№29, 11.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Аалам "Ааламда"

Дүйнө жүзүндөгү эң бай киши
Айтылуу "Форбс" журналынын иликтөөсү боюнча учурда дүйнөдөгү эң бай адам деп 77 жаштагы америкалык Уоррен Баффет табылды.
Анын өткөн жылдагы кирешеси 62 млрд. долларды түзүптүр. Баарынан кызыгы бул дөөлөттүү адам АКШнын Небраска штатындагы өзү 1958-жылы сатып алган жупуну эле короо-жайда турат экен. Албетте, башка имарат жайлары да бардыр, бирок өз үйүм деген турагы ушул тура. Короо-жайдын азыркы нарк-баасын 31 миң доллардан бир аз ашат деп айтып жатышат.

Малайзияда бийлик партиясы уттура баштады
"Азия жолборсторунун" катарына кирген Малайзияда 8-март-та парламенттик шайлоо өттү.
1969-жылдан тартып бул өлкөдө бийликти ээлеп келаткан башкаруучу коалиция мурдагысындай парламенттеги орундардын үчтөн эки бөлүгүн өзүнө камсыз кыла албай калды. Бул 39 жылдан берки биринчи жолу болгон окуя. Өлкөнүн парламенти менен бир катарда анын 9 штатындагы жергиликтүү парламенттерге да шайлоо болуп, 6 штаттын парламенттеринде бийлик партиясы мурдагыдай көзөмөлдүк абалга жетише албады. Буга чейин бир гана штаттын парламентинде оппозиция көпчүлүктү түзчү.

Косово Евробирликти бөлүп жатат
Албетте, бардык уңгулуу маселелер боюнча болбосо да, Косовонун көз карандысыздыгын таануу маселеси боюнча ушундай десек болчудай.
Бирликтин бир топ мүчө мамлекеттери Косовонун көз карандысыздыгын таанышканы менен, калгандары мындай кадамды жасоого шашылбай турушат. Баарынан таң калыштуусу, мындай бөлүнүш Косово бөлүнүп кеткен Сербиянын өзүндө да байкалууда. Сербиянын өкмөт башчысы Воислав Коштуница өзүнүн кызматынан кете тургандыгын жарыялады. Мунун себеби - министрлер кабинетинин Косово маселеси боюнча бир пикирге келе албагандыгында. Бир топ министрлер Сербиянын Евробирликке кирүү маселесин Косовонун көз карандысыздыгын таануу маселеси менен тикелей байланыштыруудан баш тартышыптыр. Ошентип, башкаруучу коалиция ыдырагандыктан, эми Сербияда кезексиз парламенттик шайлоо болушу күтүлөт.

Арменияда президент мыйзамдуу шайланыптыр
Жакында бул өлкөнүн Конституциялык соту президенттик шайлоодо жеңилип калган талапкерлердин доо арыздарын карады.
Жыйынтыгында ал Серж Саркисянды президенттикке шайланды деген Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин мыйзамдуу экендигин тастыктады. Ошентип, башкасын айтпаганда да, укуктук жагынан алганда президенттикке талапкерлердин так талашына чекит коюлгансыды.

Казакстан азык-түлүктү тышка чыгарууну чектейт
Мунун себебин дүйнөлүк базарда азык-түлүктүн кымбаттап жатышы менен түшүндүрүшүүдө.
Данды, асыресе буудайды экспортко чыгарууну кыскарта тургандыгын Казакстан мурда эле айтып келген. Эми башка азык-түлүктөрдү, маселен, өсүмдүк майын экспорттоону да чектейт экен. Бул болсо Казакстандан мындай азыктарды импорттоп турган Кыргызстан сыяктуу кошуна өлкөлөрдө алардын баасынын кескин көтөрүлүшүн шарттап коюшу ажеп эмес.

Венесуэла аскерин чек арадан алып кетти
Буга чейин бир апта бою Латын Америкасындагы нефтиге бай Венесуэла мамлекети өз кошунасы Колумбия менен болгон чекарага аскерлерин топтой баштаган эле.
Анын себеби, Колумбия террористтер менен күрөшүү жүйөсү менен, колумбиялык партизандардын кошуна Эквадор мамлетинин аймагында жайгашкан базасын жок кылуу боюнча аскердик операцияны бул мамлекеттин макулдугусуз жүргүзгөн. Бул аракет көз карандысыз Эквадордун суверенитетин бузуу катары бааланып, анын коңшусу Венесуэла менен башка бир коңшусу Колумбиянын мамилесиндеги чырдашууларга алып келген. Ар кандай сүйлөшүүлөрдүн аркасында чатак согушка жетпей, Венесуэла аскерин артка кайтарды.

Муз туткунунан бошотулду

Россиянын куткаруучулары 755 (775 деп да жатышат) адамды сактап калышты.
Сахалин аралынын ушунча сандагы ышкыбоз балыкчысы шамал менен толкун айдаган муз үстүндө жээктен алыстап Охот деңизине калкып кетишкен. Музду оюп, кайырмак салып балык кармоонун бул күйөрмандарын деңиз бетинен таап, жээкке жеткирүү үчүн эки тик учак эки күн бою тынымсыз учуп-конуп турушуптур.

Косоводон кийинки - Абхазиябы?
Грузия бийликтери Россияны ушул багытта кадам жасап жатат деп айыптап жатат.
Анын себеби мында. Абхазия өзүн Грузиянын курамына кирбеген көз карандысыз мамлекет катары кыйладан бери эле умтулуп келет. Бирок, алыскыларды айтпай эле коелу, Россия баштаган КМШ мамлекеттери да Абхазиянын сепараттык кадамдарын тааныбай, аны ооздуктоо үчүн бир катар экономикалык санкцияларды белгилеген. Жакында Россия өз тарабынан бул санкцияларды алып салгандыгын жарыя кылды. Серепчилер муну Абхазияны из жүзүндө таануунун алгачкы кадамдарынын бири катары баалап жатышат.

Израилдеги терракт
Өткөн аптада Иерусалим шаарынын еврейлерге караштуу делген бөлүгүндө ири терракт болуп өттү.
Жалпы еврей жамааты үчүн кадыр-барктуу болуп эсептелген диний мектепте жардыруу болуп, анын натыйжасында 8 окуучу каза тапты, 3 адам оор жарадар болуп, дагы 6 киши жеңил жаракаттарга учурады. Израиль бийликтери бул террактты жасаган деген шек менен 8 адам кармалгандыгын билдиришти.

Кытайда баалар жогорулоодо
Азыркы мезгилде бул өлкөдө болуп жаткан инфляциялык көрүнүштөр 1996-жылдан бери кайталана элек экен.
Январь айында керектөө бааларынын өсүшү 7.1 пайыз болсо, февраль айында 7.9 пайызды түзүптүр. Бул, албетте, дүйнөлүк тенденцияга байланышкан кубулуш. Айталы, АКШда да бул жылы инфляциянын деңгээли мурдагы 10 жылга салыштырмалуу өсүп жаткандыгы тастыкталууда.

Бетти даярдаган Койчуке КАНАЕВ