№30, 14.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Карабалта, Сокулук,
Кат жаздым сага олтуруп

ЖАЙЫЛ БААТЫРДЫ КАНТИП ЧӨГӨЛӨТҮШКӨН?
Май айында Жайыл району түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын белгилегени турат. Кезегинде республиканын жалпы кирешесинин итабар бөлүгүн берип турган, айыл чарбасы менен өндүрүш тармагы эриш-аркак өнүккөн, жери берекелүү, эли билимдүү, Кыргызстандын бирден-бир кубаттуу өнөр жай аймагы болгон район өзүнүн "пайгамбар" жашын тилекке каршы чаалыккан, чарбасы чачылган, алсыраган абалда тосуп жатканы.

Шайлоодон кийин жаңыдан оошкон район жетекчилигинин чын ыкластан жасап жаткан аракети менен азыркы күндө "тойго " карата көчө бойлору иреттелип, имараттар акталып, сырдалып, бактардын саксайган бутактары кесилип, ишкана уюмдардын жетекчилеринин башын кошкон жыйындар ат тезегин кургатпай уюштурулуп, "уят болбой" юбилейди өткөрүп алуунун камы көрүлүүдө. Карапайым элдин башын качан болсо эпикалык жомоктор, апыртма уламыштар менен айландырып, "улуу элбиз, баатыр жанбыз" деп көнгөн көңдөй патриоттугубуз менен бул жолу да керней сурнайыбызды бапылдатып, тойду дүңгүрөтө өткөрөөрүбүздө шек жок. Бирок бир кездеги күүлдөгөн өндүрүштүн ыргагы токтоп, томсоргон ишканалардын абалы, колундагы токочун жулдуруп жибергенсиген жумушсуздардын миңдеген армиясы, жокчулук менен кымбатчылыктан жону кайкалаган карапайым калктын маанайы майрамдык дегидей болбой турганы.
Райондун борбору Карабалтадагы Жайыл баатырдын эстелиги кийинкилерге сүр берип, эрдиктерге үндөп тургансыган менен азамат мойнун жок кесип, күнүмдүк нан табуунун азабы,түркүн- түмөн түйшүктөн турган маселелер эки бутту бир кончко тыгат. Буга алардын жалкоолугу менен шалаакылыгы себеп деген бир беткей актануу суу кечпейт. Миңдеген жумушчулар менен алардын тагдыры түздөн түз байланышкан ишканаларды мынчалык бечара абалга алып келген баш аламан реформалар менен экономикалык кыйратуулар болду.
Өзүңүз карап көрүңүз, 1992-жылга чейин Карабалта шаарында эле кант комбинаты, тоо-кен иштетүү комбинаты, нан, консерва, сүт, пиво, оюнчук чыгаруучу заводдору, турмуш тиричилик комбинаты, 6 курулуш жана 4 транспорт уюму, гидрометаллургиялык завод, килем токуу комбинаты иштеген. Шаарда 11 орто мектеп, медициналык, 2 техникалык окуу жайы, тамак аш өнөр жайы техникуму,1 музыкалык, 2 спорт жана 1 кечки мектеп, 2 маданият үйү, кинотеатр, 5 клуб, оорукана бейтапканасы менен, стоматологиялык бейтапкана, 2 музей болгон.
Кайыңды ун тартуу комбинатында 705 жумушчу иштеп, бир жылда 40707 миң сомдук товардык продукция чыгарган. Карабалта кант комбинаты суткасына 455 тоннадан кант чыгарып, жылда 120280 тоннаны түзгөн. Спирт заводу 1992-жылы 281 дал этил спиртин,1237 тонна ачыткы чыгарган. Комбинатта ошол кезде 1028 жумушчу иштеп, жылына 337267 миң сомдук товардык продукция чыгарган.
Карабалта кийим тигүү фабрикасында 800 тигүүчү иштеп, 33458 миң сомдук шейшептерди, аялдардын көйнөктөрүн, кебез кездемеден ич кийимдерди, балдардын сапаттуу кийимдерин сатыкка чыгарган. Атагы алыска кеткен килем комбинаты 1992-жылы 1 млрд 679498 миң сомдук товар өндүргөн. Сүт заводу ынак сүт, сыр, жууган май жасап, калк дасторконуна сапаттуу азыктарды берип турган. Тоо-кен иштетүү комбинатында "Макмал алтын" комбинатынын продукциясынан жогорку сапаттагы таза алтын алынып,тоо кен өткөөлдөрүн казуучу комбайн, бургулоо станогу, темир бетон жана жыгач уста буюмдары,электр кыймылдаткыч,эл керектөөчү товарлар чыгарылган. Комбинат продукциясын Америка, Корея, Польша, КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүп турган.
Азырчы? Карабалталык жашоочунун кайсы биринен сураба, жооп айтуудан тайсалдап турат. Өндүрүштүн күрөө тамыры болгон (кызылчачы дыйкандардын тагдыры байланышкан) кант комбинаты сенек абалда. Тоо-кен комбинатын өткөн жылы россиялыктар айланчыктап отуруп, жумгакташкан. Килем комбинатынын кесилип, сыртка ташылып жаткан станокторунун бирди-жарымын отко сууга түшүп жатып алып калган патриоттор эптеп жалгыз цехин тирилткенге аракеттенип жатышат. Спирт заводу жергиликтүү ичимдиктер рыноктон сүрүлүп калгандан бери "ийнинен" араң дем алып жатат.
Жалпы абал ушундай болгон соң адаттагыдай ала тоодой эт, ала көлдөй чык кылып, той өткөрүүнүн кажети бар болду бекен? Андай айбатка кезегинде районду жетектеп, ат ойнотуп, куш салган Ашыралиевдикиндей амбиция же сый-сыпаттан чыкпаган Сыйдановдукундай сыйгалактык гана жол бербесе.

Сүйүн Курманова





 … Атажурт, алакандай Кыргызстан

Жер сүйүү, жер үмүт
Атажурттун бир ууч топурагы… кулакка жагымдуу, уккулуктуу ушул сөз дилинде багылып, Алыкулдун "Ата Журтун" окуп, анын ар бир сабына таасирленип чоңойгон инсандарды, негедир саясий элитадан издей берчү болдум…

Мекенибиздин азыркы урпактарын, аны коргоочу келечектеги атуулдарын карап отуруп, Мекенге болгон сүйүүсүн, көздөрүнөн кенедей болсо да жылт эткен учкундарын көрө албай жүрөгүм сыйрылат. Ким билет балким, улуу муундар, орто муундар да аларга Мекен сүйүүсүн тереңирээк түшүндүрө албай, Мекенге болгон мамилесин көрсөтө албай жатабы, же Мекен деген сөздүн мааниси супсак болуп, сезимдери ойгонбой жатабы? - деп башаламан чачылган ойлорумду жыйнай албай, кээде теригип да кетем.

Эч болбосо чегарабыз такталсачы
Бул маселе эгемендүүлүк алгандан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдөн. Коңшулаш мамлекеттерге чектеш жашаган аймактардын баарында мындай окшош маселелер бат-бат кайталанып турат. "17 жылдан бери Кыргыз бийлиги чегараны тактап койбой тезек терип жүрдү беле, таң көрү" деп нааразы болгондор карапайым калк арасында четтен табылат. Чегара маселелери боюнча сөз козголгондо эле 17-жылдан бери бийликтин берген биринчи жообу бул: "КМШ мамлекеттердин баарында тең чегара маселелери бар, тактала элек жерлерди тактап алалы анан, чечилет". Бирок, ушул күнгө чейин такталып, чекит коюлганын уга элекпиз. Чегара маселеси Кыргызстандын түштүк региондорунда абдан татаал. Тажикстан, Өзбекстанга чектешкен жерлерде ар дайымдан бир дайым улуттар ортосунда карама-каршылыктар да байма-бай кездешип турат. Атүгүл адам өмүрү кыйылган учурлар болгон эмеспи.
Кыргыз-тажик эки өлкө чегара тилкесинин 480 чакырымга жакыны такталып, Баткен жана Согду облустарында чегара тилкелелери өтө чырмалашып кеткендиктен аны тактоо иштери бир топ кыйынга тураарын адистер айтып келишет. Ал эми Кыргызстандагы улам күчөп агылып бараткан миграциянын кесепетинен Баткен облусундагы 2 миңден ашуун гектар жерди Тажикстандын жарандары басып алышкандыгын депутат Мурат Жураев айтып чыкпадыбы. Ал: "Кыргыз жарандары паспорту менен сууга ташууга барып калган жана мектепке кыздарды зордукталып калбасы үчүн бир нече улан узатып барат. Ал эми биздин губернаторду коңшу республиканын чегарачылары токмоктоодо!"-деп жөн жерден күйүп бышкан жок. Кырдаалдын курч экенин ушундан эле билүүгө болот.
Ал эми Өзбекстандын чегарасына чычкан сойлоп өтө албайт.
Жакынкы күндөрдөн бери кыргыз-казак чегарасы боюнча талаш-тартыштар коомчулукка маалым. Өкмөттүн аппаратынын аймактык проблемалар боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун берген маалыматы боюнча кыргыз-казак чегарасы жалпысынан 1241 чакырымды түзөт. Март айынын соңунда Каркыра жайлоосундагы жерлерди барып көрүп бир чечимге келери күтүлүүдө. Талашка түшкөн Каркырадагы Кыргызстанга тиешелүү бир нече гектар жер казактарга өтүп кетүү коркунучу бар экенин айрым саясатчылар айтып чыгышты. Бул маселе деле Кыргызстандын башка аймактарынан айырмаланып чечилет дегенге азырынча ишенүүгө мүмкүн эмес. Ал үчүн эч болбосо дагы бир топ жылдар керектелет.

Мыйзамды сыйласа…
…ушинтип, алакандай Кыргызстан четинен кертилбейт эле. Түштүктөн тажик-өзбекстандыктар бир чарчы жер ээлеп калууга далбастап, улам билинбеген жер муктаждыктарын чечүү аракетинде. Ал эми Чыгыш тараптан, экономикалык өсүү боюнча, улуу державаларга тең-тайлашып келаткан коңшубуз Кытай деле жөн турбайт. Ансыз да айтылуу Үзөңгүкуушту ээлеп алышпадыбы. Андан кийин Акөгүз да Кытайга берилгени атыптыр деген да кептер чыккан. Каркыра деле азыр чечиле элек деп эсептелинип жатат. бирок, кандай чечилери азыр белгисиз. Бул бир гана маселе. Ушул чегара маселелеринин артында кандай көйгөйлүү маселелер келип жатканы деле азыркы бийликтин башын ооруткан жери жок. Эң ириде мыйзам сыйланбайт. Башмыйзамдын гаранты тарабынан да, мыйзамды жазып, бекиткендер тарабынан да. Баары кагаз бетинде, сөз жүзүндө гана. Эгерде ушунун баары жүрөк менен каралып, абийир менен аткарылса, башкача болмок.
... "Кандай кылган күндө да Кыргызстан мамлекеттик коопсуздугун, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоого милдеттүү" деп көп айтылат. Бүгүнкү күндө мамлекет үчүн абройлуу инсандардын, бир ууч саясатчылардын, бир күндүк кызыкчылыгы үчүн баары башаламан болуп, Кыргызстанды саясий чаң басып турбаганда, Мекенди сүйүү кандай болорун, башкалардан эмес өзүбүздөн үлгү кылып көрсөтөөр белек өз келечегибизге, ким билет.
... Дагы эле Атажурт, алакандай Кыргызстан.
... Атажурттун бир ууч топурагы… кулакка жагымдуу, уккулуктуу ушул сөз дилинде багылып, Алыкулдун "Ата Журтун" окуп, анын ар бир сабына таасирленип чоңойгон инсандарды негедир саясий элитадан, негедир эл алдыңкыларынан издей берчү болдум…

Гүлбарчын Якубова