№28, 07.03.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Түрмөгүл

"Көкүрөк күчүгүмдү сагындым..."
4-мартта биз, редакциянын кызматкерлери, Бишкектен анча алыс эмес Степное айылындагы аялдардын колониясында болуп, эркинен ажыратылган аялдардын аргасыз өткөрүп жаткан турмушун көрүп, бу тагдырга туш кылган алардын муң-кайгылуу окуяларын кагазга түшүрүп кайттык.

Аялдардын 8-Март майрамы босогого келип калган күндөрү Степное айылында жайгашкан аялдардын колониясында да болдук. Материал даярдоо үчүн ГУИН мекемелеринен уруксат алуу үчүн ары-бери чуркап ал жактан материал жазуу канчалык түйшүктүү болоорун сезсек, баргандан кийин эркинен ажыратылган аялзатынын муң-арманын угуу андан бетер оор экенин баамдадык. Түрмөдө тунжураган тынчтык. Андагы аялдар аянычтуу карашат. Айлана да ал убакта кайгыга кулак түрүп, бу жакта деле жашоонун бар экенинен кабар бергенсип турду. Ашканадан бөлкө нандарды көтөргөн, банкаларга компотторун куюп алып казармаларына көтөрүп бараткан аялдарды көрөсүң. Аялдар камакта болсо да, аялзаты боюнча калаарын, өзүнүн кебете-кешпирине карап, чачын жасап, боенуп-түсөнүп алгандары бар. Колунан келген жумушту жасап, тор токуп, үйүндөгү бала-чакасынын камын ойлоп, убайым жегендери да, келечегинен үмүтүн үзүп, өз тагдырын жаратканга тапшырып койгондору да кезикти.
Мындагы аялдардын бир катары менен сүйлөшсөк, алар арыз-муңун айтып беришти.

"Апамдан кечирим сурайм"

Миножат Мамажанова, 28 жашта:
- Кандай кылмыш кылдың эле?
- Биринчи жолкусунда баңгизат сатып кармалып, 5 жылга кесилип кеткем. Анда 17 миллиграмм баңгизат менен кармалгам. Андан чыгып, 22 күн үйдө болгондон кийин 5 миллиграмм гашиш менен кармалдым. Мени 12,5 жыл эркимен ажыратып, оор жаза берип коюшту.
- Бир жолу камалып чыккандан кийин экинчи жолу баңгизатты кармабай койбойт белең?
- Таежем менен үй талашкан чатагыбыз бар эле, ал мени 5 миллиграмм менен кармап берип койду. Баңгизат саткандардын кээ бири акча берип, кутулуп кетип жатышат, а менин акчам жок. Ошентип 4 жылдан бери дагы камактамын. Мындагы эл амнистияны күтүп калышат. Мендей байкушка, экинчи жолу кесилгеним үчүн амнистия да берилбейт, дагы 6 жыл олтурам.
- Балдарың барбы?
- Улуусу 10-класста. Кичүүсүн жеңем алып кеткен. Жолдошум менен ажырашып кеткем.
- Сага үйдөн келип турушабы?
- Апам да майып болуп калган. Байкуш апам 4 жыл дегенде араң келди. Бир эле агам бар. Арызданып, апам көп жерге барды, бирок мени куткара албады.
- Бул жерден керелден-кечке күндү кантип өткөрөсүңөр?
- Эски кофталарды сөгүп, тор токуйм. Мага киши көп келбегендиктен, тор токусак, азык-түлүк алабыз, ага тамак жасап ичебиз. Бул жерде 3-4төн киши биригип, "хлебка" деп коет, үй-бүлөдөй чогуу тамак ичебиз. Азык-түлүгүбүз такыр түгөнгөндө ашканага барып тамактанабыз.
- Тамакты эт менен жасайсыңарбы?
- Кайдагы эт? Жашылчалар менен жасайбыз. Ашканада кээде малдын, канаттуулардын эти менен тамак беришет.
- Өткөнүңдү ойлоп кейийсиңби?
- Биринчи жолу ырасында эле баңгизат саткам. Анда эки балам менен аябай кыйналып жүргөндө аргасыз ошондой ишке барууга туура келген. Торт жасап сатчумун, аным өтпөй калган күндөрү такыр акчасы жок олтуруп калчубуз. Ошто же иштейли десек иш болбосо... Өзүм 9-классты эле бүтүп, эч жактан окуган эмесмин. Экинчи турмушка чыкпайм деп жатам. Эгерде күйөөм мени баккан болсо, ушундай ишке барбайт элем. Ушул жерде камакта олтурган көпчүлүк аялдар күйөөсүнөн жакшылык көрбөй, үй-бүлөнү багыш үчүн кылмыш кылууга барып жаткандар.
- Бала кезиңди эстейсиңби?
- Атам бар кезде биз жакшы турмушта жашадык. Апам ал кезде пилла фабрикасында иштеп, жумуштан кийин чайкоочулук кылып, бизди жакшы эле баккан.
- Эмнеден коркосуң?
- Ооруп калуудан.
- 8-мартка кандай каалоолоруң бар?
- Апаларды, аялдарды келаткан майрамы менен куттуктайм. Камактан чыккандан кийин мен эң ириде апамды таза мээнет менен багып алам. Мен апамдан кечирим сурайм.

"Көрсө аялдарды да түрмөгө камайт турбайбы?"

Сагынбүбү:
- Мен кафеде иштечүмүн. Жаш эле жигит мага акча карыз болучу. Такыр бербей качып жүрдү. Бир жолу мас болуп алып келиптир. Экөөбүз уруша кеттик. Ачуум келгенде аны таш менен уруп жибергем. Ал болсо кетип калган. Андан кийин участкалык милиционер келип, ал баланын өлүп калганын айтты.
- Балдарыңыз барбы?
- 7 балам бар, эң кичүүсү 6 жашта.Эми соттун чечимин күтүп жатам. Мен тоодо жүрүп билбептирмин, көрсө аялдарды деле түрмөгө камап коет турбайбы. Чынын айтсам, бул жер мага окшогон аялдарга ылайыксыз жер экен. Көнүп калгандар кайра да кесилип келе берет экен. Ал баланын өлүп калаарын кайдан билдим. Көрсө, сопсоо басып кетип эле өлүп калса болот экен. Кокустук болуп, мен кылмышкер болуп кетээримди кайдан билдим...
"Менин мөөнөтүм баарыныкынан көп"
Динара:
- Мен ушул жерде жаткандардын ичинен эң көп мөөнөткө - 25 жылга кесилдим. Азыр жашым кыркта. Бул жакка келгениме үч ай болду, ал эми жалпы олтурганыма эки жарым жыл болот.
- Балдарың барбы?
- Үч балам бар, улуусу 20 жашта, экинчиси 5те, эң кичүүсүнө мен жаңы жатканда эки ай гана толгон.
- Сагындыңбы?
- Сагынбай анан. Көкүрөк күчүгүм там-туң басып, сүйлөп калган болушу керек. (Ыйлайт).
- Кандай күнөөң үчүн сага 25 жыл берди?
- Уюшкан топ болуп, киши өлтүрүлгөн, мени ошол өлтүргөндөргө заказ берген деп айыпташты.
- Чын эле ошондой болду беле?
- Эгер мен ошол аялды өлтүргүлө деп заказ берсем, анда мен аны ачык эле айтмакмын. Мен жасабаган күнөөнү мойнума алалбайм. Андан көрө, киши өлтүрүп эле кесилсем болмок экен деп кетем. Бул жактагылар кантип өлтүрдүң, каягына чаптың десе, уялам, айталбай.
- Ал аял ким эле? Сенин ага кандай тиешең бар эле?
- Ал аял менин күйөөмдүн көңүлү жакын кишиси болучу дешет. Ошол аялды өлтүрдү деп күйөөм 12 жылга кесилди, эжемдин балдары өмүр бою подвалда, түрмөдө олтурмай болду.
- Күнөөсүз экениңди далилдейм деп арызданып, эки жакка чуркаган жоксуңбу?
- Кайненем ары-бери арызданып чуркады, эчтеке чыккан жок. Сотто да мен "күнөөлүү эмесмин" деп айттым.
- Туугандарың келип турабы?
- Бу жерге келгенимди алар билбейт. Канат бир тууганым Токмокто турат. "Мага 5 миң доллар бер, сени психбольницага жаткырып салалы" дешкен доктурлар.
- Эмне, ооруң барбы?
- 15 жашыман бери ооруп жүрөм. Башым ооруйт. Эс-учумду билбей жыгылып калам. Бул жактан ошентип оорум кармады.
- Намаз окуйсуңбу?
- Камала электе окучумун. Бул жакта шаль, байпак токуйм. Токуганды өткөрүп, азык-түлүк алам. Башка ишке барсам, чын эле бирөөнү өлтүрүп аламбы деп ойлойм.
- Бу жерде кандай эрежелер бар?
- Калп, ушак сүйлөгөн болбойт. "Косягың" болбосо, сага эч ким тийбейт.
- Туугандарыңа эмне айтаар элең?
- Оорукчал ата-энеме, бир тууганым Канатка, Чынарага жана балдарга, Бегалы, Кудайберген, Канат балама ысык салам айтам. Канат, колуңдан келсе, келип кетчи.
- Өзүңдү кантип сооротосуң?
- Мен адам баласына ишенбей калдым. Кудайга гана ишенем. Кыжалат болгондо өзүмдү-өзүм сөгөм. Чөгүп кетпейин деп аракет кылам. Эң көп мөөнөт меники экен. Түрмөнүн начальниги Виктор Павлович Старостенко абдан жакшы киши, "сага абдан катуу жаза берип коюптур" деп айтты.
Өзүм мурда түрмөгө түшө электе киши өлтүргөндөр аябай коркунучтуу кишилер болушу керек деп ойлочумун. Алар деле биздей эле кишилер экен. Бүт баары эле үйгө кетсек, оңолсок деген ойдо жүрүшөт. Менин болсо эч кандай оюм жок. Уйку да жок. Жаратканга жалынып коюп жүрөм. Менин өмүрүм да бир кайталана турган болсо, мен эч убакта күйөөгө чыкпас элем" деп тилейм. Балдарымды алып алып, эл көрбөгөн жакка кетким келет. Сиздерге окшогон адамдарга жолукканда эс алып, үч-төрт күн эстеп жүрөм. Мага аябай кыйын... (Ыйлайт) Анан жөтөлүп, көзү аңтарылып, кыйналып турганы көрүндү.
Ошентип, ар кыл тагдыр менен ар кыл кылмыш менен келген аялдар экен. Амнистияга туш болуп, бир тобу бошонуп кеткен. Мурда 1000дей аял болсо, азыр 300дөн ашуун.
(Уландысы бар)

Айгүл Бакеева,
Сүйүн Курманова,
Шааркүл Медетбекова









??.??