presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ыр майдан

"Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи
Чыңгыз Мырзаев:
"Ырларымды топтосом, бир китеп чыгат"
- "Кыргызстан обондорунун" популярдуу ди-джейи "Чыңгыз" дегенде кыздар эт-бетинен кетет дешет. Ушул чынбы?
- Аябай популярдуумун деп айтканым туура эмес болуш керек. Кудай буюрса, популярдуулук, чоң-чоң ийгиликтер жаралчу мезгил али алдыда. Элдин купулуна толуу, эмгегиң сиңүү кыйын нерсе. Өзүмдү бийик деңгээлдеги, атактуу кишилердин катарына кошо албайм.
- А ырчы катарычы?
- Ырчылыкты бир чети хобби, экинчи чети талантым деп койсом болот. Кыргызстанда таланттуу ырчылар көп, алардан алдыга озуп кеткен деле жайым жок. Аракетиме жараша ийгиликтер болуп жатат.
- Сен башкы ролдо тартылган "Кандуу сүйүү" фильминде Бек Борбиев чыгарган "Арылгыс арман" ырын ырдайт эмессиңби. Бул ырды "Кыргызстан обондорунун" эфиринен да кетире баштапсыңар…
- Уккандар жактырганын айтышты. Бек өзү дагы угуп, жактырды. Азыр Бек Борбиев "Жыйырма беш жаш" деген жаңы ыр жазып берди. Аны да ырдадым, азыр радиолордон кетип атат. Бекке окшогон таланттуу ырчынын менин чыгармачылыгыма карата оң пикир айтканы мен үчүн чоң ийгилик. Себеби, мен өзүм Бект мырзанын ырларын ырдап, чоңойгон жигитмин.
- "Кандуу сүйүү" чыгармасынын башкы каарманы Алымбектин ролун спектаклде Бек ойногон. А фильмде сен аткардың. Учурунда Бек ойногон бул роль өтө популярдуу болгон. "Бектин деңгээлине жете аламбы" деген жүрөксүнүү болду беле?
- Негизи адамдын коркуп турганы жакшы. Бирок, ошол эле учурда тобокелчилик дагы болуш керек. Эл менен сүйлөшүп калганда "бул ролду спектаклде Бек аткарган экен" деген сыймыктануу менен айтым жатам. Ага тартылганыма абдан ыраазымын. Фильм даяр болгондо, көрөрмандар да өздөрүнүн сын-пикирлерин айтышаар.
- Чыңгыз, сени куюлуштуруп ыр да жазат деп угуп жүрөбүз…
- Ата Мекен, ата-эне, сүйүү, турмуш тууралуу ырларды жазууга аракет кылам. Кээбирлери обонго ылайыктуу жазылат. Айрымдарын окуганга туура келет. Ырларымды топтосо, бир китеп чыгып калчудай.
- Анан китебиңди качан чыгарайын деп жатасың?
- Чынын айтсам, китепке чыгына элекмин. Убакыт өтүп, жашың өдөлөгөн сайын мурдагы жазган ырларың купулуңа толбой калат экен. Ошолорду оңдоп-түздөп туруп чыгарса болот.
- Жеке концерт менен эл кыдырып, талантыңды айыл жергесиндегилерге да тартуулай турган оюң барбы?
- Андай максатым бар. Себеби мен Бишкек менен Чүйдүн айланасынан алыс чыга элекмин. Кудай буюрса, ушул жылы Кыргызстанды түрө кыдырып, өзүмдүн күчүмдү сынап, талантымды калың элге тартуулап келсем деген оюм бар.

Маектешкен
Шааркүл Медетбекова









??.??