№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Түбөлүккө кеткен жол

Таланттан - трагедияга
Драматург, режиссер Жаныш Кулманбетовдун "Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык жолун карап олтурсаң, жалаң бут тосуулардын, ичи тарлыктын курмандыгы болгондой таасир калтырат" - деген таамай айтылган сөзү бар. Ушул жана башка ойлордун өзөгүндө таланттуу драматургду маекке тарттык. Маектешим Жаныш Кулманбетов.

Кыргыздын 20-кылымдагы кино менен театр өнөрүн Бакен Кыдыкеевасыз элестетүү мүмкүн эмес.

Автобус сүзүп кетип, он сегиз күн моргдо эч ким тааныбай жатып калбадыбы. Мынакей, улуу таланттын трагедиялуу тагдыры.

Эже эски боз плащын кийип алып, театрдын алдында нес болгонсуп олтурганы баарыбыздын зээнибизди кейитчү.

- Сиз кыргыздын эң таланттуу инсандарынын бири Бакен Кыдыкеева туурасында "Талант жана тагдыр" деген драма жазган экенсиз. Бакен эже тууралуу эмне айтып берер элеңиз?
- Бакен Кыдыкеева кыргыз элинин жүзүн, образын эл аралык көрүүчүлөргө тааныткан улуу таланттардын алдыңкы сабында турат. Кыргыздын 20-кылымдагы кино менен театр өнөрүн Бакен Кыдыкеевасыз элестетүү мүмкүн эмес. Бакен эже бардык жагынан кыргыз искусствосунун карлыгачы: кыргыздын европалык типтеги драма театрын түптөгөндөрдүн ичинде турат. Кинодо болсо алгачкы улуттук көркөм фильм "Салтанатта" кыргыз актрисаларынын ичинен ага Салтанаттын образын жаратуу бактысы туш болгон. Өз өмүрүндө Бакен СССРдин эл артисти жана дагы канчалаган сыйлыктардын ээси болууга жетишкен. Анын чыгармачылык тагдыры карапайым калкка дайыма салтанаттын үстүндө жүргөндөй таасир калтырат. Бирок, ушул атак-даңктын артында Бакен Кыдыкеева кандай драмалуу жашоону башынан өткөргөнүн көпчүлүк биле бербейт.
Алгачкы ирет артист болуп театрда иштей баштаганда Торуайгырлык Абды деген жаш жигит экөө бири-бирин жактырып калышып, турмушка чыгып, бир кыздуу болушкан. Баса, Абды Асылбек Өзүбековдун аталары болот. Кийин күйөөсү бир туугандарынын айткандарынан чыга албай, Бакен эженин театрда иштөөсүнө каршы чыгат. Ошондо Кыдыкеева жеке турмуштук бактысынан кечип, күйөөсүн таштап, кызын алып театрды тандап, баса берген.
- Жеке турмушунан театрды жогору койгон экен да?
- Чыгармачылык инсан болсо, анын үстүнө театрга бармактайынан келсе, таланты ташкындап турса театрды тандайт да. Эгерде ошол мезгилде шарт, үрп-адат тоскоол болбогондо жеке турмушун да бузбай, театрдан кетпей иштөөгө болот беле деп кетем. Драманын баары ушунда болуп атпайбы. Үй-бүлөлүк бактысын курмандыкка чалып, театрды тандап алууга мажбур болгон. Кийин Ажыгабыл Айдаркулов деген жаш, таланттуу театр режиссеру менен жаңы эле баш кошкондо, ал автокырсыктан көз жумган. Андан соң, азыркы балдарынын атасы менен да ажырашып кетүүгө аргасыз болгон. Мына, эженин жеке турмушунун драмасы. Мына ушунун баарын көтөрүп, эч кимге сыр билгизбей, сахнада, экранда жаркылдап жүрөр эле. Аны сыртынан көргөндөрдүн баары Бакенден бактылуу эч ким жок деп ойлошчу. А нын жеке турмушунан бактысыз экендиги көпчүлүккө белгисиз бойдон калган.
- Ажырашып кетүүгө мажбур болгон деп атпайсызбы? Ким аны мажбурлады?
- Чыгармачылыкта, айрыкча театр, кино сыяктуу коллективдүү иш болгон жерде дайыма көрө албастык, ич күйдүлүк өкүм сүрөт экен. Эженин айлана-чөйрөсүндө эле чогуу жүргөн, бирге иштешкен айрым бир кесиптештери анын тегерегинде ар-кандай ушактарды чыгарышып, акыры ажыраштырып тынышкан. Чыгармачылыгында деле ошондой эле көрүнүш кайталанды десем болот.
- Бакен эжеге театр менен кинодо да бут тосуулар болгонбу, ?
- Өзүңөр калыс болуп көргүлө. 1958-жылы Москвада Кыргыз ССРинин искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасы өткөн. Ал декадада элибиздин туңгуч көркөм фильми "Салтанат" көрсөтүлүп, борбордогу көрүүчүлөр менен сынчылардын эң жогорку баасына татыган. Бакен Кыдыкеева Салтанаттын образын жаратканы үчүн фильм ушундай баага татып жатат. Көргөндөр ушинтип бир ооздон баа беришкен. Бул фильмден тышкары Бакен Кыдыкеева "Курманбек" спектаклинде Айганыштын кайталангыс образын жаратып, москвалыктарды кадимкидей суктанткан. Анан эле наам берүүгө келгенде эженин айрым бир кесиптештери СССРдин маданият министрлигине барышып, аны аябай жамандашып, СССРдин эл артисти деген наамга көрсөтүлүп аткан тизмеден чийдирип салууга жетишишкен. Ошондон кийин туура он эки жылдан соң гана Бакен Кыдыкеева, 1970-жылы ушул наамды алган. Ал эми алтымышынчы жылдардын башында ошол эле ичи тар кесиптештери Бакен эжени театрдан чыгартышкан. Ошол кесиптештеринин бүгүнкү күнү деле жыргап кетишкен жери жок. Кыдыкеева бир нече жыл ишсиз бош жүрүп калган. Кыдыкеева сыяктуу улуу инсанга өзгөчө мамиле кыла билүү керек эле деп ойлоймун. Дегеле, өсө турган эл өз талантын сыйлай билүүсү абзел эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Бакен эже камкордукка алынбай калды. Эже эски боз плащын кийип алып, театрдын алдында нес болгонсуп олтурганы баарыбыздын зээнибизди кейитчү. Бирок, эже жарыбаган пенсиясы менен күн көрө албай калганда ишке алып, баш калкалатышкан ошол кездеги жеткинчектер театрынын жетекчилигине рахмат. Азыр ал театр Бакен Кыдыкееванын наамын алып жүрөт.
- Эженин өмүрүнүн акыры да аянычтуу бүткөн экен?
- Ооба, автобус сүзүп кетип, он сегиз күн моргдо эч ким тааныбай жатып калбадыбы. Мынакей, улуу таланттын трагедиялуу тагдыры. Кийин эле 80-жылдары да эжеге роль бердиргиси келбеген жаш кесиптештери чыгышкан. Кыскасы, Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык жолун карап олтурсаң, жалаң бут тосуулардын, ичи тарлыктын курмандыгы болгондой таасир калтырат.
- Бирок Бакен Кыдыкеева театрда да, кинодо да мыкты образдарды жараткан. Эгер сиз айткандай курмандык болсо, анда бул образдар кайдан жаралды?
- Туура, бул сурооңуз мыйзамченемдүү. Эгер жанагыдай бут тосуулар болбогондо, ич күйдүлүк өкүм сүрбөгөндө, эжени бапестеп-барктап ала алганыбызда мындан да мыкты образдардын, чыгармачылык бийиктиктердин күбөсү болмокпуз. Жанагынтип чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде, театрдан чыгартылганы эле эжени да, кыргыз театры менен киносун да канча нерседен өксүк кылды. Кийин деле ушундай улуу талантты, театрды түптөгөн инсанды күүлүү-күчтүү мезгилинде эле пенсияга узатып жиберип атышпайбы. Мына, чыгармачылык адамга карата болгон таш боордук, мерездик мамиле. Эгер, Бакен эжебизге өз убагында тиешелүү көңүл бурулса, балким ал азыр да биздин арабызда жүрөт беле деп кетем. Анткени, быйыл ал киши болгону сексен беш жашка чыкмак. Бирок...

Маектешкен
Шааркүл Медетбекова










??.??