№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кечиккен сый-урмат

2007-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРЫ КИМДЕР?
Өткөн жылдын эң негизги жана маанилүү мелдештеринин жыйынтыктары боюнча кыргыз спортунун 2007-жылдагы абалы аныкталып жана жыйынтыгы декабрь айында эле чыгарылган. Бирок каражат маселеси учурунда чечилбегендиктен мыктыларга урмат-сый көрсөтүү "олимпиадалык кече" 5-мартта өткөрүлду. Өткөн жылы жылдызы жанып ийгиликке жетишип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан спортчулар кимдер?

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен өлкөнүн Дене тарбия, спорт, балдар жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиги кыргыз спорту жакшыбы, жаманбы, аны өткөн 2007-жылдагы дүйнө, Азия чемпионаттары, эл аралык мелдештердин жыйынтыгы боюнча баа беришип, өткөн жылдын мыктыларын аныктап, урмат-сый көрсөтту.
Өткөн жылдын "мыкты спорттук федерациясы" деген сыйга өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясы татыктуу дешти спорт адистери. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов айтты.
Себеби Кыргызстандын тарыхында алгач ирет Бишкекте май айында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшүнөн 2 алтын, 3 коло байгелүү болуп, намыска жараган. Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, Данияр Көбөнов экинчи ирет Азия чемпиону аталып, экөө тең жылдын мыкты балбаны деп табылды. Ошондой эле жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү, Азия чемпиону Арсен Эралиев да жылдын мыкты спортчусу аталды.
Өткөн 2007-жылдын мыкты спортчусу деп адистер бир добуштан эркин күрөш боюнча Бишкекте Азия чемпиону аталып, Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Базар Базаргуриевди аташты. Себеби анын Бээжин олимпиадасына жолу ачылып, жолдомону колго алып, учурда даярдык көрүүдө.
Ошондой эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняковдун былтыр да жылдызы жанып, мыктылар сабынан түшкөн жок. Ал да Бакудагы дүйнө чемпионатында Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алган.
Былтыр кыргызстандык суучулдар ийгилик жарата алышты. Өлкөнүн тарыхында бишкектик Юрий Захаров Азия чемпиону аталса, Василий Данилов Макаодо имарат ичиндеги Экинчи Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп келген. Экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, учурда даярдык көрүп жатышат.
Былтыр октябрда Макаодо имарат ичиндеги Экинчи Азия оюндарына катышкан Кыргызстан чоң ийгиликтерге жетпей калуунун себептерин улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов спортчулардын даярдыгы чийки болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаңы тажрыйбаларды колдонуу зарыл.
Өткөн жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Руслан Капаевди адистер аныктады.
Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккерди 2007-жылдын мыкты спортчусу деп атоого толук негиз бар. Себеби ал былтыр да Азия чемпионатында алтын байгелүү болсо, дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган. Бээжин олимпиадасына жолдомо алган Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда.
14-Азия оюндарында чемпион, Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко мурдагы жылы Дохада күмүш медаль тагынса, былтыр да Азия чемпиону аталуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алган.
Ошондой эле өткөн жылы дүйнө чемпионаттарында баш байге уткан тай боксчулар Данияр Кашкараев менен Валентина Шевченко да мыкты спортчу деп сый-урматтын ээси болушту.
Кол күрөш боюнча былтыр дүйнө чемпионатында коло медаль утуп, Азия чемпиону болгон Мирлан Байчериков да мыкты спортчу деп таанылды.
Уфа шаарында былтыр өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Курал Ордобаев алтын байгелүү болуп, Кыргызстанды тааныткандыгы үчүн ал дагы мыктылардын сабына кошулду.
Ошондой эле спорттун улуттук түрүнөн тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдештерде мөрөй алып, өлкө чемпиону болгон Элмира Кудайбергенова да мыкты спортчу аталды.
- Спортко өкмөттөн былтыр 90 миллион сомдой каражат бөлүнсө, анын 35 миллиону гана олимпиадалык түрдөгү спортко берилген. Быйыл каражат учурунда колго тийбегендиктен олимпиадалык кече эки ай кечигип өткөрүлүп жатат, - дейт өлкөнүн дене тарбия, спорт, балдарды коргоо жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов.
Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей балбандар, суучулдар, жеңил атлетчилер жана оор атлетчилерден бөлөк дагы мыкты ийгилик жараткандардын мээнети бааланбай калганын шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаев айтып, нааразычылыгын билдирди:
Азыр шахматка көп көңүл бурулбай калды. Менин уулум Семетей , өлкөнүн тарыхында Азиянын эки жолку чемпиону болуп, эл аралык спорт чебери аталса да мыктылардын сабына кошпой, мамлекет стипендия төлөп бербей жүрүшөт. Дүйнө чемпиону Анатолий Карповдун эл аралык шахмат мектебинен өз күчү менен билим алып, эл аралык мелдештерди да утуп жүрсө да, спорт жетекчилери көңүл буруп да коюшкан жок. Айылда таланттуу, спортко жөндөмдүү балдар жалаң карандай чай менен эле чоңоюшуп, спорт менен машыгуусуна шарты да жок. Эгерде шахматчыларга деле жакшылап көңүл бурулса, мүмкүн алтын медалга деле ээ болуп, Кыргызстанды таанытууга мүмкүндүктөр бар эле.
Жогоруда жылдын мыкты спортчулары аталгандарды тарбиялап, таалим берген устаттары Эмил Алыкулов, Мейрамбек Ахметов, Раатбек Мамбетов, Анарбек Үсөнканов,Эрнест Акрамов, Евгений Петрашев, Игорь Паклин, Үсөнкан Майназаров, Жээнбек Мукамбетов жана башкалар "2007- жылдын мыкты машыктыруучулары" аталып, байлуу сыйлыктардын ээси болушту.
Спорт журналисттерден 2007-жылдын мыктылары телебаяндоочулар Канай Аламанов, Кубан Атабеков жана Тахир Гафуров деп табылып, урмат- сыйга татыктуу болушту.
Өлкөнүн спорт адистеринин айтымында, 2007-жылы кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтү акталган жок. Себеби учурда Бээжин олимпиадасына 8 спортчу гана жолдомо алышкан.
Жыл аягында дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча Улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алууга убада берген. Кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама-чаркы быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат. Быйыл Бээжинди багындырып байге алып, кыргызстанды ааламга таанытып, мыкты спортчулар кимдер болоор экен? Аны да эсен болсо коро жатаарбыз.
Бетти даярдаган
Кабыл Макешов

P.S: "Аалам" гезитинин спорттук баяндамачысы Кабыл Макешов Кыргызстанда олимипадалык кыймылды жайылтуудагы зор салымы учун Улуттук олимпиада комитетинин Ардак граммотасы жана баалуу сыйлык менен сыйланды. Куттуктайбыз!