ЖКдагы мушташ

Парламенттеги "мафия" Рыспаевге неге каршы чыкты?
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Азиз Турсунбаев парламент иш башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Рысбаевдин көзүн көгөртүп, жосунсуз жорук жасаганын баары эле биле бербесе керек.

Вице-спикердин бул кылыгы кээ бирөөлөргө майдай жагып кудуңдашып, башкармачылыктын жетекчисин бир жолу жайлоо максатында кол топтоп жүрүшкөнү маалым болду. Айрыкча ЖКнын иш башкармалыгынын финансы боюнча мурунку орун басары "Тоголок" деген кличкалуу кызматкер катуу жандалбастоодо дешет.
Турсунбаевди тукуруп отуруп, Рысбаев менен мушташканга чейин жеткирген дагы ушу "Тоголок" менен А.Турсунбаевдин жардамчысы экөө дешет.
"Тоголок" ЖКнын иш башкармалыгынын финансы каражаттарына жоопкер орун басары катары, эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кызматынан алынып, жоопко тартыла турган кызматкер. Бирок, вице-спикер Кубанычбек Исабеков ага "крышевать" этип, ордунда калтырган имиш. Себеби, ЖКнын финансы каражаттары эле эмес, акыр-чикирине чейин ташып көнүп алган "Тоголок" жалгыз өзү үчүн гана эмес, башкалар үчүн ташынган экен.
Ушундай кызыкчылыктар өкүм сүргөн үчүн, "Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат" болуп, финансылык кемчиликтерге жоопкер адамдар жоопко тартылуунун ордуна, тетирисинче күнөөсүз жетекчилер кызматтан кетирилген.
Ал эми жаңы жетекчи келгени ичип-жемейлердин жолуна бөгөт коюлуп, каражаттарды каалагандай сарптоо токтоп, тартип орной баштаганын ЖКнын кызматкерлери айта башташкан. Бирок, мындай тартип арааны ачылып калгандарга катуу тийип, алар өз табакташтары менен бирге жаңы жетекчиге каршы чыгышкан.
Бийлик башындагы адамдын "хулиганчылык" деңгээлге түшүүсү аброй алып келбеси бышык. Бакан ооздордун тилине кирем деп, вице-спикер А.Турсунбаев катуу уят болуп отурат. Анын бул балээге кабылышына эмне себеп болду? ЖКнын акчасын калчагандарды колго алайын дегениби же байкоосуздан азгырыкка кабылды бекен, анысы белгисиз. Айтор, "Тоголок" топтогон топ бул чатакка Турсунбаевди колдонуп эле тим болбой, ЖКнын башка кызматкерлерин, депутаттарды, вице-спикер К. Исабеков баш болгон жаңы каармандарды тартууда дейт айрымдар.
ЖКны талап-тоноо токтотулуп, интригандардан арылуу азыртадан болбосо жаман сөз спикердин өзүнө да тиери бышык. Андыктан бул чатакка Адахан Кимсанбаевич өзү кийлигишип, адилеттик менен кароосу зарыл болуп калган сыяктуу…
P.S. Гезитибиз басмаканага кетип жаткан учурда, Эрмек мырзанын өз каалоосу менен арыз жазып, Жогорку Кеңештин эшигин сыртынан жаап, баса бергени дайын болду.

Улан Мамбетов