№29, 11.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  ЭПИЦЕНТР

Президент болчу кимиңер...
Үчүнчү...
Жаңы мыйзамга ылайык, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болот, болбойт деп жүргөндө, Бакиевдин "балинсалап" кеткени быкшып жаткан отко май бүрккөндөй болду.

Оппозиция, позиция ичинде да "кийинки президент ким болот?"- деген суроого жооп издешүүдө. Бийлик да, анын каршылаштары да аталган маселени кызуу талкууга алганы менен азырынча бир пикирге келе алышпай жаткандыгы анык болду. Оппозициянын айткандарына таянсак, 29-мартта өтүүчү элдик курултайга чейин сөзсүз түрдө бир талапкерге токтошот.
Бүгүнкү күндө оппозиция тарабынан Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Аликбек Жекшенкулов, Феликс Кулов, Мирослав Ниязов, Абдыганы Эркебаев, Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлиги каралып жатса, бийлик тарабынан президент болом дечүлөрдүн катарында Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов менен Досбол Нур уулунун ысымдары айтылууда.
Алардан тышкары, бийлигиң менен оппозицияңды уруп ойнобой эле, өзүлөрүн эбактан бери президент санаган, өзүн-өзү көрсөтчүлөр да бар. Алар Жеңишбек Назаралиев, Турсунбек Акун, Нурлан Мотуев, Акбараалы Айтикеев жана Кубанычбек Апас.




Аргасыз кадам...
Элдик сот күнөөкөрлөргө өкүм чыгарат
Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Аксы районунун Каражыгач айылында Аксы окуясы боюнча элдик сот өтө турган болду.
Андагы элдик соттун курамына жети облустун ар биринен үчтөн өкүл кирип, баардыгы 21 адамдан турмакчы. Аксыдагы элдик соттун чечиминин юридикалык күчү болбогону менен моралдык таасири жогору болоору талашсыз. Себеби, алты жылдан бери расмий сот бийлиги тарабынан чыныгы күнөөкөрлөр жазаланбай, эч кандай жыйынтык болбогонунан, коомчулук ушундай кадамга барууга мажбур болуп отурат. Жабырлануучулардын өкүлү, адвокаты Сартбай Жайчыбековдун айтымында, Аксы окуясына тиешеси бар күнөөлүү делгендердин баарына чакыруу жөнөтүлгөн.

1. Аскар Акаев
2. Курманбек Бакиев
3. Осмонакун Ибраимов
4. Темирбек Акматалиев
5. Чубак Абышкаев
6. Аманбек Карыпкулов
7. Болот Жанузаков
8. Курманбек Осмонов
9. Шермамат Осмонов
10. Калмурат Садиев
11. Садырбек Дубанаев
12. Калык Иманкулов
13. Кеңешбек Дүйшөбаев
14. Мисир Ашыркулов ж.б.




Чакыруу
Аксы окуясынын жабырлануучуларынын 2008- жылдын 1-мартындагы чечимине ылайык, 2008-жылдын 17-мартында Аксы районунун Каражыгач айылында боло турган Элдик сотко төмөндө ысымдары жазылган адамдар жактоочуңуздар менен бирге келүүңүздөрдү өтүнөбүз. Жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков.




Сөз кадырын билгендерге
Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың,
Элден чыксаң жамансың.
Кабарың күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү
Бут колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң.

Арстанбек Буйлаш уулу




Чак собол
Аксы районунун Каражыгач айылында 17-мартта Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүнүн үстүнөн элдик сот башталат. Балким Аксы чындыгы ошондо ачылаар. Сиздин пикир?
Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер:
- Мурдагы бийлик учурунда, азыркы бийликтин тушунда да Аксы окуясына саясий жана юридикалык жактан баа берилип, чекит коюлбагандыганан улам, бул маселе 17-мартта кайрадан аргасыз көтөрүлүп отурат. Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү ачыкка чыгышын аксылыктар талап кылышууда. Бул сот иши, мыйзам чегинде болушу керек эле, бирок ушул убакытка чейин анын аягына чекит коюлбай келет. Элдик сот болгондо, күбөлөрдүн пикирин талкуулап, оюн талдап, саясий чечим чыгарса болот. Күнөөлүүлөрдү ачыкка чыгарып, ишти ачуу үчүн мурдагы, азыркы бийлик, укук коргоо органдары, катардагы элдерден бери бул демилгени колдошу керек. Ошондо гана ачык-айкындык, саясий-моралдык жоопкерчилик болот. Бул иш боюнча Урманаев, Дубанаев сот жообуна тартылууда. Түздөн-түз тиешеси барлар тартыла элек.

Качкын Булатов, укук коргоочу:
- Элдик соттун 17-мартта болгондугу туура. Анткени, чыныгы сот акыйкаттыкка жетпей жатпайбы. Эл арасында "Тайфун" операциясына Бакиев өзү кол койгон деген сөздөр айтылып жүрөт. Аксы окуясы боюнча аксылыктардын пикирин эл билүүсү керек. Кыргызстанда адам укугу тебеленип, демократия деген мамлекеттик оюнга айланып баратат. Андыктан элдин убалын ойлоп, Аксы окуясына күнөөкөрлөрдүн жүзү ачылып, өз жазасын тартышы керек.

Топчубек Тургуналиев, "Эркиндик" партиясынын төрагасы:
- Аксы окуясы боюнча Акаевдин бийлиги да, революциядан кийинки бийлик да, сот, коопсуздук кеңеши, прокуратура да, чындап изилдеген жери жок. Кимдер күнөөлүү, башкы, ортоңку жана төмөнкү күнөөлүүлөр деп эч ким тыянак чыгарган жери жок. Жыйынтык чыгарбайт деп, бул үчүн А. Бекназаровду да күнөөлөштү. Азыр болсо Урманаевди башкы күнөөкөр деп кармап атышат. Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар Акаев баш болгон жети адам турат. Алар "Тайфун" операциясын колдонушуп, элди атууга барышкан. 17-мартта болчу элдик соттун болуусун мен туура деп эсептейм.

Азиза Абдурасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
- Аксы окуясына быйыл 6 жыл толот. Ошентсе да күнөөкөрлөрдүн бети ачылбаганы өкүнүчтүү. Мен 6 жылдан бери 17-мартты Аксыда тосуп келатам. Быйылкы жылы да мага 17-мартка аксылыктардан чакыруу кагазы келди. Аксыга барып, бул маселени терең билген киши катары элдик сотко да катышып келем.

Дооронбек Садырбаев, экс-депутат:
- Мен бул сурооңорго эч жооп бере албайм. 17-мартта Аксыда элдик сот болуп өтсүн, көрүп, билип, анан өз пикиримди айтам.

Суроо салган
Гүлбарчын Якубова




  Кызмат

Чыңгыз Айтматовдун ордуна
Жыргалбек Азылов дайындалды
Жакында Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык, Чыңгыз Айтматовдун ордуна Кыргызстандын Бельгиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп, Нарын облусунун экс-губернатору Жыргалбек Азылов дайындалды.

"Аалам пресс"