№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Геосаясат

Державалар келатат...
Жакынкы эле жылдарга чейин Орто Азия чоң өлкөлөрдүн көңүлүн анчалык деле бурган эмес. Бирок, ХХI кылымдын башынан тарта дүйнөлүк геосаясатта бул регион айрыкча мааниге ээ боло баштады. Неге?

Кыргызстан кызыкчылыктардын кесилишинде
Жакынкы келечекте баасы эч нерсе менен салыштырылбай турган таза суунун мол запасы дал ушул Орто Азиянын бийик тоолорундагы мөңгүлөрдө. Алтын, көмүр, темир, жаратылыш газына окшогон толгон-токой кендерге бай.
Айрыкча 2001-жылдын 11-сентябрында жанкечти террорчулар Нью-Йорктогу соода борборлорун самолеттор менен уруп жок кылгандан кийин дүйнөнүн картасында эл аралык коопсуздук үчүн бул региондун ролу жогорулады. Өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирип, тынчтыгына бүлүк сала турган эл аралык терроризмдин очогу делип аталган точкаларга дүйнөлүк державалар көзөмөлдүк кылууда. Орто Азия географиялык жактан алып караганда, өтө ыңгайлуу болуп эсептелгендиктен, анын ичинде Кыргызстан азыркы учурда дүйнөдөгү эң кубаттуу Россия, Кытай, АКШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары кесилишкен эң маанилүү өлкө болуп олтурат. Ошон үчүн бул өлкөлөр менен байланышта болуп, алака жүргүзүү мезгилдин талабы. Бирок, бул өлкөлөрдүн кимиси бизге чыныгы өнөктөш катары мамиле жасайт? Биздин азыркы геосаясаттагы алган ордубуздун маани-маңызы мына ошондо.

АКШ
"АКШ дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун өз кызыкчылыгын гана көздөйт" деген сөз аксиомага айланды.
Себеби, анын чын-төгүнүн АКШ дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жүргүзүп жаткан саясаты, иш-аракеттери менен далилдеп жатат. Алыска барбай эле азыркы күндөгү болуп жаткан эл аралык окуялардан мисал келтирели. Буга чейин Сербия мамлекетинин курамындагы кичинекей Косового көз карандысыздыкты берүүнүн максаты эмнеде? Мамлекеттерди майдалап бөлүп, алсыздандыруу менен аларды өз таасирине толук алуу. АКШнын мындай бөлүп-жаруучулук саясаты эл аралык макулдашууларга, конвенцияларга, келишимдерге карама-каршы келип эч кандай документтерге сыйбайт. Ошондуктан буга Россия, Кытай баштаган ондогон мамлекеттер макул эместиктерин билдиришип, Косовонун көз карандысыздыгын таанышкан жок.
Мындай иш-аракеттери менен АКШ баш болгон НАТО блогуна мүчө өлкөлөр өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашыруу үчүн улутчулдуктун отуна май тамызып, ар кайсы өлкөлөрдүн курамынан тизеге жетпеген эргежээл мамлекеттердин пайда болушуна жол ачып жатышат. Косоводон кийин Европанын, Азиянын көп өлкөлөрүндө улутчулдуктун оту тутанып, анын жолун жолдоочулар чыкпай койбойт. Ал эл аралык деңгээлдеги чыр-чатакка чейин жетип, кан төгүлүштөргө алып келээри шексиз.
Кыргызстандагы америкалык Ганси авиабазасынын жайгаштырылышы "Эл аралык терроризмге каршы"... деген шылтоонун натыйжасы. Көздөгөн түпкү максат башкада. Мурдунун учунан алысты көрө албаган, өз чөнтөктөрүнүн гана камын ойлогон ошондогу жетекчи сөрөйлөр элине, мекенине америкалык авиабазаны жайгаштыруу менен чоң жаңылыштык эле кетирбестен аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз оор маселени да мурас кылып таштап кетишти. "Эл аралык терроризмге каршы..." деп ар кимди ынандыра алган менен анын ары жагында биздин элдин кызыкчылыгына дал келбеген канчалаган карама-каршылыктар турат?
Авиабазага келип конуучу асман тилкелеринде ондогон тонна авиокеросинди жерге чачырата төгүшүп, Ганси автобазасынын самолеттору Кыргызстандын жаратылышын жабыркатууда. Аягы барып ал жерлер эч керексиз куу такырга айланышы толук мүмкүн. Ал жерлерде жашашкандардын ачуу кыйкырыктары америкалыктар эмес, өзүбүздүн эле кожоюндарга жетпей жатат. Ал эми АКШнын жүргүзүп жаткан саясатына, иш-аракетине нааразы өлкөлөр Ганси авиабазасын көп убакытка жайгаштырганыбыз үчүн бизге ыраазылыктарын билдире койбос. Биздин айлана-тегерегибиздеги өлкөлөрдүн көпчүлүгү ушундай көз карашта тургандыгы белгилүү. А чынында Ганси авиабазасынан АКШ түндүктөн Россияга, түштүктөн Кытайга, Индияга, Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө көз салып туруу ниети бар экендигин жашырууга деле болбойт. Ошондуктан ШОСко мүчө өлкөлөр америкалык авиабазанын Кыргызстанда турушун туура көрүшпөй, анын тезинен чыгарылып кетишин каалашат.
Адам укугун коргоого, демократияны өнүктүрүүгө, жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөгө колдоо көрсөтүүгө жамынып, берилип жаткан жардамдар биз көтөрө алгыс өтө оор жүккө айланып, аягы барып Сербиядагыдай бөлүнүп-жаруучулукка алып келиши мүмкүн экендигин эмитен билип койгонубуз оң. Бардык иштин акыры, жообу болот. Атасы баласына, баласы атасына жакшылык кылбай, берген жардамын жөн бербеген так ошол АКШ устат катары дүйнөгө жайылтып жаткан рынок заманында бекер эч бир иш жасалбайт. Демек, бул өлкөнүн бизге карата жүргүзүп жаткан саясатына, жардамына өзүбүздүн ченем-өлчөмүбүзгө, күчүбүзгө жараша өтө этияттык, кыраакылык менен мамиле жасообуз зарыл. "У Америки нет вечных друзей, есть вечные интересы" деген сөз жок жерден чыкпаса керек.

Кытай
"ХХ1 кылым-Кытайдын кылымы" экендиги чын болсо бул өлкө менен кызматташтыкты, достукту өнүктүрүү милдети турат.
Азыркы учурда Кытайдан өндүрүлгөн товарлар Азия, Европанын базарларын, дүкөндөрүн гана ээлебестен океандын аркы жагындагы АКШнын шаарларына чейин кетти. Бир жарым миллиарддай калкы бар Кытай башка товарларды эсепке албаганда, өз элин гана камсыз кылмак турсун, эми күрүч, эт азык-түлүктөрүн да чет өлкөлөргө чыгара баштады. Электрондук жабдууларды, учурдагы компьютерлерди, жеңил автомашиналарды жасап чыгаруу боюнча Кытай жакынкы мезгилдерде дүйнөлүк рынокту ээлейт деген божомолдор туура болсо, бул өлкөнүн ички, тышкы саясаттагы, экономикадагы тажрыйбасын үйрөнүү гана керек. АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрүнүн: "Капиталисттик коом гана рынок мамилелерин камсыз кыла алат" - деген аныктамаларын Кытай мамлекети төгүндөп, коомдун өзгөрүүсүз эле рынок мамилелерин ишке эң сонун ашырууга боло тургандыгын далилдөөдө. Социализм коому менен бул өлкө мактанчаак капитализмди артка таштап, дүйнө рыногун ээлөөнүн алдында турат
Бизди бул улуу өлкө менен анын экономикасынын дүркүрөп өсүп бара жатышы жана коңшу жайгашып чек аралаш болгонубуз көп иштерге милдеттендирет. Кытай товарлары ташылып келип жаткан Бишкек-Торугарт, Ош-Иркештам автожолдорун эл аралык стандартка жеткирүү, алыстан келген товарларга караганда өзүбүз менен коңшулаш Шинжаң Уйгур Автоном районунан, ал аркылуу ички Кытайдан алынып келген товарлар арзан болоору, эл аралык терроризм коркунучуна коңшу мамлекеттер катары бирге туруу мүмкүнчүлүгү кеңири экендиги көңүлдүн борборунда болууга тийиш. Эки өлкөнүн ынтымагына, достугуна СУАРда жашаган элдердин биздин эл менен түбү бир, салт-санааларынын, үрп-адаттарынын окшоштуктары да данакер болмокчу.
Ошондой болсо да товарлары менен кытайлык атуулдардын мыйзамсыз түрдө өлкөбүзгө агылып келип, көзөмөлдүктүн боштугунан туруктуу жашап калуусуна жол берүүгө болбойт. Бул үчүн алардын келишин чектөө зарыл. Эгерде товардын шылтоосу менен кытайлыктар биздин жерге келип орун-очок ала берсе, кийинчерээк Кытайдын бир автономиясына айланып калышыбыз да ажеп эмес. Бир жарым миллиард калкына жери тар боло баштаган Кытай атуулдары акырындап бизге окшогон кичинекей өлкөлөрдө жашап калууга өтө кызыкдар. Мамлекеттик саясатка тырмактай болсо да эч качан жерди аралаштырбоо керек. Чоң мамлекет деп коркок-билиш болуунун өзү туура эмес. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргоосу керек.

Россия
Бул өлкө менен биздин ортобуздагы ажырагыс биримдикти өз учурунда айкөл акын Алыкул:
"Эй Россия, Россия бир боор энем,
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен.
Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм
Биз элбиз, биз кишибиз сени менен", деп таамай ырдагандай башка мамлекет болуп бөлүнүп кеткен күндө да түбөлүк дос бойдон кала беребиз. Калп айтканда эмне, бир орус кыргынга учуратса (Николай II анын падыша мезгилиндеги 1916-жылдагы үркүн), бир орус (Лениндин 1917-жылкы Октябрь революциясы) сактап калды. Сактап гана калбастан билим берип, көзүбүздү ачты, дүйнө таанытты. Анан бешенебизге буйруптур, чыр-чатагы жок өзүбүзчө мамлекеттүүлүккө ээ болдук. Мында да орус эли айкөлдүгүн көрсөтүп дооматын артып, эч нерсе доолаган жок. Кыргызстан Россия менен ар качандан бир качан достукта, бекем байланышта болушун мезгил ырастоодо. Ал өлкө башкаларчылап бизге көз артып, койнуна котур ташын катпайт.
Биз алар менен бир үй-бүлөнүн балдарындай болуп көнүп калганбыз. Биздин өлкөдө жашап, иштеп жаткан орус достор чыныгы достуктун, ажырагыс биримдиктин күбөлөрү. Ал эми биз үчүн ушундай кыйын, оор мезгилде миңдеген кыргызстандыктарды өз койнуна батырып жумуш менен камсыз кылууда. Жакындагы эки өлкөнүн президенттеринин Москвадагы жолугушуусунда товар жүгүртүү бир миллиард доллардан ашып кеткендиги канааттануу менен белгиленди. Демек, мындан Россия гана чыныгы өнөктөшүбүз, досубуз экендиги көрүнүп турат. Экономикада болобу, тышкы саясатта болобу, Россиядан үлгү алып үйрөнчү жактар көп. Канттагы россиялык авиабаза бүтүндөй региондогу коопсуздук үчүн гана кызмат кылбастан, АКШнын авиабазасына карата тең салмактуулукту сактап турат.
Учурунда чөнтөктү ойлобой элди ойлоп, Кумтөр алтын кенин канадалыктардан көрө коюн-колтук алышып көнүп калган досубуз Россияга ишенип бергенде, бул кендин тегерегинде азыркыдай ызы-чуу чыкмак эмес. Бардыгыбыз утушка гана ээ болмокпуз. Россияны аттап өтүп, Канадага ишеним көрсөткөн А.Акаевди мекенинен качып барганда кектебей, жектебей Россия батырды го. Мына улуулук деп ушуну айт. Өлкөнүн аймагындагы жаратылыш газын, мунайзатты чалгындоого ишеним кылгандай эле башка мамлекеттик, эл аралык маанидеги стратегиялык курулуштарды да Россиянын көмөгүндө ишке ашырсак пайда гана болмокчу. Кыскасы экономикабыздын өнүгүшүндө негизги өнөктөшүбүз Россия болсо, анда эч качан жаңылбайбыз.

Жума Мамбетов










??.??