№30, 14.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Киноман

Замир Эралиев:
"Голливуддун атактуу режиссерлору тартчу кинокамера бизде да бар"
"Кыргызкино" концернинин президенти Замир Эралиев киностудиянын ички турмушу, келечек планы жана өзүнүн оппоненттери тууралуу кабарчыбыз менен маегинде кеп козгоду.

"Айдаганың беш эчки..."
- Замир мырза, "Кыргызфильм" киностудиясына жакында жаңы, заманбап кинокамера алган экенсиздер. "Мындай камера менен Голливуддун атактуу режиссерлору Джон Лукас бүтүн дүйнөгө таанымал "Жылдыздар согушу" фильмин тарткан" дешет. Мына ушундай суперкамера колго тийгенден кийин эми кыргыз киносунан өзгөрүүлөрдү күтсөк болобу?
- Мени сындаган режиссерлер өтө эле көп экенин билесиздер. Мен деле өзүмдүн кемчиликтеримдин баарын билбесем дагы, көбүн билем. Бирок жакшы жактарым деле бар го деп ойлойм. Ушул кызматка келгенден бери киностудиянын материалдык-техникалык базасы көтөрүлсө экен деген максатты койгом. Мына, 2006-жылы биз киностудияга HDV деген камера алдык. Аны менен "Петрарканы окуганда", "Белгисиз маршрут" деген толук метраждуу көркөм фильмдерди, "Аралаш" киножурналынын эки санын, дагы документалдуу фильмдерди тарттык. Ал камера өтө деле кымбат эмес, 16 миң доллар турат.
2006-жылы беш өлкөнүн катышуусунда киночулардын курултайын өткөрбөдүкпү, Ошондо кайсы сценарийлерди кабыл алсак, ким менен иштешсек, кайсы мамлекеттер менен биргелешип кино тарта алабыз деген максаттарды койгонбуз. Бирок, бул максаттарыбызга жете албай жатабыз.
- Сиздерге 120 миллион сом бөлүнөт деп айтылып жатпайбы?
- Бөлүнөт. 2006-жылы биз 60 сом миллион сурасак, эми 120 миллион сурайлы дегенбиз. Андан тышкары киностудиянын техникалык жабдуусун жаңыртуу жагын ойлонуштурганбыз. Былтыр өткөн Ысыккөл кинофестивалы да ошол курултайда пландаштырылган. Ала турган камерабыз "Кодак" пленкасынын деңгээлине жете алгыдай сапатты бере алыш керек эле. Ошондо операторлор менен кеңешип, пленка менен иштей турган болсок, аны проявка кылыш үчүн көп акча кетет, анткени өзүбүздө лаборатория жок. Алматыга, Москвага же Индияга алып бара турган болсок чоң чыгым болобуз десем, өзүбүздүн операторубуз, киностудиянын директорунун орун басары Сапар Койчуманов концепция сунуш этип калды, киностудия цифралык форматка өтүш керек деген. Мунун эмнеси жакшы десем, ушул камера пленкага жакын деди. Бүтүн дүйнөгө таанымал Германиянын "Арифлекс" фирмасынан да консультация алып көрдүк. Ошол ойлордун баарын топтогон соң, мен Койчумановдун концепциясына ынандым. 2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Б. Мурзубраимов башкарган социалдык өнүгүү боюнча комитетинде жыйын болуп, ага ошондогу каржы министри Акылбек Жапаров да катышкан, ошондо эгер кыргыз киносун өнүктүрөлү десек ушул камераны алыш керек десем, алар колдошту. Акча өткөн жылы август айында түштү бизге. Анан тендер жарыяладык, Сапар Койчуманов Голливуддан алабыз дегенде мейли дедик. Аяктан келиши эле заказы менен 2000 долларга чыкты. Ушинтип камера колубузга тийди. Эми бизге видеомонтаж станциясы, тейлей турган техниктер керек. Менин душмандарым, душмандарым эмес оппозициям мени миң ирет жаман көрүшсө дагы ушул аракеттерди туура баалашаар дейм.
- Эми ушул камераны алгандан кийин ушуга ылайыктуу тартыла турган фильмдер, жазылган сценарийлер планда барбы?
- Бар. Курманжан датка жөнүндө фильм тартабыз. Анын сценарийин жазып бергиле деп ВГИКте окуган Төлөгөн Жантаев деген жигитке, драматург Жаныш Кулмамбетовго, кинодраматург Кадыркул Өмүркуловго сунуштагам. Эми биз жакында тендер өткөрөбүз. Анан кимдики жакса, ошонукун тартабыз. "Сынган кылыч" жөнүндө да сөз болуп атат. Төлөгөн аке (Т.Касымбеков - ред.) менен сүйлөштүм. "Болот Шамшиев менен иштейсизби?" деп. Ал киши мен ойлонуп атам, өзүм бүтүрөм дегендей кылды. Үчүнчү сценарий - "Курманбек". Албетте, ушул үч сценарий менен эле иш бүтпөйт. Азырынча алар да толук даяр эмес. Ушул бөлүнүп аткан акча жетеби-жетпейби деген суроолор мени кыйнайт. Казактар деле "Көчмөн" деген фильмге 34 миллион доллар коротушпадыбы. Режиссеру америкалык. Башкы ролдо да америкалыктар тартылган. Бирок, жыйынтыгын деле көрбөдүкпү…

Оппоненттер эмне дейт?
- Азыркы кыргыз киносу Борбор Азиянын мамлекеттеринин киносунун ичинде кандай баскычта турат?
- Мурда кыргыз киносу биийик деңгээлде турчу эле. Бул сөздү менин оппозиционерлерим жактырбай калышы мүмкүн. Биздин өзүбүздүн ордубуз бар деңизчи. Бирок, мени жаман көрөт дегеним мындай: биздин балдар азыр кино тартып атышат, тарткан жок деген сөздү мен айта албайм. Бирок биз кыйратып атабыз, биз укмушпуз деп айтуудан да алысмын. Себеби мен жакында ушул ойлорумду айтсам, Эрнест Абдыжапаров айтып атпайбы. "Кайсы бийиктиктен ушул сөздөрдү айтып атасыз?" деп. Мен айтам, бир эле бийиктик бар. Меники да эмес, Эрнестики да эмес, ал түгүл Шамшиевдики да эмес. Бул бийиктик япон киносундагы Куросава, швед киносундагы Бергман, италия киносундагы Феллини, Антонионилердин бийиктигинен сүйлөп атам. Ошол бийиктикке жеткен фильмдер аз болуп атат.
- Баса, ошол сиздин оппозицияңыз да ушул камераны колуна алат да, кино тартканы?
- Алышсын, тартышсын. Мен киночуларды бөлбөйм. Анткени баарыбыз бир казанда кайнайбыз. Биз элбиз, журтпуз, кесиптешпиз. Ошондуктан меники, сеники деген туура эмес болуп калат.
- Эмне үчүн жаман көрүшөт, сизди?
- Биринчиден биз кыргызбыз. Эч качан бири-бирибизге жардам бербейбиз. Бизде көралбастык бар. Бул биздин менталитет окшойт. Мен ушул ойду көптөн бери эле айтып жүрөм. Ушул орунда мага чейин Муктаалы Бектеналиев олтурган. Анда Тынай Ибраимов киностудиянын директору эле. Ошондо мен ушулардын үстүнөн бир дагы жолу кат жазып же телевизордон чыгып: "ай эмне үчүн ушулар иштеп атат, ыя?" деп айткан эмесмин. Кудай бердиби сага ушул кызматты, колуңдан келсе иштегин, колуңдан келбесе башка кишиге өткөрүп бер деген позицияда турамын. Эми, жаман көрөт деген сурооңузга кандай жооп бере алам. Балким менин көзүм жакпайт же сөзүм жакпайт…

Акаевдин учурунда жакшы кино жок беле?
- "Акаевдин тушунда бир дагы жакшы фильм жаралган жок" деген пикириңиз бар. Мисалы, Актан Арым Кубаттын "Бешкемпиричи?"
- Актан таарынбай эле койсун. Акыркы эки айда мен сын катары эмес, ой жүгүртүү катары айтып эле келатам. Актандын фильмдери кыргыз киносунун деңгээлин эч качан көтөрө албайт. 2006-жылы өкмөттүн эки жолку жыйынында болдум. Ал жыйында Кыргыз маданиятынын күндөрүн Россия федерациясынын Пермь шаарында, анан Алматыда өткөрүү маселеси каралган. Адахан Мадумаров менден сураган, кимдердин фильмдерин көрсөтөсүз деп. Ошондо мен Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдин, Мелис Убукеевдин баланча-баланча фильмдерин деп аттарын жазып, Актан Арым Кубат менен Эрнест Абдыжапаровдун "Бешкемпир" менен "Айыл өкмөтүн" да киргизгенмин. Ошондо комиссия "жок, бул фильмдерди Кыргызстанда көрсөтсөк көрсөтөбүз, бирок Россия менен Казакстанда көрсөтсөк туура эмес болуп калат" деп макул болбой коюшкан.
- Актан Арым Кубат мени жаман көргөн үчүн ушинтип айтып атат деп ойлоп калышы мүмкүн да?
- Мен мисалы, Актандын өзүн жамандаган жокмун да. Мүмкүн ал алтын кишидир. Мен анын фильмин гана сындап атам. Фильмди жаман деп деле айткан жокмун. Кээ бир кадрларына макул эмесмин деген гана сөз болуп атат. Ушул кадрлар мага жакпайт деп айтып атам. Мисалы, мен фильмди башынан-аягына чейин жаман деген деле жокмун. Тескерисинче, "Бешкемпир" Актандын эң мыкты фильми деп ойлойм. Башка фильмдеринин деңгээли начар. Бирок, ошол эң мыкты фильминде балдардын жанагы кумдан жасалган аялга секиргени, анан "эй, балакай андай кылбайт, тигиндей кылат" дегени… Мүмкүн турмушта ушундай болгондур, бирок ар бир нерседе эмнени көрсөтүштү билиш керек…
- Жана сиз айтып атасыз, казактар Милош Форманды чакырышыптыр. Кыргыз киносунун Голливуд менен биргелешип кино тартсак деген планы жокпу?
- Андай ой ар. Былтыр Ысыккөл кинофестивалына Голливуд жылдыздары Арманда Санти менен Керри Тагава келгенде алардын продюсери казак жигит экен, ошону менен сүйлөшкөнбүз. Азырынча атын айтпай турайын. Бир сценарий иштелип атат, Керри Тагава менен Арманда Санти тартыла тургандай болуп. Кино болсо Кыргызстан, Казакстан, Россия анан Американыкы болот. Демилге биздики, сценарийди жазып аткан дагы кыргыз.
- "Баарын коюп, Манасты айт" дегендей, "Манасты" качан фильм кылып тартабыз?
- Менин оюмча "Манасты" тартууга дагы беш жыл убакыт керек болот го…

2006-жылы биз киностудияга HDV деген камера алдык. Аны менен "Петрарканы окуганда", "Белгисиз маршрут" деген толук метраждуу көркөм фильмдерди, "Аралаш" киножурналынын эки санын, дагы документалдуу фильмдерди тарттык.

Биздин өзүбүздүн ордубуз бар деңизчи. Бирок, мени жаман көрөт дегеним мындай: биздин балдар азыр кино тартып атышат, тарткан жок деген сөздү мен айта албайм. Бирок биз кыйратып атабыз, биз укмушпуз деп айтуудан да алысмын.

Маектешкен
Шааркүл Медетбекова