№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  ЭПИЦЕНТР

  Имиш-имиш кеп учат...

Алатоодон Абыке, Көбөш …
Бакиев батышка ооруканага кетери менен, жазга карата массалык чараларды уюштурууну пландап жаткан оппозициянын "Курманбек Салиевич тапшырма берип, мен келгенче оппозициянын канатын кайырып, уча албагыдай кылып койгула деп кетти, анан мен бул жакта жок болчумун деп, суудан кургак чыгууну пландаштырды" - дегени чындыкка коошпой калды көрүнөт.
Анан калса кыргыз саясат чөйрөсүнүн булуң-буйткаларында мындай бир имиштер айтыла баштады. Президенттин ден соолугунун абалы опурталдуу болгондуктан Германиянын клиникасына кайрылууга туура келиптир. Президент ал жакка жөнөп - жөнөй электе эле, ЖКнын спикери Адахан Мадумаров президент, ал эми анын досу Данияр Үсөнов премьер-министр болобуз деп талпынып жатышкандыгы, бери жагында К. Бакиевдин бала-бакырасы менен бир туугандарынын ортосунда да чыр күчөп, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин баргандыгы тууралуу айың кептер калкып чыкты. Мындайда ачык-тагын шамал болбосоң кое кал деп гана айтасың да.



 "Обон" обон созуп …

"Коомдук кыймыл" токмоктолду
Мурдагы күнү Ош шаарындагы бир катар партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген "Коомдук кыймыл" уюму маалымат жыйынын өткөрүп жатканда залга кирип келген 35-40 чакты аял, 10 чакты эркек алардын сөзүн бөлүп, акырында коомдук кыймылдын мүчөлөрүнө кол салгандан кайра тартышпады.
Жыйынтыгында "Коомдук кыймылдын" төрага орун басары Төлөгөн Келдибаев катуу токмок жеп, калган мүчөлөрү залдан качып чыгып араң кутулушту. ("Азаттыктан") Не демекпиз, 2005-жылдын 24-мартынан бери ушундай болуп келатпайбы. Акыйкаттыкка, адилеттикке түкүрүп салып, кабанаак ит деңгээлине түшүп алган ОБОН (отряд баб особого назначения) сыяктуу эки аяктуулар көбөйдү. Арасында эркектери да арбып бара жатат. Бийликтин жугундусу үчүн андайлар ата-бабасынын арбактарына деле акаарат кылуудан кайра тартпас түрлөрү бар. Арзыматтардын кызыл камчыга айланып, саны арбып бара жатышы, кыргыз коомчулугунун ичинен ирип бузулуп бара жатканынын бир белгиси. Минтип нарк-насилден айрыла баштоо акыры барып кыргыздын улут, эл катары сакталып калышына күмөн туудурбай койбойт. Кылым карыткан кыргыз элинин ушу кезге чейин сакталып келишинин эң негизги шарттарынын бири, - өзүнүн нарк-насилин сактап, адилетүүлүктү туу тутуп жашаганында болгон эмеспи. Адамды адам кылган рухий дөөлөттөрдү жоготуп алуу далай элдердин жок болуп кетүүсүнө алып келген. Руханий жактан кризиске кабылган ири державалардын кыйрап калганы да тарыхтан жакшы белгилүү.



  Ташыңа газ

Мандалактан "чычкакка"
2005- жылдагы март революциясы тарых барактарында Мандалак революциасы деген ат менен менен калганын билебиз.
Эмдиги революция (кокус болсо?) "Чычкактар революциясы" деген ат менен жазылып калуусу толук мүмкүн.
Себеби, айрым бир булактардын айтымында, Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Комитетинде СССР убагында эле колдонууга тыюу салынган биологиялык курал (газ) бар дешет. Бүгүнкү күндө ошол куралды оппозициянын жазгы массалык нааразычылык акцияларына каршы колдонуу тууралуу сунуштар, аракеттер көрүлүп жаткан имиш. Ал биологиялык газды 100 миңдей киши чогулган жерге чачса, адамдардын көзүнөн жаш, оозу мурдунан суу агып, ичиндегисинин баарын сыртка айдап, миңдеген адам бир эле маалда чычкактап, туш келди чуркап эзели унутулгус окуяга күбө болушубуз мүмкүн экен.
Андайдан Кудай өзү сактасын, бирок ошондой болобу, болбойбу, муну да убакыт көрсөтөөр.




  Чак собол

Ректорлор булут жыттап калышканбы?
Башмыйзамдын 64-статьясындагы билим берүү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров сунуштап чыкты. Бул сунуштун артынан эми ректорлорду парламент шайласын деген да маселе кошо көтөрүлдү.
Ушундай да болобу? Ансыз да ары-бери тартылып, өзгөртүлүп бүтпөгөн Башмыйзамдын бул статьясына өзгөртүү киргизүү сунушуна жана ректорлорду парламент шайласын маселесине пикирлерин угалы деп бир топ Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна кайрылып бир күн кечке телефон чалдык. Тилекке каршы сурообузга жооп ала албадык. Адегенде эле И. Арабаев атындагы улуттук университетке телефон байланышсак, кабылдамасындагы кыз: "Аскарбек Бекбоев азыр ордунда жок. Билбейм качан келерин" - деп маалкатты. Кайда жана эмне кылып жүргөнүн да билбейт экен, айтып кетпептир.
Анан Кыргыз агрардык университетине кайрылдык. Түштөн кийин болот дегенинен түш оогондо кайра чалдык. Чалсак, Батыралы Сыдыков "собрание" кылып жатыптыр. Жумушу көбөйүп калган экен, ошол бойдон бошобой койду. Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Сулайман Кайыпов жана Бишкек гуманитардын университеттин ректору Абдулда Мусаев экөө тең таптакыр бошобой жатканынан, секретарша кыздары "Бошору менен биз сизге өзүбүз чалып коебуз" деп айтып, бирок чалган жок. Кыргыз курулуш архитектуралык университетинин ректору командировкага кетиптир. Бирок, кайда кеткени жана качан келери белгисиз. Билген киши жок. Илимий-иштер боюнча орун басарынын телефонун беришти эле, ага чалдык. Ал: "Биздин ректораттын атынан парламенттин комитетине, Иса Өмүркуловго каршы экенибизди билдирип, расмий кат жөнөткөнбүз. Сиз гезитке ректораттын өкүлүнүн берген маалыматына караганда деп жазыңыз. Ректор жок учурда мен жооп бере албайм" деди кыскача гана. Дагы бир топ ректорлордун кабылдамасынын тынчын алдык. Кээ бир ректорлор бул маселе жөнүндө кабары жок экенин сектретаршаларынын оозу менен айттырышты. Ректорлор министрлерден да чоң болуп кетишкенби же чын эле ушинтип төбөсү менен жер казып иштешеби, же парламенттеги көтөрүлгөн маселе кызыктырбайбы айтор, түшүнбөй калдык. Интеллигенциянын каймактары дегендер минтип атса, ректорлорду парламентти эмес, балакети шайласын, чала силерге дегенден башка сөз таба албадым. Бирок, эртеңки келечекти эстегенде, чыйрыгам, үшүйм… Кайда баратасың Кыргызстаным?!
Гүлбарчын Якубова



  Ооба, жок

Сотторго ишенесизби?
Мурдагы күнү соттордун күнүндө Улуттук телевидениенин "Алатоо +" программасы түз эфир аркылуу респонденттерге "Сотторго ишенесизби?" - деген суроо узатты.
Отуз мүнөттүк түз эфирде көрөрмандардын 24ү гана "ооба" дешсе, 1163 көрөрман кыргыз сотторуна "ишенбейм" деген пикирин ачык билдирди. Акыйкаттын өлкөбүздө канчалык деңгээлде корголбой жатканын, ушундан эле аңдап көрсөңүз болот окурман!



  Жаздын жакшы күндөрүндө

Баш редактор "балинсадан" чыкты
Гезитибиздин башкы редактору Кенжебек Арыкбаевге боорунан оор операция жасалып, үч күн мурун үйүнө аман-эсен кайтып чыкты.
Жабылып ың-жыңсыз калган "Аалам" гезитин кайра жандандырып, үч айдын ичинде өлкөбүздөгү миңге чукул басылмалардын ичинен гезитти рынок шартына тууралап, "Ааламды" окумдуу, калыс, чындыкты чагылдырган алдыңкы үч гезиттин бири кылган баш редакторубуздун кайрадан катарга кошулганына, ден-соолугуна байланыштуу ишке толук киришип кете албаса да, операция столунан бутуна туруп кеткенине кубанып турубуз.
Ошону менен бирге эле таланттуу редактордун өмүрүнө өмүр улап, операция жасаган борборубуздагы № 1 хирургиялык клиниканын жеңил колдуу дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморовго терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

"Ааламчылар"




















??.??