№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жерибизди сатпагыла!

Кыргыздар кайберен болуп,
тоо аралап кетебизби?
Бул табышмактуу дүйнөдө бири-бирине окшош окуялар көп болот тура. Айтайын дегеним, кыргыздардын дал ушул мезгилин Византия империясы 15- кылымда башынан кечирген экен.

Тарых барактарын ачып көрсөк, империянын башында турган Константин өлкөнү экономикалык туңгуюкка алып барып такаган. Экономикалык кризиске кабылышынын башкы себеби катары императордун чексиз бийлигинен жеке адамдын керт башына сыйынуучулук, паракорчулук, кошоматчылык өркүндөп, акылдуу, билимдүү адамдар чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.Билимдүү адамдардын азайышы менен монастырларда окуу күчөп, империялык бийлик менен диндин ортосунда карама-каршы саясат курчуган. Майда шаарлардын баары кыскарып, калктын басымдуу бөлүгү соода түйүнү болгон Константинополго көчүп келишкен. Башкаруу системасында билими начар, демилгесиз адамдар толуп, император өзүнүн хан сарайында үлпөт куруп, өзүнө эс алуу жайларын салдыруу менен алек болуп калган. Ушундан улам элдин билими, маданияты төмөндөп, Мекенди, элди-жерди сүйүү, патриоттуулук сыяктуу сезимдер жоголгон.Өлкөнүн ички жана тышкы саясатына император тиешелүү көңүл бурбагандыктан, Европа мамлекеттери далысын салып, карамагында турган Сербия менен Венгрия өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткен. Улуу Византия империясынын көз-көрүнөө ыдырап бара жатканынан өлкөнүн түштүк чыгышынан түрктөр, түштүк батышынан арабдар кол салып, жерлерин тартып алышкан. Элди багып жаткан кол өнөрчүлөр менен соодагерлердин салыгын көбөйтүү империянын кыйрашынын негизги себептеринин бири болду. Ушундан улам, элдин басымдуу бөлүгү империянын кызыкчылыгын колдобой калышты. Мындай учурду колдон кетиргиси келбеген Осмон империясындагы Султан Махмуд башында турган 150 миң аскер 1453-жылдын 29-майында Константинополду басып алып, аны Стамбул деп атап коюшкан. Байыркы философтордун айтымында, башкаруу системасынын туура эмес жүргүзүлүшүнөн, империя ичинен ирип-чирип жок болууга дуушар болгон.
Тарых барактарынан ушуларды окуп олтуруп, империя эмес, мамлекет катары тиешелүү деңгээлде өнүгүп, өз алдынча оокат кыла албаган кыргыз мамлекетин талкалап коюу кыйынчылыкка деле турбайт деп кетет экенсиң.
Себеби, бүгүнкү күнү биздин бийлик өз элине кандай мамиле жасаса, коңшу өлкөлөр да элибизге ошондой мамиле жасаарын унутпашыбыз керек.Социалисттик доордон калган 13 союздук республиканын ичинен Кыргызстан кандай орунда эле да, СССР таркагандан кийин кандай орунда калды? 1990-жылдарга чейин казак боордоштор тууган катары көрүп келишсе, акыркы 10 жылда теңине да алышкан жок. Көлдүн жээктерин терини ит тыткандай кылып талап кетишти. Анысы аз келгенсип, Түп районундагы Каркыра жайлоосунан 620 гектар жер аянтын да бийлик сунуш кылышкан көрүнөт. Эгер Каркырабызда эч жерде жок уникалдуу жайлообуздан кол жуусак, анда Ыссыккөлдү бергенибиз болуп эсептелет. Бул жерде Көкөтөйдүн ашы өтөкөн, Манас бабабыздын жоокерлеринин кайталангыс таш эстеликтери бар экенин унутпасак. Мында жалгыз эле Каркыра тууралуу сөз болуп жаткан жери жок. Анда жайгашкан Сарыжаз калай кен комбинаты да кетет деген кеп. Эгер бийлик Каркыраны жең ичинен соодалап жиберсе, анда кеч болуп кала элегинде акчасын кайра кайтарып берсин. Эмесе, эл өз жерин өзү коргогонго аракет кылат.
Убагында, кошоматчы бийлик "Үзөңгүкуушту" Кытайга берип салды эле, алар эми анда вольфрам, молибден чыгара турган завод куруп, кен иштетип, ГЭСтерди салып жатышат.
Бүгүнкү күнү С.Аламановго окшогон жерин саткычтар картаны көрсөтүп, Каркыраны берип, мобул жерди алдык деп элдин башын айлантып жатышат. Каркыра казактардын эч нерсе өспөгөн миң гектар жери эмес, миллион гектар жерине да алмаштыра турган жер эмес экенин эмнеге алар билишпейт?
Андыктан, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендиги үчүн С.Аламановду сотко бериш керек, ошондо анын артында кимдер бар экени өзүнөн-өзү сыртка каалгып чыгат. Бир жерди саткан үчүн Аскар Акаевди жоопко тартмайынча, кайсы бийлик болсо да, кыргыздын жерин сатып, Акаевдерге шылтап жүрө беришээри турган иш.
Бүгүнкү күнү элдин кайдыгерлигиненби же бийлик төбөлдөрүнүн ыймансыздыгынанбы, айтор кичинекей кыргыз өлкөсүн түндүгүнөн казактар, түштүгүнөн өзбек менен тажиктер, чыгыш жагынан кытайлыктар кысмакка алып, кыргыз элин каалагандай талоонго түшүрүп турган учуру.
Кыргыз өлкөсүнүн 90 пайызы тоо болсо, түз жерлерибиз болгон 10 пайызга коңшуларыбыз көз артып турса, жыргаган экенбиз. Же эмне, кайберен болуп тоо аралап кетчү учур жакын калдыбы? Балким, кеч боло элегинде 15-кылымда жок болуп кеткен Византия империясынын басып өткөн жолуна көз жүгүртүп, анализ кылып көрбөйлүбү, ыя туугандар?

Акылбек Акунов, милициянын запастагы полковниги




  Опее-ей, бу неси?

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги полковник Саламат Жусупов:
"Милийса деген робот эмес"
- Жолдош полковник, Каракол шаары илгертен эле криминалы көп шаарлардын катарында саналчу эле. Бүгүнкү абалы кандай?
- Шаарыбыздагы абал жалпы өлкөбүздөгүдөй эле кылмыш аз да эмес, көп да эмес. Кандай болгон күндө да бизди тыным алдырбай иштетчү абал.
- Кечээ жакында министр Молдомуса Конгантиев келгенде сиздердин иш менен таанышып, имаратыңыздарды, кылмышкерлер кармалчу жайды түгөл кыдырып жагдайды жактырып турду дейт?
- Ооба, министрибиз баарын көрүп, талдап-таразалап туруп жакшы сөзүн айтты. Билерсиз, биздин системада министрдин оозунан мактоо сөз оңой менен эле чыкпайт. Анын жакшы сөзү биздин жигиттерди дагы да эки эселенген дем менен иштөөгө түрткү берип салды көрүнөт. Өзүм да ошол маанайдамын.
- Тээ илгертен эле айтылып келет, эл менен милийсаны жакындатабыз деп. Бирок турмушта башкачараак - экөөнүн ортосундагы ажырым даана көрүнгөндөй?
- Эми бу маселе жөнүндө көп сөз айтса болот, талашы көп маселе деп ойлойм. Ошондуктан аны чечмелебей, бу багытта жасалып жаткан иштерден айтайын.
Бизде шаардын мэри М.Алиев төрагалык кылган кылмышты алдын алуу боюнча комиссия иштеп жатат. Буга аксакалдар соту, аялдар коомунан, өзүн өзү башкаруудан, жаштардан, ж.б. уюмдардын өкүлдөрү бар. Байма-бай чогулуп, ишти талкууга алып, кемчиликтерди жашырбай айтышып, алдыдагы милдеттерди пландаштырабыз. Бул иштебаткан түр көрсөтүү эмес, ишибиздин өзү.
Азыр шаардагы мекеме, уюмдар кезеги менен бизге машина жөнөтүп турат. Ошентип натыйжасында опертоп чакырган жерге тез эле жетип барат. Мурун машина жетишпегендиктен улам иштин өксүктөрү көп болчу.
- Азыр милийсага арыздангандар оголе көп, түздөн-түз сизге келгендер болобу?
- Болбой коебу, келгендер арбын. Өзүмдүн компетенцияма жараша арыз ээсинин ишин токтоосуз бүтүрүүгө аракет кылам. Жеке менде "эртең кел, бүрсүгүнү кел" деген жок. Кол астындагыларды да элге ушундай мамиле жасоосун талап кылам.
Былтыр жыл аягында шаардын коомчулугу менен жолугушуп, аларга ишибиз тууралуу отчет бердик. Бир топ ачык сүйлөшүп да алдык. Ошол жолугушууга келгендер милийса ишиндеги жетишкендиктерди да, кемчиликтерди да айтышты, жасалмасы жок айтышты.
Бизге болгон сын-пикирлерди жазып алып, ошонун үстүндө талдай ой жүгүрттүм… жыйынтыгы болубатат.
- Элдик курам сыдыргыга салгандай мыкты эместир?
- Канча адам болсо, ошончо мүнөз дегендей, бизде да ар кыл мүнөздөгү жигиттер бар. Милийсага ар тараптан текшерилип, тандалып ишке алынганы менен, байкоосуз өтүп кеткен татыксыздар да бар, аз санда болсо да. Министирибиз да андайлардан арылып жатпайбы. Бизде 3-4 кызматкер милийса кызматына татыксыз деп иштен айдалды. Баса белгилеп койгум келет, биздин бөлүмдүн ар бир кызматкери менин жеке көзөмөлүмдө.
- Жолдош полковник, бир-эки жылдан бери мурун сайран куруп жүрчү кримтопторго каршы күрөш күчөдү. Бу багытта сиздерде абал кандай?
- Караколдогу уюшкан кылмыш тобунун 8 мүчөсү ар кыл мөөнөткө жоопко тартылды. Бул багытта ишибиз токтобойт.
- Милийсанын да жеке турмушу бар, өкүнүч, кубанычы… Алар да сиздин баамдабы?
- Албетте. Милийсанын да жалпы адамга, адамзатка тиешелүү турмушу бар. Жаман-жакшылыкта бир кишидей биригебиз, жардам керек болсо жардам беребиз. Кээ бир адамдар ойлогондой биз робот сымал эмеспиз, бирөөгө уул, бирөөгө ага-ини, үчүнчүсүнө таяке-жээн дегендей… кыргызына жакшылык тилеген, жакшылык сактаган уулдарыбыз.

Суроо салган
Баратбай Аракеев










??.??