№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  САНДАН-САНГА

(Повесть)
Баратбай АРАКЕЕВ
Мент
- Баргыла, билген жериңерге арыздангыла! Бул жерге дагы бир ирет келсеңер - камап саламын!..
Машаев кийин укту - бул аял кызын далай жолу "зордуктатып" оокат кылган неме экенин. Базаркомго сүйлөшүп, ал аял менен кызды самогон сатканы үчүн үч-төрт жолу кармап, акыры ал жерден такыр кууп таштады…
Машаев ушул жерге келгени бир менчик спорт залда машыгат. Күрөшкө да, бокска да такай катышып, мелдештерде наам албаганы менен десантта кызмат өтөп келгенден кийин такай машыгып жүргөн неме күрөштүн да, самбо менен бокстун да биртоп сырларын билет, азыркыча айтканда панкратиондун чебери болууга жарап берет.
Бул спорт залда боксерлор, самбисттер, кикбоксчулар, каратисттер кезеги менен машыгат. Машаев болсо бош убактысына жараша келе берет ар кайсы маалда.
Бир күнү залга келип, колуна машыгуучу мээлей кийип, мешок муштап, анан ар кыл тренажерлору бар залга келип, жатып алып штанга көтөрүп жаткан. Аңгыча эле килтейген төрт жигит кирип, ар кайсы тренажерлордо машыга башташты. Экөө орус, экөө кавказдыктар, буура булчуңдуу немелер. Бөтөнчө мойнуна иттин каргысындай калың алтын тагынган орус оңбогондой булчуңдуу экен. Баскан-турганына караганда, адамдан эмес, кудайдан да коркчу түрү жок. Көпкөнү ар бир кыймылынан даана байкалып турат. Кебетеси, төртөөнүн лидери окшойт.
Машаев колу талып, чалкалап жаткан калыбында эс алып атты эле, жанагы килтейген жигит басып келип, буйрук бере сүйлөдү:
- Эй, братан, тур, менин кезегим келди.
Мындай мамилени көрбөгөн Машаев тигиге жараша жооп берди:
- Эй, братишка, менин кезегим бүтө элек!
Муну уккан орус ошол эле жерден Машаевди өпкөгө тээп калды. Катуу тийди. Антсе да ал обдула берди турмакчы болуп. Ошондо дагы тепки тийди. Көзү караңгылай түштү. Орустун үч жигити жетип келип, Машаевди сүйрөп тургузуп, кийим чеччү жерге жетелеп келип, биртоп ийлеп салышты.
Машаев биртопто эсине келди. Бирөө тургузганга аракет кылып жатыптыр, спортзалдын ээси элүүлөргө барып калган болчу. Өзү орус. Машаев өйдө болуп, отуруп эсин жыйнап, душка түшүп келип, кийинип, жанагы залдын ээсине барды. Ал Машаевдин милийса экенин, болгондо да угронун начальниги экенин билчү эмес.
- Жанагы менин эсимди оодарып кеткендер кимдер?
Орус жактырбай, көңүлкош жооп берди:
- Кайдан билем, жүздөгөн кишилер келет, баарын кайдан таанымаксың. Мына, мисалы, сени да тааныбайм. Мага эмне, төлөп турсаңар - болду.
Машаев чөнтөгүнөн күбөлүгүн алып чыгып, кыжырын жашыра албай, аны орустун мурдуна такады:
- Эй, мужик, тааныбасаң - мындан ары таанып жүр, уктуңбу?!
- Уктум,-деди орус чочулай.-Милийса экениңди билбей эле…
- Кана, эми айтчы, жанагылар кимдер?
- Ушул жердин балдары. Башчысынын аты - Константин. "Слон" деп коюшат. Милийса деле аларды жакшы билет.-Орус коркуп жатып ушуларды араң айтып, анан кошумчалап койду,-мени айтты дей көрбөңүз. Талкалап кетишет.
- Айтпайм, коркпо! -Машаев жиндене чыгып кетти.
Караңгы кирип калган. Түз эле бөлүмгө келди. Бир жигити кабинетинде иштеп отурган экен. Ушул жигитти алгач күндөн эле жактырат. Мурунку ишиндеги Мишасындай жакшы көрүп да калган. Аты - Болсунбек. Баары Болсун же Бока дешет.
Машаев Болсунга болгон ишти айтты эле ал тиштене калды:
- Айбан. Аны беш колумдай билем. Далай жолу артынан түшүп, кармоого илинчек таппай койгонбуз. Райондогу рэкеттердин баштыгы. Фамилиясы - Петрушкин. Үйүн да билем
- Жүрү, кеттик!- деди Машаев дароо эле.
- Азыр үйүнөн таппайбыз. Ресторанда же сауналардын биринде болсо керек.
- Табыш керек! Жерден чукусам да бүгүн табам!
- Дагы бирөөлөрдү алып алалыбы?-деди Болсун кабинеттен чыгып баратканда.
- Экөөбүз эмне, кичинебизби?
Машаев жиндене айтты ушуну. Сыртка чыгып, Болсундун "Жигулисине" отурушту. Машаев таякесинин машинесин өзүнө таштап келген эле.
Болсун экөө түз эле ушул борбордогу төрт-беш ресторандын мыктысы делген жерге келгенде табылбачудай көрүнгөн "Слонуң" жөкөрлөрү менен ал жерден чыгып келатышыптыр. Машаевдер машинеден түшпөй акмалап турушту эле "Слон" жанындагылар менен коштошуп, машинасын айдап жөнөдү. Машаевдер артынан түштү.
- Үйүнө баратат окшойт,-деди Болсун.
Ырас эле ал аз өтпөй эшиги көчөгө чыккан гаражынын маңдайына машинесин токтотуп, дарбаза ачмакчы болгондо Машаев эки аттап жетип, аны каруудан алды:
- Ии, айбан, спортзалдан жакшы машыктыңбы?!
Эч нерседен капарсыз "Слон" чочуп кетти, анан жана эле өлөрчө тепкилеген немени тааный коюп, кайра кол какмакчы болду эле Машаев аз кетенчиктей берип, аны дал ич талаштыра тээп калды. "Слонуң" борпоң белем, шалак этти. Ачуусу тыйыла элек Машаев өпкө талаштыра жана бир тепти. Тигил тырп этпей жатты. Аз өтүп кыймылга келди. Көзүн ачты. Ошондо Машаев аны ордунан тургузуп, кокодон мыкчый кармады:
- Кана, төртөөлөп бирөөнү тепкиледиңер, эми көрсөтчү күчүңдү. "Слонмун" деп жүргөн турбайсыңбы, мындан ары чычкан болосуң, уктуңбу?!
Ал орусуң да оңой эмес экен, кармаша кетти. Бирок жагдайды колго алып, даяр турган Машаев аны дал ээкке уруп, ал бүк түшкөндө дал көкүрөккө тээп салды. "Слон" эми даана чычкан кейпин кийди.
Машаевдин кычуусу канып, жардамдашам деп бирок жардамы керексиз болуп турган Болсундун машинесине түшүп, кете берди…

(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы.
Башталышы өткөн сандарда)
- Огу кана?!
- Билбейм.
- Жүктүн алдындагы тактада турат, алып кел. Бол, ылдам!
Уулу кайра боз үйгө жүгүрүп кирип, бир аздан кийин кагаз кутучага салынган окторду алып чыгып, атасына берди. Карбаластаган Туткабай шашып-бушуп окторду туш-тарапка чача арасынан бирди алды да мылтыкты октоду. Ошо маалда алиги карышкырга окшогон караан койлордон бөлүнүп калган козуну шак илип ала коюп, жонуна ыргытты да маараткан боюнча көтөрүп алып, ары көздөй качып жөнөдү.
- Шайтан алгырдыкы, токто!
Мылтыгын ошол жакты каратып "тарс!" эткизе атты. Карышкыр эч нерсе болгон жок. Шаша-буша экинчи жолу октоп, дагы бир жолу ок чыгарды. Карышкыр мылтыктын үнүн тоготпой, бир калыпта чуркап кетип баратты.
- Кап, кашайгырдыкы, алып кетмей болду ээ!
Туткабайдын айласы кетип, заманасы куурула түштү. Анын жанында турган Абдысалам өздөрүнөн алыстап бараткан карышкырды телмире карап турду.
- Мылтыкты бериңизчи мага.
- Кап, кашайгырдыкы, козуну алып кетти!
Өзүнчө күйпөлөктөгөн Туткабай тигинин сөзүн адегенде уккан жок.
- Байке, мылтыкты бериңизчи бери.
- Ыя, мылтыкты эмне кыласың?
- Бериңизчи, мен атып көрөйүн.
Айласы куруп турган кожоюн анча ишеңкиребей мылтыкты тигиге кармата койду. Арыдан-бери октогон Абдысалам тээ улам алыстап кетип бараткан караанды мээлеп калды. "Тарс" эткен үндөн капчыгай жаңырды. Алиги караан жонундагысын таштап жиберип, өзү төмөн карай аласалды.
- Астапыралла, тийди окшойт. Оо, Кудайым, - Туткабай чебелене Кудайга жалынып да жиберди.
Бери жакта дүрбү менен карап турушкандар дароо ошол жакты карай дүрбөштү.
- Карышкыр өлдү окшойт, козу ордунан туруп бери карай чуркап келатат.
Туткабай, Абдысалам, уулу үчөө дароо атка мине коюшуп ошол жакты көздөй чаап жөнөштү. Аласалып чоң ташка такалган карышкыр бир ордунда былк этпей жатыптыр. Маараган жаш козу чуркап отуруп койлордун арасына кирип, аралашып кетти. Чала жан болуп, же эси ооп жатпасын деп сактаныша мылтыгын аны карай суна кожоюн карышкырдын жанына басып келди. Анын тиштери оркоюп чыга, көздөрү ачылган боюнча калыптыр. Башынан сызылып чыккан кан жаагына жайыла али да болсо агып жаткан. Адегенде чочулай мылтыктын учу менен ары-бери оодарып көрдү да өлгөнүнө чындап ишенген соң кимгедир ыраазы боло карышкырды бутунан тартып аласардырды.
- Ой, сен чоң мергенчисиң го, ыя? Карачы, ок башка тийиптир.
Чоң дөбөт карышкырды экөөлөп жатып араң дегенде атка арта салышты да боз үйгө кайтып келишти. Алар ошол күнү эле карышкырдын терисин сыйрып алышты. Бул жалгыз жорткон дөбөт карышкыр көптөн бери жайлоодогу малчыларга тынчтык бербей тоодо жайылып жүргөн койлоруна кол салып, түнкүсүн короого кирип дүрбөтүп, кээде көз көрүнөө эле койлорду жара тартып кетип, айлаларын алты кетирип жүргөн. Ошондон кийин тынчый түштү. Абдысаламдын кыйын атаарын Туткабай ошондо биринчи көргөн болчу.
Экинчи окуя болсо ошондон бир жарым ай убакыт өткөндөн кийин болду. Анда да күн төбөгө көтөрүлүп, түштөн ооп бараткан мезгил болчу. Сырттан Абдысалам шашкалактай чуркап кирип келди.
- Байке, мылтыкты бериңизчи!?
- Эмне болду, дагы карышкыр кол салдыбы?
- Жок.
- Анда мылтыктын кереги не, же суур атасыңбы? Аларга тийбе деп тыюу салбадым беле.
- Суур атпайм байке, тигил жерде кой менен жылаан арбашып атат. Жылаан койду жеңип баратат окшойт, азыр өлтүрүп коет эртелебесек.
- Эмне аларды мылтык менен атып чочутайын дейсиңби?
- Берсеңиз анан.
Туткабай башка сөз сүйлөгөн жок, боз үйдүн бурчундагы мылтыкты ала бер дегендей башы менен ийкеп көрсөтүп койду. Абдысалам дароо мылтыкты алды да басып баратып эле октой сыртка шашыла чыгып кетти. Анын соңунан Туткабай да чыкты.
- Кана, каяк жакта алар?
Өздөрүнөн жетимиш кадам алысыраак жерден койлордон бөлүнүп калган жалгыз койду көрсөттү. Ал бир ордунда былк этпей таштай болуп катып туруптур.
- Кана, жылаан көрүнбөйт го?
- Чийдей болуп тигил жерде тикесинен турбайбы, силерге көрүнбөй жатабы?
- Көрсөм буюрбасын.
- Анда азыр көрсөтөм, - Абдысалам мылтыгын ошол жакты карай сунуп туруп, бир азга мээлей анан атып жиберди. Кой дагы бир ордунан эле былк этпей тура берди.
- Эмне болду, сен эмнени аттың?
- Азыр көрөсүз, - Абдысалам мылтыгын боз үйгө жөлөп коюп, жалгыз кой турган жакты көздөй жүгүрүп кетти. Бери жактагылар эч нерсе түшүнүшпөй Абдысалам кеткен жакты карап турушту. Ал койдун жанына келип таяк менен ургулай аны эсине келтирди дагы, эңкейип жерден бир нерсени көтөрүп алды. Бөлүнүп калган койду ары жакта оттоп жүрүшкөн койлорду көздөй айдап, кайра бери көздөй басып келди. Колунда узун бир нерсе жүрөт. Аны карап тургандар жылаан экенин жаземдебей дароо эле баамдашты. Абдысалам узундугу бир кулачтай, жоондугу билектей келген жылаанды тигилердин алдына таштады. Туткабай эңкейип аны колу менен кармалап көрө баштады.
- Тим эле мунун башын үзө аткансың го. Тобо, ушунчалык аралыктан кантип тийгиздиң. Сен дагы чоң аталарыңды, атаңды тарткан кыйын мергенчи окшойсуң. Баса, айтмакчы, мунун жылаан экенин кантип билдиң, биз көрө албай койдук го?
(Уландысы бар)

Саадатбек Мырзакул уулу










??.??