№29, 11.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Жаш элек шайыр шаттанган…"

Айтылуу Ашыралы Айталиев:
"8-мартта туулгам"
8-мартта айтылуу төкмө акын Ашыралы Айталиев 81 жашка чыкты. Ал таңкы саат 3-4дө Канттын үстүндөгү Жайылма деген жерде, 70 түтүн жедигер уруусунда жарык дүйнөгө келген.

8-март алдында үйүнө барсак, Ашыралы Айталиев боз мышыгын жанына олтургузуп алып үйүндө экен. Боз мышыгы мышыктай болуп, оролуп башын катып жатпай, жолборстой, эки бутун алдыга коюп, айбаттуу жатат. Ээсинин сөзүн тыңшап олтургансыйт.
- Агай, туулган күнүңүздү белгиледиңизби?
- Мурда ал күнү кош майрам болуп, көбүрөөк аялдардын майрамына көңүл бурулуп кетип, меники унутулуп калчу. Кийинки 3-4 жылы белгилеп келатабыз.
- Эл алдына чыгып, дагы эле ырдагыңыз келеби?
- Ырдоого азыр дарман келбей калды. Үнүм бүтүп, дем кыстыгат, бронхиалдык астмам бар, жүрөк да дүкүлдөйт.
- Жумушка чыксаңыз, оору- сыркоо да унутулуп калабы?
- 60 жылдан бери эле филармонияда иштеп келатам, дагы эле иштегеним ушул да, "Айтыш" коомундагы жаш төкмө акындарга он күндө бир барып, сабак өтүп турабыз, Тууганбай экөөбүз. Садык Шернияз "Айтыш" коомун уюштуруп, чоң иш жасабадыбы. Болбосо, Эстебес, Тууганбай, Замирбек, мен болуп, төкмөлөрдөн төртөөбүз эле калганбыз. Бизден кийин бул өнөрдү ким улайт деп санаага батчу элек. Мына эми, Аалы, Азамат, Шекербек,Амантай, Эсенбек… чыгып келатат. Буларды билесиңерби?
- Аалы менен Амантай 8-марттагы филармониядагы концертте куттук айтты.
- Ии, кайрандарым.
- "Нарындан жазган салам катыңыз" эмдигиче ооздон түшпөй келет…
- Ал ырды жазганда мен 31 жашта болучумун. Ал убакта Нарын театры Караколдо жайгашкан. Нарындын өзүндө театр ачканы Кыдырназаров, Куттубаев, Назаралиев болуп бардык. Нарында Шералиевдин тобу бар экен. Театр ачканы январда барып, май айына чейин жүрдүк. Театр 11-майда ачылды. Медербек Назаралиев Гоголдун "Үйлөнүүсүн" койду. 1-бөлүмдө ырдап бүткөндөн кийин 2- бөлүмдө запас ыр жок, анан ойлоп олтуруп, ошол замат чыгарып, ырдап калдым. Анан силер ушул убакка чейин ырдап келатасыңар. А негизи биздин өнөрүбүз - айтыш, ыр болсо ага кошумча.
- Атаңызды, апаңызды эстейсизби?
- Атам Айталы 1936-жылы Москва мамлекеттик университетин бүткөн, билимдүү киши эле. Шаарда иштеп, кийин айылда кызматкер болду. Апам колхоздо эле иштечү, ал кезде коммунисттер жарын эркелетпей, катуу кармашчу экен.
- Кара жумушка кандай элеңиз?
- Согуш чыкканда мен 14 жашта элем, соко айдап, чөп чаап, айтор жумушту ылгабай жасадык. Өмүр бою иште да иштеп, көңүл да ачып, айтор, жумушка баруу көпчүлүк үчүн майрамдагыдай өтчү.
- Азыр эшикке чыгып, сейилдеп турасызбы?
- Ооба, эшикке чыгып, кыбырап ары-бери басам. Жаш кезде Арпа, Аксайга чейин кыш-күрөөдө да жүрө берип, суукка урунуп алыптырмын. Мына эми жаз келди, аны менен бааарыбызга жакшы маанай келишин каалап олтурам.

Айгүл Бакеева




  Ырмайдан

Гүлнара Кахарова:
"Беш жыл бешик ырын ырдадым"
- Гүлнара, сиз сүйүктүү ырчы эле эмес, көп балалуу эне экениңизди билебиз…
- Ооба, менин алты балам бар. Биринчи орунга мен үй-бүлөмдү коем. Бирок чыгармачылык өнөрүмдү да таштагым келбейт.
- Жакында концерт берем деп жатыпсыз. Ырчылар азыр продюсер алып иштешет экен. Сиздин да продюсер алсам деген оюңуз жокпу?
- Продюсер да, спонсор да өзүммүн. Өз киндигимди, өз тушоомду өзүм эле кескем. 89-жылдары биз сахнага жаңыдан чыгып келатканда продюсер дегенди билген эмес элек.
- Концертиңизде жаңы ырлар, жаш ырчылар болобу?
- Акыркы беш жылы үйдө бекер эле жаткан жокмун. Мурда ырдап жүрүп, эми капаста калган булбулдай болуп калганым болбостур дедим да, жаңы ырларды жаздырдым. Жаңы аранжировка, форма, сахнанын да башкача жасалгасын көрө аласыздар. Бийчилер менен да иштешип жатам. Баламды терметип, бешик ырын ырдап, репетиция да жасап жаттым. Анда-санда тойлорго чакырып турушту.
- Гүлнара, той демекчи, тойлордогу ставкаңар жогорубу?
- Мен ставкам мынча-тигинче деп айтпайм. Бирок ставкам 1000-1500 доллар дегендерге ишенбейм. Чындыгында кеп акчада эмес, атак-даңк, элдин сүймөнчүлүгү баарынан улук.
- Сиздердин убактагы ырчылар азыркы жаш ырчыларга ар кандай ойлорун айтып жүрүшпөйбү. Сиз кандай ойдосуз?
- Биз жаш кезде улуу муундагылар биз жөнүндө ойлорун ортого салышчу, акыры ары кетип, бери кетип отуруп ун элегендей эле электен өтүшөт, бара-бара чыныгы таланттар калат дагы, анча-мынчасы жолдо ташыркаган аттай болуп кала беришет.
Мага Роза деген кыздын үнү тунуктугу менен айырмалангандыгы менен жагып жүрөт. Улуу муундан Гүлсүн Мамашеваны караңызчы, биз бала кезибизде эле анын үнүн укчу элек, азыр деле ошол үн.
- Жолдошуңуз сиздин ырдаганыңызга каршы болгон жокпу? Гастролдорго да чыкпайт экенсиз.
- Башында "сен ырдабай эле кой, кааласаң чакан бизнес же чач-тарач ачып берейин" деп айтып жүрдү. Менин ырдабай туралбасымды сездиби же ар ким, теңтуштарыбыз деле Гүлнараны качан чыгарасың, ырдатпайсыңбы деген сөздөрүнөн тажадыбы, айтор, кийинки күндөрү ырдачы деп айта баштады. Өзү ырларымды жаздырып берип, концертимди өткөргөнгө эң бир "верный" спонсор болуп берип жатат.
Шааркүл Медетбекова




  Ыр таржымал

Жалил Садыков:
"Ырдагы тагдыр кийин өз башыма келди"
Жүрөктөн чыккан чыгарма жүрөккө жетет эмеспи. Улуу муундагы обончулар жараткан обондор менен ал кездеги акындар жазган ырлар ташка тамга баскандай болуп тураар эле. Жаш ырчыларыбызга аз да болсо өз таасирин тийгизип, ушул убакка чейин жаңыча тагдыр күтүп, жаңыча ырдалып келаткан ырлардын бири- Жолдошбек Мамажановдун "Сүрөтүңө" аттуу ыры. Анын обону менен сөзү төп келишип турат. Ошол ырдын таржымалын сурап, биз ырдын сөзүнүн автору Жалил Садыковго кайрылдык.

- Жалил агай, "Сүрөтүңө" деген ырдын таржымалы кандай, ал кандайча жаралган?
- Анда мен жыйырма беш жашта болучумун. Студент кезимде ар кимдин башынан өткөн сүйүүсү тууралуу угуп, жаштыктын жалындаган сезими менен жаратып калгам.Үч жылдан кийин ал ыр "Убада" аттуу биринчи ыр китебиме чыкты.
- Эл арасында мындай аңыз кеп бар. Бул ырды Жалил агай бир кызды аябай сүйүп калып жараткан экен, ал кыздан жалгыз гана сүрөт калган экен, ал кызга болгон кусалыгы ушул ырды жаратууга түрткү болуптур деп айтышат…
- Жогоруда айткандай мен ал ырды бирөөгө арнап жараткан эмесмин. Бирок ыр жаралгандан кийин ырда айтылгандай тагдыр өз башыма туш келип калса болобу. Бир кызды жактырып, бирок ага жетпей калдым. Анын жалгыз сүрөтү менде калды. Сүрөттү ушул күнгө чейин сактап жүргөнүм да чындык.
- Жолдошбек Мамажанов агай кандайча обон жаратып калды?
- Жолдошбек Ошто жүргөндө менин ошол китебимди окуп, ушул ырды жактырып калып, алгачкы обонун жаратыптыр. Ал мага келип, ушул ырга обон чыгарганын айтып, толкунданып ырдап да берген. Азыр Жолдошбек "Жалил агайдын ырын окубай калганымда такыр эле обончу болбой калмак экенмин деп айтып калат.
80-жылдары чыгарылган бул ыр азыркы күндө да жаңыча нукта ырдалып келет. Нурбек Айдаров менен "Кыз бурактын" солисти Айжамал Кабылова тарабынан ыр дагы жаңырып келатат.

Майрам
Шарипова