№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тарых барагы

8-март кайдан келген?
Эларалык 8-март - аялдардын саясый активдүүлүгүнүн майрамы.
1857-жылы 8-мартта Нью-Йорктон текстиль фабрикасында иштегендер эмгек шартын жакшыртуу, жумуш күнүн кыскартуу, эркектер менен тең укуктуулук үчүн демонстрацияга чыккан. Алар куулуп, таратылган. Кийин 1908-жылы, 8-мартта аялдар дагы демонстрацияга чыгып, аялдардын шайлоого укугу үчүн, жаш балдарды иштетүүгө каршы болуп, эмгек шартын жакшыртуу талабын койгон. Полиция демонстранттарды кууп тараткан. Бирок эч ким артка чегинген эмес. Андан кийин бүткүл Европа боюнча революция жандана баштаган. Россия, Англия, Америка, Австралияда аялдар шайлоо үчүн күрөшкөн. 1848-жылы Германияда 30 миңдей аял демонстрацияга чыккан.
1913-жылы 8-мартта бул күн аялдардын эларалык биринчи майрамы катары белгиленген. Аны негиздөөчү Клара Цеткин деп эсептелген. 1917-жылдан тартып бул мурунку СССР жана социалисттик өлкөлөрдө аялдардын эларалык майрамы катары белгиленип, анын революциялык мааниси жоюлуп, аялзатынын жаз айындагы жаркын майрамына айланды. СССРден бөлүнгөндөн кийин биздин өлкөдө да 8-мартты "дүйнөдө социалисттик өлкөлөрдө гана майрамдайт, "бул күн Клара Цеткиндин туулган күнү экен" дешип, майрам күн кылбай эле коюу демилгесин көтөрүшүп чыккан. Бирок ал кеңири колдоого ээ болгон эмес.




  Сезимдерди сергиткен да эргиткен…

Айланайын алтын казык аялзат
Караганың кытыгылап жүрөктү,
Касиетиңден көңүлдөргө гүл өстү
Баарыбызды жаркыратып, нурдантып,
Бал-бал жанып батпай турган күн өзү.

Кербендердей мезгил жүгүн көтөргөн,
Кең дүйнөнү өз боюна чөгөргөн
Эбин тапсаң Ыссыккөлдөй мелмилдеп
Эрип, балкып бүчүрлөгөн, көгөргөн

Балдарына чаң жугузбай кастарлап,
Эл-журтуна болсо экен деп азамат
Жамандыкты үйгө жакын жолотпой,
Жакшылыкты төргө өткөрөт ардактап.

Дили таза, пейли кенен, ишке так,
Өмүрлөргө өчпөй турган шам жагат
Жан аттууга жакшылыгын аянбас
Мартчылыгың март майрамга жарашат
Айланайын алтын казык аялзат.

Жума Мамбетов




  Жаңы жүз

Айнура Салахидинова:
"Спонсорум да,
продюсерим да жок"
Айнура Салахидинова, 23 жашта, жаштайынан чыгармачылыкка аралашып жүргөн таланттуу кыздардын бири. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн аяктаган.

Учурда Кыргыз экономика университетинде комузчулар ансамблын жетектеп, № 83 мектепте комуз кружогу боюнча мугалим, № 702 ички аскердик бөлүктүн ырчысы. Жаш ырчынын аткарган ырлары кыргыз радиолорунда байма-бай берилип жүрөт. Тамшанып уккандардын саны көп болсо да, Айнураны жакындан биле беришпейт.
- Айнура сахнага чыккан алгачкы кезиң тууралуу айтып берсең?
- Мен чыгармачылыкка 2-класста окуп жүргөндө эле аралаша баштагам. Мектептеги бий, хор, комуз кружокторуна катышып, мектеп сахнасына чыгып жүрүп, чоңойдум. Институтта окуп жүргөндө да сахнадан алыстаган эмесмин. 2-курста окуп жүргөндө өзүмдүн "Айтылгыс махабат" деген ырымды жаздырып, ырдап жүрдүм. Ошондуктан чоң сахнага чыгуу мен үчүн өзгөчө деле сүрдүү көрүнгөн жок. Бирок, сахна ыйык. Андан сүрдөбөгөн талант болбосо керек. Сахнадан алыстагым келбейт.
- Ырдын текстин кандайча тандайсың?
- Мен сөзү да, обону да бир кишиге таандык ырларды ырдап калам көбүнчө. Атап айтканда Нурак Абдрахмановдун "Аппак сүйүү тартуулайм", Бейшеналы Ободоевдин "Ак тилек", Насыр Давлесовдун "Сагыныч", Шакен Эсенгуловдун "Калайык" аттуу ырлар. Маанисине-маңызына карап тексттерди тандап алууга аракеттенем.
- Биринчи жолу гастролго качан чыккансың? Гастролдун түйшүктөрү кандай экен?
- Гастролго биринчи ирет Борончу Кудайбергенов жетектеген "Куйручук" театры менен чыккамын. Өзүмдүн тагдырлаштарымдай эле менде да түйшүктөр болду. Кыргызстандын көп аймактарын кыдырып келдик.
- Чыгармачыл кишилердин бир өмүрдө эки тагдыры болот дешет?
- Сахнада эл көзүндө болосуң, сахнадагы 2-3 сааттык турмуш деле кээде бир өмүргө тете болуп кетет. Бирок, адам кандай жаралса, жасалма болбой, чыныгы жүзү менен калганы жакшы. Жасалмалуулук бул убактылуу нерсе. Кайсы бир убакта ар кимдин чыныгы жүзү көрүнөт. Сизге бир нерсени айта кетейин. Коргоо министрлиги менен КТРдин жаштар студиясы "Жоокер жылдызы" деген долбоор уюштурушпадыбы. Долбоордун шартына жараша, бир жарым жыл аскер мөөнөтүн өтөгөн жоокердин турмушун, 15 күн ичинде биз башыбыздан өткөрүшүбүз керек болчу. Ага 12 бала 6 кыз катыштык. 15 күндүн ичинде кимдин кандай экенин билдим. Катышуучулардын кызык окуяларына күбө болуу менен мамиле жагында көп нерсени түшүндүм. Кыскасы, өзүмдүн тагдырлаштарымдын чыныгы жүзү кандай экенин көрдүм.
- Спонсоруң, продюсериң барбы?
- Менин спонсорум жок. Азырынча продюсерим да жок. Ырларымды жаздырганга ата-энем, иним жардам берет. Апам тигүүчү болгондуктан, өзүм каалагандай кийимдерди тиктирип кием. Ал эми продюсер алуу боюнча ойлоно элекмин. Жеке ырчы болуп жүрсөм деле болсо керек деп да ойлойм.
- 8-март сен үчүн кандай майрам?
- Албетте, аялзатына окшоп, кандайдыр бир жагымдуу сезим тартуулаган, назик майрам.
- Аялзатына кандай каалоолоруң бар?
- Энелерге кыздарына ыймандуулукту, нарк-насилди, кыз-кыркынына үйрөтүп, эч качан оорубай, маңдайыбызга бар болсун! Курбу-курдаштарыма ушул жазда жакшы сезимдерди каалайм. Жаздай жагымдуу, жылуу болуп жаркырап жүрө беришсин.
Маектешкен
Гүлбарчын Якубова




  Тургунбек Бекболотов:

"Чоочуркатып сага кетчү жол турат…"
Эр адамдын кандай-андайын аялга карата мамилесинен билсе болот деп жүрүшөт.Ушуну эле акындарга ала салдырсак аялдын барк баасын баалап,түшүнө билген жагынан азыркы акындардан Тургунбек Бекболотов өзгөчөлөнүп турат.
Кара буурадан чыкпай кайнаган турмуштан калпып алып ыр жазган акынды майрамдын алдында шаардан жолуктуруп, кубанып кеттик.
Дарактардын сиркеси
суу көтөрбөй
Таранчылар кайда конуп
олтурат
Турмуш мага, мен
турмушка бөтөндөй
Чоочуркатып сага кетчү жол
турат…
- Тургунбек байке,жакшы ыр жазыш үчүн сүйүү зарыл дешет, сиздин сезимдер да ошол оттон серпилеби?
- Акынды толкутуш үчүн чынында эле өзгөчө учур, өзгөчө сезим керек. Расулдун атасы Гамзат уулун Абуталибге алып келгенде "Уулуңан бирдеме чыгышы мүмкүн, эгер улуу сезимге туш болсо" дептир. Айтканындай эле акын өмүр бою махабатты алдейлеп, аздектеп, ырдап келбедиби.
- Аялдар, махабат туурасында сиз деле көп жаздыңыз?
- Албетте, сүйүү сезими болду дечи, бирок анын жалыны мындан да күчтүү болсо мындан да илеби ысык ырлар жаралмак болуш керек.
- Бирок сизде элеттик аялдардын абалын сүрөттөгөн муңайым саптар көбүрөөк?
- Чынында эле биздин аялдардын азыркы абалы ошондой болуп жатпайбы. Аларга биздин бергенден бере элегибиз, айткандан айта элегибиз көбүрөөк болуп жатпайбы.
- Алдыңан бир өтсөмбү деп жүрөмүн деген ой сизге эле таандыкпы?
- Эми мындай ой ачык айтпаган менен көпчүлүк эркектердин көңүл түпкүрүндө жүрөт деп ойлойм. Өмүрлөш, тагдырлаш, өйдөдө-өбөк, ылдыйда жөлөк, эч ким менен алмашкыс жан жолдошубуздун, эне, эже, карындаштарыбыздын орун жеңилдетсек,көңүлүнө кир жугузбай асырасак деген тилек ар бир эле жигитте бар болуш керек. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип,аны дайым эле ишке ашыра албай жатпайбызбы.
Тургунбек Бекболотовдун жаңы жыйнагы жарык көрүп, 18-март күнү тарых музейинде акындын поэзия кечеси өткөнү жатат. Кечени белгилүү коомдук ишмер, улуттук маданиятыбыздын чыныгы күйөрманы Дастан Сарыгулов, бизнесмен Анарбек Усупбаев уюштуруп, поэзия сүйүүчүлөргө өзүнчө бир майрам тартууламакчы болуп жатышат.

Сүйүн Курманова









??.??