Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)
- Сен деген өсүшүң керек, иним. Мергенчиликтин секреттерин үйрөнүшүң абзел. Мылтыктын түрлөрү бар ошолорду өздөштүрүшүң керек. Үстүндө дүрбүсү бар снайпер мылтыкты кармап көрдүң беле. Тигил байкелериңдин бир-экөөсү көтөрүп жүрөт го. Ошондой дүрбүсү бар мылтыктуу болосуң. Андай мылтыктар менен момундай кийиктерди тээ алыс жерден эле ыргыта атасың. Бул жакта көрүнгөндүн малын багып жүрбөй жүр биз менен. Кыргыздарда "Өнөрүң болсо өргө чап" деп коюшат го, алдагындай өнөр менен өсүшүң керек. Кана ойлон, чечкиндүү бол. Алдагыдай өнөр менен сенин жашооң бул жак эмес, заказдарды аткарсаң колуңа уучтап акча алып жүрөсүң. Кычырап, кийбегенди кийип, жебегенди жеп король болуп жашайсың. Машине минесиң. Бул жакка келсең сени эч ким тааныбай калат. Мен сенин жетим чоңойгонуңду, эне-атаңдын жок экенин угуп, ата-бабаларыңдын өнөрүн уланта албай калганыңа аябай ичим ачышты. Алдагыдай өнөр менен сен кор болбошуң керек, мен сени колдоп, поддержка кылам. Өстүрүп, чоңойтом, жакшы даражага жеткирем, бул менин министрлик жеке сөзүм.
Дөөлөтбай канчалык эбиреп-жебирегени менен баары бир ага анча деле ишене албай турду. Ойдо жок жерден келип эле өмүрү көрбөгөн-тааныбаган киши "мен сени жыргатам, өсүп-өндүрөм, көккө жеткирем" деп азгырып жатса ким эле ага ишенип, дароо макул боло койсун. Анын алтын сөздөрүнө ишенмек турсун, тескерисинче өзүн оңтойсуз абалда сезип турду.
- Кана, иним ойлондуңбу?
- Билбейм.
- Билбесең сени ким билет?
- Таякем, мен ошонун колунда өсүп-чоңойгом. Аны менен акылдашмайын мен эч нерсе дей албайм сизге.
- Таякеңди мен көндүрөм, сенин өзүңдүн макулдугуң керек. Сенин келечегиңди, тагдырыңды бирөө чечпейт. Өзүңдүн тагдырың үчүн өзүң күрөшүүң абзел. Давай, ойлон, чеч, мындай мүмкүнчүлүк сенде эч убакта болбойт. Колуңа конгон бакыт кушун учуруп жибересиң. Сага деген министр өзү сунуш этип жатат. Решительный бол.
- Мен өзүмө келе албай, ойлоно албай жатам. Убакыт бериңизчи ойлоноюн.
- Эми арадан бир ай өткөндөн кийин бул жакка дагы келип кетебиз. Ага чейин өз кабыргаң менен кеңеш, эч ким менен акылдашпа. Сени көралбагандар бар. Алар калп эле айнытып коюушу мүмкүн. Кыскасы, экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүз ушул жерде калсын. Эч кимге оозуңдан чыгарба уктуңбу?
- Уктум.
- Анда ойлон жакшылап, минтип кор болуп жашабай, жашоо нугун токсон пайызга бурушуң керек, түшүндүңбү?
Абдысалам түшүндүм дегендей унчукпай башын ийкегиледи. Экөө сүйлөшүп, сөзгө берилип кетишип, кийиктерди өткөрүп жиберишкен болчу. Жөн кайтып келбей ошол эле жерден Абдысалам бир кийикти атып алды. Тоо арасынан эле аны жиликтеп, эттерин бөлүп аттарга жүктөштү да, олжолуу кайра төмөн карай кайтып келишти.

* * *
Чындыгында эле Абдысаламдын мынчалык деңгээлде мергенчи экенин ушул убакка чейин эч кимиси билишчү эмес. Атүгүл кичинекей ымыркай кезинен бери аны чоңойтуп, тарбиялап өстүргөн таякеси Жунуш да бул жөнүндө эч нерсе билбейт. Доор, заман, мезгил, адам баласынын жашоо-турмуштары да өзгөргөн сайын мергенчилер да анча бааланбай, дегеле мергенчилик кесип дээрлик азайып кеткен. Анын үстүнө өкмөт документи жок мылтык алып жүргөнгө, аны менен катар мергенчилик кылууга тыюу салып, кимдин болбосун мылтыгы менен кармалса өкмөт карамагына алып койчу. Бир жагынан "ок атуучу куралды үйүнө сактагандыгы үчүн" деген статья чыгарып, үйүнө мыйзамсыз мылтык кармагандар жоопко да тартылып кетишти. Карапайым эл ошондон чочулашып, бир жакка ууга чыгышса жашырынып чыгышчу. Мал, азык-түлүктөр жетиштүү болгондуктан, кийиктерге ууга чыгуунун зарылчылыгы деле жок болчу. Жайкысын жайлоого чыгышса, малчылар эле кээде кийикке чыгып калышпаса, айылдагылар кийик тургай мергенчилик кесипке да анча кызыкпай калышкан. Техника канчалык өнүккөн сайын жапайы жаныбарларга болгон аңчылыктын түрү да өзгөрүп кетти. Карышкырларга болобу, кийиктерге болобу ууга чыгышканда мурункудай тоо-таштарды жөө аралабай, вертолет менен чыгышат. Ошо себептен Абдысаламдын тубаса мергенчилигин эч ким баамдабаган. Анын жаземдебей таамай атаарын кокусунан Туткабай көрүп калган. Бирок ага анча деле маани берген эмес.
Таламандын чак түшүндө эле койлорду жатактан анча алыс эмес тоо бооруна жайып коюп, бардыгы сыртта өлөң чөпкө отуруп алышып, кымыз ичип отурушкан. Ошол маалда акырындап жайылып, алдыны көздөй жылып баратышкан койлор кайра артты көздөй дүргүй түшүштү. Бери жакта отургандар эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй, адегенде жалдырай карап калышты. Бир аздан кийин эстерине келише ордуларынан атып турушту.
- Эмне болду, койлор бир нерседен үрктүбү?
- Балким суур чыгаар?
Койлор дагы бир сыйра катуу дүргүп өтүштү. Туш тарапка чачырашты. Ошол маалда бери жакта турган Туткабайдын баласы бир нерсени көргөндөй кыйкырып жиберди.
- Ата, карышкыр!
- Кана?
- Тээтигил жакты карасаңар!
Чоң дөбөт итке окшош караан койлордун алдын торой "булт" этип көрүнө калып, кайра жоголду. Ошондо гана эсине келген Туткабай болгон күчү менен бакырды:
- Мылтык, чуркагыла мылтыкка!
Баласы ошо замат аткан октой үйгө чуркап кирип, кайра мылтыкты көтөрүп чыкты. Карбаластаган үй ээси уулуна кайра кыйкырды:
- Огу кана?!
- Билбейм.
- Жүктүн алдындагы тактада турат, алып кел. Бол, ылдам!

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу




  САНДАН-САНГА

Баратбай АРАКЕЕВ
(Повесть)
Мент
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
Ошол күндөрдүн биринде таң эрте бир аял 18ден өтүп калган кызын ээрчитип, Машаевдин кабинетине киришти, арыз жазып. Кызды бир бизнесмен зордуктап койгон экен. Машаев арызды окуп, анан экөөнүн сөздөрүн шашпай укту. Аял чыштай кийинген, бети-башы кылдат боелгон, көздөрү ойноктогон неме экен. Оозу-оозуна тийбей, куюлуштура сүйлөп турду. Кызы да энесинен кем эмес кийинип, боенгон.
Алардын айтымында, бизнесмен кызды алдап, ресторанга алпарып, андан соң бир үйгө барып, таң атканча зордуктаган экен. Машаев кызга толгон-токой суроолорду берип, көптө барып узатты. Алар кеткенден кийин экөөнүн айткандарын таразалап көрүп, кыз зордукталбай эле, энеси экөө шантаж жасап, бир нерсе өндүрүүгө аракет кылып жатышкандай пикирде калды. Эки жигитин чакырып, ал бизнесменди алдырды, ушул эле базарга товар ташыйт экен. Ал отуздарга чыгып калган жигит өң-алеттен кетип, Машаевдин алдында отурду.
- Атыңыз, фамилияңыз?
- Кулбараков Адыкул.
- Эмне иш кыласыз?
- Россиядан ар түрдүү тамак-аш ташыйм. Көбүнчө балык консерваларын.
- Бул жерге эмнеге алып келгенибизди билесизби?
- Жок.
Чынында, жигит эмне күнөөсү үчүн ушул жерде отурганын ойлонуп, жооп таба албай отурган.
- Момуну окуңуз. -Машаев тигиге кыздын арызын сунду. Жигит арызды бат эле окуп бүтүп, көзү чекчейди:
- Калп мунун баары.
- Чыны кандай?
- Кыз менен бир үйдө болгонум чын. Бирок өз каалоосу менен болгонбуз.
- Аны менен качан таанышкансың?
- Көптөн бери билем. Менин товарларымдан алчу, энеси экөө. Энесин илгертен тааныйм. Күйөөсү жок, көрүнгөн менен жүргөн неме. Кызы да ошондой.
- Болгонун болгондой жазып бериңиз,- деп Машаев жигитке кагаз, ручка сунду.
Ал жазып болгон соң кое берди:
- Азырынча бошсуз.

***
Машаев базарга барып, жанагы аял менен кызды акмалап, соода кылып жаткан экөөнү алыстан биртопко карап турду. Экөө тең эч нерсе болбогондой, күлүп-жайнап, соодасын кылып жатат…
Машаев ошол жерден үч-төрт аял менен жанагы аялды көрсөтүп, ал жөнүндө сурады эле, бир аял:
- Жерге кирсин, өз аты ким экенин билбейм, баарыбыз эле Маруся деп коебуз.Ушул базарда урушпаган кишиси жок. Уялбай эле айтайын - өзү эмес, кызынын да аягы суюк неме.
Машаев түштөнүп алып, дагы бир жердеги иштерин бүтүрүп, кечке жуук ишине келсе, баягы бизнесмен Адыкул аны күтүп жатыптыр.
- Ии, эмне келдиңиз?-деди Машаев аны кабинетине ээрчите кирип.
- Келдим. Кыздын энеси жана мага келип, "5 миң доллар берсең - арызыбызды кайра алабыз" дейт. Менде анча каражат жок, баары товарда, экинчиден - жөн жерден эле төлөй беремби, байке?
Машаевдин планы менен жигит бүгүн кечинде кыздын үйүнө барып, "5 миң бере албайм, 2 миң берейин" деп соодалашмай болду. Кыз өз каалоосу менен барганын да айтат. Жигит Машаев берген диктофонду чөнтөгүнө салып, кеч күүгүмдө алиги аялдын эшигин какты…
Үйдө кыз жок экен. Аял жигит сураган долларын алып келген экен деп кымылдап, бат эле столун жасап, чай куюп кирди. Бир чыныдан чай ичилген соң жигит сөзүн баштады:
- Эже, Мираны зордуктаган эмесмин. Аны өзүңүз деле билесиз да…
Аялдын кабагы түйүлдү:
- Эмнеге зордуктаган эмессиң? Зордуктагансың! Эксперттен справка бар, прокуратурага да, милийсага да арыз бердик. Бери дегенде жети жылга кетесиң!
- Мира ресторанга да, үйгө да өзү барса кантип зордуктаган болом?
- "Өлтүрөм" деп коркутсаң - барат да…
- Коркутсам - анда эмне качпайт, жардам сурап кыйкырбайт? Ресторанга жарыкта эле барганбыз. Зордуктасам эмне жанталашып, бети-башымды тытмалабайт? Өзүнүн кийимдери тытылбайт?
Аял буулукту:
- Кантип тытмалайт бычак такап жатсаң?
- Ушуну кызыңыз таптыбы же сиз үйрөттүңүзбү?
- Ай, сен көп башты оорутпай, 5 миң долларды бер да, ишиңди бүтүр. Сенде эмне, жокпу? Түрмөдө чирип жок болосуң.
- Ак жерден эле андай болбойт. Зордуктасам бир жөн…
- Зордуктадыңбы же жокпу - иши кылып, жаттыңбы. Уялбай эле айтайын - спермаң бар, зордуктаган дегенге ошол жетет. Көп башты оорутпай, кутулуп ал. Эртең алып келбесең - ал 5 миң долларың 10 миңге көбөйбөсүн. Эртең - акыркы срок. Бүттү!
- Эже, 2 миң менен эле бүтүрбөйлүбү. 5 миң менде жок да.
- Бар. Сенде кантип жок болсун! 5 миңден эч кемитпейм.
- Менден кийин кызыңыз дагы кимден "зордукталар" экен,-деди жаны күйгөн жигит.
- Ал өз иши. Болду, кет! Эртең базардан күтөм. 5 миңиң менен күтөм…
***
Түн небак кирсе да, Машаев жигитти күтүп отурган. Ал келер менен диктофонду угушту. Япондук техника мыкты эмеспи, экөөнүн алиги сөзү абдан даана жазылыптыр. Машаев эки ирет укту. Жигитти эртең менен кел деп, өзү да үйгө кетти.
Эртеси жигитти ээрчитип, прокуратурадан кыздын арызын алган тергөөчүнү таап, үчөө отуруп, диктофонду угушту. Аны уккандан кийин тергөөчү сөгүнүп кое берди:
- Энеңди… Шойкомдуу немелер экенин бир көргөндө эле байкагам. Энеңди… Машаев, сен алардын арызын тытып, ыргытып жибер, мына, мен да тытам,-деп столунан кыздын арызын алып, тытып ыргытты.

***
Жигит Машаевдин айтуусу боюнча түз эле базарга келди.
- Ии, алып келдиңби?- деди аял айткан саламга алик албастан эле.
- Алып келдим.-Жигит эки манжасынын ортосунан бармагын бараандуу чыгарып, аялдын мурдуна такады. -Жетеби же дагы кошоюнбу?!.
Аял тил-ооздон калып, нес болду.
Ошол күнү аял менен кыз Машаевге келип, ишти тездетүүсүн сурады эле, ал диктофонду угузуп, кеп-сөзгө келбей, экөөнү тең кабинеттен кууп чыкты.

(Уландысы бар)