№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оп-позиция

Аликбек Жекшенкулов:
"Артымдан аңдуулар болуп жатат"
- Аликбек Жекшенкулович, ММКларда сизге, бала-бакыраңыздарга карата бийлик тарабынан кысым көрсөтүүлөр башталып, көзүңүздү тазалоо аракеттери көрүлүүдө деген маалыматтар жарыяланып, коомчулуктун кооптонусун жаратууда. Ушул маселе боюнча сиздин өз оюнузду угалы дедик эле.
- Өзүңүздөр билгендей бүгүнкү бийлик акыйкаттуулукту сүйбөйт. Биз болсо, чындыкты, ар бир маселеге карата калыс оюбузду айтып жатабыз. Ошолор бийликке жакпай жатса керек.
Себеби, акыркы күндөрү артымдан аңдыган адамдарды байкап жатам. Биз өз өмүрүбүздү тобокелге салып, Кыргызстан элинин келечеги үчүн күрөшүп жатабыз жана күрөшө бермекчибиз. Себеби, келечегибизге түздөн-түз таасир берүүчү мамлекеттик обьетилерди, жерлерибизди бийлик сатканы жатат. Биз буга жол бербешибиз керек.




  Рубрика уланат...

Кыргызымдын
жигиттери…
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен " социалисттик партиясынын лидери
Чоку болот, тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргызымдын жигиттери.
Чок кармаган кол баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени...
(Б.Сарногоев)




  Чарт, чындык…

Азимбек Бекназаров:
"Досумду Президенттик администрациянын жетекчисинин "личный" көрсөтмөсү менен алып кетишти..."
- Азимбек Анаркулович, маасалык маалымат каражаттарында күн жылыса эл көтөрүлүп, массалык акциялар башталат экен деген маалыматтар тарады. Оппозициялык көз караштагы саясатчыларды, коомдук уюмдун жетекчилерин бийлик тарабынан мыйзамсыз кысым чаралар көрүлүп атыптыр деген да маалыматтар айтылууда. Сизге революциялык комитеттин төрагасы катары бийлик тарабынан чын эле кысымдар көрсөтүлүп жатабы?
- Революциялык комитет эч убакта, эч кимди төрага кылып шайлаган эмес. Биз жарым легалдуу түрдө аракет кылып жатат. Ошондуктан бизге бийлик азырынча кысым көрсөтө элек. Ак үй ревкомго кимдер жөн гана мүчө, кимдер активдүү мүчө экенин так билбейт. Бийликтин кысымга алууларына мен 10 жылдан бери көнүп бүткөм. Аны ага жаңы кабылгандардан сурасаңар туура болмок. Алардын аңдымай, коркутмайлары биз үчүн көнүмүш адат. Бирок, жакында менин досумдун үйүнө түндө барышып, Президенттик администрациянын жетекчиси Садыркуловдун "личный" көрсөтмөсү менен деп алып кетишиптир. Учурда, ал ИВСте жатат. Бизге ушундай кысым көрсөтүп, Бакиевдин үйбүлөсүн коргоп жаткан укук коргоо органдарынын, УККнын, ИИМдин кызматкерлерине айтып кетээр элем. Эсиңерден чыгарбагылачы, 24-март болбосо силер ушул бийликке келбейт элеңер го.
Баса, өткөн ишемби, жекшемби күнү Жалалабат, Ош тараптан Бекназаровду Жалалабаттан атып кетти деген сөздөрдү тараптыр. Убагында Баяманды да атып кетиптир, анан өзүн-өзү асып алыптыр деген ушактарды чыгарышкан. Акырында кыргыздын бакыйган жигитин өлтүрүп тынышты. Бекназаровго карата Ош менен Жалалабаттан жанагыдай ушак бекеринен чыгарылган жок. Кокус мени бийлик атып кетсе, мен деле ошондой болуп кала берем. Жаназама келет да бийлик аябай жалындуу сөздөрдү сүйлөп, бул мындай адам эле деп, "торжественный" кылып, көмүп коюусу мүмкүн. Менимче бийлик учурда оппозицияга карата кандай конкреттүү чара көрүү керектигин билбей жатат. Себеби, биз жазда мыйзамдуу, радикалдуу талаптарды коебуз. Акүйдү басып алууга барбайбыз. Биз Конституциядагы укугубуздун чегинде гана аракет кылабыз жана куралдуу көтөрүлүштүн кереги жок экенин белгилеп кетким келет.
(Уландысы кийинки санда)
Суроо салган Гүлбарчын ЯКУБОВА




  Айла жокко айла жок

"Коомдук парламент" кандай ойнойт?
Турмушка аралаша баштаган жаңы көрүнүш аркандай ойжоромолдорду жаратып, коом мүчөсүнүн бирине жакса, экинчисине жакпай, түрдүү деңгээлдеги талаш-тартышка объект болуп берет.

Кечээ жакында түзүлгөн "Коомдук парламент" да ошондой объект болуп турат. Азыр кыргыз оппозициясы мындан 2-3 жыл мурункуга караганда кубаттуулугун төмөндөтүп алган. Буга эки себеп: биринчи - оппозиция лидерлери арабасын бир багыты жок туш-тушка тартып, тамсил атасы Крыловдун белгилүү тамсилинин каармандары болуп кетишти, экинчиси - бийлик бийлигин чыңдай алды. Муну менен бирге бийлик оппозициянын "тыйтактаган" бир катар жүрүштөрүн көрүп "алың ушул тура" деген тыянагын чыгарып койду.
Демек, азыркы бийликте оппозициянын акаараты алсыз, дале болсо Крыловдун бир тамсилин мисалга тартып койсо болот.
Ошентип "Коомдук парламент" түзүлүп, алгачкы 50 депутаты 75ке узарып аткан кези.
Ушул жерде өтө эле кызыктуу суроо туулат: Президенттин - "Акжолдун" парламентин жалган-чыны менен бийлик ресурстарын билишинче колдонуп, добуштарды "аппетити ачылышына жараша жеп", эл шайлаган болду, ал эми "Коомдук парламентти" ким шайлады? Оппозицияга жан тартсаң да айла жоктон айтылат: алар өздөрүн өздөрү шайлады. Ошондон улам юридикага укугу жогун айтпаганда да "Коомдук парламент" деп аталышын өзү чоң талашты жаратат.
Ошондон улам, Ички иштер министри М.Кайыпов "бул парламент таптакыр законсуз" деп таккесе айтып жатканы да бекеринен "эместей".
Парадокс деп ушуну айтыш керек: М.Кайыпов туура эмес нерсени туура менен мисалдатып, айкындап берем деп, чындыгы жок нерсени тартып жатпайбы мисалына. Бу чайналган оюмду чечмелеп берейин.
Кайыпов мырза деп атат: "Эл шайлаган, конституциялык жол менен шайланган закондуу парламент турса, "элдик парламент" дегени законсуз". Ап-бали, жакшы айтылган, а бирок чындык негизи жок нерсени айтты. Биринчиден, "Акжолдун" уюшулушу бийликтин өкүмзарлыгы менен ишке ашкан, экинчиден, бу партияга дале өкүмзарлыктын аркасында мүчөлөр топтолду, үчүнчүдөн, шайлоодо "Акжол" партиясы башка партиялардын добуштарын тартып алып, түшкө кирбес 71% менен утубатат.
Мына ушунун баарын Кайыпов үкөм эң сонун билет. Билгени менен аны ачык айта албайт, эч качан айталбайт. Эпадам, министрлигинен ыргып кетип, кызматтан түшкөн кыргыз чоңдордун адатындай түз эле оппозиция короосуна түшсө, анда "Акжолдун" парламентти ээлеп алган зордук жолун айтып бериши бар.
Мына кечээ эле Бакиев үкөсүнө чаң жугузбай аткан Топчукем Тургуналиев "Акжол" жүзүкаралык менен өттү" деп оңунан согубатпайбы.
Кайыповго кайра келели. Ошентип, Кайыпов мырза жалганды чын кылып мисалдатып атат.
Ошондо Кайыповдун "жүрөгүн түшүрүп" жаткан "Коомдук парламенттин" реалдуу ал-күчү, элге таасири канчалык болор?
"Коомдук парламент" "Коомдук эмес парламент" караган маселелердин орчундуусун кайталап карап турат, аларга арналган закондордун туура эмес же начар деп эсептелгендерине өз баасын берет жана момундай болуш керек эле деген бүтүмүн чыгарат. Колдон келишинче, дараметтин жетишинче Мадумаровдун парламентин сындап турат, элге "терс кайрык менен даңазалап".
Ырас, бу иши жакшы дечи, бирок ошол сыны өлкөгө не пайда апкелет? Маселе дал ушунда. Менимче, элибизге эч пайда апкелбейт, анткени, бийлик "Коомдук парламент" Американы ачып салса да реакция кылбайт, кечирип коюңуздар, "ит үрө берет…" деген принципти кармаганы кармаган болот. Бул бизди ныгыра баскан азыркы бийликтин жүзү ошондой. Демек, "Коомдук парламенттин" отурумдары, чечимдери, кайрылуулары ошол парламентке мүчө болуп ("депутат" деп айталбай атпаймынбы) отургандар үчүн эле "эл үчүн кызмат кылып жатабыз" арбайы үчүн эле керекпи дейм…
Билесиздер, кээ бир мектептерде президент шайлап, парламент шайлап ойногон оюн бар. "Коомдук парламенттин" иши да ошондой оюнга, чоңдордун оюнуна айланып калбаса экен деген санааркоо түшүнгөндөрдүн көкүрөгүндө.
Дагы бир маселе бар, "Коомдук парламенттин" аздап баркын түшүрчү. Бу "парламентте" кыргыздын тайманбас, таза жигиттери менен катар эле аз мурун же көбүрөөк мурун бийликтин камчысын жакшы чаап жүргөн, жана да кызматынан кетирилгенден кийин "оппозиционер" болуп чыга келген мырзалар да бар. Алардын типтүүлөрүнөн дебейин, бирок мисалга чаап койсо ашыкча кетпес - Абдыганы Эркебаевди алалы.
А.Эркебаев Акаев менен дурус иштешчү. Жаңы бийлик Эркебаевге дурус кызмат беребиз деп убада берип койгон. Бербей келди. Эркебаев эки жылдай күттү да кызмат колго тийбесине көзү жеткенден кийин гана бу бийликтин жарамсыз экендигинин четин чыгара баштап, акыры "Коомдук парламенттин" спикери болуп чыга келди. Эртең ага Оштун мэрлигин сунуштаса баса берээри бар.
Не болгон күндө да "Коомдук парламенттин" курамында элдин ишениминен кеткендер, карьеристтер, популисттер да бар. Алар эл үчүн бир жакшы нерсе жасап берет үмүттөнүү жөнсүз болоор… анан да Бакиевдин парламентинде отургандардын баары эле келесоо эместир…
Мунун баары күйгөндөн айтылган кеп. Бирок, чын-чынында бүгүн коомдук парламент керек. Кандай болгон күндө да чындык бир жерден айтылып туруш керек да?

Баратбай Аракеев










??.??