№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жизнь деген ар кандай
Жинди катын алгандай…

Көл тынч, жегендер тойбойтат…
Санта-Клаус төбөбүзгө чыгып лыжа тебет
Өткөн жумада Көлгө Санта-Клаустар чогулуп чогулуш куруп, туризм төрөсү Мамашов сөз сүйлөп, Бакиевдин куттугун өтө толкундана айтып кудуңдап, курсактарын ресторандан тойгузуп, тоого чыгып кар чачышып ойноп, кыргызга кыйла жыргал апкелгенсип (түйшүгү деп түшүнүңүздөр) баса беришти.
Көпкөн немелерге айла жок тура. Карапайым биз калдык, эми мындан ары дүйнөнүн Клаустары башыбызга чыгып, лыжа тебет турбайбы деп.
Ооба, Мамашов чачылып кеткен "туугандарын" чогултуп жатат: Дедморозуң мурун келген "аяз ата" болуп, Санта-Клаус эми келди, кезекте Микки-Маус, Кащей Бессмертный, Баба-Яга, Кинг-Конг жана башкаларды тособуз…

Колбаса - ооруган же өлгөн малдын эти
Бирөө мага айтат: айылда инилерим бар эле кечээ үйгө келиптир, "шарп болуп ооруган уюмду колбаса жасоочу цехке өткөрдүм" деп…
Экөөбүз тең заарканып турдук. Жеке мен колбаса, сосиска жебей калганыма бир топ жыл болду. А тиги таанышым инисинин сөзүнөн кийин жебейм деп карганып турду.
Ооруган же өлүп калган кою менен уюн, жылкысын түптүз эле колбаса цехине өткөрүп жаткандарды күн аттап эле угуп-көрүп жатабыз. Жеген элде не күнөө?! Аны тескеп, текшерген бирөө жок, аны тыя да албайсың. Ага каршы аеосуз күрөштүн бир гана жолу бар - колбаса азыктарын албаш керек. Соо малдан эч ким колбаса жасабайт!

Конгантиевдин таасириби?
М.Конгантиев Ички иштер министри болгону килейген шыпыргысын көтөрүп, кыштын кыраан чилдесинде чаңасманын чыгарып "шыпырып" турат эле, андан жукту окшоду Ысыккөл ИИБнин Ички иштер бөлүмү начальниги өзүнө чакан шыпыргысын көтөрүп, чаңдатып турган кези.
Эми Караколду түндөсү милийса көчөмөкөчө кыдырып, "кримдерди" тере баштады, анан да ИИБдин жанынан мурун зуулдатып өтчү машинелер бастап өткөндөй белгини да койдурду. Азырынча ушул.

Токтомат тойбойтат дейт
Бул жигит жөнүндө "уу" менен "дуу" кеп токтобой келет. Жаратылыш коргоонун Көлдөгү начальниги Токтомат Бокоевди айтып жатабыз.
Бир ирет момундай сөз тараган: бу жигиттин мурунку иштеген жери Жалалабат облусунан анын жеп-ичкени жөнүндө жазылган кат Көлдүн жетекчилерине жиберилсе, ошол бойдон ың-жыңсыз калган деген.
Эми момундай сөз тарап атат: Т.Бокоев ишин реорганизация болот деп ар бир инспектордон 300 доллардан, ал эми район аралык начальниктерден 500 доллардан "тиякка" берем деп чогултуп жатыптыр. Квартал сайын инспекторлорго кол койдуруп, кварталдык сыйлыкты өзү алат экен. Анан да майрамдарда белек күтүп, бербей калгандарды "счетчике" отургузуп таштайт экен… Ушундай экендер.
Биз "уккан кулакта жазык жок" кылдык. Бу жөнүндө Токой агенттигин деректири А.Давлеткелдиев укса Бокоевди чакырып, чын-бышыгына чыгып коет го…

Мурат Жетимишбаев чындыкка мүдүрүлдү!
"Акжолдун" Көлдөгү координатору Мурат үкөм Жетимишбаев Көлдүн телесинен: "Акжолго" миңдеген карапайым адамдар өтүп жатат, ал эми жетекчилердин баары "кааласа-каалабаса" да өттү деп ушул жерин чындык менен урду.
"Акжолго" бүтүндөй чоңдор өткөн, көбү зордук менен экени чын эмей.
Жогорудагы сөз айтылган жаштар менен жолугушууга депутат карт бөрү Ж.Каныметов катышып сөз сүйлөп, саясатта "кызыл эт балапан" Жетимишбаев үкөсүнчүлөп "мүдүрүлгөн" жок, "Акжолду" дурус "гримдеп" берди… жаштар ишенип калды окшоду, же ошондой түр көрсөттү.

Мэр иштей турган өңдөндү
Караколдун мэри Нурбек Алиев мырзаны ишбилги жигит экен дегендер көп.
Ал бул кызматка келгени шаардын казынасы биртоп кампайып, көчөлөр тазарып, түнкү жарыгы күйүп, өлөсөлүү ишканалар аздап жанданып жатат. Мен билгенден Нурбек Алиев азыркы бир катар жетекчилерге мүнөздүү "интрига" илдетине кабылган эмес. "Атаңдын көрү ушундай жигиттерден үчөө болсо…" дечү беле көптү көргөн карылар.

Чаласабат көрсөтүү
Караколдо кайсы бир каналга эрмешип оокат кылган "Антен ТВ" деген бар.
Кези менен эфирдин ишпалдасын чыгарат. Үч-төрт күн мурун бир кабарчы кызы "Ала качуу салтпы же кылмышпы?" деген кыска көрсөтүү даярдаптыр. Бу кызматкердин билими барбы же жокпу билбейм, бирок аталган көрсөтүүнү даярдоого жарамсыз экени анык болду. Анткени коюлган темасы күлкү келерлик туура эмес: "Алакачуу салты же кылмышпы?" деп, тээ өткөн кылымдын 30-жылдарында сураса болмок. Бүгүнкү күндө "алакачуу" деген кылмыш кодексинде кылмыш катары жазылып турат го.
Көрстүүнүн аягы: "биздин адамдар жынысына карабастан бирдей укукка ээ" деп Американы айда-а ачып атпайбы…
Ушундай чаласабат көрсөтүү элге не таасир апкелет, кыжырдануудан башка.
Баратбай Аракеев




 "Садиктеги" саясат

"Сенин ордуң - дагаранын жанында!"
Мен Абдраева Айнура - эки балалуу жалгыз бой энемин. Үстүмдө үйүм жок, балдарымды эптеп багыш үчүн 2007-жылдын 1-февралында Бишкек шаарындагы №135-балдар бакчасына кир жуугуч болуп жумушка орношком.

2007-жылдын 16-декабрында "Аалам" - партияда жоктордун партиясынан байкоочу болуп шайлоого катыштым. Шайлоо учурундагы укук бузуулар жөнүндө байкагандарыбызды айтып, башка партиялардын өкүлдөрү түзгөн протоколдорго кол койдум.
Кечке маал шайлоо участогунун председатели албетте, "Ак жол" партиясынан өкүл Элмира Ниязова (биздин бакчанын башчысы) протоколдорду жыйнап, алиги укук бузуулар катталган протоколдогу тизмеде менин да фамилиям жүргөнүн көрүп, ошол жерден элдин көзүнчө бакырып-өкүрүп, мени жерден алып көргө чаап, "сени бул жакка ким алып келди, сен дагы кишисиңби, сен - кир жуугучсуң, сенин ордуң - дагаранын жанында!" деп протоколдорду чачып, телефон чалайын десем трубканы колумдан жулуп алып, оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты.
18-декабрь күнү эртең менен ишке чыксам бакчанын методисти келип, ачкычтарды алды да, менин жумуштан бошогонумду "угузду".
Мен үйгө келип, шаар мэриясына телефон чалып, мыйзамсыз иштен кубалап жатышканын айттым.
Ал жактан кыязы шаардык билим берүү департаментине менин арызымды жолдошсо керек, департамент кызматкери Галина Безродная мени урушуп, кайра ишке бара беришимди буйруду.
8-январь күнү эмгек отпускама чыктым. 25-январда уулум барган топтун жанында методист Елена Михайловна күтүп туруптур.
Мени бакчанын башчысы кирсин деп жатыптыр. Кирсем - кир жуучу жайдын ачкычын сурады. Анын айтымында мага отпускага төлөнүүчү акча берилбейт экен. Себебин сурасам - "бар ары, жогол, бул менин бакчам!" деген жоопту угуп билим берүү департаментине, Галина Васильевнага дагы чалдым.
Бакча башчысы мени "сыйың менен бошоп кет, болбосо сага тиешелүү статьяны илип туруп, экинчи ишке алынгыс кылып кетирем, балаңды бакчадан чыгарам" деп опузалай баштады. "Балаңды" дегенде баарына макул болуп, өз ыктыярым менен кетүүгө арыз жазып бердим. Көрсө бакча башчысы менин ордума өз кайын эжесин жумушка алганы жатыптыр.
Ошону менен бүттү го десем, эми балама да асыла баштады. Үйгө телефон чалып "балаңды алып кет, экинчи алып келбе" дейт. Мен барып "балага тийишпейбиз дебедиңер беле?" десем, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, мени кабинеттен медсестра менен методистке сүйрөтүп, түрмөгө олтургузам деп чыгарып таштады…"

Редакцияга түшкөн бул арыздын чын-жалганын билели деп, бакча башчысына телефон чалсак, "бул аял мага көптөн бери көө жаап жүрөт, силерге эч кандай маалымат бере албайм" - деп Элмира Ниязова телефонду тарс коюп салды. Бакча башчысынын мындай "демдүү" жообуна караганда, чынында эле кызматы өткөн партиясы, таянган тоосу оңой эмес окшойт.
Кандай болгон күндө да, карапайым адамдардын укугун тебелеп, мамлекеттик мекемени менчигине айланткан айбаттуу башчынын "ишмердигине" билим берүү министри Ишенгүл Болжурова көзөмөл кылаар бекен?

Сүйүн Курманова










??.??