№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өткөн санга кайрылып...

Тамашакөй каракчы
Гезитибиздин өткөн санында "Султан кылтакка түштү" деген темада кыскача маалымат бергенбиз. Бул санда ал кылмышкердин кылыктарына кененирээк токтолобуз.
Оюнчук тапанча менен "ойногон" Юсупов Мухамедамин башкалар ойлогондой, киши тоногон келесоо эмес, алчы-таасын жеген каракчы эле. Ал мунун бардыгын ойлонуштуруп, атайын оюнчук тапанча менен олжо издеп чыккан. Себеби, колго түшүп калса чын курал болбогондуктан жазасы жеңил болоорун жакшы билчү. Анын үстүнө мурда үч жолу соттолуп, кылмыш дүйнөсүнүн "энциклопедиясын" жакшы үйрөнгөн, ал жерден "Султан" деген кошумча атка татыктуу болгон "тажрыйбалуу" рецидивист эле.
Үстүбүздөгү жылдын 14-февралга караган түнү ал "Баят" базарынын жанында жайгашкан "IP-телефониянын" кассасына кирип, оюнчук тапанчасын октоп, кассада отурган кыздын башына такап, түшкөн акчаны толугу менен шыпырып кетет. Сыртка чыгаары менен "Амалдуу мергенге, ажалдуу кийик жолугат" болуп, шыр эле токтой калган таксиге отуруп Сокулук районун көздөй бет алат. Барар жерине жеткенде таксистке акча бермек турсун адатынча тапанчасын анын башына такап, эл ташып оокат кылып жүргөн шордуунун бир күндүк тапкан акчасын кошо шыпырып баса берет.
Мурда эле жеңил олжонун даамын сызып калган эргул токтоно албай, эми дагы бир таксини жалдап алып Бишкек шаарына жөнөйт. Кызыл Аскер аймагында жайгашкан "IP-телефонияга" кирип өзүнүн мурдагы пайдаланган тажрыйбасы менен оюнчук тапанчаны кассирдин башына такап, болгон акчаны кагып алат. Бул анын үчүнчү кылмыш аракети эле. Ошол эле күнкү оюнчук тапанчаны октоп, таксистти айдатып, Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан гүл саткан дүкөндөрдүн бирине кирип, адатынча коркутуп, алардын да бир күндүк соодасынан тушкөн акчасын жайлап баса берген.
Бир күндө эле ушунча кылмыш жасаган кылмышкерди табуу үчүн Ленин районунун милициясы оперативдүү иштерди күчөтүп, өзүн токтото албай ээликкен эргулду колго түшүрүштү. Оюнчук тапанча менен тамаша кылгам, эч кимди тоногонум жок деген кылмышкердин үстүнөн азыр кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Оюнчук тапанчадан ок жебесе да жүрөктөрү түшкөн жабырлануучулардын тизмеси дагы узарып баратат.




  Кызуу кандуу айылдаштар

Кетмен менен башка чаап...
Базаркоргон районунун Бешикжон айылынын тургуну А.Мусакееванын үйүнөн ушул эле райондун Акман айылынын тургуну 51 жаштагы Ж.Абдыкапаровдун башы жарылып өлтүрүлгөн денеси табылды.
Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Кызылай айылынын тургундары 27 жаштагы К.Мусакеев мкенен 26 жаштагы К.Карабеков дегендер колго түшүрүлгөн. Алардын көрсөтмөсүнө караганда, арак ичип отуруп, болбогон жерден чыккан чырдан улам, экөө Ж.Абдыкапаровду ур-тепкиге алышып, анын башын кетмен менен жара чаап ташташкан. Азыр кылмышкерлер кармалып, далил зат катары кетмен алынды. Чырдын чыгышынын себеби такталууда.




  Кан турмуш

Өзүн-өзү атып салды
Ушул жылдын 4-март күнү Баткен шаардык күзөт кызматынын милиционери, 24 жаштагы милициянын старшинасы А.Матмуратов табелдик куралынан өзүн-өзү атып өлтүргөн.
А.Матмуратов милиция кызматында өткөн жылдын сентябрь айынан бери иштеп келе жаткан. Окуя болгон күнү милиционер Баткен шаарындагы "Промстройбанктын" филиалында күзөттө туруп, "жылан чагып, жылкы теппей" эле кызмат ордун таштап салып, эшиктин алдында турган аталган банктын айдоочусу К.Садировго тиешелүү "Ауди-100" маркасындагы автоунааны айдай качып, үйүнө келген. Эч кимге эч нерсе дебестен үйүнүн ички бөлмөсүнө кирип, табелдик куралы менен өзүн-өзү башка атып өлтүргөн.
Эмне болгонун эч ким билбейт. Азыр милиционердин табышмактуу өлүмү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштады. Жыйынтыгын дагы кабарлайбыз.




  Кыңыр иш кырк жылда

Май кармаган бармагын жалайбы?
Жакында ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мындан бир жыл мурда жасалган кылмыштын бетин ачышты.
Анда республикалык МАИнин каттоо жана экзамен алуу бөлүмүнүн Нарын областынын Кочкор району боюнча бөлүмүнүн начальниги М.Сатарбаев кызматтык абалынан кыянат пайдаланып, А.Исмаилов менен алдын-ала сүйлөшүп алышып, республикабыздын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген "Мерседес-Бенц-230" үлгүсүндөгү автоунаанын тех. паспортун жасашып, Пак Эдуард дегенге 5000 долларга сатып жиберишкен. Эч жерден каттоодон өтпөгөн жасалма документ менен жүргөн автоунаанын ээси Пак Эдуард азыр 5000 долларга күйүп кеткенин айтып арызданууда. Ал эми жасалма документ менен олжого туйтунгандардын абалы аныкынан да оор болоорун божомолдогондор да жок эмес.




  Жокту суроо табат

Өлүктү жардан алыс ыргытышып...
Базаркоргон районунун Көкчөкөз айылынын тургуну 23 жаштагы И.Абдукаримов 20-февраль күнү "ДЭУ ТИКО" автоунаасын айдап кеткен боюнча үйүнө кайтып барган эмес.
Үч күндөн кийин жакындары милицияга арыз беришип, издөө башталган. Мындай маркадагы автоунаалар түштүктө көп уурдалып же болбосо тонолуп, айдоочулар оор запкы тарткан фактылар көп катталгандыктан милиционерлер бул ишке өтө дыкаттык менен мамиле кылышты. Айткандай эле, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жакында, И.Абдукаримовдун жоголушуна себепкер болгон шектүү адамдар колго түшүрүлүп, сурак учурунда кылмыштары аныкталды.
Көрсө, 20-февраль күнү Базаркоргон айылындагы автостанциядан такси жалдашкан эки жаш жигит эл ташып күн көрүп келген И.Абдукаримовду айдатып алышып, Кочкората шаарчасына жөнөшкөн болчу. Бул жигиттер Кочкоратага иш менен эмес, ушундай жол менен жеңил акча таап, автоунаа тоноо үчүн атайын даярданып чыгышкан. Жетээр жерлерине келген соң айдоочуга сыйыртмак салып өлтүрүшүп, машинаны өздөрү айдап жөнөшкөн. Ноокен районунун аймагындагы Бешбанги деген участоктон И.Абдукаримовдун денесин жардан ыргытып жиберишет да анын болгон акчасын, уюлдук телефонун алып, Коммунизм айылынын май куюучу жайынан телефонду бензинге алмашып, машинаны айдап кетишкен.
Кылмышка шектүү делинген Абдураимов айылынын тургундары 20 жаштагы И.Таштемиров менен 18 жаштагы Т.Тажибаев колго түшкөн соң, милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышып, жабырлануучунун денесин ыргыткан жерди көрсөтүшкөн. Коммунизм айылындагы май куюучу станциядан жабырлануучунун уюлдук телефону далил зат катары алынды.
Учурда, оңой олжо таап, оюн салгысы келген каракчылар темир торго түштү. Азыр тергөө жүрүп жатат.




  Жуткан жутабайбы же?..

Асмандан жааган акчалар
Учурда Кыргыз Республикасынын атуулдарына берилүүчү паспорттордун тегерегинде ойго келбегендей окуялар, кылмыштар болуп жаткандыгы жалпы журтчулукка жакшы маалым.
Мындай окуялар гезитибиздин өткөн сандарына да жарыяланган. Кыргыз паспорттору дүйнөнүн төрт бурчуна тарап, анын артынан ар кандай ызы-чуулар чыгып жатканы дале да болсо журтчулукка маалымдалып келе жатат.
Жакында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жатаканасында жашаган студенттерди учетко отургузуу жана чыгаруу иштерин жөнгө салуу боюнча кызматкери Казакбаева Паризатка жаңы паспорт алып берүү жөнүндө студент Таңатарова Нуриза кайрылат. Нуриза жаңы паспортко аты менен фамилиясын өзгөртүп жаздырууну ойлонгон, бул оюн паспорттоштуруу боюнча иш жүргүзгөн Паризатка билдиргенде анын "асмандан издегени жерден табылгандай" сүйүнө дароо макул болот. Эч бир кыйыктанбастан ар кандай документтерди жасоо үчүн чыгымдалды деген шылтоолор менен Н.Таңатаровадан баш аягы 24 миң сомду алып тынган. Бул жерден кылмыштуу иштин ишке ашышына ИИМдин ыкчам паспорт жана виза көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору Жусумбаева Жаннаттын да катышы бар экендигин айтпай коюуга болбойт. Бүгүнкү күнү кылмыштын бети ачылып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 304-статьясы боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" жана 315-статьянын "Кызматтык жасалмачылык" деген пункттары менен кылмыш иши козголуп, жогорудагы жооптуу кызматкерлер жооп берүүдө.




  Дубанадан айбашы үмүт кылып...

Бир тууган кылмышкерлер
Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Ысыката районунун Эпкин айылындагы "Содружество" деп аталган дачалардын биринен 69 жаштагы Р.Литвинова деген пенсионердин өлүгү табылган. Алгач кароо жүргүзгөн медицина жана милиция кызматкерлери анын денесинен эч кандай шектүү нерсени байкабагандыктан аны өз ажалынан өлдү деген тыянак чыгарышкан.
Тилекке каршы андай эмес болуп чыкты. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучу Р.Литвинованы жумшак нерсе менен тумчуктуруп өлтүрүшкөндүгү дайын болгон. Ушундан кийин гана Ысыката районунун Красноречинск айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, оперативдүү жол менен кылмышкерлер кылтакка илинди. Алар бир тууган каракчылар 21 жаштагы А.Калимчуков менен 19 жаштагы В.Калимчуков дегендер болуп чыгышты. Бир туугандар бечара кемпирди тоноо максатында дачасына киришип, жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүп, азык-түлүктөрү менен биртике пенсиясын тоноп кетишкен. Азыр эки каракчынын үстүнөн тергөө улантылууда.




  Мыкаачылык

Бейкүнөө кыздын өлүмү
Жаз айынын биринчи күнү ордо калаабыздагы Жибекжолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөрдүн биринин сатуучусу 28 жаштагы А.Аманкожоеванын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылды.
Каракчылар күркөнүн кассасын жана жабырлануучунун уюлдук телефонун алып кетишкен. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөндө А. Аманкожоеванын көкүрөгүнө жана далысына бир нече жолу бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал эми күркөнүн ичиндеги буюмдардан кылмышкерлердин колдорунун тактары алынды. Азыр иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Бетти даярдаган С. Калманбетов









??.??