Талкуу башталды

Темир Сариев: "Энергетикалык коопсуздугубуз коркунучта!"
Өткөн саныбызда "Энергетиканы менчиктештирүү керекпи?" деген суроонун тегерегинде талкуу уютуруу тууралуу жазган элек. Коомдук парламент 20-февралда өзүнүн алгачкы отурумун өткөрүп, ушул маселени талкууга алды. Анда экс-депутат Темир Сариев ушул маселе боюнча оюн ортого салды. Аны сиздердин назарыңыздарга сунуштоо менен талкуубузду улантарыбызды билдиребиз.

Бүгүнкү күнү дүйнөдө жүзүндө суу - энергетикалык запастардын ичинен негизги байлыктардын бири болуп эсептелет. Энергия ресурстары, атап айтканда нефти, көмүр, мазут, газ, суу ж.б. нерселер азыркы кезде ар кайсы мамлекеттердин ортосундагы мамиле катыштарды-жүзөгө ашырууда экономикалык гана эмес, саясый мүнөзгө да ээ. Анткени, алардын наркы барган сайын өсүп, ал эми запастарынын көлөмү барган сайын азаюуда.
Суу ресурстары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Россия менен Тажикстандан кийинки 3-чү орунда турат. Биздин өлкөбүздүн өзөндөрү менен дарыялары жогорку деңгээлдеги энергетикалык күч-кубатка ээ. Нарын дарыясы эле Волга жана Ангара сыяктуу дарыялардан ашып түшөт экен.
Кыргызстандыктардын баарын энергетикабыздын азыркы абалы жана анын потенциалы кандайча колдонуп жаткандыгы тууралуу маселе ойго салып жаткандыгы бекеринен эмес.
Учурда, энергетикада кыйын абал түзүлүп калды. Энергетика ведомоствосунун билдиргенине караганда, бир жылда он беш миллиард кВт саат энергия иштеп чыкканыбыз менен, анын 40% 2007-жылы дайынсыз жоготууга учураптыр. Жоголгон энергиянын көлөмү 6 млрд. кВт саат же анын наркы 3,7 млрд. сомду түзөт экен.
Адистердин айтымына караганда, электр энергиясына карата тарифтер эч негизсиз эле жогорулатылып жатат. Азыркы күндө бир кВт саат электр энергиясынын өздүк наркы 3 тыйын турганы менен, калайык калк үчүн анын баасы 62 тыйын, өндүрүш үчүн 90 тыйындан сатылууда. Демек, бул көрсөткүчтөр өздүк наркка караганда тиешелүү түрдө 20 жана 30 эсе көп дегенди билдирет.
Маселен, Казакстанда электр энергиясынын өздүк наркы кыйла жогору. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө электр энергиясына тартыштык байкалат жана 2010-жылы бул көрсөткүч 5 млрд. кВт саатты түзүшү мүмкүн. Бул болсо Камбарата-1 ГЭСинин долбоорлук кубаттуулугуна барабар келет.
Өзбекстан дагы Казакстан сыяктуу эле өзүнүн электр энергиясынын 90%на жакын бөлүгүн жылуулук электр станцияларында чыгарат жана анын 77% газды, мазутту жана көмүрдү пайдалануу менен жүзөгө ашат. Ошол эле мезгилде Казакстан менен Өзбекстанда газдын, мазуттун, көмүрдүн өздүк наркы тынымсыз өсүп келет жана ошондон улам энергиянын баасы дагы жогорулоодо.
Жогоруда айтылгандардын баары жакынкы жана алыскы келечекте электр энергиясын чыгарууда суу ресурстарынын мааниси жогорулай бере тургандыгын ачык айкын тастыктап турат.
(Уландысы 8-бетте)