"Карга карганын көзүн чукубайбы?"

Кармалган баңгизаттар кайда жоголуп кетти?
Жаңы жылга утурлай ИИМдин жетекчилиги толугу менен шыпырылып, алмашканынын бир топ сыры, себептери бар. Министрдин орун басарлары Гуронов менен Раимбердиевдин кызматтан кетиши баңгизатка тиешелүү болсо, экс-министр Ногойбаевдин кызматтан кетишине жаңы жылдык белектер катуу таасир этти деген сөз тарап, анын чын-төгүнү билинбей калган.

Баарынан түшүнүксүзү кулак менен сөөмөй операциясына тиешеси бар делинген милиционерлер көрсөтмө берип камалып, Свердлов РИИБинин жетекчиси орун басарлары менен бирге кызматынан алынган. Анан эле аларды таап аныктаган министр Болотбек Ногойбаев өзү кызматтан алынганы таң калыштуу окуя болду. Ал эми Свердлов РИИБ -инин айыпталып жаткан эки кызматкери дайынсыз жоголуп, эски министрдин буйругу менен кызматынан алынган жетекчилери жаңы министр М.Конгантиев келээри менен эле кайрадан кызматтарына отургузулду.
Ал эми министрдин орун басарларынын иштен айдалышы милициянын кызматкерлеринин (отставкадагы генералдардын балдары) 300 киллограммдан ашык жогорку сапаттагы баңгизаттар менен кармалып, камалышы себеп болгон дешүүдө. Эң кызыгы, баңгизаттарга тиешелүү иш тергелип бүтүп калганда, Жогорку сот камактагы милиционерлерден тил кат алып, камактан бошотуп жибергени маалым болду.
Адатта 300 килограмм эмес, 100-200 грамм баңгизат менен кармалгандар камактан бошотулбасы белгилүү. Бул сапар райондук эмес, Жогорку сот үндөбөй, кызыл шапкечендерди эркиндекке чыгарып жибергенине караганда, "поручители" өтө таасирдүү сыяктуу. Жогорку сотко жөнөтүлгөн "поручительство, ходотайстволордо" баңгизаттардын салмагы 176 кг. болуп азайып калганы таңгалыштуу болуп олтурат. Ошентип, кармалган партиянын жарымына жакын баңгизаттар кайда жоголгону жоопсуз калууда. Бул эки окуяга байланышкан одоно мыйзам бузуулардын баары, жогорку деңгээлдеги өтө таасирдүү адамдын аброюна доо кетирбөө максатында жасалып, күнөөлүүлөр маалыматты сыртка чыгарып жибербесин деп, ооз басырык иретинде кызматтарына кайра келишип, түрмөдөн бошотулуп жаткан имиш.

Сабыр Муканбетов




  Саясый кысым

Өкмөткө иштебесең соттолосуң
Талас областынын сотунда оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрүнүн үстүнөн сот процесси жүрүүдө. Алар премьер-министр Алмаз Атамбаевге кол салган деп айыпталышууда.

Укук коргоо органдары Өмүралиев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскелди Ботиковду Жер үй маселесин чечүү үчүн Таласка келген мурунку премьер-министр Алмаз Атамбаевге кол салгандыгы үчүн айыпка жыгышууда. Анткени өкмөт башчысы аталган айылга жакындаганда жергиликтүү айылдын тургундары анын машинесин таш бараңга алышкан имиш. Рыскелди Ботиковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши өткөн жылдын 15-декабрында парламенттик шайлоо күнүнө карата жергиликтүү сот тарабынан жабылган болчу. Бирок 14-февралда бир канча элдин арызы менен бул кайрадан козголгон. Айыл башкармалыгы менен бирдикте Талас районунун тургундары Арзыкан Момунтаева, Малик Тайгожоев жана Кайназар Иманалиев да жоопко тартылышууда. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Рыскелди Ботиковго бийлик органдары бир канча жолу саясый кысым жасап, бул партиядан чыгып, тескерисинче ага каршы иштеп бер деп шайлоого чейин да, шайлоодон кийин да кайра-кайра сунуш жасашкан. Бирок, ал ага көнгөн эмес.

Тамчы Таштешеров




  Кимдин, кимдин заманы...

Жылаңач калбасак болду...
Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Сталиндин "кадрлар - бардыгын чечет" сөзү учкул сөзгө айланып, көп жылдар бою чакырык катары айтылып келди. Чынында эле ар тармактын өзүнө ылайык, анын спецификасына дал келген кадрлардын туура тандалып жайгаштырылышы өлкөнүн өсүшүнүн башкы шарты болгон. Калп айтканда эмне, совет доорунда кадрлар татыктуу бааланып, өздөрүнүн нак орундарында иштешкен.

Бул үчүн алар чоң сыноолордон өтүшүп, тажрыйба топтошкон. Маселен, жогорку же атайын орто окуу жайын бүтүрүп, адистик алышкан жаштар адегенде төмөнкү звенодогу кызматтарга жиберилген. Ал жерде кеминде 4-5 жыл иштеп, өзүнүн жөндөмдүүлүгүн, ишке берилгендигин көрсөткөндөн кийин орто звеного өткөн. Ал жерде да 4-5, ал турсун он жылдай иштеп, бай тажрыйбага ээ болгондон кийин гана жогорку звеного иштөөгө сунуш кылынган.
Биз азыр СССРдин тушунда партиялык номенклатуранын гана үстөмдүгү болгон деген сыяктуу нааразыланып жүргөнүбүзгө карабай кадрларды өстүрүп, тандоодо ал эң туура жол эле. Ал кайсы бир топтун кызыкчылыгын көздөбөстөн, жалпы элдин мүдөөсүнө, талабына туура келген. Ошондуктан ар бир тармакты адистиги боюнча ылайыктуу иш билген жетекчи башкарып, аларда жөндөмдүү мыкты кадрлар иштегендиктен иш алга жылып, өлкө дүркүрөп өскөн. Ушундай алгылыктуу, туура жолду сындап, ал түгүл жамандоо менен көрсө кадрларды каалагандай, башкача айтканда адистигине, тажрыйбасына карабай жердешчилигине, тууганчылыгына, чөнтөгүнө карап жайгаштыра берүүгө жол салынып жаткан турбайбы.
Далай азап-тозок, кыйынчылык менен курулган СССР мамлекети алеки саатта чилдей тарап, бир тууган эле боордош элдер бири-бирине далысын салып калганда мурдагы ырааттуулук, иреттүүлүк бузулуп, ар кимиси өз билгенин жасап, айрыкча кадрлар жаатында чалмакей чалына баштады. Эки тизгин, бир чылбыр колго тийип, өзүнчө мамлекеттүүлүккө ээ болуп турган ушундай оор, жооптуу учурда чарбаны, өнөр жайын бүлүнтпөй, элди чайпалтпай, арытып-ачтырбай алып кетүүчү салмактуу, оор басырыктуу, иш билги тажрыйбалуу жетекчинин ордуна кимдир бирөөлөрдүн амири, шыкагы менен, тилекке каршы, А.Акаевдей жеңил-желпи кыялкеч адам башкарып калганы элди эң чоң убайга салды. Чарбада бир күн эмес, бир саат иштебеген адам айыл чарбасын реформалап кирди. Поэзия менен прозанын айырмасын айра билбеген академик сөрөй премьер-министр болду. Дарыгер өз ишин аттап өтүп, областты башкарып калды. Ашпозчу жетекчиликке келди. Айтор, жомоктогудай арстан, жолборс төмөн калып, коен, түлкүлөр жогору чыкты. Анын натыйжасы бардык тармакты кыйроого, бүлүнүүгө алып келди. Жетишкендиктерибиз жексен болуп, артка сүрүлдүк.
Акаевдин заманы кетип, анын ордуна жаңы бийлик келгенде бир "өх!" - деп алдык,"буюрса эми ишибиз оңолор" деген үмүттө. Мына, андан бери үч жылга жакын убакыт өтсө да, маңдай жарылып кубанып айта турган алгылыктуу эч кандай жылыштар боло элек. Тескерисинче, кымбатчылык күн сайын кыр аркадан ныгырып басууда. Азыркы атка минерлер баалардын өсүшүн өлкөнүн, элдин жашоосунун өсүшү менен алмаштырып алышканбы, айрып биле албай башыбыз маң. Электр жарыгын элетте эле эмес, борбордо да өчүрүп турууну чыгарышты. Улам-улам өчүрө берүүдөн канчалаган муздаткычтар иштен чыгып жатат. Кедеринен кетип жаткан көрүнүшкө баягы эле кадр маселесинин туура чечилбей жаткандыгы себепчи болуп жаткандай. Жакында Жогорку Кеңеш президенттин өзүнүн сунушу менен Конституциялык Соттун төрайымын жана Акыйкатчыны шайлады. Биринчи кызматка шайланган Светлана Сыдыкова Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүрүптүр. Сыягы, президент анын бай тажрыйбасына караса керек. Ошондой болсо да депутаттардын суроолоруна үстүртөн, жалпы мүнөздө жооп бергенине караганда Светлана айымдын бул орунга ылайык келер-келбестиги шек туудуруп койду. Мурда Конституциялык Сотто төрайым болуп көп жыл иштеп, алчы-таасы билинбеген Жогорку Кеңештин вице-спикери Ч.Баекова С.Сыдыкованын үзүл-кесил жообун толуктап, түшүндүрмө берип турду. Ананчы, "Ак жолду" түптөгөн киши өзү сунуштап жатса "макул" деш парз эмеспи.
Ал эми Акыйкатчы болуп шайланган Турсунбек Акунга баа да жок, сын да жок. "Эл үчүн, алардын укугун коргойм деп, өмүрүмдү өлүмгө сайып коюп жүрсөм, кызмат бербей коюшту" деп дооматын артып жүрүп, К.Бакиевдин көңүлүнө төп келгенби, акыры акыйкатчы болуп тынды. Акыйкаттыкты коргойбу же Кыргызстандагы башкалар тең келе албаган укук коргоочу саясатчымын деп өзүн коргойбу, анысын убакыт көрсөтөт.
Өткөн жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоолордун алдында - "Пенсияларды отуз пайызга чейин көбөйтүүгө мыйзам долбоору даярдалып жатат" деген кыяздагы ойду билдирген эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Өктөмкан Абдуллаеванын азыр дымып калганына көпчүлүк пенсионерлер: "Министр айымдын шайлоонун алдында бизди алаксытканыбы?" дешип, таң калып турган кездери. Финансы министринин тактысына отурган Тажикан Калимбетова айым да "Бардыгын орундатууга, аткарууга аракеттенебиз" деген сыяктуу жоопторго маш окшойт. Угушубузга караганда республиканын Социалдык фондуна деле жарытылуу жетекчилик кыла албаптыр. Эми бюджеттегилерге, айрыкча мугалимдерге карыз болгон миллиондогон сомдорду таап берүүгө бел байлаган айым сөзүнө тураар бекен же убактылуу болсо да жооп берип кутула туруунун амалы кылды бекен, буюрса күбө болуп каларбыз.
"Кыргыз Каттаниси" аталган генерал Өмүрбек Субаналиевдин Нарын областына губернатор болуп дайындалышы табышмактардын табышмагы. Ага караганда баш катырманы чечкен оңой. Бул дайындоо эмне үчүн жасалганы акыры ачыкка чыгаар. Ө.Субаналиев өзүнүн адистиги, стихиясы болгон ички иштер кызматында иш алып барса алда канча пайдалуу болмок. Бирок ал жакта "өтө керектүү кишилерден" улам Өмүрбек мырзага орун жетишпей калган көрүнөт. Губернаторлук деле чоң кызмат дечи, бирок кайсы мөөнөткө чейин?
Бакиев заманынын кадрларынын айрымдарына гана учкай токтолдук. Калган кадрлар жөнүндө ыңгайы, учуру келгенде сөз кылабыз. "Кадрлар бардыгын чечет" деп келе жаткандай, иш орундарына ылайыктуу тандалып коюлбай калган кадрларга чечтирип жүрүп акыры жайдакталып, энеден туума жылаңач калбасак экен деген ой тынчтык бербейт.

Жума Мамбетов