкары ишканалардын карызы кирет. 2 млрд. 46 млн. деп мен жалаң гана мамлекеттик тышкы карызды айтып жатам. Эреже катары мамлекет же анын мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болгондо эсепке так ошол мамлекеттик тышкы карыз алынат. Анткени, ал ишканалардын карызынан айырмаланып бюджеттен, мындайча айтканда жалпы элдин эсебинен төлөп берилет.
Дүйнөлүк практикада тышкы карыздын оор-жеңилин аныктоо үчүн анын ички дүң продуктыга болгон катышын пайдаланышат. Ал 48% төмөн болсо, нормалдуу деп эсептелет. Эгерде ал 48-80% түзсө, андай өлкө жеңил көлөмдөгү карызы бар өлкө деп саналат. Ал 80% дан ашып кетсе, анда ал - оор карыз. Ошентип, дүйнөлүк практикада кооптуу чек деп 80% эсептелет. 2001-жылы бул көрсөткүч Кыргызстанда 139% болуп кеткен болчу. Ал азыр 64% түзөт. Ушуга карап өлкөнүн тышкы карызы анча кооптондурбай калды, эми коркпой эле койсок болот деп айтып жүргөндөр бар. Ал гана эмес кайрадан карыз алууга үндөгөндөр да чыга баштады. Мисалы, айтылуу "Беш ашуу" программасында экономиканы оңдош үчүн чет өлкөдөн дагы 5 млрд. доллар ала туруу керек деген ой айтылат.
Тышкы карыздын ички дүң продуктуга катышынын кескин төмөндөшү - биз аны төлөп берип, карызды жоюп жибергенден болгон жок. Жөн эле сомдун курсу долларга карата өсүп кетип, ички дүң продуктуну долларга айландырганда ал мурдагыдан көп болуп калып жатат. 2001-жылы бир доллар 45 сом болсо, азыр ал - 36 сом. Бирок сомдун азыркы курсу реалдуу эмес. Мындай курс менен экономика өнүгүп кете албайт. Өлкө качандыр бир кезде сомдун курсун төмөндөтүүгө аргасыз болот. Ал болсо тышкы карыздын ички дүң продуктуга катышынын өсүшүнө алып келет. Бир сөз менен айтканда тышкы карыз маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калууда.
Мен көп адамдар тышкы карызга анчалык маани беришпесин байкадым. Эмгек акы же пенсия аз болсо же ал өз убагында берилбесе, кыйкырып чыккандар көп, ал эми тышкы карыз өсүп жатса, ага эч ким унчукпайт. Бийлик карыз албаган өлкө болбойт деп кулакка куя берип, бул ойго элди биротоло көндүрүп койгонбу деген ой келет. Буга бирөөдөн акча алып бербей коюуну эрөөн көрбөгөн кыргыздын менталитети да кошумча болуп жатса керек. Карыз алып бербей коюуну рынок экономикасы гана эмес, адамдарды кайрымдуулук кылууга чакырган ислам дини да кечирбейт. Адамды акыркы сапарга узатууда да карызы барбы деп сурашат. Ошондуктан акча берсе ала бериш керек, кечип коет деш туура эмес. Мындай саясат - жоопкерсиздик саясат.
Тышкы карыз менен эмгек акынын ортосунда да түздөн-түз байланыш бар. Өлкөнүн тышкы карызы өсүп кетсе, бюджеттин каражаты аны төлөп берүүгө кетип, айлыкка акча калбай калат. Башка социалдык жана экономикалык проблемаларды чечүүгө мүмкүнчүлүк болбойт. Бюджеттин тартыштыгы өсүп, финансылык стабилдүүлүккө да доо кетиши мүмкүн. Инфляция күчөп, валюта курсу туруксуз болсо, андай өлкөгө эч ким инвестиция салбайт. Бир сөз менен айтканда тышкы карыздын өсүп кетиши экономиканын өсүшүнө жолтоо болот. Өлкө "тышкы карызды төлөп бериши үчүн экономикасын өнүктүрүшү керек, экономиканы өнүктүрүшү үчүн тышкы карыз болбош керек" деген суурулуп чыгууга мүмкүн болбогон айлампанын ичинде калат.

ХИПКке кириш керек беле?
2006-жылы Кыргызстан ХИПК программасына киргени жатат деген сөз чыкканда бир топ саясатчылар, бейөкмөт уюмдар, атуулдар "ХИПК деген Африканын болбой калган мамлекеттери үчүн чыгарылган программа экен, бизге намыс керек, биз ага кирбей эле тышкы карыздан кутулабыз" деп пикет өткөрүп туруп алышты. Каршылык акциясы массалык мүнөзгө ээ болуп, ХИПК тууралуу материалдар массалык-маалымат каражаттарында жайнап кеткенине карап, мен аны Америкага каршы саясий күчтөр атайын уюштурганбы деп шекшип калдым. Ооба, ХИПКке киргендердин басымдуу көпчүлүгү Сахаранын аркы жагындагы жапайычылыктан жаңы чыккан мамлекеттер. Бирок биздин алардан эмнебиз артык? Кыйын болсок, мындай абалга жетпейт элек да. Азыр чуу салып кыйкырып жаткандар тышкы карыз өсүп жатканда кайда жүрүштү эле? Эмне үчүн алардын үнү азыр угулбайт? Же алар Кыргызстан ХИПКке кирбей койсо эле, маселе чечилип, жыргап-куунап калдык деп ойлошобу?
ХИПК программасын мен деле жактырып кеткен жерим жок. Бирок каршы чыкканга жараша аягына чейин туруп, абалдан чыгуунун реалдуу жолдорун көргөзгөн сунуштарды киргизиш керек эле да. 2 млрд. доллар тамаша болгонсуп, акча чогулта салчубуз дегенден башка эч нерсе айтылган жок. Кана, ошол акчасы? Улуттук банктын маалыматына караганда, болгону 1 млн. сом түшүптүр. Бир орто үйдүн баасы экен. Кыйкырып жүргөндөрдүн ичинде мен бизнесменмин деп бирөөсү жүрдү эле. Чогулган акча бизнесмен эмес эле, орто оокаты бар бир эле адам чыгарып койчу акча экени көрүнүп турат.
Азыр басма сөз беттеринде тышкы карызды экологиялык проектилерге алмашып кутулуп кетебиз деген жаңы ой айтыла баштады. Бул да ишке ашпаган жомок. Андан кутулуунун бир эле жолу бар. Ал - экономиканы өнүктүрүү. Эгерде биз ички дүң продуктуну эки эсе көп өндүрсөк, тышкы карыз эки эсе жеңил боло түшөт. Үч эсе көбөйтсөк, үч эсе азаят. Эгерде биз экономиканы оңой албасак, кредиторлор карызын кечкен күндө да, ал кайрадан өсүп, тез эле мурдагы таз кейпизизди киебиз.
2005-жылы бийлик алмашканда менин үмүтүм зор эле. Эмне дегенде, экономиканы өнүктүрбөй курутуп жаткан бир эле нерсе бар. Ал - мыйзамсыздык жана коррупция. Аны оңоонун жолу да бирөө эле - бардыгына тең бирдей эреже киргизип, темирдей катуу тартип орнотуу. Ошондо гана саясатта, анын аркасы менен экономикада да чыныгы конкуренция болот. "Биздин киши" принцибинде бөлүнүп алып таймашуунун ордуна акыл-эстин, жөндөмдүүлүктүн, илимдин-билимдин таймашы жүрөт. Ишкерлер бийлик менен тил табышып алып, мамлекеттин байлыгын уурдап тонобойт. Маңдай тер менен акча табышат. Эмне кылып жиберет деп бийликтин көзүн карап, коркушпайт. Бизнести азыркыдай тийип-качып эмес, биротоло берилип, алысты ойлоп жүргүзөт.
Тилекке каршы, ал үмүт ишке ашпачудай көрүнүп турат. Экономика мурдагыдан да жаман абалга кабыла турган болуп калды. Тышкы карыз андан ары өсүп, анын сазына биротоло батат өңдүүбүз. Себеп дегенде, демократия деп жатып мурдагыдан да өткөн авторитардык бийлик түзүп алдык. Кептин баары ага элдин өзү да күнөөлүү экендигинде. Эл темирдей тартип керек экенин жакшы түшүнөт. Бирок аны президент гана жасай алат деген иллюзиянын туткунунан чыга албай жатат. Таяке-жээни, тууган-туушканы көп кыргыздын шартында Орусиядагыдай же Кытайдагыдай президент баардыгына тең боло албасын түшүнбөй жатат. Мыйзамсыздык менен коррупция президенттин бийлигинин жетишпегенинен эмес, өтө көптүгүнөн чексиз болуп, эч кимди укпай, ойлобой калгандыгынан чыгып жатканын билбей жатат.

Сапар Орозбаков,
Бишкек экономикалык анализ борборунун директору.