Оп-па, Омбудсмен!

Инцитат
Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы Турсунбек Акундун Кыргызстандын Омбудсмени (Акыйкатчысы) болуп калышы бир чети күлө турган, экинчи жагынан ыйлай турган жорук болду.

Парламенттеги Омбудсменди шайлоо сыртынан бир караганда бардык демократиялык процедураларды карманып өткөрүлгөндөй сезилет: альтернативалык негизде Акыйкатчынын төрагалык кызматына беш талапкер ат салышты, ар бир талапкер өз-өзүнчө талкууланып суроолор берилди, талаш-тартыштар болду, талапкерлердин дарегине көптөгөн сындар айтылды, атүгүл талапкерлердин айрымдарына каршы компроматтар ишке киргизилди (Бүбүайша Арстанбекова деген "Ак жол" партиясынын мүчөсү, апрель митингисине каршы чыккан "ак жоолукчан аялдар" тобунун активдүү катышуучусу). Турсунбек Акун Бермет Акаева менен Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында жашыруун сүйлөшүү жүргүзгөнүн трибунадан айтып чыкпадыбы - булар соо эмес (контрреволюция же мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатат деген каңкуу). Шайлоонун жыйынтыгы да демократиялык жөрөлгө сакталганынан кабар берип тургансыйт. Мисалы, Турсунбек Акундун талапкердиги үчүн 50 депутат колдоо көргөзүп, 26 парламентарий "каршы" добуш беришти, 5 бюллетень жараксыз деп табылды.
Турсунбек Акундун Омбудсмен болуп калышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя эле. Күтүлгөнү - анын талапкердиги улуу урматтуу президент Курманбек Бакиевдин өзү сунуштап жатканында турган. Күтүлбөгөнү болсо өмүрүндө бир кишинин укугун коргоп бергенге жарабаган (адам укугун коргоо канткен күндө да чекене акция экендигин, ал ишмердик укугу бузулган конкреттүү адам менен байланыштуу жүргүзүлөөрүн, ал эми Турсунбек Акун сыяктуу дүңүнөн Кыргызстандын бүт адамдарынын жалпы укугун коргоо дегениң абсурд болорун эстен чыгарбашыбыз жөн), юридикалык билими тайыз, укук коргоо дегенди кыпчылбаган куюшканга кыпчыла берүү деп түшүнгөн, топурагы жеңил, экс-депутат А.Малиев мезгилинде "королевский шут" деп таамай мүнөздөгөн адамдын Акыйкатчы болуп шайланып калышында эле.
Талапкерлерди парламентте талкуулоодо тараза таш Турсунбек Акундун Омбудсмендин төрагалына татыктуулугу же татыксыздыгы эмес, жогору жактан түшүрүлгөн директива (көрсөтмө) тарапка ооду. Турсунбек Акун колдоого ээ болду. Акыйкатчы болуп калышына албетте, "Ак жол" фракциясы чечкиндүү роль ойногону жашыруун эместир. "Генералдык секретар" улуу башы менен өзү демилге көтөрүп, сунуштап тургандан кийин "Ак жолдун" моюн толгоп коюуга акысы да, ылаажысы да жок болчу. Партиялык тартип деген бар. Каяша кыла турган болсоң партбилетиңден, демек, депутаттык мандатыңдан айрылып калышың текейден арзан иш. Жогору жактан буйрук болгондон кийин өлсөн да, талсаң да аткарышың керек, аткарууга милдетүүсүң. Жогору жак жактырган талапкер өтпөсө да өткөрүшүң керек.
Турсунбек Акунду "Ак жолчулар" клоун катары көрүп, талкууну спектаклга айлантып жиберишкени басма сөздө белгиленди. Төтөн, 2004-жылы Т.Акунду кимдер уурдап кеткени боюнча суроо берилгенде талапкер СНБ "бөктөрүп" кетип, МВД подвалында кармап турганы, анан №4-шаардык ооруканга барып "ыргытып" ташташканы жөнүндөгү узун жомокко түшүп кеткенде "Ак жолчулар" боорун тырмап эле өбөктөп калышты дешет. "Дуу" этип ачык каткырышкан жок, албетте, жогору жакка билгизбей солкулдап ичинен күлүшкөнүн белгилешет. (Ырасында күлбөй турган жорукпу - кудум айтылуу кинофилмдегидей десең: "поскользнулся - упал… очнулся - гипс").
СДПК фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов ал процедуралык процессти мындай деп баалады: "… кечээ талкууда дагы бир кызык нерсе билинди. Ошол Турсунбек Акунду президент сунуштап атса, "Акжол" фракциясынын депутаттары суроо берип, күлкүгө айлантып, кээ бир учурда шылдыңдагандай мамиле жасады. Аны кандай түшүнсө болот? "Акжол" фракциясы кечээ дагы билинди, өзүнүн ичинде болгон ою менен администрациядан түшкөн чечим менен карама-каршы болгону. Бирок ачык айта албайт. Анан колунан келишинче, ошондой ыкмалары менен өзүнүн оюн билдиргенге аракет жасады".
Ошентип, жогору жактан түшүрүлгөн чечим парламентте "Ак жол" тарабынан кыңк этпей сөзсүз түрдө мыктай болуп аткарылышы талап. Эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Талапкер жагабы же жакпайбы, татыктуубу же татыксызбы, клоунбу же башкасыбы -- анын мааниси жок.
Эгер эзелки тарых кайталанып, Рим императору Калигуланын сүйүктүү аты (мингичи) Инцитатты адегенде ардактуу гражданин, андан соң сенатор кылып шайлашканындай кылып, эмки Омбудсмендин ордун күлүк тулпар ээлеп калса таң калып кереги жоктур. Тарых фарс түрүндө кайталанаар өнөкөтү бар экенин айтып жүрүшпөйбү.

Үсөн Касыбеков