№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Көсөмдөр жетпей көксөгөн

Сен кимсиң аялзаты?
"Дүйнө жүзүндө кылымдар бою дөө-шаа эркектер келатат, бирок алардын баары тырнактайынан улуу аялдардын колунан өстү"
Уольт Уитмен

…Аялзаты, эзелтеден бери "Сен жөнүндө" көп уламыштар, көп дастандар жаралды. Аларды сен жараттың. Эгер сен болбосоң, ошол дастандар, уламыштар жаралбай калмак. Жашоонун маңызы ачылбай калмак. Кылымдар катмарында ордуң улуу, кызык… Бирде даңкталып, бирде макталып, а кээде… Оо аялзат, жер эне жашап турганда, сен да барсың… Ошон үчүн Сенин таманың турган жер бейиш деп бекеринен айтылбаса керек.

Аялзаты … Ал ким? Чыгыш легендаларында "сулуулуктун кудайы" же "сыртка чагылып туруучу өзгөчө шоола", - деп эсептелген. Айрым учурларда "жылан же көгүчкөн", "уу же каар" делинип, мүнөзүнө нелерди гана салыштырышпаган. "Аялдар миф, аялдар тагдыр" деп да айтылган.
Сен кимсиң аялзаты? Кылымдан кылымга ушул суроо эркектерди таң калтырып да, азап тарттырып да келет. "Ажарынан көз айрый алгыс мага өтө жакын жана менден ушунчалык алыс өмүр жолдошум", "менин чагылдыруучу фантастикалык чыгармам", "шыктандыруучу, көңүл эргитүүчү жандык же жөнөкөй эле бала төрөө куралы", "кастарлоочу да ардактоочу да теңир сулуусу", "мен аялзатын сүрүнөн гана сүрдөп, аялзатынын илебине гана жылынып, аялзатынын шамалына гана үшүйм", "ал сулуу, ошо үчүн дүйнө сулуу", "досумдан таппаган айкөлдүктү аялзатынан табам", "жакшы аял бороондогу үй, жаман аял үйдөгү бороон". Мына ушундай бааланат аялзаты. Аларга арналган сулуу сөздөр мөндүрдөй жааганына карабай, тарыхта алар көрбөгөн азап-тозок, кордук-басынтуу калды дейсизби? Көздөрүн бажырайтып, базарга мал сыяктуу сатылган учурлары да болбоду беле?... Не деген түйшүктөрдү башынан кечирип, не деген тоскоолдуктарды жеңбеди дейсиз?
Адамзат жарык дүйнөгө келгенде кошо келген сүйүү сезими алгач аялзатына арналыптыр. Сүйүү жөнүндө биринчи жаралган чыгарма биздин заманга чейинки грек акыны Катулга таандык. Ал өзүнүн ашыгына сүйүү ырын тартуулап, поэзияга бурулуш жасаган экен. Ошол күндөн тартып, аялзаты сүйүү темасынан алыстай элек.

Канчанын эт жүрөгүн жараладың,
Керилген ак маралдай келбет менен.
Канчанын ой-санаасын сабаладың,
Кайталап асылдыкты эне деген.

Билгизбей, унуткарган арман барын,
Бакытты аялзатка арнап калгын.
Дүйнөдө улуу урпак улансын деп,
Учурган бийиктикке балапанын! - деп, акындарыбыз да аялзатына астейдил мамиле жасап келет.
Жашообузду энесиз, аялсыз элестетип көрөлүчү, кунары жок кутсуз дүйнө көз алдыбызга тартыла түшөт. Жараткан ошол кутсуз дүйнөдөн сактасын! Энени ээрчиген бала, кыз жандаган жигит, аялды сыйлаган эркектер болсун !

Гүлбарчын Якубова




  Баркынды башкалар билип...

Чолпон Жакупова баатыр аял
Ч. Жакупова ар жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин аялдарына берилүүчү "Батыр аял" деген номинациядагы сыйлыгынына ээ болду.
Бул сыйургал.АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын демилгеси менен Мамлекеттик департамент тарабынан уюштурулган, Кечее аны Кыргызстандагы укук коргоочу, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович 8-март аялдар майрамына карата тапшырды.

Азем аяктагандан кийин Чолпон Жакупова түнү менен Баку шаарына учуп кетти. Ал жакта мартын 6-нан 9-на чейин өтө турган НАТОнун парламентер аралык ассамблеясы тарабынан өткөрүлүп жаткан Каспий регионундагы коопсуздук тууралуу конференцияга катышып келмекчи.
Биз дагы Чолпон айымды аталган сыйлыгы менен жана эртеңки 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен кутуктайбыз. Ар дайым акыйкат үчүн алдыңкы катарда болуп, ылайым аман жүрүңүз!

"Ааламчылар"




  Менин апам

Мөлтүр кезинде жесир калган"
Урматтуу окурман, бүгүнкү күндөн баштап, "менин апам" деген рубриканын алдында кыргыздын мыкты аялзаттары жөнүндө чакан макалаларды жарыялап турмакчыбыз. Макаланын каармандары эзели айылынан чыкпай, акактай таза жашаган апалар же атагы алыска кеткен актрисалар, болбосо өмүр бою балдарын гана ойлоп жашап келген аппак чач энелер жөнүндө болмокчу.
Эгерде сиздер билген тегерегиндегилер суктана карап, сыйлап турчу аялзаттары болсо бизге кабарлаңыздар.
Эмесе, төмөндө ушул багыттагы макалалардын баштоочусу менен тааныштырабыз. "

Мен беш жашка караганда атам жол кырсыгынан каза болуп калып, апакем 26 жаш курагында үч баласын бооруна кысып, жесир калыптыр.
Өмүр бою Токмок шаарындагы камволдук-нооту фабрикасында иштеп, гүлгүндөй курагында эс алмак түгүл, кээде тамак ичип, шам-шум эткенге да убактысы болчу эмес. Фабрикадан жакшы эмгектенгендиги үй берди, жакшы айлык алаар эле. Өзү кийинип-ичинбестен, болгонун биздин оозубузга кармачу.
Ойноп-күлүп өткөрчү убактыңызды садага чаап, балдарыңыз үчүн жашап-иштегениңизди жадымдан чыгарбайм. Дүйнөдөгү эң ыйык адамым жөнүндө канчалык терең жеткире айткым келгени менен, энелер жөнүндө жылуу сөздөр айтылып, мен аларды кайталап гана кала турган өңдөнүп, канча кымбат сөз берметтерин терсем да, апамдын жандүйнөсүн кенен ачып, биз үчүн өтөлгөн өмүрүн, сүйүүсүн сөз менен жеткире албасымды мойнума алып олтурам…
Уулуңуз Талант Темиров




  Ак сүтүм актасам дейм...

Эне жөнүндө сөз кыларда мен албетте, өзүмдүн бала кезимди, ошол балалыгым өткөн жерлерди эске түшүрөм. Адам балачактан канчалык алыстаган сайын эне жөнүндө эскерүүлөр таасым, түшүнүктүү жана кымбат боло баштайт.

Мен бир жаштан өткөндө эле атабыздан ажырап, 9 бир тууганым менен апам жалгыз калыптыр. Атам 28 жашында Нарын шаарынын мэри болгон экен. Тогуз бала атабыздан абдан эрте ажырап, апабыздын тарбиясын көрүп чоңойдук. Апам Саитбаева Арзы ошол кезде 36 жашка чыккан кези экен. Мугалим, мектеп-интернатта сабак берип, башка балдар менен кошо тогузубузга тең билим берип, өстүрүп тарбиялады. Өзү мугалим болгону үчүнбү, бардыгыбыз абдан жакшы окудук, тартиптүү болдук. Эжем искусство жаатында, бири Юнескодо, агам губернаторлукка чейин көтөрүлүп, мен болсо ГУИНде тарбия бөлүмүндө иштейм.
Апакемди эстеп кагаз бетине түшүрөм деп ойлобосом деле керек. "Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим" дегендей биз жокчулукту көрбөй энебизге эркелеп чоңойдук.
Аялзатынын күндөлүк түйшүгү такыр түгөнбөйт. Кеп ошол түйшүктү татыктуу көтөрө алышта болсо керек. Бул жагынан алганда бардык апаларга алкыш жарыяласак арзыр бекен.
Апабыздын бизге - балдарына калтырып кеткен асыл наркы, жылуу мээрими, терең сүйүүсү ар кимибиз балдарга ата-эне болсок дагы көкүрөгүбүздөн кетпей, жыл өткөн сайын ого бетер тереңдеп, апабыздын баркын-баасын сездирип тургансыйт.
Тургун Токтосунов, подполковник.