Данияр ҮСӨНОВ
Негедир кызматынан ооп, ээринен кыйшайарда чиновниктер шыбыр-шыбыр кеп угабы, же аян түш көрүшөбү, “коргонуу” реакциясы иштеп кеткенине коомчулук күбө. Паникага алдырышат да, катуу-катуу билдирүү жасап, байма-бай басмасөз жыйынын өткөрүп, “ньюсмейкер”, кыргызчаласак, жаңылык жаратуучуга айлана түшүшөт. Бишкектин экс-мэри да ошентти. Же жандосу Адахандын абалынан соң чочуладыбы, айтор, Данияр мырза депутат Н.Байлонун дооматын шылтоолоп, акыркы басмасөз жыйынын берип-берелекте ордун Нариман Түлеевге бошотууга аргасыз болду.