№29, 11.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  КурумУшу

Азык-түлүк баасы кымбаттабайбы...
же Жапаровдун дагы калпы
Жылдын башынан тартып дүйнөлүк рыноктогу дан эгинге болгон талаптын өсүшү ар бир өлкөнүн ичиндеги нанга жана башка азык түлүктөрдүн баасынын асмандап көтөрүлүп кетишине алып келди. Дүйнөлүк нан кризиси башталганда ар бир өлкө илгиртпей ички азык-түлүк коопсуздугунун амалын көрө баштады. Көп өлкөнүн өкмөтү пошлина киргизип, бажы тосмолорун түзүү, атүгүл дан эгиндеринин экспортуна тыюу салуу азык- түлүк коопсуздугун коргоонун натыйжалуу чарасы деп эсептешүүдө.

Өлкөнү ачарчылыктын карааны аралап жүрөт
Бажы пошлинасы аркалуу чектөө киргизүүнү бизге жогорку сапаттагы "катуу" дан буудайын экспорттоочу коңшу Казакстан да колго алды. Казакстандан тышкары Кара деңиз дан экспорт альянсына кирген дүйнөдөгү негизги дан эгиндерин өндүрүүчүлөрдүн катарында турган Украина өткөн жылдын аягында эле пошлина киргизген. Жылдын башында Россия да Украинанын үлгүсү менен катаал кадамдарга барган болчу. Жакында "Известия" газетасы дан азыктарынын таңсыктыгына кабылган Кытай дагы бажы чектөөлөрүн киргизгенин кабарлады. Ошентип, Кыргызстандын айлана-тегерегиндеги потенциалдуу дан экспортерлорунун баары бажы дубалдары менен тосулуп, тыштан дан эгинин ташып келүү мүмкүнчүлүгү күндөн-күнгө тарып баратат. Бул болсо экспорттук товарлар менен ички рынокту каныктыруу мүмкүнчүлүгү чектелди дегендикти билдирет.
Дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин симптомдору бир ай илгери Чикаго товардык биржасында дан эгиндерине болгон баа 8%ке чейин көтөрүлүп, рекорддук деңгээлге жеткенде эле анык болуп калган болчу. Биздин өкмөт анда быш этип койгон эмес. Эми тумшукка суу жеткенде - 2008-жылдын 6-мартында экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров: "Рост мировых цен на продовольствие начинает влиять на рынок продовольствия Кыргызстана" деп билдирүү жасап жатпайбы. Чапчаңдыгын кое кал десең. Болору болуп, боеосу кангандан кийин мөөрөгөндөн не пайда. Дүйнөлүк азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнүн биздин ички рынокко тийгизген таасири, моюнга аласыңбы же албайсыңбы, өтө зор экени талашсыз. Өлкөдө жакынкы учурларда кымбатчылык өкүмүн жүргүзө турган коркунуч башынан эле белгилүү болчу. Чиновниктер көчүктөрүн үстөлүнөн көтөрүп ыңгыранганча азык-түлүк кризиси, А.Жапаров айтмакчы, босогодон баш бакмак тургай төргө чаап чыгып кеткен. Чиновниктер шалаакылыгы менен убакытты өткөрүп жиберишкени, эми кеч болуп калганы кадиксиз.
Кыргызстан экономикалык жагынан башынан эле өз башына өзү ээ болгон өлкө болгон эмес. Өзүн өзү керектүү зарыл товарлар менен камсыз кылууга алы келбеген өлкө эле. Азыр болсо чет мамлекеттерге болгон күнкорлугу ого бетер өскөн кези. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экспорт $ 390,8 млн.болсо, импорт $793,8 млн. туура келет. Сыртка ташып чыгарган товарларга караганда сырттан ташып алып келгенибиз (тескери сальдо) эки эсе жогору. Мындай өлкө толук түрдө тышкы факторго көз каранды мамлекеттердин катарына кирери айтпаса да түшүнүктүүдүр .
24.kg информагентствосунун билдиргенине караганда макроэкономика менен инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында январь-февралда инфляция 3,3 процентке туура келгенин белгилеп келип, А.Жапаров газга баа 31,8 процентке, дизелдик күйүүчү май 2 процентке, бензин 1 процентке, турак-жай-коммуналдык кызмат акысы 29,4 процентке көтөрүлгөнүн белгиледи. Январь-февраль айларында 1-сорттогу унга баа бир аз гана көтөрүлгөнүн, эттин баасы бир орунда калганын, ГСМ 3-4 сомго өскөнүн жарыя кылды. А.Жапаровдун айтымында "бир гана өсүмдүк майына баа 7-8 сомго жеткени камтама кылууда". Демек, калгандарынын баары сонун деп билиш керек. Ырас CA-NEWS (KG) нын маалыматы боюнча А.Жапаров унга болгон баа 40% чейин көтөрүлгөнүн тастыктады. Калган баа жөнүндө айтпай ак коелу, непадам, А.Жапаров азык-түлүк баасынын өсүшү боюнча маалыматка келгенде адаттагы шыпыртмасына салганын байкоо кыйын эмес. Өсүмдүк майы А.Жапаров айткандай, 7-8 сом эмес, азыр 20-30 сомго чейин көтөрүлдү. Эгер январдын башында өсүмдүк майынын бир литри 80 сом болсо, марттын башында 100-110 сомго жетип, бери болгондо 30%ке чейин жогорулады. Өсүмдүк майы 7-8 сомго гана өстү деп базарга өмүрү басып барып, баш багып көрбөгөн киши гана айтышы мүмкүн.
Дан эгинге болгон баанын жогорулашы башка продуктулардын баасынын өсүшүн шартайт. Унга баа 40% ке жогоруласа, анда ал дан эгиндерине баанын ошончолук деңгээлде өскөнүн билдирет. Ал эми данга болгон баанын өсүшү кажетсиз түрдө сүт менен эттин өздүк наркынын өсүшүнө алып келет. Эгер маргарин, ак май менен өсүмдүк майына баа көтөрүлсө ошо замат кондитердик товарлардын баасы өсөт. Буга газга, электроэнергияга болгон тарифтердин көтөрүлүшү таасир берери белгилүү. Баанын кантип кураларынан (ценообразование) кабары бар адам А.Жапаровдун эттин баасы бир калыпта сакталды дегени жалган экенин дароо түшүнөт.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, нанга болгон баанын оюн салып кетишин ооздуктай турган чаралар дан эгиндеринин жетишерлик запасын түзүү болору белгилүү. Бул жагында абал кандай? А.Жапаровдун айтымында баары сонун - мамлекеттик материалдык резерв фондусунда 60 миң тонна дан бар, азык-түлүк кризисин алдын алуу үчүн буга кошумча 50 миң тонна сатып алуу гана калат. Арийне, бышпаган ашка мурун канайт демекчи, сатып алына элек 50 миң тонна жөнүндө эмитен кеп козгоонун кажети жоктур. Казакстан бажы пошлинасын киргизгенден кийин алардан 50 миң тоннаны оңой-олтоң эле ала коеру кыйын экенин унутпоо кажет. Казакстандын өзүндө нан кризиси башталганын эске алсак, алар жакынкы күндөрү дан эгиндеринин экспортуна тыюу салып ташташы деле мүмкүн. Ошондуктан качан гана дан эгинин республиканын ичине ташып алып келгенден соң, биротоло колго тийгенден кийин 50 миң тонна кампада жатат, кризисти алдын алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деп айтууга болор.
Чын-чынына келгенде мамлекеттик резерв фондусунда канча дан эгини бар экенин азыр эч ким так билбейт. "Азаттык" радиосунун билдирүсүнө караганда экономикалык өнүгүү жана соода министри А. Жапаров "ушул тапта мамлекеттик материалдык резервде 72 миң тонна буудай сакталып турат. Ага кошумча дагы 50 миң тонна буудай алып келүүгө каражат бөлүнгөн. Бул өлчөмдөгү буудай жакынкы арада мамлекеттик кампага келип түшөт, ошондуктан баалар кескин кымбатташы күтүлбөйт" деп ишенимдүү айтыптыр. Министрдин билдиргени боюнча баалар кескин кымбаттайт деп чочулоого негиз жок экен. А.Жапаровдун сөзү эки ача чыгып жатканы -- бирде резервде 60 миң тонна десе, бирде 72 миң тонна дегени таң калтырбай койбос. Бул болсо анын айткандарынын баары тегиз эле карандай чындык эместигин айгинелейт.
Ошол эле "Азаттык" радиосу мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик резерв боюнча өкмөт алдындагы агенттиктин башчысы Пайзулла Рахмоновко кайрылып, бир катар суроолорду бериптир. Анын бири: "Сиз азыр жетектеп келе жаткан агенттиктин мааниси данга баа кымбаттап турганда өзгөчө бир маанилүү болуп жатканы көрүнүп турат. Өкмөт дагы "60 миң тонна буудай кол тийгис, зарыл учурда сатыкка чыгарыла турган 30 миң тонна буудай турушу керек" деген сөздү айтып жатат. Азыр мамлекеттин резервинде ушул суммадагы, ушул өлчөмдөгү буудайлар барбы?" деген суроо. П.Рахмонов суроого төмөндөгүдөй жооп берген экен: "Мамлекеттин резервинде ушул өлчөмдөгү буудай бар. Андан сырткары 60 миң тонна дагы, 30 миң тонна дагы бар. Ошондой эле дыйкандарга кредит түрүндө берилген буудайларды дагы кошсок, анда дагы бир 30 миң тонна кошулат". П. Рахамоновдун жообунун ыргагын байкап-баамдап көрсөңүз күргүштөтүп, күпүлдөткөн сөзгө окшошуп кетет. Чоң ишенич туудуруп жибербейт. Анан да дыйкандарга кредит түрүндө берилген 30 миңдин материалдык резервке канчалык тиешеси бар деген күдүк ой чыгары анык. Иши кылып, Рахмоновдун айтканы боюнча эсептеп көрсөк, запаста баардыгы болуп 210 миң тонна дан эгини турат. А.Жапаров болсо резервде 60 миң тонна дейт. Кимиси ышкыртып жатканын өзүңүздөр ажыратып алыңыздар. Эксперттердин, дантрейдерлеринин айтымдарына караганда мамлекеттик резерв фондусу азыр кур жалак. Кырман түп калышы эле мүмкүн. Муну областтардагы жайгашкан мамлекеттик резерв кампаларындагы дан-эгиндер таланып-тонолуп кеткени жөнүндөгү информагенстволордун ленталарында пайда болгон көптөгөн маалыматтар да ырастай алат.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоевдун АгроФакт агенствосунда айткан сөзүнө караганда 110 миң тонна дан эгинин сатып алып, ар ай сайын рынокко 22,4 миң тонна чыгарып туруу керек. Бул нан продукциясына болгон ички рынокту турукташууга өбөлгө түзөт.
2008-жылдын түшүмүнө чейин дагы алты ай бар. Айдалган эгинди жыйнап алып тазалап, кампага салганга дейре жарым жыл күтүү талап этилет. А.Ногоев айткан рецепт менен ай сайын 22,4 миң тонна буудайды ички рынокко үзгүлтүксүз интервенция кылып турганда деле бери болгондо 134,4 миң тонна талап этилет. Бул болсо А.Жапаров айткан мамлекеттик резервдин кампасындагы 60 миң тонна бүрккөнгө да түтпөйт дегенге жатат. Кошумча 50 миң тонна сатып алган күнү деле ал жетишсиз. Ошентип, өкмөт чиновниктеринин сөздөрүнүн эки ача чыгып жатышы өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча бирдиктүү программасынын жок экенин айгинелеп турат. Алдыда боло турган нандын кризисин алдын ала турган өкмөттө антикризистик программа азырынча иштелип чыга элек. Демек, өткөн жылдын сентябрь айындагы тарых кайра кайталынышы - нанга баа асманды тээп чыгып кетиши толук ыктымал.
Бир сөз менен чиновниктер өздөрүнүн шалаакылыктарын, иш билбестиктерин жаап-жашыруу үчүн элдин башын маң кылып, жалган айтып жатканы айдан ачык. Бул болсо өтө коркунучтуу көрүнүш - тамак-аш кризисине, атүгүл, жаман айтпай жакшы жок, ачарчылыкка алып келе турган орчундуу фактор. А.Жапаровдун жайпактаткан куру сөзүнөн курсак тоюп кетпес.
Үсөн Касыбеков