№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Уктуңарбы?

Женнифер Лопес эгиз төрөдү
Дене мүчөсү төп келишкен ырчы Женнифер Лопес 22-февралда көз жарып, эркек бала менен кызды жарык дүйнөгө алып келди.

Женниферди төрөткөн акушер-гинекологдордун айтымында, алгач кыз, андан 15 мүнөт өткөн соң эркек төрөлгөн. Орто жашка келип калган жубайлар ымыркайларга Макс жана Эмма деген ысымдарды ыйгарышкан.
Эмитен эле жылдыздар турмушун чагылдырган "People" журналы жаңы төрөлгөндөрдүн алгачкы сүрөттөрү үчүн алардын ата-энесине 6 миллион доллар сунушташканы маалым. Женнифер али өзүнүн макулдугун бере элек.




  Сүйүүнүн кучагында

Ющенконун жаңы кеңешчиси
Украинанын президенти Виктор Ющенко жакында татынакай жаш тележылдыз айымды өзүнө кеңешчи кылып алды.
Людмила Харив өлкө ичинде НТН телеканалынын жүзү катары таанымал. Себеби, бир канча жылдан бери андагы "Көз караш" деген адамдардын жеке турмушу, сүйүүсү тууралуу программанын алып баруучусу жана Улуттук коопсуздук кызматынын пресс-секретары болуп иштеп келген.
Людмила ар кандай сүйүү окуяларынын эксперти болгондуктан, президент Ющенкого кайсы маселелер боюнча өзүнүн кеңешин айтаары украиндерге азырынча табышмак бойдон калууда.




  Үмүт...

Анжелина Жолинин да боюнда бар
Көптөгөн эркектердин жүрөгүнө чок салган актриса Анжелинанын да боюнда бар экендиги айтылууда.

Жолинин жеке врачынын айтымында, актрисанын курсагында эгиз түйүлдүк бар.
"Табигый жол менен Анжелинанын боюна бүтпөй койгондуктан, жубайлар пробирка менен бойго бүтүрүүгө өздөрүнүн макулдугун беришкен. Мындан мурда, эки жолу аракет кылышты эле анысы ишке ашпай, үчүнчү жолкусу жолдуу болду"- дейт врач.
32 жаштагы Анжелина да боюнда бар экенин жашырган жок. Актрисанын айтымында, ал алкоголдук суусундуктарды ичүүнү токтоткон.
Эске салсак, Бред менен Анжелинанын өздөрүнүн балдары болбогондугуна байланыштуу, буга чейин жетим калган балдарды багып, өстүрүп келишкен.

Бетти даярдаган Тамчы Таштешеров



  Куттуктайбыз!

Алтын апаке!
Асылкүл апа! Алдыңызда кирип келген 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен Сизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ылайым аман болуп, арабызда бар болуңуз. Сиз барда биз ар дайым өзүбүздү түгөл сезип, атадан калган коломтобуз жылуу болуп, жан дүйнөнүн үшүгөнүн сезбей келебиз. Баарыбыз өсүп чыккан ал үй, сиз бар үчүн жылуу, мээримдүү...

Кыздарыңыз Эльнура, Элмира, Элиза