№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өй

Таштанды шаар
же кимди ким жалдап кызматка алды эле?
Кылчылдап жатып кыш чилдесинен жонубуз жукарып чыктык. Анткен менен баш аман,боор бүтүн, аман-эсенбиз. Кудайдын мунусуна да шүгүр. Быйылкы кыш катаал болду--өлбөгөн жанга жаз келип "өх" деп турганыбызда дагы бир катылып жаткан балекети бар экен,ошонусу алжайып ачыкка чыгып жатпайбы.

Мындай кыйын-кыйчалыш учурда бир жагынан белгилүү менеджер, банкир, финансист, экономист, бизнесмен, экинчи жагынан шаардык мүлктү менчиктештирүү боюнча чоң адис, үчүнчү жагынан "демократ", митингилер боюнча тиш каккан билерман-полицейский, ГАИшник, деги койчу төрт тарабы төп келишкен Бишкектин мэри Данияр Үсөнов сыртынан жөнөкөй көрүнгөнсүгөн, бирок, заадисинде гениалдуу идея көтөрүп чыкты.

Кышында кардын алдында жатып байкалбаптыр, күн жылып кар эрий баштаганда шаар шаар эмес эле таштанды экени тастыкталып калбадыбы. Шаарыбыз белчесинен акыр-чикирге батып калган экен. Маал-маалы менен болсо тазалап туруу эч кимдин оюна келбептир. Шаардын мэри менен анын бакандай 6 вицелеринин чолоосу тийбептир да. Шалакылык кылыштыбы? Неси болсо да тезинен тазалабаса болбойт. Анткени, күн жылыр замат жугуштуу ооруларды тарата турган микробдордун, келемиштердин күнү тууйт.Санитардык-эпидемиологиялык опурталдуу кырдаал түзүлөт Улуу тумоо башталып кетиши этимал.Жаман айтпай жакшы жок, боо-боо болуп кыйрап калышыбыз оңой. Кыштан ыргалып көтөрүм болуп араң чыккан шаардыктар ар кандай жугуштуу ооруларга байымы жок болот эмеспи, жаңы баскан апаатты жеңил-желпи көтөрүп кетиши кыйын.
Мындай кыйын-кыйчалыш учурда бир жагынан белгилүү менеджер, банкир, финансист, экономист, бизнесмен, экинчи жагынан шаардык мүлктү менчиктештирүү боюнча чоң адис, үчүнчү жагынан "демократ", митингилер боюнча тиш каккан билерман-полицейский, ГАИшник, деги койчу төрт тарабы төп келишкен Бишкектин мэри Данияр Үсөнов сыртынан жөнөкөй көрүнгөнсүгөн, бирок, заадисинде гениалдуу идея көтөрүп чыкты. Караңгыда жол таап кетер жагы бар да Д.Үсөновдун. Мэрия тарабынан эки ай созула турган ишембиликтер акциясы жарыяланды. Мындан ары жеке менчик болобу, мамлекеттик менчикте турабы, ар бир ишкана өзү жайгашкан аймагын тазалап, фасадын сырдап, кооздоп, айланасына көчөттөрдү отургузуп асырап турууга милдеттүү. Эгер шаардыктардын кимисинин жеке машинеси болсо ал "мингичин" жууп тазалап кыл жугузбай таза кармап туруусу кажет. Чалма этек машине менен шаарга чыкканыңды мындан кийин токтот.(Данияр Үсөнов шаарды багып көркөмдөп туруу боюнча дүйнөдөгү таланттуу мэрлердин катарынан бекеринен орун албаптыр. Ал келечекти көрө билген көсөм эсепчи жана чоң саясатчы жагы барбы дейсиң. Баамдап байкап көрүңүз: эки айга созулган марафондун аралыгында шаар мизилдете тазаланып, көк кашка муздай болуп жалтырап калат да Бишкектин 130 жылдык юбилейин жер карабай татыктуу тосуп алат эмеспизби).Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Д.Үсөновдун демилгеси республикадагы быйылкы жыл ичинде пайда болгон акылдардын эң алдыңкысы. Мындай ой дүйнөнүн башка танабында, айталы, Москванын мэри Ю.Лужковдун кепка кийген башына же болбосо Нью-Йорктун шаар башчысы Джулианинин "новатордук ой төңүткөн" мээ чарасына кирбесе деле керек деп кетесиң.Там бериш керек.
Д.Үсөновдун гениалдуу идеясы көп узаган жок, иш жүзүнө ашырыла баштады. Шаардын түндүк дарбазасы деп аталган "Манас" аэропортунан келаткан жолдогу "Аска-Таш" деген жерде Д.Үсөнов демилге көтөргөн кампанияга старт берилди. Ишемблик марафонунун бет ачаары болду. Ага менмин деген чоңдордун баары: премьер-министр И.Чудинов,спикер А.Мадумаров, алибетте, Д.Үсөновдон баштап катардагы депутаттар, өкмөт мүчөлөрүнө чейин келип катышып беришти. Ишембилик өтө чоң салтанат менен өттү. Анын жүрүшү боюнча 5-канал кең-кесири отчетун берди. Жерге-сууга тийгизбей айда мактады. Мактаганга жараша татыктуу мактады. Берүүнү карап туруп чоңдордун ишембилигине сыймыктанып да кетесин. Жаңы демилге, жаңы жөрөлгө, жаңы шаң. Албетте, өткөндүн, В.И.Ленинден башталган "кызыл ишембилик" традициясы унутулган жок. Анекдот катары айтылып жүргөн Лениндин аликүнчө Кремлде сакталып турган желимден жасалган жеңил ("үйлөмө") устуну окшогон учурлар болду. Арийне, аны анекдот эмес олуттуу иш катары караган дурус. Мисалы, ак мээлей кийип чыштыйган чоңдордун атайы даярдап койгон чөнөккө алдын даярдап койгон жаңы күрөк учу б.а. жең учу менен ыргыткан эки ууч топурагынан патриотизм, Бишкектин жашыл шаар деген эзелки атын кайра кайтаруу, айлана-чөйрөнү таза кармоонун нравалык пайдасы жөнүндөгү узун сабак акылдуу сөздөрү көп болгонун айтпай койсо деле болор. Же болбосо ошо ишембиликтеги бир карын майдагы эки кумалактай болгон соцдемократ Б.Бешимов менен "кечигип келген" коммунист И.Масалиевдердин "показуханын" кимге кереги бар деген кычаш сөздөрүнө кулак жапырып койгон дурус. Анан да тоң тиштеп жибий элек жер кыртышына карагай (тяньшаньский ) көчөтүн отургузуунун өзү олдоксон экенин эске алып кереги деле жоктур. Жарым сааттык ишембилик эмес эле, жарым сааттык пиар-акция болду дегендер көрө албагандардын,ичи күйгөндөрдүн айтканы. Кычаштыктары. Мындай учурда "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген кеп аларга куп жарашат. Алардын айткандарына атайы маани берип кереги деле жок.
Д.Үсөновдун гениалдуу идеясын башкалар да үлгү тутушкан экен. Ат тезегин кургатпай премьер-министир И.Чудиновдун Д.Үсөновдун прожектисине бир аз маанилүү оңдоолор жана түзөтүүлөр киргизүү менен бүт республика боюнча шаар менен айыл жерлеринде көчөттөрдү отургузуп жашылдандыруу, тазалыкты кынтыксыз сактоо боюнча бир айлыгы жарыяланды. Атайы республикалык штаб түзүлүп, анын башына биринчи вице-премьер И.Айдаралиев кынапталып дайындалды. Ошентип, Д.Үсөновдун гениалдуу прожектиси жерге жатып калган жок, толук масштабдуу кампанияга айлана турган түрү бар. Ар кандай акылдуу демилге өз тарапкерлерин табышы керек,ансыз өнүм албайт. Апрелдин аягына чейин эми жашылдандыруу деген код алдындагы ураан менен күн өткөрүшүбүз кажет.
Айлана-чөйрөңдү таза кармоонун эч бир эрөөн-терөөнү жок. Тескерисинче ал ар бир адам аттуунун милдети. Адамзат табыятынан эле тазалыкка, аруулукка умтулуп келген эмеспи. Бирок, бул жерде, кычаштык кылайын деген ниет жок дечи, айрым бир кыжаалат суроолор пайда болот экен.. Биринчиден, ар бир жаңы жөрөлгө ыктыярдуулукка негизделип, жалпы элдин кеңири колдоосуна ээ болгондо гана майнаптуу болорун унутпашыбыз керек. Күпүлдөп келип жөөлөп кеткенге көнгөн диктатордук чалымы бар Д.Үсөновдун зордукчул-зомбулукчул буйругунан түпкүлүгүндө жарытылуу натыйжа чыгып кетери арсар. Муну да эске алалы.Элде "мойнунан байланган ит ууга жарабайт" бекеринен айтылбагандыр.
Экинчиден, Д.Үсөновдун өзүнө тагылган милдетти өзгөлөргө арта салган, башкача айтканда, алдыда койгон мүдөө-талаптарын башкалардын эсебинен чече койгонго машташканы элдин ичинде колдоо табары кыйын.Ар ким өз иши менен алектенгени изги.(Жоон топ бизнесмендерди шаардагы кедей-кембегалдарга акча каражатын бөлүп турасыңар деген буйрукту мойнуна илип таштаганы да ошол гениалдуу идеяларынын бири. Алсыздарга жардам берүү кажетсиз керек. Асыресе, жармачтарга көмөк көргөзүү бүт дүйнөдө ыктыярдуу акциялардан болорун Д.Үсөнов эске тутканы жөн). Мэриянын негизги милдеттеринин бири шаарды таза сактоо, жашылдандыруу--ошону менен алектениши кажет. Калаанын тазалыгын, тартибин көзөмөлдөй турган атайы шаардык кызмат бар. Ал "районные комбинаты благоустройства" деп аталат. Вице-мэр Б.Худайбергеновго баш ийет. Ал кызмат өз ишин ишембиликке түртө салып шаарды асырабай эмне иш кылат деген суроо туулбай койбосу анык. Шаарды жашылдандыруу боюнча өзүнчө уюм бар. Аларың кайда? Жашылдандырышпайбы жашылдандырганга жараша?
Колдо барды асырай албай туруп жашылдандырабыз эле жашылдандырабыз деп опулдай бергенибиз Кудайга жагар иш болбос. Бишкекте кичине шамал урса кулап турган көп жылдык бай теректер бар. Аларга эмнеге көз салбайбыз? Көбү убагында сугарылып турбагандан улам тамыры бошоп калган теректер. Ыргалып араң турушат. Ошолорду асырап сактай албай жатып кайсы арыбызга жашылдандырабыз деп каада күтүп коебуз десең? Шаардын тазалыгын, иретин сактап туруу үчүн бюджеттен атайы акча каражаты бөлүнөт. Быйылкы жыл үчүн жарым миллион сом бөлүнгөн.Аны эмнеге ишке салбаса болбосун? Оңой акча эмес.Оңбогондой чоң акча.Ал каражат кайда кетип жатат, кимдин чөнтөгүнө барып түшүп жоголууда деп сураган бир киши жок.
Башкысы Д.Үсөновуң мэр менен мэрия шаардыктарга кызмат кылбай эле, тескерисинче, шаардыктар Д.Үсөнов менен анын мэриясына кызмат кылышы керек деген түшүнүктө жүргөнүндө турат. Шаардык тургундарды койчо имерип алгысы келип жатканы жашыруун деле эместир. Бекеринен барган жерин камалап буйрук берип күпүлдөп жатпагандыр. Ар кимди барып омуоолоп турушу анын көнүмүш иш стили деген туура боло бербес чынында. Жеке эле Д.Үсөновго айып арта берген чекилик болор эле. Анткени Д.Үсөнов жана ага окшогондор авторитардык азыркы бийлик режиминин туундусу.
Эки айлык акция акыры аякташы керек. Кантсе да утурумдук иш эмеспи. Чексиз созо берүү кыйын. Ишембиликтер деле качандыр бир учурда аягына чыгышы жөн. Андан кийин не кылмакпыз? Кийин деле шаарды асырап тазалап туруу муктаждыгы чыгат эмеспи? Шаар туруктуу режимде такай камкордук көрүүнү талап кылат. Бул жагын кантебиз? Ишембиликтин кампаниясынын экинчи этабы башталабы? Тажаган шаардыктар Конституция боюнча дем алыш күндөрү эс алууга укугум бар деп жатып алса эмне болот? Авторитардык бийликке мүнөздүү репрессиялык чаралар башталабы? Ал эми, бул болсо моюн толгогондорду ишембиликтерге б.а. эмгек лагерлерине аргасыздандыруу дегендикти билдирет эмеспи.

Үсөн Касыбеков










??.??